Мугалимге стресстен чыгуунун он жолу
- 17.02.2026
- 0
Мугалим – дайыма адамдардын курчоосунда жүргөн адам. Ар бир окуучуга мамиле кылуу кээде ушунчалык кыйын болгондуктан, мугалим ар дайым эле бул милдетти аткара албайт. Бул кесипкөйлүктүн бар же жоктугунда эмес. Окуучулар көбүнчө мугалимдин да сезими, эмоциясы бар экенин, кээде көңүл иренжиткен көрүнүштөргө кыжаалат болорун этибар алышпайт. Мугалимдин иши аныктамасы боюнча анын эмоционалдык абалы бекем жана туруктуу болуш керек. Бирок кээде эң «бекем жаңгактын» өзү да чыңалууга туруштук бере албайт, бул сөзсүз түрдө стресстин пайда болушуна алып келет. Мындай кырдаалдардан кантип сактануу керек? Макалада анын белгилеринен арылуунун эффективдүү жолдору көрсөтүлөт.
Кесиптик жүктөмдүн чеги. Мындай абал менен күрөшүү жолдорун талдап чыгуудан мурун, мугалимге тапшырылган иштин жүктөмүнүн чегин билип алуу керек. Өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган мугалим күн сайын, жок эле дегенде, эки саатын кийинки сабакка даярданууга жумшайт. Көптөгөн адамдар сабакты өткөрүү кырк беш мүнөттүн ичинде бүтөт деп жаңылышат. Бирок бул таптакыр андай эмес. Сабактын алдында мугалим план түзүп, кызыктуу окуу материалын таап, окуучулардын көңүлүн сабакка буруунун эффективдүү жолдорун майда-чүйдөсүнө чейин ойлонушу керек. Мугалим сабактарды өткөрүүнүн деталдуу методикасын түзүшү керек, ошондой эле классты жалпысынан да, жекече да түрдө карап, аны менен иштөө ыкмаларын иштеп чыгышы керек.
Мектептеги иштин теориялык жана практикалык бөлүктөрү болот. Өзгөчө ушул практикалык жагын ар дайым текшерип туруу керек. Окуучулар өз алдынча, контролдук иштерди, дил баяндарды жазышат. Мунун баары мугалимдин иштерди текшерүүдөгү оор акыл эмгегин талап кылат.
Класстык журнал, күндөлүктөр менен иштөө жана ар кандай документтерди толтуруу да мугалимдин психикалык ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Алардын баары көңүл бурууну жана күч-аракетти талап кылат, бул көп учурда ашыкча чыңалууга алып келет.
Класстан тышкаркы иштер – бул көп күч-аракетти жана нервди алган иштин бир түрү. Эгерде мугалим кошумча түрдө узартылган күн тобу менен алектенсе, анда эмне деп айтууга болот.
Окуучулардын ата-энелери менен болгон сүйлөшүүлөр өз таасирин калтырат. Окуучуга гана эмес, анын ата-энесине да мамиле табуу керек. Көбүнчө ата-энелер мугалимдер менен тил табыша албай, бул дагы эмоционалдык чыңалууга алып келет. Андан кийин мугалим талаш-тартыштарды чечүүнүн жолдорун шашылыш түрдө издеши керек. Ушул жана башка бир катар себептерден улам мугалим мезгил-мезгили менен эмоционалдык чыңалууну сезиши мүмкүн. Ушундай чыңалуудан чыгып кетүүнүн жолун таба албай калган мугалимдер нерв ооруларына көбүрөөк кабылат. Андай кыйынчылыкка тушукпаш үчүн белгилүү бир эрежелерди кармануу керек.
- Баарын пландаштырууга көн. Көбүнчө стресстин бир себеби – иштин уюштурулбагандыгы. Адам бир эле учурда бир нече иштин башын кармаганда, ал сөзсүз түрдө чаржайыт иштеп, чаташып, бирин бүтүрсө, экинчисин унутуп, акыр аягында эзилип нерв болору белгилүү. Азыр, бүгүн бүтүрө турган жана шашпай, башка учурда бүтүрө турган иштерди аныктай билүү маанилүү. Башкача айтканда, «алыңа карап ышкыр» деген эле ой жатат бул жакта.
- Кемчиликтерди моюнга алууну үйрөнүү керек. Көптөр башында эле аткара албаган өтө бийик максатты коюшат. Ага жетпей калганда көңүл калуу дайыма болот. Эч ким идеалдуу эмес экенин түшүнүү маанилүү, ошондуктан баары идеалдуу болуп калышы мүмкүн эмес.
- Кээде эс алып, сүйүктүү ишиңиз менен алектенишиңиз керек. Ырахат менен өткөргөн убакыттай эч нерсе алаксытып, күч-кубат бербейт. Бул телевизордон жакшы фильм же берүүнү көрүү, сейилдөө же достор менен баарлашуу болушу мүмкүн. Сүйүктүү иш дайыма маанайды көтөрүүгө жана организмдин жалпы абалын жакшыртууга жардам берет. Хобби таап, адам бир азга терс эмоциялардан алаксый алат. Ошондой эле коомдук ишти жеке жашоодон ажырата билүүнү үйрөнүү керек.
- Адамдын оң сапаттарын көрө бил. Мактоого саран болбой, тигил же бул окуучунун артыкчылыктарын, жетишкендиктерин баса белгилөө пайдалуу, бул келечекте чыр-чатактардан жана түшүнбөстүктөрдөн качууга жардам берет. Педагогго позитивдүү ой жүгүртүү боюнча практикалык көндүмдөрдү алуу сунушталат.
- Эч ким менен жарышуунун кереги жок. Дайыма бардык мугалимдерден жакшыраак жана акылдуураак болууну каалоо мугалим үчүн жеке трагедияга айланат: нерв оорулары, агрессивдүүлүк күчөйт, чыңалуу басат.
- Ичиңден быкшып күйүкпө. Жеке тажрыйбаларың, турмуштук кыйынчылыктарың тууралуу жакын адамдарыңа айтып берүү менен жүрөгүңдөгү эмоционалдык жүктү бир топ жеңилдетүүгө болот. Ошентип сабак өтүү алда канча жеңилдейт.
- Эмпатия – кесипкөй педагогдун негизги сапаттарынын бири. Боорукер адам өзү жана айлана-чөйрө менен гармонияда жашоону үйрөнөт, бул өзгөчө мугалим үчүн абдан маанилүү.
- Бардык убактыңды жумушка арнаба. Узак уйку, спа-процедуралар, таза абада сейилдөө – акыл-эсти «кайра жүктөөгө», стресстин жалпы деңгээлин төмөндөтүүгө жөндөмдүү кичинекей кубанычтар.
- Өзүңдү мактоону үйрөнүү керек. Жакшы аткарылган иш үчүн ичиңден өзүңдү «Акылдуусуң» деп мактаган сөз маанайды көтөрө алат. Ошондой эле тандалган жолдун тууралыгын сезип, мотивацияң жогорулайт.
- Өзүн-өзү өркүндөтүүгө умтулуу – стресстен качуунун эң сонун жолу. Инсандын системалуу өнүгүүсү өзүн-өзү баалоонун, өзүнүн өнүгүү стратегиясын башкаруунун биротоло калыптанышына жардам берет. Анткени, көбүнчө стресстер өзүнө болгон ишенимсиздиктен жана балдарга туура таасир этүү рычагдарын билбегендиктен келип чыгат.
Педагог – нерв ооруларына эң көп кабылган адам. Кээде бул кесип ырыскы-ырахаты жоктой да сезилиши мүмкүн, бирок бул туура эмес. Эгерде бардык сунуштарды аткарсаңыз, анда психикалык саламаттыкка зыян келтирбей, куунак маанайда жакшы сабак өтсө болот. Ошондо гана педагог жумуштан ырахат ала алат.
Комментарийлер