МЕКТЕПТЕР МУРДАГЫДАЙ ЭЛЕ АГАЙЛАРДЫ КҮТӨТ

  • 19.11.2025
  • 0

Колундагы калеми аркылуу окурмандардын бир далайына таанылып калган чыгармачыл мугалим, үч-төрт адабий китептин автору Тайир Аширбай Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде иштейт. Мындагы жетимиш мугалимдин он алтысы – агайлар.

МЕКТЕПТЕР МУРДАГЫДАЙ ЭЛЕ АГАЙЛАРДЫ КҮТӨТ

Акыркы жылдары мектептерде агайлар азайып баратканы Тайир Аширбайды да ойго салат.

— Агайлар азайып баратат. Биздегилердин эң улуусу – математика мугалими Койдумурат Паттаев. Койдумурат агайдын жаш курагы жетимишке жакындады. Дагы төрт агай дене тарбия сабагын окутат. Эки кыргыз тилчи, эки орус тилчи, эки тарыхчы агайыбыз бар. Элет жеринде,  мектеп ичинде эркек мугалимдердин кадыр-баркы өтө жогору. Жакында  Камалидин Паттаев жана Исраил уулу Өмүрбек аттуу жаш кадрлар ак мектептин босогосун атташты. «Жаш келсе – ишке!» деп кубанып тосуп алдык. Биздин жамаатыбыз абдан ынтымактуу, · дейт лейлектик мугалим.

Тайир Аширбайдан улам биз башка агартуучулардан да өздөрү эмгектенген билим берүү мекемелеринде канча агай бар экенине кызыгып көрдүк.

МЕКТЕПТЕР МУРДАГЫДАЙ ЭЛЕ АГАЙЛАРДЫ КҮТӨТ

Кара-Көл шаарынан дасыккан педагог Байыш Мүсүралиев: «Бизде үч эркек мугалим иштесе, анын экөөсү дене тарбиядан, бири кыргыз тили жана адабиятынан окутат. Союз учурунда айлыктын азынан келбесе, азыр мектепте иштөө оор болуп жатканынан болсо керек. Анан да мурда агайлар иштеген кол эмгек, аскердик даярдоо сабактары мурдагы  маани-маңызын жоготуп алды окшойт» десе, Аксы районунан мектеп директору Узен Атаканов «Биздин Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинде 54 мугалимдин тогузу агайлар. Бул эркек мугалимдердин экөөсү пенсия жашында. Агайлардын эң кичүүсү — 42 жашта» деп жооп берди.

МЕКТЕПТЕР МУРДАГЫДАЙ ЭЛЕ АГАЙЛАРДЫ КҮТӨТ

Таластык агартуучу Ашыккал Тагайматова өзү иштеген Талас облустук жатак мектебинде орус тилден, география, тарых, дин таануу, дене тарбиядан, информатика, аскерге чейинки даярдыктан агайлар сабак беришерин, өзү жакшы билген Т.Бабанов жатак мектебинде абал мындан да аянычтуу экенин, бул жерде  дене тарбия мугалимин айтпаганда, эркек аттуу тарбиячынын жоктугун бизге кабарлады.

Сузак районундагы №83 З.Жамашев мектебиндеги 46 мугалимдин арасынан жетөөсү гана агайлар.

— Баары жаш, ишке тойбогон кесипкөйлөр. Айылда аларга «Аз акчага кантип иштеп жүрөсүңөр?» дегендер да бар. Бирок өз кесибин чындап сүйгөндүктөн, мектептин оор жүгүн тартып келишет, · дейт Чолпон Кадырова.

МЕКТЕПТЕР МУРДАГЫДАЙ ЭЛЕ АГАЙЛАРДЫ КҮТӨТ

Ушундай эле сандагы агайлар Алай районундагы С.Карыев атындагы орто.мектебинде эмгектенет.

— Биздеги 30 мугалимдин сегизи эркектер. Алардын төртөө —  пенсия курагында, — деп жазат аталган мектептен агартуу ардагери Сыдык Мамыров.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинде 83 мугалим иштейт.

— Мектепте болгону алты агай сабак берет. Алар – Дунаев Осмон, Жунусов Үсөн,  Матамаров Жусуп, Арынов Ильяз,
Ураимов Орозбай жана Султанов Жанибек агайлар, — деп ар бир агайдын аты-жөнүн атап өттү алдыңкы мугалим Замира Атакулова.

Жөнөкөй мектептердеги абалды го билдик, ал эми өлкөгө байманалуу тарыхы, жетишилген ийгиликтери менен таанылып калган билим берүү мекемелеринде абал кандай экен деп кызыгып көрдүк.
Айтылуу «Ноокат билимканасы» зээндүү балдардын жатак-мектебинде 26 педагог эмгектенсе, анын экөөсү гана агайлар. Экөөсү тең дене тарбия сабагынан окутат. Башка эркек аттуулардан жатаканада төрт жардамчы тарбиячы агай түнкү мөөнөттө иштешет. Муну бизге  кыргыз тили жана адабияты мугалими  Айдарова Нурийла жазып жиберди.
Өлкө мектептериндеги агайлардын тартыштыгы борборубуздагы кыргыздын туңгуч эне тил мектеби —  профессор  А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейине да мүнөздүү көрүнүш. Мындагы 135 мугалимдин он бири гана мурунку Дүйшөн агайлардын катарын толуктап келишерин бизге Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гүлүмкан Асанкадырова айтып берди.
— Он бир агайыбыз бар. Чет тилинен Чалпаков Улан көп жылдан бери иштейт. Класс жетекчи дагы, — дейт ысмы өлкөгө таанымал агартуучу.

Статистикага кайрылсак

Өлкөбүздүн жалпы билим берүү мекемелеринде мугалимдик кесипти аркалаган эркек кызматкерлердин үлүшү салыштырмалуу төмөн экенин Улуттук статистикалык комитет да тастыктап келет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, мектеп мугалимдеринин 86–87 пайызын аялдар түзөт. Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, бул тенденция бир нече себептер менен шартталган жана мектеп системасына олуттуу таасирин тийгизүүдө. Министрликтин маалыматы боюнча мектептерде 14 858 эркек мугалим сабак берүү менен алектенет, бул мугалимдердин жалпы курамынын (15,3 %) түзөт.
Ушундан улам кыргыз коомчулугу мурунку Дүйшөн агайлар чыйыр салган билим жолундагы эркек мугалимдердин азайышын азыркы мектептеги тартиптин солгундап кетиши менен байланыштырып, өз тынчсыздануусун билдирүүдө.

Көйгөйдүн себептерине үңүлүп көрөлү

Кесип тандоодо ким болбосун, эң эле биринчиден келечекте канча айлык аларына кызыгат эмеспи. Анын сыңарындай, мугалимдик кесипке да эркектердин аз келишинин төркүнүндө социалдык жана экономикалык маселелер жатат. Эркектер үй-бүлө багуучу болгондуктан, маянасы аз бул кесипти тандай беришпейт. Кыргызстанда болсо мугалимдердин айлыгы салыштырмалуу төмөн: Билим берүү секторундагы орточо айлык — 14 921 сом, бул кээ бир башка кесиптер менен салыштырганда төмөн болуп эсептелет. Билим берүү жаатындагы эксперттер жана изилдөөчүлөр эгерде мугалимдердин айлык акысы жакын арада бир кыйлага көтөрүлбөсө, учурда иштеп жатышкан айрым эркек мугалимдер да башка, жогорку маяна  төлөнүүчү же статусу жогору кесиптерге өтүшү мүмкүн дешүүдө. Бул арада Sputnik маалымат агенттиги мугалим болууну каалаган абитуриенттердин саны мурунку жылдарга салыштырмалуу азайууда деп чыкты.
«Педагогика факультеттерине окууга өткөн студенттердин арасында да гендердик тең салмактуулук жок: аялдар көп, ал эми жигиттер мугалимдикти тандаган учурда да кээде башка багыттарды карашат» — деп жазат аталган агенттик.
Маселенин чечилишине тоскоол болуп жаткан дагы бир фактор — кыргыз коомунда орноп калган мугалимдикти аялдар кесиби катары кабылдоо стереотиби. Анткени көбү кыздарын: «Жок дегенде мугалимдикти бүтүп алсаң, маянаң аз болсо да жумушуң дайыма болот» дешип, кесип алууга үгүттөшөт. Мындай улуттук көз караш жана стереотиптер мугалимдик кесипти туура тандоого тоскоол болуп келүүдө. Айлыктын төмөндүгү, аткаруучу иштердин көптүгү, майда, бири-бирин кайталаган тапшырмалардын арбындуулуугу мугалимдик кесипке эркектерди азыраак тартат.
Эркек мугалимдердин аздыгы окуучулар үчүн, өзгөчө балдар үчүн “агай” — позитивдүү ролдук үлгүдөгү адамдын жоктугуна алып келиши мүмкүн. Эгер эркек мугалимдердин саны дагы деле төмөндөсө, мектептер менен окутуу мекемелеринде гендердик тең салмактын бузулушу улуттук билим берүүдө теңчиликти коркунучка учуратат. Ошондуктан бизге ириде стратегиялык маанидеги  чаралар зарыл. Мектеп системасын тең салмактуу тутуу, “агайларды” тартуу боюнча атайын программаларды иштеп чыгуу муктаждыкка айланууда. Бул ишти эмнеден баштасак? Албетте, бизге “Агайлар мектеби” же “Мектеп агайларга муктаж” сыяктуу акцияларды өткөрүү, коомдо мугалимдик кесиптин маңызын эркектер арасында көтөрүү үчүн керек. Экинчиден, кесипти тандоого дем берүүчү программаларды иштеп чыгуу зарыл. Мисалы, педагогика факультеттерине тапшырган  жигиттерге стипендияларды, гранттарды  берүү жагын ойлонушубуз кажет. Жумуш шарттарын жакшыртуу., мугалимдердин айлыгын көтөрүү, педагогикалык кызматкерлерге социалдык колдоо көрсөтүү да мектептерде агайлардын көбөйүшүн шарттайт. Дагы бир маанилүү сунуш —  адистештирүү. Эркек мугалимдерди STEM (математикалык, илимий) сабактарга, физика, математика, технологиялар сыяктуу предметтерге кызыктыруу да өзүнүн жакшы жагын береби деп ойлойм. Мындан тышкары, мектептерде “агай-клубдарды”, лидерлик программаларды түзүп, мугалимдердин коомдогу статусун жана таасирин жогорулашына камсыз кылуу абзел.

Ошентип, Кыргызстанда мектептерде эркек мугалимдердин үлүшү  көптөгөн себептерге — экономикалык, социалдык жана кесип тандоого байланыштуу төмөн бойдон калууда. Бирок бул маселени жөн эле “маселе” деп кароонун ордуна, стратегиялык мааниде чечүү зарыл: “Агайларды” тарткан программалар, стимул берүү ыкмалары жана коомдук маанидеги күчтүү чаралар менен мугалимдик кесипти тең салмактуу жана ар тараптуу кыла алабыз.

А.АЛИБЕКОВ, Президенттик «Мейкин» сыйлыгынын лауреаты (2024), «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер