«МУРАСТЫН» МЭЭНЕТКЕЧ МҮЧӨСҮ

  • 20.12.2024
  • 0

Жакында Кара-Көл шаарында «Мурас» адабий-чыгармачылык тобунун мүчөсү, шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук кабинеттин башчысы, Билим берүүнүн мыктысы Тилен Орозованын «Жашоо-белек» аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

"МУРАСТЫН" МЭЭНЕТКЕЧ МҮЧӨСҮ

«Мурас» адабий-чыгармачылык бирикмеси мындан үч жыл илгери түзүлгөнүнө карабастан эл ичиндеги катылган таланттарды таап, таптап келет. «Мурастын» көпчүлүк мүчөлөрү агартуу тармагында эмгектенген алдыңкы мугалимдер болгондуктан, өздөрүнүн топтогон иш тажрыйбаларын поэзия дүйнөсү менен айкалыштырып, ыр жыйнактарын элге тартуулап жүрүшөт.

Мына ушундай жагымдуу окуя жакында шаардык борборлоштурулган китепканада уюштурулду.

Орошон ой, оргуган таланттын ээси Тилен Орозова отуз жылга жакын жаш мугалимдердин насаатчысы катары эмгектенип, поэзия дүйнөсү менен эриш-аркак чыгарма жазуу түйшүгүндө алектенип келет.

Чыгармачылык шыктын ойгонушу өзү туулуп-өскөн Токтогулдун Ничке-Сайынан башталып, ыр дүйнөсүнө сүңгүп киришине Саамай энесинин таасири тийген. Энеси сөзмөр, таланттуу инсан болгон. Кезинде «Мезгил сабактары» ыр китебин чыгарууга жетишкен. Энесинен алган көрөңгөсү бар Тилен да буга чейин өзү иштеген колледж тууралуу «Билим берүү сапарында 35 жыл» деген даректүү китебин чыгарган.

Жаңы китебинде поэзия, проза, котормо жаатында жашоо философиясы тууралуу ой толгоолор, эл оозунда калган өрнөктүү өмүрлөр жөнүндө эскерүүлөр, жакшы адамдарга карата арноолор, турмуш үзүмдөрүнөн алынган чакан аңгемелер, котормолор, мекен, эне тил, үй-бүлө, мезгил ыргактары ж. б. ар кыл тематикадагы ырлар, жаш мугалимдерге кеңештери орун алган. Кыскасы, китеп ар бир окурмандын жүрөк түпкүрүнөн орун алган табылга болорунда шек жок.

Кеченин жүрүшүндө ыр кайрыктар жаңырып, соңунда өзү чукул арада чыгарган «Жаштыктын болбосо аягы» деген обондуу ыры «Маданияттын мыкты кызматкери Айнагүл Жолдошеванын аткаруусунда тартууланды.

Мындай жогорку деңгээлдеги иш-чараны уюштуруп алып барууда кесиптеш достору Айгүл Каракозуева, Рахат Тагаеванын жан дили менен кылган өзгөчө аракетин айтпай кетпесек болбойт.

Ыр кечеге шаардын мэри Орозбаев Нуртилек Орозбаевич, шаардык кеңештин төрагасы Кимсанов Чыңгыз Алмамбетович, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Кечеге келген кесиптештери, туугандары, жалпы эле поэзия сүйүүчүлөр авторго ак жол каалап, кол тамга коюлган китептерди белекке алышты.

Эмесе, Тилен, жашооңо белек болгон ушул китебиң шыгыңа шык, демиңе дем кошуп, чыгармачылыктын туу чокусуна чыйыр салган башат болсун! Ыр дүйнөң бөксөрбөй толкуп таша берсин!

Байышбек МҮСҮРАЛИЕВ,
билим бер
үүнүн мыктысы, «Мурас» адабий-чыгармачылык бирикмесинин жетекчиси

Бөлүшүү

Комментарийлер