МУГАЛИМДИН КАДЫРЫБЫ ЖЕ ОКУУЧУНУН УКУГУБУ? ..

  • 19.01.2026
  • 0

Акыркы күндөрү коомчулукта катуу талкуу жараткан бир видео көптөрдү ойго салды. Анда мектеп мугалими окуучусун сабап жаткан учур тартылган. Видео социалдык тармактарга тарап, мугалимдерди, ата-энелерди, коомчулукту эки жаатка бөлдү. 

МУГАЛИМДИН КАДЫРЫБЫ ЖЕ ОКУУЧУНУН УКУГУБУ? ..

Бир тарабы: «Мугалимден таяк жеп эле чоңойгонбуз, эч нерсе болгон эмес»«Мугалимдин кадырын кетирбейли»«Балдардын укугу деп мугалимди басынтып бүттүк» — десе; экинчи тарабы: «Баланы уруу – зомбулук»«Бул мугалимдикке  жатпайт», «Мектеп тарбия эмес, коркутуу жайына айланбашы керек» — деген пикирлерди айтышты.

Бул окуянын жыйынтыгында мугалим милицияга чакырылып, ата-энеси арыз жазып, коомчулуктан кечирим сурап, акыры жумушунан алынды. Бул ошондо мугалимдин кадырын тебелөөбү же баланын укугун коргообу?

МУГАЛИМДИН КАДЫРЫБЫ ЖЕ ОКУУЧУНУН УКУГУБУ? ..

Мугалимдин кадыры кайдан башталат?

Мугалимдин кадыры – колундагы таяктан эмес, акылынан, адилеттүүлүгүнөн, сабырынан, кесиптик маданиятынан башталат. Белгилүү советтик педагог Василий Сухомлинскийдин: «Баланы уруу – аны тарбиялоо эмес, өз алсыздыгыңды көрсөтүү» — деген сөзү бар. Чынында, кол көтөрүү – мугалимдин күчтүүлүгүнүн белгиси эмес, педагогикалык аргументи түгөнгөнүнүн белгиси.

 Коркуу менен келген “аброй бул мугалимдерге сабак болчу окуя

Бул маселе тууралуу сөз болгондо, мен түркиялык профессор, психолог Хасан Йылмаздын мугалимдер тарабынан эң көп окулган, 60 жолу басылган «Мугалимим, сураныч бул китепти окуйсуңбу!..» аттуу китебиндеги төмөндөгүдөй окуяны баяндагым келет.

Бир жаш мугалим мектепке жаңы ишке орношот. Ал мектептеги мугалимдердин ишмердүүлүгүн, баркын анализдеп жүрүп, өз баамында бир “эң ийгиликтүү” мугалимди байкайт. Окуучулар ал мугалимди көргөндө тыптынч боло калышат эле. Үнүн укканда эле мектеп жымжырт боло түшчү.

Жаш мугалим бир күнү андан:

— Сиз мындай тартипти, мындай абройду кантип орноттуңуз?- деп сурайт. Ал мугалим күлүп, мындай деп жооп берет:

— Мен биринчи жолу класска киргенде, тентек окуучуну балдардынкөзүнчө катуу сабап салам. Калгандары көрүп коркуп калат. Андан кийин мен көп кол көтөрбөйм. Анан окуучуларга эч качан жылмайбайм. Сүйүү – алсыздык. Аны окуучуларга көрсөтпөш керек.

Муну уккан жаш мугалим да дал ушундай жолду тандады. Кыска убакытта “ырайымсыз, авторитардык мугалим” катары таанылды. Окуучулар аны көргөндө жолун өзгөртүп, качып, салам берип, көзүнө тике карабай өтүшөт.

Ошентип ал өзүн кадырлуу мугалим сезе баштайт.

Бирок жылдар өтөт. Бир күнү көчөдөн өзү окутуп, мектепти бүтүргөн үч окуучусун көрөт. Алар мурункудай кийиминин топчусун оңдобойт; чегип жаткан тамекисин ыргытпайт; көзүнө тик карап, унчукпай өтүп кетишет.

Мугалим ошондо гана коркуу болгонун, бирок урмат болгон эместигин түшүнөт.

Бул окуя бүгүнкү коомдук талкуу менен абдан үндөш. Коркутуу тартипке окшошу мүмкүн. Бирок кадырды (абройду) жаратпайт.

«Бизди да мугалимибиз урган, бирок биз адам болдук» деген ой – кооптуу ой

Көп айтылган бир сөз бар: «Бизди деле мугалимдерибиз уруп-согуп тарбиялашкан, бирок адам болдук го…». Мындай суроолор туулат: “Баары эле адам болдубу?”, “Канчасынын жүрөгүндөгү жарасы айыкпай калды?”, “Коркконунан унчукпай жүргөн балдардын үнүн ким укту?”

Буга психология илими төмөндөгүдөй так жоопту берет: “Бала кезиндеги зомбулук – өзүнө  ишенбөөгө, коркууга, агрессияга, мугалимге жана билимге болгон ишенимдин жоголушуна алып келет.

Демек, зомбулук тарбия бербейт, залака (зыян) берет.

Мугалимдин даанышмандыгы – өз эмоциясын башкара билүүсү

Мугалим жөн гана сабак берген адам эмес. Ал – окуучуга сырдаш, колдоочу, кээде эмоциясына калкан болгон инсан. Бирок төмөндөгүдөй суроо туулат: “Мугалимдин эмоциясына ким калкан болот?Күнүмдүк басым, ата-энелердин күтүүсү, мектептин талабы, окуучулардын жүрүм-туруму мугалимди акырындап эмоциялык чарчоого жеткириши мүмкүн.

Малайзиялык педагог Амин Сенин китебинде мындай бир притча берилет:

“Ачууланган мугалим сабактан кийин унчукпай калат да, журналга мындай деп жазат: «Бүгүн мен эмоциямдан утулдум. Эртең мен аң-сезим менен жеңем».

Бул – мугалимдик даанышмандыктын чыныгы белгиси. Даанышман мугалим – эч  качан ачууланбай турган адам эмес, ачууну качан жана кантип токтотууну билген адам.

Окуучунун укугун коргоо – мугалимди кемсинтүү эмес

Кээ бир кесиптештерибиз: «Балдардын укугу деп мугалимдин кадырын кетирдик» – дешет. Мен бул ойго кошула албайм. Окуучунун укугун коргоо – мугалимди басынтуу эмес, мектепти тазалоо, кесиптин баркын сактоо. Бир мугалимдин туура эмес аракети бүтүндөй кесипке көлөкө түшүрбөшү керек. Жогоруда жазылгандар мугалимдерди каралоо үчүн эмес.

Бул – кесиптештер  менен чын дилден сүйлөшүү!

Биз мугалимдин кадырын сактайбыз десек – адегенде зомбулукту актабайлы!

Биз баланы коргойбуз десек – мугалимдин да чын мугалим бойдон калышына шарт түзөлү.

Мугалимдин кадыры – баланын көз жашы менен эмес, анын келечеги менен өлчөнөт.

МУГАЛИМДИН КАДЫРЫБЫ ЖЕ ОКУУЧУНУН УКУГУБУ? ..

Ошондуктан, биз гумандуу педагогиканын улуу устаты Шалва Амонашвили айткандай “ЖҮРӨКТҮН МУГАЛИМИ” бололу. Албетте, ар бир мугалим өз кадырын өзү сактайт, өз аброюн өзү орнотот. Бардыгы өз колубузда!

Сүйүүнүн, урматтын, мээримдин мугалими бололу, кесиптештер!

МУГАЛИМДИН КАДЫРЫБЫ ЖЕ ОКУУЧУНУН УКУГУБУ? ..

Кыялбек АКМАТОВ,  

педагогика илимдеринин доктору, профессор,

“Кыргызстан Маариф” фондунун

директорунун орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер