МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН КАНТКЕНДЕ ЭФФЕКТИВДҮҮ КЫЛАБЫЗ?
- 27.11.2025
- 0
Өлкөбүздүн социалдык тармакты тейлеген Вице-премьер-министри Эдил Байсаловдун компетенциясы төмөн 15-20 пайыз мугалимдерди иштен кетирип, ордуна 50-60 миң айлык берип, жумушсуз жүргөн журналисттерди алып келишибиз керек деген пикири коомчулукта зор ызы-чууну жаратты. Чындыгында эле мугалимдердин бир даарын алмаштырып, мектептеги иштин сапатын жогорулата алабызбы? Канткенде мугалимдин эмгегин эффективдүү кылабыз?

Кептин баары маянадабы?
Кандай айтсак да, дал ошондой экенин эч ким тана албайт. Ким болбосун жумушка орношуп жатып, коомго кошкон эмгеги үчүн канча акча аларына кызыгат. Айлык маселеси келечек муунга билим-тарбия берүүгө чакырылган тарбиячылар үчүн да өтө маанилүү. Анткени азыр мугалим болуп акча табыш совет дооруна салыштырмалуу жеңил эмес. Союздун убагында агай-эжейлер бир класста 20-30 окуучу менен иштешсе, учурда Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда класстагы окуучулардын саны 40-50 жетти. Мынча сандагы окуучунун дептерин текшерип чыгууну кой, аты-жөнүн окуп чыгуу эле канча убакытты алары айтпаса да түшүнүктүү. 45 минутада ушунча сандагы окуучуну бир максатка багыттап, таасын окуу милдеттерин чечүүгө дем берүүнүн өзү кесиптик зор чеберчиликти талап кылары шексиз. Азыркы сабак бул мурункудай жалаң куру баяндоо менен жүрбөстөн, алдыңкы технологияларды байма-бай колдонууну да талап кылат. Жалаң бор менен алыс баралбайсың. Окутуунун заманбап технологиялары бир тарабы убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Өткөн теманы бышыктоо да, кайталоо да ыкчам ишке ашат. Мунун баарын сабакта ийкемдүү колдонуш үчүн мугалим өз үстүнөн такай иштеп, изденип, кесиптик чеберчилигин арттырып турууга тийиш. Айрыкча ушу тапта, 12 жылдык мектепке бараткан тушта, азыркы мугалим ээ болууга тийиш компетенттүүлүктөрдүн саны күндөн-күнгө өсүп жатат. Ошондуктан азыр мамлекетти эле күтпөй өз жанынан акча чыгарып, ар кандай тренинг, семинарларга катышып, өз билимин өркүндөтүп жаткан мугалимдер жок эмес.
Билим берүүдө эмгектенгендерге соңку жылдары бир катар кошумча каражаттар берилип, бул жаатта реформалар жасалды, бирок эмгек акынын жогорулашы мугалимди мыкты иштөөгө шыктандырабы деген суроо азыр да актуалдуу.
Эсиңерде болсо керек, мугалимдердин маянасы акыркы жолу 2022-жылы орточо 10 000 сомдон ≈26 000 сомго чейин жогорулаган болчу. Мамлекет башчысы алдыдагы 2026-жылдын 1-апрелинен баштап орточо маяна ≈ 40 000 сомго чейин көтөрүлөөрүн жарыялады. Мындай өсүү — албетте, жакшы жаңылык. Бирок реалдуу тиричилик шарттарына ылайыктап караганда, бул ошол эле «мектеп мугалиминин күнүмдүк жашоосуна жетиштүүби?» деген суроону жаратат. Бишкек сыяктуу шаарларда батир ижарасы, коммуналдык төлөмдөр, азык-түлүк, транспорт — ар бирине бир нече миң сом кетет. Айыл жеринде жашоо арзаныраак болгону менен, сапаттуу жашоо үчүн кошумча чыгымдар — мектепке барып-келүү, балдарды мектепке, бала бакчаларга алып баруу, үй шарттарын оңдоо сыяктуу маселелер мугалимдерди кошумча каражат издөөгө мажбур кылат.
Ушул себептерден улам көп мугалимдер кошумча киреше табууга — репетиторлукка, курстарга, жеке ишмердиктерге кайрылат. Бул болсо аларды негизги жумушунан — сабак берүүдөн алаксытат.
Сапат жана мотивация — акча менен гана чектелбейт
Маяна көбөйүүсү менен бирге, мугалимдердин коомдогу статусу, алардын эмгегине карата мамиле да өзгөрүшү абзел.
Буга кошумча мамлекет тарабынан стабилдүү жана туруктуу каржылоонун болушу зор мааниге ээ.
Ошондой эле социалдык камсыздандыруулар — пенсия, медициналык камсыздандыруу, турак-жай шарттары өкмөттүн көңүл борборунда болууга тийиш. Булар мугалимдин гана эмес, анын үй-бүлөсүнүн мугалимдик кесипке болгон ишенимин бекемдейт.
Эгер мугалимдер өнүгүүнү, професионалдык өсүүнү көрө албаса, анда айлык бөлөк, ал эми ишке жоопкерчилик жана чыгармачылдык — башка нерсе болуп кала берет. Азыр “заманбап мугалим” программалары, курстар, квалификациялык семинарлар ачылган.
Бирок бул программалардын натыйжалуулугу, алардын шаарга — айылга, жаштарга жеткиликтүүлүгү ар башка.
Жыйынтыктап айтканда мугалимдин маянасы, жашоо деңгээли, коомдук статусу — билимдин сапатын жакшыртуунун шарттары болушу абзел.
Ошол маанилүү шарттарга эмнелер кирет?
• Туруктуу айлык + кошумча төлөмдөр (бонус, категорий, компенсациялар);
• Социалдык камсыздандыруу (ден соолук, турак-жай, пенсия);
• Кесиптик өсүү, квалификация, методикалык колдоо, заманбап жабдуулар;
• Жумуш шарттары — окуу жүктөмү, класстагы окуучулардын саны, окуу материалдары, технологиялар.
Эгер билим берүү системасы, мамлекет, коом ушул шарттарды түзө алса — мугалимдин ишке болгон мотивациясы, жоопкерчилиги жана — эң маанилүү нерсе — мектептеги балдардын билим сапаты жакшырат.
А АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
.
Комментарийлер