МЫКТЫ МУГАЛИМ, МЫКТЫ ЛИДЕР
- 22.08.2024
- 0
Так предметтер боюнча Улуттук олимпиаданын идеясынын демилгечиси жана демөөрчүсү Улукбек Ажыбаев ак мөңгүлүү, аска зоолуу Ат-Башыдан болот. “НАНО” мекемесинин жетекчиси.
Өжөр Улук
Улук көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон. Атасы ишкер, апасы анын жардамчысы. 7-класска чейин Ат-Башыда окуп, кийин окуусун түрк лицейинде улаган. Тентек Улук тартипти катуу сактаган, билимге өзгөчө көңүл бөлгөн билим берүү мекемесинде өзүн ыңгайсыз сезип жүрдү. Анткени жакшы окуган окуучулар аны окууга көңүлү келбеген баладай кабыл алып, шылдыңдап да жүрүштү. Ошондон баштап намыскөй атбашылык өспүрүм «менин колуман баары келет» деп шымаланып, сегизинчи класста чындап окуй баштайт. Олимпиадага даярданууга жана катышууга уруксат алалбай жүрүп, акыры баарын жеңет.
— Физика мугалими “80 балл алсаң, сынакка катышасың” деп убада берди. Мен 87 балл алсам да, албай койду. Акыры мени экспериментатор кылып алышты. Приборлордун схемалары менен иштей баштадым. Жөнөкөй генератордун схемасын ошондо биринчи жолу түшүндүм. Мага кыйын болду, себеби ал кезде англис тилин начар билчүмүн. Жалаң сөздүк менен иштегенге туура келди. Көбү жайкы каникулга кеткенде, олимпиадага катышуучулардан үчөөбүз калып, даярдандык. Мен бардык убакытымды эсеп-кысапты чыгарганга, тынымсыз санап, эрежелерди кайталаганга жумшадым. Алмаз деген досум темаларды түшүндүрүп турду (№1 физик болчу ошол кезде, азыркы учурда Францияда физика илиминин доктору). Өзүм аябай катуу даярдандым деген менен эл аралык олимпиадага өтпөй калдым. Бирок ошондон баштап 100 упай алып, окууга баш-отум менен кирдим. Так предметтер мен үчүн абдан жеңил эле болуп калды, — дейт Улукбек.
Элеттик окуучуларды физикага кызыктырган мугалим
Лицейди аяктагандан кийин биздин каарманыбыз демөөрчүлөр жок чет өлкөгө окууга өтө албай калды. 2006-жылы ал И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин энергетик кесибине тапшырууну чечет. Бул анын кыялындагы адистик деле эмес болчу, болгону ата-энесине оорчулук келтирбей, жөн гана бюджетте окуганды тандаган. Жогорку окуу жайда өзүн алаксытып, оор атлетика менен алектенет. Ага да алымсынбаган студент бирөөгө пайда алып келүүнү максат коюп, миссионер катары Африкадагы балдарды окуткусу келет. «Биздин өлкөдө жакшы мугалимдер жетишсиз болсо, эмне үчүн Африкага кетишиң керек?» — деген акыл-насааттарды угуп, Баткендеги түрк лицейине мугалим болуп орношот. Төрт жыл мугалим болуп иштеген учурун ал эң бактылуу жылдар деп эсептейт.
— Мен үчүн мугалим болуу кыйынга турган жок. Окуучуларым менен бат эле тил табышып кеттим. Окуучуларга физика канчалык кызыктуу жана түшүнүктүү болгонуна жараша эки топко бөлүп алып окуттум. Кээ бирлери физика окушса, башкалары адабий китеп окуп, ыр жатташат. Сабактан кийин күрөш, оор атлетика, паркур боюнча секцияларды ачып, тарбияладым. Турнирлерди жана командалык оюндарды уюштуруп, окуучуларды жергиликтүү мелдештерге даярдадым, — дейт Улукбек агай.
Олимпиада борбору
Төрт жылдан кийин ал Токмоктогу лицейге которулганда Олимпиада борборуна жумушка орношуу сунушталды. Ошентип, Улук Ажыбаев Олимпиадалык борбордо үч жыл иштеп, балдарды эл аралык мелдештерге даярдады. Бул убакыттын ичинде ондон ашык окуучусу республикалык олимпиадада байгелүү орундарды, беш окуучусу физика боюнча эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болушту (IPhO). Албетте, жакшы ийгиликтин, жыйынтыктын артында шыктандыруу жана командалык иш турат эмеспи.
— Окуучуларымдын ар бир жеңиши мени кубандырып турду. Кыргызстандын окуучулары негизинен коло медалдарды алууга жетишти, ал эми күмүш, өзгөчө алтын медалдар сейрек эле. Олимпиадага даярдануу системасын өзгөртүүгө аракет кылдым. Мен муну жетекчиликке сунуштасам, бир жылдан кийин макул болушту, — дейт Улук Ажыбаев.
Жеке ишкерлик
Ошентип, ал үч жылдан кийин Олимпиада борборунан кетип, жеке менчик борборун ачып, иштете баштайт. Үч жыл бою күн сайын 5-6 сааттан олимпиадага даярданып, керек болсо окуучулардын бири даярдык учурунда 5000ден ашык маселе чечкенге жетишет.
Улуктун өжөрлүгү, алдына койгон максатына жетмейинче жаны тынбаган, эмгекчил жигит экенин тастыктады. Ал өлкө мектептерин түрө кыдырып, кызматташууну сунуштап, окутуу программасы менен тааныштырат. ЖРТга, олимпиадага даярданууну каалаган окуучулар көп болуп, борбор көрсөткөн билим берүү кызматтары суроо-талапка ээ болот.
Мугалимдери жакшы айлык ала баштаса, мектеп окуучулары жакшы жыйынтыктарды бере баштады.
— Биз Бишкек, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Араван шаарларындагы мектептер менен кызматташууну баштадык, алар менен азыр да иштешебиз. Чынын айтсам, дайыма эле ийгиликтүү болом деп ойлогом. Бирок кайсы бир учурда инерцияны жоготуп, бир учурда ишим токтоп калды. Анан кайра башынан баштап иштөөгө туура келди. Жок дегенде мугалимдердин айлыгын төлөп берейин деп бир жыл иштедим, окуучуларды бирден чогулттум. Окуучулардын мотивациясын жоготпоо үчүн аларга сынактар, сыйлыктар керек. Анан дагы эң негизгиси, мугалимдер өздөрү дымактуу болуп, көп нерсеге умтулуп, демилгени көрсөтүшү керек, — дейт жетекчи.
Бул кризистен да ал чыкты. Азыр жетектеген борборунда 20 адис эмгектенет, 400 туруктуу студент бар.
Кыргызстандын төрт жериндеги борборду Улукбек эч кандай кыйынчылыксыз башкарып, бир-эки мүнөттүн ичинде пайда болгон көйгөйлөрдү чечип турат. Убактысынын көбүн менеджментке арнайт, ошондой эле кызматкерлерине сабак өтөт. Ал өзүн кесипкөй мугалим экенин баса белгилеп, дагы да болсо өнүгүп-өсө турган жерлери бар экенин жашырган жок.
— Менин окуучуларымдын бири толук кандуу онлайн окутуу үчүн платформа иштеп чыкты. Азыр биз программа түзүп, видеосабактарды жасай баштадык. Онлайн окутууну салттуу деп кароого болбойт, бул таптакыр жаңы формат жана жаңы ыкма. Ушундай эле долбоорду аймактардан келген мугалимдер үчүн да баштап жатабыз, себеби алар билимин жогорулатып, ошону менен мыкты мугалим болуп чыгышы керек, — деди Улукбек Ажыбаев.
Каарманыбыз төрт тилде эркин сүйлөйт: англис, орус, түрк жана кыргыз. Билим берүү тармагында чоң тажрыйбага ээ. Кандай гана иш болбосун ал өтө жоопкерчиликтүү, чыгармачылык менен карайт. Алдына кандай максат койбосун, аны ишке ашыруу үчүн умтулат жана ийгиликтерге жетет. Уюштуруучулук жөндөмү өтө күчтүү. Улукбек мыкты оратор, мыкты лидер.
Баса, быйыл физика боюнча 54-эл аралык олимпиадага (54th International Physics Olympiad) катышкан Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Бектур Баратали коло медаль тагынса, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу Аскар Абдиев ардак грамота алган. Министр Д.Кендирбаева балдарды эл аралык деңгээлдеги жеңиштери үчүн куттуктап, планшет, акылдуу саат жана министрликтин ыраазычылык каттарын тапшырды. Ошондой эле окуучуларды олимпиадага даярдаган эмгеги үчүн машыктыруучуларды министрликтин ыраазычылык каттары менен сыйлады.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер