МУГАЛИМ ӨЗГӨРҮҮНҮН, ЖАҢЫЛАНУУНУН ЭЛЧИСИ ЖАНА ЖАРЧЫСЫ
- 23.06.2025
- 0
Форумдан кийинки кеп
«Жаңылыктын жарчысы» аттуу педагогикалык форум — билим берүү системасындагы жаңы багыттарды, өзгөрүүлөрдү, стандарттарды, программаларды педагогикалык коомчулукка кеңири жайылтуу, аларды практикага ишенимдүү киргизүүгө өбөлгө түзүү максатын ишке ашырды. Катышуучулар алган маалыматтарды жер-жерлерге жеткирүүгө жана 12 жылдык билим берүү системасын ишке ашырууда негизги күч болууга милдеттенме алып, үйлөрүнө кайтышты. Форумдун катышуучуларынын ой-пикирлерин окурмандардын ортосуна салабыз.

Айнура КУСЕИНОВА, Агартуу министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы:


— Кыргызстанда 90 миңдей мугалим бар, баарын чакыруу физикалык жактан мүмкүн эмес. Ошондуктан форумдун катышуучулары 12 жылдык программаны жеринде ишке ашыра турган биздин жардамчыларыбызга айланат. Аларга “Кыйынчылыктар болсо жашырбай айткыла, чечүү жолдорун издейбиз” деп айттык. Республикалык институт келип түшкөн суроо-талаптарга жараша квалификацияны жогорулатуу планын кайра карап чыгат. Эгерде кимдир бирөө кайсы бир теманы түшүнбөсө, анда онлайн, офлайн форматта курстарды өткөрөт. Ошондой эле катышуучулар бир нече топторго бөлүнүп, 12 жылдык программаны мектептерде ишке ашыруунун жол картасын иштеп чыгышты. Жыйынтыгында, мектеп жана усулдук кабинет үчүн эки жол картасы иштелип чыкты. Эң жакшы жаңылык, билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы 2026-жылы эки этап менен көтөрүлгөнү жатат, ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнө кызматтык унаа берилет. Демек, эми мектептерге барып, усулдук жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.
Салтанат БЕЙШЕНОВА, Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору:
— Бул маанилүү иш-чарага Талас облусуна 49 квота бөлүнүп, ар кайсы райондордон тандалып алынган мугалимдер форумга жигердүү катышты. Форумдун өзгөчөлүгү — анын мазмунунда жана түзүмүндө болду. Бул жолу мектеп директорлорунун орун басарлары, мугалимдер жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчилери, кызматкерлери жана окуу китептеринин авторлору, профессордук-окутуучулар курамы да катышып, ар бир предмет боюнча жаңыртылган мазмунду тереңдетип түшүндүрүштү. Ар бир предметтин тегерегинде жалпы талкуу жүрүп, авторлор тарабынан лекциялар окулду. Мугалимдер үчүн бул чыныгы илимий-методикалык билим майрамы болду десем жаңылышпайм.


Форумдун жүрүшүндө 12 жылдык билим берүү системасына өтүү тууралуу кенен маалыматтар берилди. Жаңы программалардын негизиндеги өзгөрүүлөр мугалимдин ролун жогорулатып, педагогду билимдин гана эмес, адамдык баалуулуктардын, руханий тарбиянын алып жүрүүчүсү катары кайрадан калыптандырууну талап кылат.
Завучтар жана мугалимдер форумдан алган маалыматтарды өз аймактарында өзгөрүүнүн, жаңылануунун жарчысы катары элге, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Форум бул жылдагы иш-чаралардын арасынан өзгөчө орунду ээлейт. Себеби ал — мугалим менен илимдин ортосундагы көпүрө болуп, педагогдордун интеллектуалдык жана методикалык мүмкүнчүлүгүн арттырды.
Бул форум ар бир катышуучунун аң-сезиминде терең из калтырды. Алдыбызда чоң жоопкерчилик турат. Анткени билим берүү системасындагы ар бир жаңылануу биринчи кезекте мугалим аркылуу ишке ашат. Мугалим — өзгөрүүнүн башында турган инсан. Педагог коомду алдыга сүрөгөн идеянын жарчысы. Мугалим — адамдын жан дүйнөсүнө нур чачкан руханий дем берүүчү, коомчулукка үлгү боло турган жүрөктүн ээси. Педагог өзгөрүүнү, жаңыланууну коомчулукка жеткире турган элчи, руханий дем берүүчү жана үлгү берүүчү жарчы. Биз ушул ишти жоопкерчилик менен ишке ашырууга милдеттүүбүз.
Сүйүн ТОКТАКУНОВА, Токтомуш Адыраңов атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, Ат-Башы району:

