МУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН ТӨРӨСҮ

  • 28.03.2025
  • 0

Бул жашоодо эки нерсени – өмүрлүк жолдошту жана кесипти тандоодон жаңылбаш керек» деп айтылат элибизде. Анткени бул экөө ар дайым өмүрүңдүн аягына чейин сени коштоп жүрөт. Мен кесип тандоодон жаңылышпадым деп ойлойм.

Мугалимдик кесип мени биринчи кезекте адамгерчилиги, адилеттүүлүгү, кызыктуулугу үчүн өзүнө тартып турат. Мугалим болуу оңой эмес. Ооба, мугалим болуш үчүн көп иштеп, өзүңдү өнүктүрүү керек. Албетте, каардуу, үстөмдүк кылганды сүйгөн, өзүмчүл адам мугалим боло албайт. Мен үчүн мугалим болуу – бул чыгармачыл окуучулар менен ар дайым чыныгы адамдык мамиледе болуу.

МУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН ТӨРӨСҮ

Мугалимдик кесип цивилизациянын башатында турган, кийинки өнүгүү доорлорун да коштоп келген. Биринчи жөндөмдөрдүн пайда болушу менен мугалимдер пайда болгон. Алар өзгөчө кесипкөйлөр катары өзгөчөлөнүп, өнөрлөрүн кийинки муунга өткөрүп беришкен.

Мугалим – устат, жол көрсөтүүчү, билим берүүчү, психолог, келечек баштоочу, багыт берүүчү, жакындарына болгон сүйүүнү, урматтоону, түбөлүк баалуулуктарды үйрөтүүчү. Мугалим – эң мыкты сапаттардын ээси.

Мугалимдин эч кимде жок, кез келген адамда боло бербеген таланты – билимди башкага өткөрүп берүү жана кыйын нерселерди жеңилдетүү жөндөмү. Мугалимдин кесиби ары түйшүктүү, ары оор. Анткени ал жогорку концентрация жана тынымсыз нервдик чыңалуу менен байланыштуу. Күн сайын кечинде мугалим эртеңки сабактарды пландаштырып, ийгиликтүү окутуу үчүн кылдаттык менен даярданат. Ар бир мугалим – эң мыкты, тажрыйбалуу психоаналитик. Ал кырдаалды жөнгө салууну жана тез чечимдерди кабыл алууну билет.

Мугалимдер өз предмети боюнча гана маалымат бербестен, жашоо, жүрүм-турум маселелерин чечишет, балдардын дүйнө таанымын кеңейтишет, жашоодо өз ордун табууга жардам беришет.

Мугалим – бизге жашоосунун бир бөлүгүн арнаган адам. Сизди дайыма угууга жана ар дайым жардамга келүүгө даяр адам. Ал окуучуларынын сүйүүсүнө аябай камкордук кылат, керек болсо бүткүл мугалимдик өмүрүндө үй-бүлөсүнө караганда, окуучуларына көбүрөөк көңүл бурат.

«Мугалимдин бардык сыймыгы окуучуларында, ал сепкен үрөндөрдүн өсүшүндө» демекчи, окуучу мыкты чыкса, эң биринчи ата-эненин, анан эле мугалимдин сыймыгы.

Мугалим деген сөздүн бүткүл адам баласынын жашоосунда ыйык орду бар. Дүйнөдөгү бардык кесиптин ээлери мугалимден билим алган. Мугалим болбосо, президент да, адвокат да, инженер, догдур да болмок эмес. Мына ушундай ыйык кесипке мен келечек жашоомду байладым жана бул кесипти тандаганыма эч убакта өкүнбөйм!

Мугалимдик кесип мен үчүн ыйык. Мугалим болуу өзүнчө эле искусство. Окуучуларды тарбиялоо, билим берүү менен бирге эле өзүндөгү адамдык касиетти тарбиялап, ар дайым изденүү менен алдыга карай өсүүнүн өзү чоң максат эмеспи.

Балдарды окутууда менин башкы максатым – кыргыздын улуттук баалуулуктарын даңазалоо. Кыргыз тили менен бирге улуттун маданияты, руханий байлыгы, бийик философиясы өсүп келе жаткан муундун кан-жанына сиңип, улутубуздун өзгөчөлүгүн кылымдарга сактап калсак деген улуу тилектерим бар.

МУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН ТӨРӨСҮ

Айпери КЕРИМОВА,
Ысык-К
өл районунун Т.Атаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер