“Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу — бул келечек муунга жасалган инвестиция”
- 14.11.2025
- 0
Жумабек ДУЙШЕНАЛИЕВ:

КРнын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун «Маалыматтык жана ART технологиялар» кафедрасынын башчысы, эл аралык искусство жаатындагы эксперт, музыка таануучу Жумабек Сапаралиевич Дуйшеналиевди кепке тарттык.
— Жумабек Сапаралиевич, мугалимдердин институтундагы Сиз жетектеген кафедранын аталышы эле көп маанини камтып турат экен. Факультеттин азыркы курамы кимдерден турат. Кандай окутуучулук топ бар?
— Кафедранын учурдагы профессордук-окутуучулук курамын тажрыйбалуу окумуштуулар түзөт. Алар: педагогика илимдеринин кандидаттары, доценттер — Ибирайым кызы Айжан, республикалык «Жылдын мыкты мугалими – 2022» конкурсунун жеңүүчүсү,
И.Арабаев атындагы КМУнун 2-курсунун аспиранты Мукамбетова Гүлзада, информатика боюнча магистр Жумаева Адина, белгилүү улук окутуучу, окумуштуулар Акматов Дамир, Мукамбетова Гульжан, Урматбек кызы Рахат аймактардан келген мугалимдерибиздин кесиптик дараметин көтөрүүнүн үстүндө талбай иштеп жатышат.
— Музыка, көркөм өнөр жана технология, информатика предметтерин окутушкан орто мектептердеги мугалимдердин педагогикалык квалификациясын жогорулатууда эң негизги көңүл эмнеге бурулууда?
— Өлкөбүздөгү 12 жылдык билим берүү системасында музыка, көркөм өнөр, технология жана информатика предметтери мугалимдеринин педагогикалык квалификациясын жогорулатуу — заманбап билим берүүнүн маанилүү багыты болуп саналат. Аталган предметтер окуучулардын руханий дүйнөсүн байытууга, эстетикалык табитинин калыптанышына, чыгармачылык потенциалын ачууга, технологиялык, санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Ушул контекстте «Алтын казык» мамлекеттик программасы мугалимдердин билим, тарбия берүү ишмердүүлүгүн жаңылап, улуттук баалуулуктарды сактоого, эстетикалык тарбия берүүдөгү ролун күчөтүүгө мүмкүндүк түзүп келүүдө.
Биз республикабыздын жана чет өлкөлүк билим берүү уюмдары менен да тыгыз байланышта иштешип келебиз. Кафедра өнөктөштөрү менен биргеликте илим изилдөөлөрдү жүргүзөт, билим алмашуу программаларын ишке ашырат жана билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Ошондой эле жакынкы келечекте билим берүү системасынын өнүгүүсүнө багытталган жаңы долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат. Кафедра маалыматтык заманбап технологияларды, жасалма интеллектти (ЖИ) окуу процессинде пайдалануу, колдонуу боюнча илимий изилдөөлөрдү уланта берет, билим алмашуу программаларын кеңейтет жана билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча жаңы келишимдерди түзүүгө аракеттенүүдө.
— Бул багытта кафедранын миссиясы жана мектептердеги мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун актуалдуулугу эмнеде?
— Кафедранын негизги миссиясы — мугалимдерди маалыматтык жана искусство технологияларын колдонуу боюнча заманбап билимдер жана көндүмдөр менен камсыздоо, аларды билим берүү процессинде инновациялык технологияларды колдонууга даярдоо.
Информатика, Музыка, Көркөм өнөр жана технология предметтеринин мугалимдерин жана мектеп китепканачыларынын адистик квалификациясын жогорулатуу үчүн заманбап окутуу курстук программаларын жана методикалык материалдары иштелип чыкты жана практикада колдонулууда.
— Мисалы, атап айтканда кандай курстар иштелип чыкты?
— Төмөнкү аталыштагы окуу курстарын атап айтсак болот. Алар: «Окуу процессин санариптештирүү жана STEM технологиялары 12 жылдык билим берүү системасында», «Билим берүүдөгү санарип технологиялары», «Окуу процессинде жасалма интеллектти (ЖИ) пайдалануунун жолдору жана окутуунун замапбап технологиялары», «Окуу процессин санариптештирүү» (улук окутуучулар: Г.Мукамбетова, А.Жумаева), «12 жылдык билим берүү системасында информатиканы окутуу: инновациялык технологиялар жана тажрыйбалар» (п.и.к., доцент: Ибирайым к. Айжан), «12 жылдык билим берүү системасында башталгыч класстарда Музыка предметин окутуунун методикасы», «Музыка предметин окутууда санариптик технологияларды колдонуу: STEArtM жана функционалдык сабаттуулук», «Музыка предметин окутууда мультимедиалык технологияларды колдонуунун методикасы», «Башталгыч класстардын музыка сабагында окутуунун 5Е моделин колдонуунун жолдору», «Музыка предметин окутууда санариптик технологияларды колдонуу: STEArtM жана функционалдык сабаттуулук» (улук окутуучу: Ж.Дуйшеналиев), «12 жылдык билим берүү системасында маалыматтык китепкананын ишмердүүлүгү» (улук окутуучу: Г.Мукамбетова), «12 жылдык билим берүү системасында башталгыч класстарда Көркөм өнөр жана технологияны окутуунун методикасы» (улук окутуучу: Д.Акматов).
— Заманбап билим берүү чөйрөсү тез өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, мугалимдердин педагогикалык квалификациясын тез-тез жогорулатып туруу зарылчылыгы келип чыгууда. Алар сиздерден эмнелерди биринчи кезекте үйрөнө алышат?
— Туура айтасыз. Мугалим билимин тынымсыз өркүндөтүп туруусу парз. Ошондуктан курска келген мугалимдерге заман талап кылган билгичтиктерди үйрөтөбүз. Алар эң алды педагогикалык технологияларды колдоно билүүсү парз. Мында, активдүү окутуунун методдорун, окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен сабактарды уюштуруу, предметтик компетенттүүлүктөрдү, өзүнүн тармагындагы жаңы билимдерди өздөштүрүү, илимдин жетишкендиктери менен таанышуу, маалыматтык компетенттүүлүктөрдү билим берүү процессинде колдонуу, сабак учурунда окуучулар менен практикалык иш-аракеттерди өнүктүрүү, окуучулардын билимдерин реалдуу жашоого колдонуу, жаңы ыкмаларды, технологияларды издеп табуу, сабактарды кызыктуу өтүүнү окуп үйрөнүшөт.
— “Алтын Казык” программасынын алкагында кафедрада дагы кандай иштер аткарылып келе жатат?
— Республикабыздын Президентинин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан “Алтын Казык” улуттук программанын кафедрага тийиштүү болгон багытынын негизги максаты — улуттук эстетикалык баалуулуктарды сактоо, жаштарды руханий жактан өнүктүрүү, алардын улуттук маданиятка болгон сүйүүсүн арттыруу. Мында, улуттук музыкалык искусство багытында, кыргыз элинин музыкалык мурасын сактоо, өнүктүрүү, заманбап тенденциялар менен байланыштыруу, улуттук көркөм өнөр боюнча кыргыз көркөм өнөрүнүн уникалдуулугун сактоо, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, заманбап дизайн менен байланыштыруу маселелерин курстардын угуучуларына таасирдүү берүү болот. Ошондой эле, окуу процессин санариптештирүү, 12 жылдык билим берүү системасында информатиканы окутуу маселеси, инновациялык технологиялар жана тажрыйбалар, колдонмолор, искусство тармагында кыргыз элинин технологиялык мурасын сактоо, заманбап технологияларды өздөштүрүү, инновациялык технологияларды өнүктүрүү маселелери курстардын мазмунуна киргизилгендигин айтсак болот.
— Бул учурда мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуунун формалары жөнүндө да айта кетсеңиз?
— Биздин институтта курска келген мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун формалары жана ыкмалары ар түр дүү десек болот. Мисалы, кыска мөөнөттүү офлайн жана онлайн-курстар, стажировкалар, конференциялар. Мында мугалимдердин билимдерин жаңылап, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө жардам берет. Мугалимдердин ортосунда тажрыйба алмашуу, жаңы ыкмаларды тааныштыруу. теориялык материалдарды практикалык жактан өнүктүрүү, жаңы технологияларды колдонуу, илимий жетишкендиктер менен таанышуу, тажрыйба алмашуу, угуучулардын билимдерин жаңылап, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө жардам берүү, алдыңкы мектептерде тажрыйба алуу, жаңы ыкмаларды өздөштүрүү болуп эсептелет.
— Азыркы талапка ылайык квалификациясы жогору болгон, кесиптик компетенциясы өнүккөн мугалимдер гана окуучулардын билимин жогорулатып, алардын чыгармачылык потенциалын ачууга, коомго пайдалуу инсандарды тарбиялоого мүмкүндүк берет эмеспи.
— Ооба, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу — бул келечек муунга жасалган инвестиция десек болот. Республикадагы билим берүү системасынын сапатын жогорулатуу, улуттук баалуулуктарды сактоо, жаштарды руханий жактан өнүктүрүү максатында «Алтын Казык» программасынын мындан ары ийгиликтүү ишке ашырылышына жана мектеп мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга арналган иштерге көңүл буруу зарыл. Демек, бул багытта биргелешкен аракеттер гана билим берүү системасында оң өзгөрүүлөрдү камсыздай алат.
Жыйынтыктап айтканда, өлкөбүздөгү 12 жылдык билим берүү системасындагы музыка, көркөм өнөр жана технология, информатика предметтерин окутуучу мугалимдердин жана мектептик китепканачылардын адистик чеберчиликтери менен педагогикалык квалификациясын жогорулатуу – бул жөн гана алардын кесиптик деңгээлин өркүндөтүү эмес, ал келечек муунун тарбиялоодогу маанилүү кадам. Заманбап билим берүү чөйрөсүндөгү тез өзгөрүүлөр, жаңы технологиялардын пайда болушу мугалимдерден дайыма билимдерин жаңылап, кесиптик компетенттүүлүктөрүн өркүндөтүү талабын коюуда.
Учурда «Маалыматтык жана Art технологиялар» кафедрасы Кыргыз Республикасындагы 12 жылдык билим берүү системасын ийгиликтүү ишке ашырууну улантып, мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга, билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга жана окуучулардын билимдерин жана көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган иштерди уланта берет.
Аңгемелешкен
Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”

«Маалыматтык жана Art технологиялар» кафедранын мүчөлөрү.

2024-2025-окуу жылындагы «Жылдын мыкты мугалими-2024» Республикалык конкурсунун «Мыкты музыкалык жетекчиси» номинациясынын жеңүүчүсү, эл аралык искусство жаатындагы эксперт, музыка таануучу Жумабек Дуйшеналиев
Комментарийлер