— Ат-Башы району боюнча сегиз окуу бөлүм башчысы жана бир методист катыштык. Форумдун жүрүшүнүн өзгөчөлүгү — китептердин авторлору жана окуу программаларынын түзүүчүлөрү өздөрү презентация кылып, ар бир жаңылыкты ийне-жибине чейин жеткиликтүү тилде түшүндүрүп бергендиги болду. Ошондой эле санарип кампа, АИС мугалим, Э-күндөлүк ж.б. санариптешүү жумуштары боюнча да абдан кенен пикир алышуу болду. 12 жылдыкка өтүү боюнча «Ыкчам» жолугушуу болуп, атайы жол карта түзүлдү. Бул форум мугалимдердин эс алуусу менен айкалышып, көңүлдүү жана абдан жемиштүү болду. Эми бул форумдан алган маалыматтарды жеринен мугалимдерге, ата-энелерге жеткирүү жагы форумдун катышуучуларына түздөн-түз милдеттендирилди.
Нурбек ЖООШБАЕВ, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директорунун орун басары:

— Форумда ар кандай маселелерге токтолуп, анын ичинде курстардын өтүү форматтары, алдыдагы пландар жана биздин курстардагы өзгөчөлүктөр, ар бир район, шаар, мектептер менен иштөөдөгү иш-аракеттерибиз тууралуу бөлүштүк. Алдыга коюлган пландарга токтоло турган болсок, үстүбүздөгү жылдын 14-июлдан 18-июлга чейин сингапурдук кесиптештер келип, биздин 270 мастер-тренерге сабак өтүп кетишет. Ал эми биздин жергиликтүү мастер-тренерлер 28-июлдан тартып STEM, башталгыч класстардын жана англис тили сабагынын мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун үстүндө иш алып барышат.
Форумдун катышуучуларына биздин институт, Кыргыз билим берүү академиясы ж.б. мекемелер тарабынан мугалимдердин бардык суроолоруна тиешелүү жооптор берилип, куралдар менен камсыздалды. Эки күндүк форумдун жүрүшүндө ачык, жандуу талкуулар болду. Мектеп мугалимдери, тарбия иштери боюнча орун басарлар менен байланышып, жер-жерлердеги болуп жаткан көйгөйлөрдү угуп, ошол эле кезде мугалимдер берген суроолоруна тийиштүү жетекчилерден жооп ала алды деп эсептейм.

Форум үч этапка бөлүнүп, үч агым менен жүрдү. Ар биринде 200дөн, т.а. жалпы жонунан 600 мугалимди даярдадык. Булар мектептерине барып, 12 жылдык мектептик билим берүү түзүмүнө өтүүдөгү элде жаралган суроолорго жооп берүү жана жаңы окуу жылына карата даярдык, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Ал боюнча жасалган иштердин жалпы жыйынтыгын биздин институтка тапшырат. Биз кезегинде аны жыйынтыктап, министрликке беребиз.
28-июлдан баштап, август айы ичи окутулат. Андан сырткары ар чейрек сайын, каникул учурунда мугалимдер атайын окуудан өтүшөт. Онлайн да, офлайн да окулат. Кайсы региондо окуулар өтүлдү, кайсы багытта болуп жаткан иштер тууралуу өз учурунда жарыялап турабыз.
Тынчтыкбек ДОСМУРАТОВ, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы:

— Айрыкча, жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты, предметтик стандарттар, Базистик окуу планы жана жаңыланган окуу китептери боюнча мазмундуу түшүндүрмөлөр берилди. Форумдун жүрүшүндө эң маанилүү чечимдердин бири — ар бир аймакта «жергиликтүү тренерлерди» аныктап, алар аркылуу мугалимдерге жеринен колдоо көрсөтүү болуп жатат. Бул – билим берүү реформасын ар бир мектепке, ар бир мугалимге чейин жеткирүүнүн ишенимдүү жолу. Форумдан алган бардык билимди жана материалдарды Ош шаарына системалуу түрдө жайылтабыз, бул үчүн ар бир мектептин администрациясы, мугалимдер жамааты менен атайын жолугушууларды өткөрүп, 12 жылдык билим берүүнүн маңызын жана аны ишке ашыруунун жолдорун этап-этабы менен түшүндүрөбүз.
Президенттин мугалимдерге жана методисттерге болгон колдоосу – бул өзгөчө дем. Эмгек акынын жогорулашы жана облустук бөлүмдөргө кызматтык унаалардын бөлүнүшү тууралуу жаңылык жамаатта чоң кубаныч менен кабыл алынды. Бул — мамлекетибиз мугалимдерди чыныгы реформанын негизги кыймылдаткыч күчү катары көрүп жаткандыгынын айкын далили. Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпы 122 мектеп, беш миңден ашуун мугалим бар.
Елиза ТУРУСБАЕВА, №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, физика мугалими, Токтогул району:

— Форумдун жүрүшүндө — ар бир предметтик стандарт боюнча так жана терең маалымат берилди; жаңы окуу программалары менен иштөөдө баалуулуктарга негизделген ыкмалар сунушталды; өзгөчө кубандырганы — улуттук нарк-насил, тарбия берүү маселелери жаңыланган программаларда өз ордун тапканы жана Манас атабыздын осуяттарынын предметтерге интеграцияланышы болду. Бул – билим берүүнүн мазмунун улуттук иденттүүлүк менен айкалыштыруу жолунда чоң кадам!
Бүгүнкү мугалим — эртеңки келечекти калыптандыруучу күч! Биз билим берүүдөгү жаңыланууга даяр болуп, «Алтын Казык» программасын жашоого ишеним менен киргизүүгө бел байладык!
Рахат МОЛДОБАЕВА, Т.Мырзамамбетов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуу бөлүм башчысы, Тоң району:

— Өсүп келе жаткан муунда жаран таануу, кыргыз менталитетин сактап калуу деген маселелер артта калып жаткандай. Мына ушул маселени алдын алууда Кыргыз жараны концепциясына басым жасалгандыгы эң жакшы чечим.
Дүйнөлүк практикада өнүккөн мамлекеттердин дээрлик баары 12 жылдык билим берүү стандартынын негизинде билим берет. Ошондуктан 12 жылдык билим берүү – учурдун талабы. Ал эми жаңы стандарттын маанилүүлүгү – кыскача, жалпак тилде жазылгандыгында. Мурдагы стандарттарда маалымат көп болгондуктан, мугалимдерге баарын окуп чыгуу мүмкүн эмес эле.
Атыркүл ШАБДАНБЕКОВА, К.Тилеков атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Тоң району:

— Мага эң жакканы — 5–класстын тарых сабагы 6–класс менен интергацияланып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндөгү сабак 7-класстын программасына киргизилгендиги болду. Себеби тарых китебинде бул аталарыбыз тууралуу кыскача эле берилген. Бул өзүбүздүн тарыхыбызды кийинки муунга калтырууда чоң роль ойнойт. Окуу китептеринде методикалык пособиелерден сырткары кошумча жумушчу дептерлери камтылгандыгы да окуучулардын теманы тереңирээк түшүнүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Ал эми жаңы реформалардын баары санариптик технологиялардын негизинде жүргүзүлүп жаткандыгы – азыркы замандын талабы. Билим берүү тармагында чоң секирик жасап, 12 жылдык билим берүү моделине өтүп алсак, Кыргызстандын келечеги үчүн приоритет болот. Жаштарыбыз Кыргызстандан эле эмес, чет жерде да билим алууга шарт түзүлөт. Буга чейин өнүккөн өлкөлөрдөгү 12 жылдык билим берүүгө жөн эле суктанып келсем, эми минтип өз өлкөбүздө ишке ашып жатканына кубанып турам.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер