МУГАЛИМДИН УКУГУ, МИЛДЕТИ ЖАНА КЕСИПТИК ЖООПКЕРЧИЛИГИ

  • 26.02.2026
  • 0

Билим берүү системасынын өзөгү  — бул мугалим. Коомдун келечеги болгон жаш муунду калыптандырууда мугалимдин  ролу жөн гана маалымат берүүчү эмес, багыт берүүчү жана моралдык үлгү катары бааланат. “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда мугалимге эркиндик берүү менен бирге, анын кесиптик этикасына жана коомдук жүрүм-турумуна жогорку талаптарды коёт.

МУГАЛИМДИН УКУГУ, МИЛДЕТИ ЖАНА КЕСИПТИК ЖООПКЕРЧИЛИГИ

Эркиндик жана инновация

“Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамдын 44-беренеси мугалимге чыгармачылык эркиндик берет. Бул эмнени түшүндүрөт? Маселен,  сабак берүүдөгү методдорду тандоодо мугалим стандарттык программанын алкагында окутуунун эң натыйжалуу жолдорун (оюн түрүндө, долбоордук окутуу ж.б.) өзү тандай алат. Экинчиден, эксперимент жүргүзүүдө инновациялык технологияларды колдонуу жана автордук методикаларды иштеп чыгуу укугу мугалимдин  профессионалдык өсүшүнө шарт түзөт. Бул укуктар мугалимди «аткаруучудан» «изилдөөчүгө» айлантып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багыттайт.

Мугалимдин моралдык-этикалык чектөөлөрү

Мыйзамда мугалимге тыюу салынган аракеттер так көрсөтүлгөн. Бул пункттар мугалимдин бейтараптуулугун жана коопсуз чөйрөнү камсыз кылууга багытталган. Алсак, мектеп — саясий оюндардан жана диний карама-каршылыктардан тышкары аймак. Зордук-зомбулукка жол бербөө — бул эң маанилүү пункт. Окуучуга карата физикалык же психологиялык кысым көрсөтүү педагогдун статусуна гана эмес, анын эмгек келишимине да чекит коёт. Акыркы жылдардагы айрым мугалимдер тарабынан окуучуга буллинг көрсөткөн окуялар тууралуу гезитибизде байма-бай жазып турдук, аны кайталоонун кажети жок. Үчүнчүдөн, дискриминацияга каршы турууда мугалим гендердик, улуттук же социалдык белгилери боюнча окуучуларды бөлбөөгө жана мындай көрүнүштөргө бөгөт коюуга милдеттүү.

Мугалимдердин кесиптик этикасы жөнүндө жободо педагогдун жүрүм-турум нормаларын, адеп-ахлактык принциптерин, окуучулардын укуктарын урматтоону жана кесиптик намысты сактоону кеңири камтыйт.

Кесиптик милдеттер: Сапаттуу билим жана баалуулуктар

Мугалимдин негизги милдети — окутуу гана эмес, тарбиялоо. Мыйзамда төмөнкүдөй баалуулуктарды калыптандыруу милдеттендирилет:

  • Мекенчилдик жана маданий баалуулуктар: Мамлекеттик түзүлүшкө жана тарыхка урмат менен мамиле кылуу.
  • Адамзаттык баалуулуктар: Боорукердик, адилеттүүлүк жана эмгекчилдик.
  • Коррупцияга чыдамсыздык: Жаш муундун аң-сезимине таза коомдун пайдубалын түптөө.

Социалдык кепилдиктер: Мамлекеттик колдоо

Мыйзамдын 45-беренеси  мугалимдин эмгегин коргоого багытталган. Мугалимдин натыйжалуу иштеши үчүн анын социалдык абалы туруктуу болушу шарт:

Чыгармачылык өргүү: Изилдөө жүргүзгөн же китеп жазган педагогдорго атайын шарттардын түзүлүшү.

Медициналык кароо жана эс алуу: Жыл сайын акысыз медициналык текшерүү жана санаториялык дарыланууга укук.

Кесиптик эмес ишке тартууга тыюу салуу: Бул мугалимдерди мурда кеңири жайылган «талаа жумуштарынан» же башка коомдук иштерден коргогон маанилүү ченем.

Жаш адистерди колдоо: Айыл жерине барган мугалимдер үчүн «Жаш мугалимдин депозити» сыяктуу программалар кадр таңкыстыгын жоюуга көмөктөшөт.

Сөз соңу

Мыйзамда мугалимге кеңири укуктар берилген, бирок ошол эле учурда анын моралдык келбетине өтө бийик талаптар коюлган. Бул мыйзамдын иштеши мугалимдин коомдогу кадыр-баркын көтөрүүгө жана билим берүүнү заманбап, демократиялык жана гуманисттик багытка бурууга негиз болот. Бирок, бул ченемдер кагаз бетинде гана калбашы үчүн, ар бир мугалим өз укуктарын билип, милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруусу зарыл.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер