МУГАЛИМДЕР БИРИКСЕ, КӨП МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛЕТ

  • 21.01.2026
  • 0

(Педагогикалык хакатон усулу жана мугалимдин жалгыз калып жабыгуудан коргоо тууралуу)

Редакциядан:

Жакында коомчулукта кеӊири талкууга алынган – сабакты түшүнбөгөнү үчүн ачууга алдырып, окуучусун сабаган мугалимдин окуясы бул кесиптин ички маселелерин чечүү үчүн агай-эжейлер өздөрү да биргелешип ыраатуу иштешүүгө тийиш экенин көрсөттү. Мугалимди жалгыз калуудан, кесиптик жабыгуудан (выгорание) жана стресстен арылтуу, моралдык-психологиялык жактан да колдоп алуу үчүн салттуу усулдар менен катар өнүккөн өлкөлөрдүн мектептеринде колдонулуп жаткан инновациялык таянычтарды да өздөштүрүү зарыл. Мугалимдер көтөргөн маанилүү демилгелерди бардык деңгээлдеги жетекчилер колдоп, маалыматтык жана уюштуруучулук жактан жардам берүүгө тийиш. Педхакатон дал ушул демилгелерди системалуу түрдө чогултуп, аларды пландуу иш-аракетке айландырууга, натыйжасын көрүүгө шарт түзөт.

Ушул багытта 13-январда Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн ШАМАТОВдун жана Ош билим берүү институтунун адиси Кутманай КУРВАНАЛИ КЫЗЫнын демилгеси менен кыргызстандык мугалимдер үчүн педагогикалык хакатон боюнча маанилүү вебинар өткөрүлдү. Вебинарда казакстандык тажрыйбалуу методист Курулай БАЙТАЖИКОВА бул инновациялык усулдун маңызын, аны уюштуруунун этаптарын, катышуучуларды активдештирүү ыкмаларын жана практикалык натыйжаларын мисалдар аркылуу кеңири түшүндүрүп берди. Төмөндө Кутманай Курванали кызынын ушул тема боюнча макаласына көңүл буралы.

Лидерлик дареметти колдоо – учур талабы

«Хакатон» деген термин акыркы жылдары ар тармакта кеңири колдонулуп келет. Ал эми билим берүү чөйрөсүндө педагогикалык хакатон (педхакатон) форматы жакындан бери активдүү кирип, салттуу усулдук окууларды жаңылоонун натыйжалуу куралы катары өзүн көрсөтө баштады.

 

МУГАЛИМДЕР БИРИКСЕ, КӨП МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛЕТ

Астана шаарында болгон педхакатон

 

Педхакатон – бул мектептеги реалдуу көйгөйлөрдү мугалимдердин өздөрүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүнө, тажрыйбасына жана кесиптик потенциалына таянып чечүүгө багытталган инновациялык формат. Айрыкча билим берүү системасы үзгүлтүксүз өзгөрүүлөргө дуушар болуп турган учурда мугалимдин демилгечил болушу, кызматтык макамына карабастан лидерлик сапаттарын өнүктүрүүсү өтө маанилүү. Педхакатон дал ушул мүмкүнчүлүктү түзүп, мугалимди пассивдүү аткаруучудан активдүү чечим кабыл алуучу, жоопкерчиликти бөлүшө билген адиске айлантат.

Кечээ жакында коомчулукта резонанс жараткан, кыргыз тилинен ээ менен баяндоочту билбеген окуучусуна кол көтөргөн мугалимдин окуясы көпчүлүктү ойго салды. Эгерде мугалимдер кесиптик жолунда бири-бирин колдоп, усулдук жардам берип, ата-энелер менен биргеликте иш алып барып, татаал кырдаалдардан чыгуунун жолдорун чогуу издешсе, мындай өкүнүчтүү окуялардын алдын алууга толук мүмкүн болмок.

Педхакатон мугалимди жалгыз калуудан, кесиптик жабыгуудан (выгорание) жана стресстен сактоочу маанилүү механизм болуп эсептелет. Анткени бул форматта ар бир мугалимдин үнү угулат, пикири бааланат, ал эми көйгөй жеке адамдын алсыздыгы катары эмес, жамааттык чечимди талап кылган маселе катары каралат. Мындай чөйрөдө лидерлик, демилгечилдик, өз ара ишеним жана колдоо маданияты калыптанат.

Мугалимдер өз көйгөйлөрүн конструктивдүү чечүү жолдорун чыгармачылык менен издеп, кичинеден ийгиликке жеткен сайын өзүнө болгон ишеними жогорулайт. Бул ишеним мугалимдин кесиптик туруктуулугун арттырып, эмоционалдык абалын тең салмактап, окуучулар менен болгон мамилесине да оң таасирин тийгизет. Мугалимдер коомдо жалаң гана сын-пикирдин обүектиси болбостон, окутуу жана тарбия ишиндеги негизги жетектөөчү күч боло алат. Бул үчүн алардын методикалык, инновациялык жана моралдык жактан колдоого алынышы зарыл. Ошондой эле социалдык-экономикалык шарттар да эске алынышы керек: татыктуу эмгек акы, эс алуу, китеп окуу, руханий- маданий өсүү, ден соолукту чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү мугалимдин кесиптик сапатына түздөн-түз таасир этет.

Педагогикалык хакатон – биргелешип ой жүгүртүүнүн мектеби

МУГАЛИМДЕР БИРИКСЕ, КӨП МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛЕТ

Курулай Байтажикова кыргызстандык кесиптештери менен

 

Биз 13-январда казакстандык методист Курулай Байтажикованын педагогикалык хакатон боюнча вебинарын уюштурдук. Вебинарга Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык мугалимдер, мектеп жетекчилери жана методисттер катышты. Бул мугалимдердин жаңы форматка болгон кызыгуусунун жана практикага багытталган усулдук колдоого болгон муктаждыгынын ачык көрсөткүчү болду.

МУГАЛИМДЕР БИРИКСЕ, КӨП МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛЕТ

 

Курулай Байтажикова – мектеп турмушун ичкериден билген, катардагы мугалим катары да, жетекчи катары да чоң тажрыйба топтогон, инновациялык технологияларды мыкты билген адис.

 

Бул форматты салттуу билим берүүнүн мыкты тажрыйбалары менен айкалыштырып, ырааттуу жана максаттуу колдонсок, мектеп турмушунда олуттуу оң өзгөрүүлөр болору шексиз. Айрыкча педхакатон мугалимдерди активдүү ой жүгүртүүгө, жоопкерчиликти бөлүшүүгө жана натыйжа үчүн биргеликте иштөөгө үйрөтөт.

Педхакатон – мугалимдер өз көйгөйүн өздөрү чечкен аянтча

Бул лекция угуп тарай турган жыйын да эмес, жөн гана пикир алмашуу менен чектелген жолугушуу да эмес. Бул – кыска убакыттын ичинде реалдуу билим берүү көйгөйүнө практикалык чечим иштеп чыгуучу, системалуу, ырааттуу жана командалык ишке негизделген формат. Анын негизги өзгөчөлүгү – катышуучулар идея менен гана чектелбестен, колдонууга даяр продукт: сабак сценарийи, иш-план, методикалык модель же конкреттүү алгоритм менен чыгышат. Мындан тышкары, педхакатон мугалимдерди аналитикалык ой жүгүртүүгө, көйгөйдүн түпкү себебин аныктоого жана натыйжаны өлчөй билүүгө үйрөтөт. Бул болсо билим берүүдө сапатты жогорулатууга багытталган маанилүү көндүмдөрдүн калыптанышына өбөлгө түзөт.

Педхакатондун билим берүү системасы үчүн кошумча мааниси:

  1. Кесиптик өзүн-өзү баалоону өнүктүрөт. Педхакатон мугалимге өз ишине сырттан карап, күчтүү жана өнүктүрүүгө муктаж жактарын аңдоого жардам берет. Бул рефлексия мугалимдин үзгүлтүксүз кесиптик өсүүсүнүн негизин түзөт.
  2. Мектеп ичиндеги ишенимди жана кызматташтыкты бекемдейт. Биргелешкен чечим чыгаруу жамаатта ишенимди күчөтүп, “мен – сен” эмес, “биз” деген жоопкерчиликтүү жана өнөктөштүк мамилени калыптандырат.
  3. Жаңы муун мугалимдерди колдойт

Жаш адистер тажрыйбалуу мугалимдер менен бир командада иштеп, теория менен практиканы айкалыштырып, кесиптик адаптациядан тезирээк өтүшөт.

Жыйынтык

Педхакатон – бул билим берүүдө

  • сөздөн ишке өтүүнүн
  • → чарчоодон мотивацияга өтүүнүн
  • → формалдуулуктан натыйжага өтүүнүн

натыйжалуу инструменти. Ошондуктан педагогикалык хакатон форматын усулдук окууларга киргизүү – убактылуу мода эмес, билим берүүдө сапаттуу жана туруктуу өзгөрүүгө жасалган стратегиялык кадам деп эсептейм.

Вебинардын ю-тубдагы шилтемеси (кю-ар код менен берсе болот): https://youtu.be/FInQiH8A9yk?siө8FqY-VmGPxOenV9g

МУГАЛИМДЕР БИРИКСЕ, КӨП МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛЕТ

Кутманай Курванали кызы, Ош билим берүү институту

Бөлүшүү

Комментарийлер