САПАТКА ЖОЛ АЧКАН САНАРИП
- 11.07.2025
- 0
Интернет айдыңына көз чаптырсаң, мугалимдерди окутабыз, үйрөтөбүз, деңгээлин жогорулатабыз деген жарнамалар, андан да кызыгы, мугалимдерди өнүктүрүүчү окуу борборун ачууга жардам беребиз деген сунуштар жайнайт. Мугалимдердин санарип сабаттуулугун жогорулатууну демилгелеген андай жигердүү жаштар, каалоочулар көп экендиги, албетте, жакшы көрүнүш жана колго ала турган демилге, а бирок медалдын эки тарабы болгондой эле, анын көмүскө жагында кандай «көрөгүчтүк» катылып жатат болду экен, чын эле ошол окуулар, окутуулар мугалимдерге жардам бере алабы жана алардын баары эле пайдалуубу, андан да маанилүүсү, мугалимдердин капчыгына оордук келтирбейби деген суроолордун айланасында чакан иликтөө жүргүздүк.
Фейсбукту барактап, адегенде эле Бишкек шаарындагы «Санарип мугалим» окуу курсунун 1-июлдагы маалыматына көзүбүз түштү. Анда бардык облустан келген 35 мугалим бир ай бою заманбап технологиялар менен сабак өтүүнү үйрөнүшкөнү, жыйынтыгында «Жогорку балл алган алты мугалимге Дубайга жолдомого арзандатуу тапшырылды!» деген маалыматты окудук. Андан ары «Ар бир катышуучу 72 сааттык РИПК сертификатын, санарип мугалим саатын, төш белгини, белектерди жана мотивацияны алды» деп жазылат. Демек, мында мугалим билим гана албастан, эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуптур. Кандай сонун!
Биз ал мугалимдер үчүн кубанычта болдук да, андан ары дагы башка баракчаларга баш бактык. Кезекти ошондой пайдалуу маалыматтарды активдүү колдонуучулар менен баарлашууга берүү максатында Кемин районунун Алмалуу айылындагы Т.Өмүралиев атындагы мектепте тарых мугалими болуп эмгектенген Радха Азарбекованын баракчасына туш болдук.

Тарых мугалиминин мектеп турмушун чагылдырган видеоконтенттери өз көрөрмандарын таап, окуучулардын жана ата-энелердин колдоосуна ээ болуп эле тим болбостон, аларды алдыга умтулткан, дагы-дагы көрүнүктүү иштерди аткарууга демилгелеген чыгармачыл чабыт болуп калганын белгилебей коюуга болбос. Аны видеолорду бөлүшкөн, пикирлерин калтырган окурмандарынын кабыл алуусунан байкаса болот. Ырасында эле заманбап мугалим колунан мобилдик телефону түшпөгөн z муундун өкүлүн өз сабагына кантип тарта алат? Бул суроону Радха Азарбековага узаттык.
— Мугалимдер санарип мугалим болушу керек. Өз билимибизди күнүгө өркүндөтүп, жаңы технологияларды үйрөнүп, жаңыча сабак өтүүгө умтулуу аркылуу көптөгөн ийгиликтерди жарата алабыз. Себеби мурунку салттуу ыкма менен өткөн сабактарыбыз окуучуларга кызыксыз болуп калды. Мен сабакты кызыктуу өтүү үчүн жасалма интеллектинин жардамына көп кайрылам. Андан тышкары, Фейсбук, Инстаграм тармактарындагы мугалимдерге пайдалуу жаңылыктар, маалыматтар менен кабардар болуп турам. Анын ичинен «MUGALIM AI» тиркемеси мага аябай жакты. Андан сабактын планын, оюн сабактарды алсак болот. Ага катталып өзүңдү өнүктүрүп, жаңы креативдүү ыкмаларды үйрөнөсүң, балдарга түрдүү тесттерди берип, жоопторду оңой аласың. Мен жасаган эмгектеримди соцтармактарга жарыялайм, анткени соцтармактар аркылуу окуткан предметимди ата-энелерге көрсөтө алам. Мага Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Медеркуловна Якупованын аткарып жаткан иштери көп түрткү берди, ал абдан креативдүү жетекчи. Жетекчиң кандай болсо, сен да ошондой болууга аракеттенет экенсиң, анын жасаган эмгектерин көрүп, мен да алдыга умтулгум келет. Сабактарың кызыктуу болсо, балдар танапис учурунда да сенин сабагың жөнүндө сүйлөшүп жатса, бул чоң жетишкендик деп ойлойм. Жасалма интеллектини эмгек жамаатыбыз толугу менен үйрөндүк. Ал биздин жумушубузду бир топ жеңилдетти. Майда иштерди жасалма интеллектинин жардамы менен аткарып, чыгармачылыкты өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурууга убактыбыз кенен болуп калды. Менин кесиптештерим заман талабынан калышпай мобилдик ар кандай тиркемелерди 100 пайыз өздөштүрүп, кызыктуу видеолорду жасаганга жетишип калганы кубандырат, — дейт.
Радха Талантовна сөз кылган «MUGALIM AI» платформасынын жаңылыктарына көз чаптырсак, ырасында эле мугалимдерге сабактардын планын, тесттерди, викториналарды, оюндарды жасап берип, сабактарды интерактивдүү өңүткө алып чыгарын көрдүк. Биз да анын баракчасына катталып, тең уюштуруучусу Айсулуу Жамангулова менен тааныштык. Ал видео сабагында интерактивдүү сабакты өткөрүү үчүн 18 курал, анын ичинде жети сабактын планынын жети түрүн, баалоонун үч инструментин жана сегиз кошумча материалды сунуштаарын билдирди. Андан ары конкреттүү бир мисалдын негизинде бир теманы үйрөтүү ыкмалары ырааты менен видео аркылуу көрсөтүлөт. Мугалим ал даяр болгон сабактын планын көчүрүп алып, керектүү кошумча маалыматтар менен толуктаса да болору абдан жакты. Айсулуу ар бирин так жана жеткиликтүү айтып берип, окуучу билүүгө тийиш болгон негизги аныктамаларды мугалимге көрсөтүп берди. Кыскасы, мунун баарын ал платформага катталган жана кызыккан мугалимдер өздөрү жакшы билсе керек.

Бул платформа буга чейин 527 маалымат жарыялаганын жана катталуучулары 24,6 миң экенин да көз жаздымда калтырган жокпуз. Билим берүүдөгү технологиялар, мугалимдерге колдоо көрсөтүүнү максат койгон долбоордун тең негиздөөчүсү Айсулуу Жамангулова өзүнүн командасы менен мугалимдердин эмгегин жеңилдетүүчү жасалма интеллектини турмушта кеңири колдонууга басым жасайт. Фокусу – инновацияларды эффективдүү пайдалануу, окууга дилгир адамдарга кам көрүү.
«MUGALIM AI» платформасын уюштурган Айсулуунун жигердүү жана жаратман командасына да мыкты деген баа бердик.
Заман менен кадамдаш жана талаптарына шайкеш иш алып барып, мугалимдин мүдөөлөрүн чечип, колдоо көрсөткөн мына ушул сыяктуу курстар, онлайн окуулар огеле көп көрүнөт, анын кайсынысына катышууну мугалимдин өз эркине койгонубуз дурус, «мышыктын сарысыбы, карасыбы, айтор, чычкан алса болду да» деген таризде, эң негизгиси мугалимдин билим куржуну куру калбай толуп турса болду деген тыянакка келдик.

Нечен жылдап агартуучуларды даярдап келаткан салттуу методика кандай өзгөрүүлөргө дуушар болууда жана кандай натыйжаларды күтөбүз деген суроо менен педагогикалык кадрларды даярдоонун сап башында турган И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., профессор Миргүл Эсенгуловага кайрылдык.

— Ырас, азыр педагогдорду толук трансформациялоо маселеси курч турган учуру. Мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты иштелип чыгып бекилди. Биздин окуу жай өлкөдөгү стандартты кармоочу окуу жайдын бири катары профилдик стандарттарга жооп беребиз. Азыркы күндө жогорку педагогикалык билим берүүнүн мамлекеттик стандарты иштелип жатат. Анын өзгөчөлүгү, философиясы — Кыргызстандагы улуттук көз караштарды калыптандырууну, улуттук каада-салттардын өзөгүндө тарбиялоону, менталитетке тиешелүү сапаттарды калыптандырууну көздөп жатабыз. Эгерде ал ийгиликтүү ишке ашып кетсе, анда биз улуттук педагогикалык билим берүү жөнүндө сөз кыла баштайбыз.
Биз «Мугалим мөмөлүү дарак» деп көп айтабыз, элдик болуп калган ушул сөздү философия катары кароого болот, себеби мугалим канчалык мөмөсү көп болсо, жемишти ошончолук мол берет. Мөмөсү — бул мугалимдин компетенциясы, ал аткарган функциялар, принциптери, баары топтолуп келип педагогикалык философияга кирет. Ушул өңүттө азыркы күндө абитуриенттерди кабыл алууда жана келечекте мугалимдерди даярдоодо бир топ өзгөрүүлөр кирип жатат. Эгерде принциптер өзгөрсө, албетте, анда окуу программаларында, окуу китептеринде өзгөрүүлөр болушу керек, анткени схема бузулбашы керек.
Болочок мугалимдерди даярдоодо көбүрөөк практикага багытталган окутууга басым жасалып жатат. Дуалдык билим берүү, андан тышкары, насаатчылык институтунун күчөтүлүшү, ал аркылуу кесиптин мыктысы болуу – ушулардын баары өтө чоң комплекстүү маселе, — дейт профессор.
Мугалим демекчи, мугалимдик кесипке ээ болууну көздөп жаткан быйылкы бүтүрүүчүлөр үчүн жождорго кабыл алууда эки чоң жаңылык бар. Биринчиси, Кыргызстанда жогорку билимге жеткиликтүүлүктү камсыздоо максатында ваучердик система — мамлекеттик билим берүү грантынын жаңы ыкмасы ишке кирди. Ал негизинен педагогикалык адистиктерге багытталган. Экинчиси, педагогикалык кесипти тандаган бүтүрүүчү жалпы республикалык тесттен 130 балл жана андан жогору көрсөткүч алышы шарт, ошондо гана ал жогорудагы ваучер, б.а. мамлекет кепилдеген грант алуу үчүн конкурска катыша алат.
Бедели түшүп кеткен педкадрларды колдоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана педагогдорду даярдаган окуу жайлар мурдагыдай престиждүү кесиптерге өтө албай калгандардын «аялдамасы» болбосун деген максатты көздөгөн мамлекеттин саясаты ийгиликтүү ишке ашса, кесиптердин төрөсү аталган мугалимдик кесип баштапкы кадыр-баркына эгедер болорунда шек жок.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
«Кут Билим»
Комментарийлер