МЫКТЫ МУГАЛИМДЕН — МЫКТЫ САБАК!

  • 02.02.2026
  • 0

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнөн келген буйруктун  негизинде Талас районунун  А.Бөрүбаев атындагы Көк-Арык орто мектебинин мугалимдер  жамааты  Талас шаарындагы эң мыкты   Р.Я.Рысакова  атындагы 2 орто мектебине тажрыйба алмашып келишти.

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕН - МЫКТЫ САБАК!

А.Бөрүбаев атындагы Көк-Арык орто мектебинин директору Эржан Асыраңовдун айтымында,  мугалимдердин чеберчилигин өстүргөн бул сапар абдан жемиштүү, кызыктуу, ийгиликтүү болду. Аталган мектептин алдыңкы тажрыйбалуу, мыкты мугалимдери: Е.В.Уваркин 4-“а” класска математика сабагын салттуу ыкма менен эң жогорку деңгээлде өтсө,  Е.Н.Хицко башталгыч класстарга  12 жылдык билим берүүнүн программасы боюнча 2-класстарга эффективдүү сабак өткөн.

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕН - МЫКТЫ САБАК!

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕН - МЫКТЫ САБАК!

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕН - МЫКТЫ САБАК!

— Е.А.Бондаренко 8-класстарга биология предмети боюнча мыкты сабак өтүп, теорияны практикада колдонуу жана окуучуларды олимпиадага даярдоо тажрыйбасы менен бөлүшсө, Н.А.Некрытова химия предмети боюнча 10-класстарга практикалык сабакты жогорку деңгээлде өтүп, лабораториялык каражаттарды колдонуунун мыкты усулдарын көрсөттү.  А.Бейшебекова 8-класстарга геометриядан жаңы ыкма менен эң кызыктуу сабак өтсө, М.Молдокулова 11-класска англис тилинен  эң жогорку деңгээлде, абдан кызыктуу сабагы менен бизди таң калтырды.  Мугалимдин зор эмгеги окуучулардын англис тилинде жакшы сүйлөгөнүнөн көрүнүп турду. Ал эми Н.Төлөшова тарых предметинен 10-“б” класска «Даван мамлекети» деген темада интерактивдүү усулдардын бир нече стратегияларын көрсөтүп берди. Ошондой эле Е. В.Бортникова 5-класстарга орус тилинен «Фразеологизмдер» деген темада 12 жылдык программа менен өз чеберчилигине салып, жогорку деңгээлдеги сабак көрсөттү. Сабакта көп ыкма колдонуп, окуучулардын жана өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алды. Мугалим абдан чыгармачыл экенин тастыктады. Мындан сырткары А.П.Ганюк 7-“б” класска география предметинен салттуу жана интерактивдүү ыкма менен эң кызыктуу сабак өтүп берди. Дайырбек кызы Жамалкан 9-класстарга кыргыз тилинен “Манас” үчилтиги боюнча жаңыча усулдарды колдонуп, окуучуларды кызыктырып, эң жакшы сабак өтө алды, — дейт жетекчи.

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕН - МЫКТЫ САБАК!

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕН - МЫКТЫ САБАК!

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕН - МЫКТЫ САБАК!

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕН - МЫКТЫ САБАК!

Жогорудагы мугалимдердин сабактарына катышып муалимдер топтордо иштөө; жаңы теманы түшүндүрүү; 12 жылдык программаны өздөштүрүү; жаңы окуу-техника каражаттарын пайдалануу; лабораториялык каражаттарды колдонуу — теорияны практика менен айкалыштыруу; предмет аралык байланыш; көрсөтмө куралдар менен иштөө; мугалимдин  кайтарым байланыш ыкмасы мыкты деңгээлде экенине күбө болушту.

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕН - МЫКТЫ САБАК!

— Биздин иш-сапарыбыз жемиштүү болду. Өзүбүзгө көп усулдарды алып, кесиптик чеберчилигибизге чоң табылга болду. Мектеп аралык тажрыйба алмашуу ишин уюштуруп, мугалимдер үчүн жагымдуу атмосфера түзүп берген мектеп директору Козубекова Нуржамал Курманбековнага жана мектеп администрациясына терең ыраазычылык билдиребиз. Мыкты жетекчи! Мыкты мектеп! – дейт Эржан Асыраңов.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер