МУГАЛИМДИККЕ ЧЫН ДИЛДЕН КЫЗМАТ КЫЛГАН ИНСАНДАР

  • 05.12.2025
  • 0

Коомдо билим берүүнүн өзөгүн чыныгы кесибин сүйгөн мугалимдер кармап турат десек болот. Себеби мугалимдин түмөн түйшүгүнө чыдабай, кесип алмаштырып кеткен адамдар миңдеп саналат. Окуучуларга чын дили менен берилген мугалимдер гана баарына кайыл болуп, таза жан дүйнөсү менен окуучуларга билим берүүнү тандайт. Чыныгы педагог ар бир баланын тагдыры менен жашайт. Ал окуучулардын кубанычын да, кыйын күндөрүн да жүрөгү менен сезет. Сабактан тышкары дагы алардын тарбиясына кайдыгер карабаган жандар. Себеби мугалимдин негизги миссиясы – билим берүү гана эмес, адамды адам кылып тарбиялоо.

46 жылдык тажрыйбага ээ каарман

Ошондой мугалимдердин бири Күн-Туу айылындагы академик Б.Жамгырчинов атындагы мектептин математика мугалими 46 жылдык тажрыйбага ээ каарман Эсенгелдиева Айкен эже. Ал ушул узак убакыт аралыгында кесибин сүйгөндүктөн, берилүү менен билим берип, тарбиялык иштерди кошо алып келет.

Ал 1973-жылы учурдагы Маяковский атындагы кыз-келиндер институтуна “Математика жана физика” факультетине тапшырган. Физика менен математиканы терең өздөштүрүп, аталган окуу жайды 1978-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, “Орто мектептерде математика жана физика мугалими” адиси болуп чыккан.

Эмгек жолун Ат-Башы районундагы Кызыл-Дыйкан орто мектебинде баштап, кийин Баш-Кайыңды айылындагы Киров орто мектебинде физика жана математика сабактарын окуткан. Андан соң Ат-Башы районундагы №32 кесиптик-техникалык лицейде физикадан мугалим болуп эмгектенген. 1996-жылы үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу Чүй облусуна көчүп келип, ошондон бери Күн-Туу айылында математика мугалими болуп эмгектенет.

МУГАЛИМДИККЕ ЧЫН ДИЛДЕН КЫЗМАТ КЫЛГАН ИНСАНДАР

Өз кесиби жөнүндө

-«Мугалим мөмөлүү дарак» дегендей, мугалимдик кесиптин түйшүгү көп, бирок кубанычы, сүйүнүчү андан да жогору. Балдарды сүйгөндүктөн, аларга билим берүү мен үчүн чоң бакыт. Окуткан окуучуларым жакшы жетишкендикке жетишип, ийгилик жаратса, алардан өтүп мен кубанам,-дейт Айкен эже биз менен болгон маегинде.

Андан ары өз тажрыйбасында математикага кызыккан окуучуларды бөлүп окутууну жактыраарын айтат. Себеби табиятынан математикага кызыккан окуучулар аз санда болгондуктан, алардын кызыгуусун өркүндөтүп кетүү мугалимдин негизги иши деп белгилейт. Ошол окуучулардын арасынан кайра мектепке мугалим болуп келгендер бар экенин белгилеп өттү.

Ар тараптуу Айкен эже мугалимдик менен чектелбестен, көп жыл мектепте насаатчы, айылда ден соолук комитетинин жана аялдар кеңешинин төрайымы, методикалык бирикменин жетекчиси болуп эмгектенген.

Эжей ушунча жылдан бери берилгендик менен окуучуларга билимин арноосунун дагы бир себебин бүгүнкү күндө математика мугалимдеринин жетишсиздиги жана жаш адистердин мектепке аз келиши менен байланыштырат.

-Математиканы жакшы өздөштүргөн окуучулар көп учурда мугалимдик кесипти тандабайт. Алар инженердик же дагы башка кесиптерди тандашат. Ал эми бул кесипти тандап келген жаш мугалимдер түйшүктөн бат чарчап жатышат. Мугалимдик кесипке шыгы болсо гана иштей алышат, — дейт.

Ошол себептен да жаш жеткинчектердин билимдүү болушуна болгон күч-аракетин, өмүрүн арнап келет.

Каарманыбыз азыркы окуучулар менен 10 жыл мурдагы окуучуларынын айырмасы чоң экенине токтолду.

— Азыркы окуучулар программаны өздөштүрүп, кайтарым байланыш жасоодо аксап жатканы байкалып калат. Маалымат көп болгондуктан, алардын эс-тутуму начарлап, берилген теманы толук кандуу өздөштүрүүсүндө кыйынчылык жаралууда. Биз ар бир окуучуга өзгөчө көңүл буруп иштеп келе жатабыз. “Пенсияга чыктыңар, эмгек өргүүгө кеткиле” деген сыяктуу сөздөрдү көп эле угабыз. Бирок менин дагы үйрөнө турган билимим алдыда деп ойлойм. Чыныгы математик мугалим келсе, жүрөгүбүз тынч өткөрүп берүүгө даярбыз. Ага чейин окуучулардын келечегине тынчсызданып, окуучуларды таштап кетүү оюмда жок. Дагы канча өмүрүм болсо, баарын балдарга арноого, билим берүүнүн өсүшүнө өз салымымды кошууга даярмын”, — дейт.

Бул мугалимдин өмүр жолу – кесипке берилгендиктин, балдарга болгон сүйүүнүн жана билимге болгон терең урматтын чыныгы үлгүсү. 46 жыл бою үзгүлтүксүз эмгектенген, билим берүү жолунда өзүн арнап келген мугалим бүгүнкү күндүн чыныгы каарманы.

Мыкты устат келечектин куруучусу

Жаш мугалимдердин арасынан да кесибин сүйгөндөр арбын. Алардын бири –
Бурулсун Жолдошалы кызы. Анын бала чагынан берки мугалим болуу кыялы бүгүнкү билим берүү тармагында тогуз жылдык тажрыйбасы бар жетекчи-педагогго айлантып отурат. Учурда ал өз кесибине берилген тарыхчы мугалимден тарбия иштери боюнча жетекчиге чейин өсүп жеткен адис.

МУГАЛИМДИККЕ ЧЫН ДИЛДЕН КЫЗМАТ КЫЛГАН ИНСАНДАР

Каарманыбыз кесибиндеги жетишкендиктери жана кызыктуу окуялары менен бөлүштү. Мектепке баарынан биринчи барып, баарынан кийин кетээрин кошумчалады. Жада калса алтынчы, дем алыш күндөрү да мектепке келип, бүтпөгөн иштерди бүтүрүп, мектебинин тынчтыгынан эргүү аларын айтат. Ал тургай бирде үйүнө жумуштап келген эжени 7-класста окуган кызы Айзирек: “Андай адам бул үйдө жашабайт” — деп, тамашалап узатып жибергенин айтып өттү. Анын себеби, өмүрүнүн көбүн мектепте өткөрөөрүн айтат.

Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин 2016-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылы Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы А.Турсуналиев атындагы №2 мектепке 9 сааттык жүктөм менен тарых мугалими болуп жумушка кирип, болгону 3000 сом айлык алса да, кесибине болгон сүйүүсү анын демин өчүргөн жок.

“Кесип тандайсың, бирок, чыныгы мугалимдик жүрөктөн келет” — деген сөздү жаш педагог ошол күндөн тартып терең түшүнө баштады. Ар бир сабакка кылдат даярданып, окуучуларынын майда жетишкендиктерине кубанып, алардын кызыгуусун ойготууга жан үрөп иштеди.

2019-жылы анын жүктөмү көбөйүп, эмгеги эске алынып, айлыгы да жогорулады. Бирок эң чоң өзгөрүү анын карьерасында 2020-жылы болду. 1-апрелден тарта тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп дайындалып, мектептин тарбия багытындагы ишмердүүлүгүн уюштурууга жооптуу жетекчилердин катарына кошулду.

Үч жылга жакын бул кызматты аркалаган педагог 2023-жылдын 1-февралында окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин билим берүүнү уюштуруу, окуу процесси менен тарбия процессин айкалыштыруу, мугалимдер жана окуучулар менен үзгүлтүксүз иш алып барууда.

МУГАЛИМДИККЕ ЧЫН ДИЛДЕН КЫЗМАТ КЫЛГАН ИНСАНДАР

Бурулсун эжей мектептин шартын жакшыртуу үчүн бир нече долбоор жазып, аларды ийгиликтүү ишке ашырды. Алгач мектептин чатырын алмаштыруу маселеси көтөрүлгөн. Мектеп курулгандан бери бир да жолу жаңыланбаган чатыр оңдоону талап кылып жаткан. Ал бул багытта долбоор жазып, Чүй облусунун өнүктүрүү фондунан финансылык колдоо алып, мектептин чатыры толугу менен жаңыртылган.

Экинчи долбоору класс комплектилерин жаңылоо болду. Мектепте бир нече кабинетке жаңы жабдуулар зарыл болгондуктан, ал бул маселени да көтөрүп, Ысык-Ата районунун өнүктүрүү фондуна долбоор жазды. Натыйжада кабинеттер толугу менен жаңы комплектилер менен камсыздалган.

Үчүнчү долбоору аркылуу мектепке интерактивдүү доска, проектор, компьютер, принтер, парта жана доскалар алынган. Парталар менен доскалардын баасы бир миллион сомдон ашык болгонун баса белгиледи. Бул жабдуулар окуу-тарбия процессин заманбап деңгээлге чыгарууга чоң көмөк көрсөттү.

өз кесибиндеги тогуз жылдык эмгеги анын ички ишенимин да бекемдеди. Ал мугалимдикти жөн эле кызмат эмес, миссия катары кабыл аларын айтат.

-Мугалимдик кесип балалык кыялым менен бүгүнкү максатымды бириктирген жол. Ар бир окуучу — ачылбаган мүмкүнчүлүк. Алардын өзгөргөнүн, өскөнүн көрүү мен үчүн эң чоң сыймык. Мугалим болуу келечек менен иштөө, адамдын тагдырына кичине болсо да жакшы из калтыруу, — дейт Бурулсун Жолдошалы кызы.

Мугалимдик ага сабырдуулукту, боорукердикти, жоопкерчиликти үйрөттү. Жаштарга берилген бир жылуу сөз, туура багыт же маңдайынан сылаган мээрим келечектеги чоң ийгиликтерге жол ачарын ал жакшы билет.

Ошондуктан эжей өз кесибин жөнөкөй жумуш эмес, руханий миссия, адамдарга кызмат кылуунун эң таза жолу деп эсептейт.

Кесибин сүйгөн мугалим өзүн дайыма өркүндөтүп турат. Ал жаңы методикаларды изилдейт, сабактарды заманга ылайыкташтырат, ар бир баланын кызыгуусуна жараша мүмкүнчүлүк түзүүгө аракет кылат. Анын классына кирген ар бир окуучу өзүнө ишенип, суроо берүүдөн тартынбайт, ой-пикирин айтуудан чочубайт. Мындай чөйрөдө баланын чыгармачылыгы, логикасы, дүйнө таанымы кеңейет.

Ошондуктан мугалим ар убакта урматка, ыраазычылыкка татыйт. Анын эмгеги менен өлкөнүн билимдүү, маданияттуу, тарбиялуу жаңы мууну калыптанат. Кесибин чын жүрөктөн сүйгөн мугалим коомдун өзгөрүүсүнө жол ачкан эң чоң күч, эң тунук жүрөктүү устат, келечектин куруучусу.

Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер