НАРКТУУУЛУК ЖАНА ТААЛИМ ТАРБИЯ ЖАКШЫЛЫКТЫН ОЧОГУ
- 18.02.2026
- 0
Эсенбек МАМБЕТАКУНОВ, педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти
НАРКТУУУЛУК ЖАНА ТААЛИМ ТАРБИЯ ЖАКШЫЛЫКТЫН ОЧОГУ
Азыркы учурда жаштарга таалим-тарбия берүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Анын себеби өтө эле көп. Алар мугалимдерге, ата-энелерге, соиалдык кызматкерлерге, ал эмес жаштардын оздөрүнө да белгилүү. Тарбия деген сөздү айта берип, анын маани-маңызынын да баркы кетип калгандай сезилет. Талдап көрсөк тарбиялоо-бул жаштарды жакшылыкка үндөө, жетелөө, бирөөлөргө жакшылык жасоонун үлгүсүн көрсөтүү, жакшылыкка багытталган ар кандай иштерди жасаганга үйрөтүү, жакшылыктын баасын билгизүү, жакшылык жасоонун пайдалуу экендигине ишендирүү дегенди билгизет.
Булар жөнүндө педагогика илиминде, анын ажырагыз бөлүгү болгон элдик педагогикада кеңири сөз болуп келет. Илимий педагогика элдик педагогикасыз жашай албайт. Анткени ар бир элдин жашоого болгон аракетинде өздөрүнө гана мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөрү, адаттары жана салттары бар. Алар ошол элдин алмаштыргыз баалуулуктары. Ошол баалуулуктар менен салттардын кандай байланышы бар? Алар жаштарды тарбиялоого кандай таасир берет? Бул билдирүүдө ошол маселелердин уңгусуна токтолууну туура көрдүк.
Бир жолу окуучу мугалимге мындай суроо берди. “Азыркы заман тап-такыр башка. Эмне үчүн биз илгерки каада-салттарга кайрылышыбыз керек?
Мугалимдин жообу: “Суу аккан арыкты элестетип көрчү. Анда суу бирде көп, бирде аз. Кайсы бир учурда арыкта суу жок. Бирок арык өз ордунда турат. Ал арык болбосо, келген суу ар тарапка жайылып, тарап кетмек. Демек, аккан суунун нугу ошол арык аркылуу аныкталат. Элдин жашоосунда салт да ошондй мааниге ээ. Ал адамдардын жашоосунун агымын жөнгө салып турат”.
Элдердин салты, алардын баалуулуктарын түзөт. Баалуулук менен салт коомдун моралдык нормаларынын, стандарттарынын, иденттүүлүгүнүн жана биримдигинин негизи. Салт – кайсы бир элдин тарыхында калыптанган, муундан муунга берилип келген жашоо аракеттеринин образы (майрамдар, адаттар, ырым-жырымдар, ритуалдар, өз ара мамилелердин эрежелери ж.б.).[1] Ал элдин тарыхы, жашоо шарттары, кулк-мүнөзү менен аныкталып, жашоо эрежеси катары сакталат да, милдеттүү турдө аткарылышы камсыздалат.
Элдик баалуулуктар – адамдар менен коомдун жашоосу үчүн социалдык-экономикалык, маданий-укуктук, жүрүм-турумдук эрежелердин элдин аң-сезиминде орношу, калыптанышы, аларды аткарууга болгон жоопкерчилик жана аларга болгон ишеним.
Элдик салттар алардын баалуулуктарын түзөт, ал эми баалуулуктар салттарды өнүктүрөт. Баалуулук менен салттын тыкыз байланышы төмөнкү факторлор аркылуу аныкталат:
- алар элдик маданияттын негизги элементи болуп, элдин иденттүүлүгүн (өзгөчөлүгүн) аныктайт;
- алар муундан муунга өткөрүлүп, элдин маданий мурастарын сактап турат;
- алар адамга коомдо өзүн татыктуу алып жүрүүгө багыт берет, жүрүм-турумдун эрежелерин сактоого шарт түзөт, өз ара мамилелердин нормаларын орнотот.
Элдик баалуулуктарды эки түргө бөлүп кароого болот. Биринчиси, уңгулуу баалуулуктар, экинчиси жасалма баалуулуктар.
Уңгулуу баалуулуктарга:
- үй-бүлөлүк баалуулук – ата-энеге болгон сый урмат, балдарга болгон камкордук, үй-бүлөнү сактоо;
- моралдык баалуулук – адамдын жеке өзүнө, башка адамдарга, эмгекке, материалдык нерселерге гумандуу мамиле жасоо;
- религиялык баалуулук – жашоонун законченемдерине болгон ишеним, ички жан дүйнөнүн тазалыгы, религиялык окууларга негизделген пайдалуу нормалар;
- социалдык баалуулук – жашоонун эрежелерин, законченемдерин сактоо, сыйлоо, жасоого мүмкүн болгондор менен тыюу салынгандарды ажырата билүү, аткаруу жоопкерчилиги;
- маданий баалуулук – майрамдардын, үрп-адаттардын, этникалык өзгөчөлүктөрдүн эрежелерин сактоо менен сырдашуу, баарлашуу, мамилелешүү чеберчилиги ж.б. кирет
Жасалма баалуулуктарга:
- билгиликтүү болуп көрүнүүгө багытталган жасалма аракеттер;
- материалдык байлыгына таянып, ар кандай каадаларды ойлоп табуу;
- адамдарга ээлеген кызматына карап сый көрсөтүү;
- шайлоолордогу, кызматка көтөрүлүүдөгү, жеке кызыкчылыкка жетүүдөгү жасалма жоомарттык ж.б. кирет.
Салттардын келип чыгышына жана эл ичинде калыптанышына таасир берүүчү факторлор:
- Тарыхый контекст: конкреттүү тарыхый, социалдык, экономикалык шарттарга жооп катары пайда болот (коопсуздукка болгон зарылчылык, биримдикти-ынтымакты камсыздоо, жашоого болгон муктаждык ж.б.);
- Социалдык практика: күндөлүк жашоонун ажырагыз бөлүгү болуп, элдин өзгөчө маанидеги аракеттеринин жыйынтыгы катары пайда болот жана калыптанат;
- Группалык иденттүүлүк: үй-бүлөдөгү, этникалык топтордогу биримдикти — ынтымакты түзүүдө пайда болот, кийин адатка айланып калыптанат;
- Ритуалдаштыруу: майрамдар, жашоодогу ар кандай окуялар менен байланышкан аракеттер аркылуу пайда болуп, улантылат (үйлөнүү тою, жаңы үйгө кирүү, бешик той, маркумду узатуу, түшүм майрамы, кесиптик майрамдар ж.б.)
Убакыттын өтүшү, социалдык жаңы шарттардын жаралышы менен салттар жоголуп же өзгөрүп кетиши мүнкүн. Алар төмөнкү факторлордон көз каранды болот:
- Социалдык өзгөрүүлөр: урбанизация (жашоонун шаарга ыңгайланышы), глобализация (ааламдык аралашуу), технологиялык инновациялар (жаңы методдордун, ыкмалардын, каражатттардын пайда болушу), социалдык нормалардын өзгөрүшү, жаңы идеялардын түзүлүшү;
- Салттын маанилүүлүгүнүн жоголушу, азайышы: жаңы муундун талаптарына жооп бербей калуусу, толук канагаттандыра албашы (бул учурда салттын элементтерине жаңылык киргизилиши же айрым элементтин жоголушу мүмкүн);
- Баалуулуктардын ичиндеги конфликттер: көп маданияттуу коомдогу түркүн эрежелердин дал келбей калышы;
- жаңы түзүлгөн шарттарга жараша салттардын айрым элементтери өзгөрүп же жаңылары трансформацияланып адаптацияланышы мүмкүн
Баалуулуктар элдин жашоосунда пайда болуп, акырындык менен адатка айлануусуна жана калыптанышына таасир берүүчү шарттар:
- Социалдык чөйрөнүн таасири: үй-бүлөнүн жашоо эрежелери, улуулардын, ата-энелердин көрсөтмөлөрү, социалдык нормалар;
- Таалим-тарбия: илимдердин негиздерин окуп-үйрөнүү, кишичилик, адамкерчилик, билгиликтүүлүк сапаттарга көнүү, кругозордун кеңейиши, сынчыл ой жүгүртүү, креативдүүлүк;
- Жеке тажрыйба: жашоодо кезигүүчү ар кандай жагдайлар, жашоодогу жетишкендиктер менен кетирген кемчиликтер, кемчиликти түшүнүү жана оңдоого болгон аракеттер, ар кандай сунуштардын башкалар тарабынан колдоо табышы;
- Маданият менен салттын байланышы: ар түрдүү элдин маданияты менен таанышуу, ар башка элдин майрамдарына, ритуалдарына катышуу, аларды салыштыруу, мазмунуна жана формасына адилет баа берүү;
- Рефлексия: баалуулуктардын маңызын талдоо, түшүнүү, жыйынтык чыгаруу, айрым түзөтүүлөрдү, оңдоолорду киргизүү;
- Медианын таасири: массалык маалымат каражаттарынын, маалыматтык коммуникациялык технологиялардын оң таасирлерин кабыл алуу, түшүнүү, колдонуу жана алардын тууралыгына ишенүү;
Элдик баалуулуктардын аң-сезимде, жүрүм-турумда, жашоодо калыптанышынын көрсөткүчтөрү:
- Баалуулуктардын маңызына адамдын жүрүм-турумунун төп келүүсү: адамдын жүрүм-туруму тигил же бул баалулуктун талаптарына жооп берет; тигил же бул баалуулуктун элементтери жеке адамдын аракетинде байкалып, көрүнүп турат; кесиптик жана социалдык практикада ар дайым байкалат жана жакшы ийгиликтерди жаратат;
- Баалуулуктун адамдын жан дүйнөсүнө сиңирилиши: адам өзүндө болгон баалуулуктарды сезип, таанып-билип, аларды эреже катары аныктап алат, салттардын адамдын жеке өзүнө жана коомго тийгизе турган таасирине ишенет;
- Адамдын сынчыл ой жүгүртө билүүсү: баалуулуктарды талдоо, салыштыруу, синтездөө, жаңы пайдалуу нерсени жактарды көрө билүү жана башкаларга көрсөтө билүү, тууралыгын далилдөө, креативдүү чечим чыгара алуу;
- Бир нече адамдын эмоционалдык жактан берилгендиги: баалуулуктарды кабыл алуусу, аларды сактоосу, көрсөтө билүүсү, канагаттануу жана сыймыктануу сезиминин даана көрүнүшү;
- Социалдык активдүүлүгү: коомдук турмушка активдүү катышусу, башкаларга көмөк көрсөтүү формасындагы аракеттердин натыйжалуу аткарылышы;
- Коммуникация жана өз ара аракеттешүү: өзүнүн баалуулуктарын башкалар менен бөлүшө билүүсү, башкалар менен оңой тил табыша алышы, ар кандай мазмундагы баалуулуктарды бири-бири менен айкалыштырып колдонуп кетүү жөндөмүнүн болушу.
Азыркы глобалдашуу жана маалымат алмашуунун тездеген шартында пайда болгон заманбап баалулуктар:
- Индивидуализм: эркиндик жана өзүн өзү башкаларга таанытуу;
- Толеранттуулук: көп түрдүүлүктөрдү көңүлгө алуу жана аны таануу; маданияттын ар кандай түрлөрүнө жараша пайда болгон баалуулуктарды сыйлоо, аны кабыл алуудагы токтоолук, сабырдуулук;
- Ден соолук: дене тарбиясынын маанисине түшүнүү, спортко кызыгуу, туура тамактануу, жашоонун сергек образын сактоо, жакшы адаттарды өзүнүн күндөлүк турмушунда алып жүрүү;
- Экологиялык жоопкерчилик: жерге жана анда жашаган адамдарга кам көрүү, табигый жана социалдык экологияны сактоо, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалана билүү деңгээли;
- Технологиялык прогресс: маалыматтардын көптүгү, аларды издеп-табуу жана иштете билүү, инновацияларды өздөштүрүү, колдонуу, айрымдарын жаңыдан түзүү.
Адамзат баалулуктары бардык учурда өз өзүнчө жашай беришет. Алар өз ара аракетке келишкенде айрым пикир келишпестиктер пайда болот. Анын натыйжасында баалуулуктардын мазмуну такталат, жаңы элементтери түзүлөт, аны аткаруу аракеттерине өзгөртүүлөр киргизилет. Алар төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
- Маданий алмашуу жана синтез: ар түрдүү маданияттардын ортосундагы баалуулуктарды алмашуу, салттуу баалуулуктарды заманбап шарттарга адаптациялоо (гендердик тең укуктуулук, мода, таалим-тарбиядагы өзгөрүүлөр , эмгектин түрлөрүнүн өзгөрүшү жана аларды аткаруучуларга коюлган талаптардын жаңыланышы ж.б.)
- Конфликттердин болушу: салттуу баалуулуктар менен заманбап жашоонун ортосундагы карама-каршылык (гендердик мамиле, эркин нике, индивидуализм, секуляризм (динге киришүү же андан алыстоо ж.б.)
- Унификация (бир системага келтирүү) жана адаптация (ыңгайлашуу): баалуулуктарды өркүндөтүү, жаңылоо же майрамдарды жаңы формада өткөрүү, ресурстарга сарамжалдуу мамиле жасоо, жекече иштөө менен коллективде иштөөнү айкалыштыра билүү ж.б.).
Жаштардын аң сезиминде жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктардын маңызын калыптандыруу – бул татаал жана көп баскычтуу процесс. Ал көптөгөн маданий, социалдык жана психолого-педагогикалык факторлордон көз каранды. Ошондой болсо да анын натыйжалуу ишке ашырылышында мамлекеттик деңгээлдеги расмий документтердин мааниси зор. Андай документтердин катарына Кыргыз Республикасынын Президентинин бири-бири менен тыкыз байланышкан төрт Жарлыгын кошууга болот. Алар:
- 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндөгү Жарлык. ПЖ №39, 13.11.2020
- Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү Жарлык. ПЖ №1, 29.01.2021
- Улуттук нарк жөнүндөгү Жарлык. ПЖ № 157, 20.05.2022
- «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү Жарлык. ПЖ № 369, 18.13.2024
Ушул Жарлыктарда жогоруда биз сөз кылган улуттук салттар менен баалуулуктар жөнүндө эң маанилүү маалыматтар бар. Алар азыркы жаштарга улуттук дем бере турган таалим-тарбиянын методологиялык негизи болуп эсептелет. Эгер алардын мазмунун терең талдап өздөштүрсөк мектепте, жогорку окуу жайларда жаштарды жакшы жакка жетелөөнүн фундаменталдуу максаты келип чыгат. Аны биз төмөнкүчө формулировкаладык.
Билим берүү уюмдарынын максаты Кыргыз жаранын калыптандыруу. Кыргыз жараны – руханий- адептик жактан жетилген, ден соолугу чың, кыргыз наркыy жан дүйнөсүнө сиңирген, улуттун деми менен дүйнөлүк бийиктикке жетүүнүн уңгу жолун өздөштүргөн жана аны ишке ашыра алган инсан. Азыркы ата-эненин, педагогдордун, коомдук органдардын, мамлекеттин алдындагы келечектүү максаттардын негизиси ушул.
Мектеп мугалимдери жана жогорку окуу жайдын окутуучулары жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн атайын Жарлыктардан сырткары Президент С.Н. Жапаровдун “Улут деми-уңгу жол”: (Тандалган сөздөр) китебинен баалуу маалыматтарды таба алышат. Мында С.Н.Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүү аземинде сүйлөгөн сөзүнөн баштап эл аралык жана жалпы улуттук деңгээлдеги иш чараларда, жолугушууларда, жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүнөн, учурдун урунттуу маселелерине арналып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган кайрылууларынан иргелип алынган материалдар топтолгон. Мисалы, “Бакубат келечекке алып баруучу Уңгу жол”, “Мүдөөбүз бир: Кыргызыстанды өнүккөн өлкөгө айлантуу!”, “Аймактар өнүкмөйүнчө, өлкөбүз алга жылбайт”, “ Биздин башкы күчүбүз – ынтымак менен биримдикте”, “Турдакун Усубалиев- жалпы журттун намысын жогору койгон атуул”, “Биз руху күчтүү улуу элденбиз!” сыяктуу сөздөрүндө таалим-тарбияга ылайыктуу эң сонун маалыматтар бар. Ушул багытта аткарылган илимий-педагогикалык эмгектерге (А. Измайлов, И. Бекбоев, Э. Мамбетакунов, Н.Асипова, Н.Ишекеев, С. Байгазиев, Ж. Сааданбеков, А. Муратов, С.Рысбаев, Ж. Чыманов, А. Калдыбаева, С. Калдыбаев ж.б.) таянып, келечекте аткарыла турган педагогикалык изилдөөлөрдүн болжолдуу мерчемин сунуштоого болот:
- Улуттук салт менен баалуулуктардын маңызын дидиактикалык принциптердин талаптарына ылайык иштеп чыгуу.
- Кыргыз элинин салттуу билимдеринин негиздерин азыркы таалим-тарбиянын мазмунуна шайкеш келтирүү.
- Билим берүүнүн, тарбиялоонун, өнүктүрүүнүн инновациялык ыкмаларын улуттук уңгу жолдун нугуна салуу.
- Таалим-тарбия процессин уюштурууда теория, технология менен практиканын биримдигин камсыздоо.
- Таалим-тарбия процессин технологиялаштырууну санариптик негизде өнүктүрүү.
- Жаштардын өз алдынча билим алуусуна, инсан катары калыптануусуна жасалма акылдын тийгизген ар түрдүү таасирин объективдүү талдап, дидактикалык материалдарды даярдоо.
- Жаш адамдын руханий өнүгүүсүн, ден соолугунун бекемдигин, нарк-насилди жан дүйнөсүнө сиңиргендигинин деңгээлин, Кыргыз элинин тумары болгон Манастын деми менен дүйнөлүк бийиктикке жетүүнүн уңгужолун өздөштүрүүсүнүн деңгээлин баалоонун сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн аныктоо, практикага киргизүү ж.б.
Комментарийлер