МУГАЛИМДИН ӨТКӨН САБАГЫ  — ТУРМУШКА БОЛГОН КӨЗ КАРАШТЫН  ТУУРА ЧЕЧИЛИШИ

  • 02.02.2026
  • 0

Азыркы коомдо мугалимдин өткөн сабагы окуучулар үчүн эң маанилүү курал. Анткени окуучулар кыска видеороликтерге, тасмаларга өзгөчө көңүл буруп, сабакка кызыкпаган, көңүл бурбаган учурда турганыбыз баарыбызды түйшөлтпөй койбойт. Анткени, биз, мугалимдер, балдарыбыздын санариптештирүү доорунда заманбап билим берип, кызыктыруу сабактарын өтүүнү үйрөнүшүбүз керек. Коомдун агымы кайда жылса, ошол багыт менен жүргөн жолду табуу — мугалимдердин кесипкөйлүгү.

МУГАЛИМДИН ӨТКӨН САБАГЫ  - ТУРМУШКА БОЛГОН КӨЗ КАРАШТЫН  ТУУРА ЧЕЧИЛИШИ

«Мугалим сабагына өмүр бою даярданат» демекчи, биз алгылыктуу чыгармачыл, жакшы сабакты өтүү үчүн ар дайым изденүүнүн үстүндө иштейбиз.

Чыгармачылык менен өткөн мугалимдин сабагында окуучулар да тынч отурат, ага көңүл бөлөт, мугалим менен окуучунун ортосунда байланыш бириктирилип, жакшыртылат. Ал эми биз өз предметибизди өздөштүрө албай, кесипке болгон кызыгуубуз жок болуп, кош көңүл болсок, анда бул мугалимдин сабагы да кызыксыз, окуучулар мугалимди укпайт, сабагында өз билгендерин жасап, экөөнүн ортосунда келишпестик күчөп, аягы жаңжалдыка алып келет деген ойдомун.

МУГАЛИМДИН ӨТКӨН САБАГЫ  - ТУРМУШКА БОЛГОН КӨЗ КАРАШТЫН  ТУУРА ЧЕЧИЛИШИ

Мугалим — бул кесиптердин эң ардактуусу, ошондуктан бул кесипти аркалап жүргөндүн өзү бизге чоң сыймык. Ал эми ааламдашуу заманында окуучуларга сабак өтүү  — ар бир мугалимдин чоң энчиси, эрдиги жана аракети.

Ошондуктан күндөлүк сабакты бышырып туруп, мыктап өтүү — ар бирибиздин милдетибиз. Биз, мугалимдер, ар бир өткөн сабагыбыз менен  келечекти куруучу, өнүктүрүүчү, өстүрүүчү, дарылоочу коомду тарбиялап жатабыз. Биздин эл үчүн кылган ак кызматыбыздын далили ошондо. Ошондуктан биздин кесиптин ардактуу болушу да, мына ушунда чыгар.

Мамлекетибиздин мугалимдерге жакшы, туруктуу иштөөсү үчүн бардык шарттары менен каралган жаңы мектептерди куруп, ал эми  четинен заманбап технологиялар менен билим уяларын камсыздап, айлык акыларын көтөрүп, бардык керектүү шарттарды карап берип жатса, мугалимдерге андан башка эмне керек!?

МУГАЛИМДИН ӨТКӨН САБАГЫ  - ТУРМУШКА БОЛГОН КӨЗ КАРАШТЫН  ТУУРА ЧЕЧИЛИШИ

Мугалимдин максаты — келечекте окуучуларга  алган билимин  туура колдонууга үйрөтүү жана турмуштан ордун таба билүүсүнө үндөө.

Ч.Айтматовдун ‘Эрте келген турналар» чыгармасында Инкамал апайдын Цейлон аралы жөнүндө айтканын, Султанмурат кандай кызыгуу менен кабыл алса, биздин өткөн сабагыбыздан да окуучу ошондой натыйжа менен келечекти туура элестетүүсүнө түз багыт беришибиз керек. Анткени ар бир өткөн сабагыбыз окуучунун элесинде ар дайым жашап келери айдан анык. Мугалимдин сабагын окуучу өзү өмүрдөн өткөнчө эскерет. Ошондуктан мугалим эң узун өмүр жашаган адам катары эсептелбегени да бекеринен эмес чыгар. Чындыгында жакшы сабакты балдар, келечекти көрүүчү чоң күзгү катары кабыл алышат.

Мугалимдин сабагы аркылуу мугалимдин орду бааланып, баркталат. Жакшы сабак аркылуу окуучунун келечекке болгон көз карашы калыптанып, өзүн-өзүнө тандоо берип, ар кайсы багытка ылайыктуулугун өздөштүрүп, кесиптик жөндөмдүүдүгүн аныктайт. Азыркы учурда билим берүү системасы реформаланып, «Алтын Казык» программасы, 12 жылдык окутууда 5Е моделинин негизинде окуучуларга  сабакты кызыктырып, түшүндүррүп, кеңейтип өтүп, жаңы моделдерди туура өздөштүрүүсүнө багыт берүү — чыныгы мугалимдин эмгегинин тажрыйбалуу натыйжасы.

«Иш сүйгөн колдон тоо кулайт» демекчи, мугалимдер кандай шарт болбосун өз кесибин, балдардын жан дүйнөсүн сүйгөн мээримдүү боорукер инсандардын бири. Ар кандай өзгөрүүлөрдүн жолунда мугалимдер да кыйналбайт, билим сапатын натыйжалуу көтөрүүдө тажрыйбалуу эмгек көрсөтөрүүнө ишенебиз.

Мугалим — биз сыйлуу, сыймыктуу кесиптин ээлерибиз, ар бир жакшы сабагыбыз окуучунун жүрөгүнөн түнөк тап, келечектин мыкты инсандары тарбиялана берсин демекчимин…

Надира  ТУТКУЧЕВА, Керимбай атындагы Кайнар орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары,кыргыз тили жана адабияты мугалими, Айтматов району

Бөлүшүү

Комментарийлер