МУГАЛИМ — ЭКИНЧИ АТА-ЭНЕ (ТАЙИРДИН ТААЛИМ ОЙЛОРУ)
- 05.02.2026
- 0

Бир сөз көп, бир сөз аз.
* * *
Өз доорунда Зууракан Кайназарова кант кызылчасын өстүрүп, Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры болгон.
Жөпжөнөкөй кесипти аркалап, маңдай тер төгүп, ак эмгектен баар табууну Зууракан энебизден үйрөнөлү.
* * *
Кимдир бирөө менен пикириң келишпей калса, унчукпастан үйүңө кетип калгын.
* * *
Сокурлар түшүндө көрүшөт. Ал эми көзү сопсоо адамдар өңүндө да эч нерсени байкашпайт.
* * *
Акындын согуп турган жүрөгүнүн тушун калтырак-жалтырак төш белгилерге толтуруп,
мыкты ырларды жоготуп алдык.
* * *
Күч-кубатка толгон жаштык куракта эң бийик чокуну багындыргыла. Кийинчерээк үлгүрбөй каласыңар.
Бак-дарактар эрте жазда бүрдөйт, гүлдөйт.
* * *
Сиз катуу таң калган мезгилде поэтикалык табылгалар жаралат.
* * *
Чектен ашкан кубаныч зыян.
* *:*
Балаңыздын бою менен ою бирге өссүн.
* * *
Ден соолугу чың адам деле бир жылда эки жолу ооруйт.
* * *
«Таш бака чөлдө гана жашайт» деген түшүнүк – ката. Деңиздин түбүндө да таш бака бар.
* * *
Көп сүйлөбөй, төп сүйлөгүн.
* * *
Музыкалык аспаптардын эң чоңу – орган, ал эми эң кичинекейи – ооз комуз.
Ооз комуздун күүлөрү – кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн жаңырыгы.
* * *
Көркөм чыгарманын төрү – кульминациялык чекит.
* * *
Ааламдашууну саламдашуу жеңет.
* * *
Кыргыз педагогикалык публицистикасын Советбек Байгазиевсиз элестетүүгө болбойт.
* * *
Кыргыз эл жазуучусу Абдиламит Матисаков таланттуу жаш калемгерлердин башын бириктирип, өзүнүн адабий мектебин түптөдү.
«Матисаков мектебинин» максаты – аңгеме жанры аркылуу кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө салым кошуу.
* * *
Жан дүйнөсү жарды адамдар өз күнөөсүн сага оодарышат.
* * *
Кыргыз эли оң канат, сол канат жана ичкилик, ал эми казак эли улуу жүз, орто жүз жана кичүү жүз деген үч бутактан турат.
Кереметтүү үчтүктөр!
* * *
Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине карабастан, физик Стивен Хокинг дүйнөлүк илимдин туу чокусуна чыкты.
* * *
Камбоджа мамлекетинин кхмер алфавитинде жетимиш төрт тамга бар.
* * *
Ден соолук алыстан келген мейманга окшош. Көңүл бурбасак, жакшы күтпөсөк, таарынып кетип калат.
* * *
Кырк беш мүнөттүк сабакка өмүр бою даярдангыла!
* * *
Жаш кара сөзчүлөргө менин кеңешим: Кеп өнөрүн, сөз менен иштөөнү айылдык абышка- кемпирлерден үйрөнгүлө.
* * *
Казак тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө «Зардалы» деген сөз мындайча чечмеленет: «Зардалы– бышкан өрүктүн как болуп бутакта калуусу».
Баткенде Зардалы деген айыл бар…
* * *
Азыркы коом майдаланып бүттү. Анын сыңарындай, биз деле чоң жумушту бүтүрбөй, майда-чүйдө иштер менен алектенип калдык.
* * *
Мугалим– экинчи ата-эне.
* * *
Тарбия – адеп тамчыларынан куралган деңиз.
* * *
Акындардан адамзаттык акыл-эске сыйбай турган метафораларды күтөбүз.
* * *
Ооруканада жатып, Шекспир менен Руминин китептерин окудум. Окуп бүтүп, кантип сакайганымды билбей калдым.
* * *
Чыныгы көркөм адабият тигил, же бул буйруктарга, кургак теорияларга, жасалма жоболорго, чолок философияларга, муздак мыйзамдарга эч качан баш ийбейт.
* * *
Босогодон аттап кирген адамды жемелеп — жектеп сыртка кууп чыгарбагыла.
* * *
Ой, кыял, аң-сезим көзгө көрүнбөсө да, кол менен кармалбаса да, алардын бар экендиги – кашкайган чындык!
* * *
Дилибизге тилибиз төп келбейт.
* * *
Көөдөндөгү көзүңөрдү ачкыла!
* * *
Бизге кайырмак бергиле. Балыкты өзүбүз кармайбыз.
* * *
Сөз айтпаганды көз айтат.
* * *
Биз өмүр бою өзүбүздү, өздүгүбүздү издейбиз.
* * *
Адамзаттын бардык руханий байлыгын, миңдеген жылдарда топтолгон асыл баалуулуктарын өз өнө боюна толук бойдон сиңирген акын ким болду экен?
* * *
Финляндиянын мурдагы президенти Урхо Кекконен: «Чыңгыз Айтматов туулуп-өскөн айылды бир көрсөм, арманым жок», – деген экен.
* * *
Мурунку цивилизациялардын пайда болуу, өнүгүү жана аяктоо тарыхын үйрөнүү –биз үчүн тажрыйба топтоонун эң мыкты мектеби.
* * *
Адамзаттын тарыхында орто кылымдардын орду өтө чоң. Күн Чыгыштын, Батыштын не деген улуу даанышмандары, ойчулдары, агартуучулары, көсөмдөрү орто кылымдарда жашап өтүшкөн.
Аты орто болсо да, ошол доордун деңгээли абдан жогору.
* * *
Кыяматтык коңшуңа кыянаттык кылбагын.
* * *
Бир канча ирет дүйнө чемпиону болгондон көрө, бир жолу олимпиада чемпиону болуу өйдө турат.
* * *
Кыргыз поэзиясынын алтын доору өткөн жыйырманчы кылымдын алтымышынчы, жетимишинчи жылдарына туура келет.
* * *
Иосиф Сталин акын, Адольф Гитлер сүрөтчү болгондо, экинчи дүйнөлүк согуш болмок эмес, атаганат!
* * *
Мугалимге кеп-кеңеш:
Кабагыңдан кар жаап турса, сабагыңа кантип күн тийсин?!
* * *
Курч, ачуу сын пикир сенин бүгүнкү ишиңди жокко чыгарса да, эртеңки аткара турган жумушуңа өз пайдасын тийгизет.
* * *
Мен жеңилүүнү жакшы көрөмүн. Себеби, анын артынан жеңиш сөзсүз келет.
* * *
Абдылхак Жамилов аттуу устатым мага мындай баасын берген: «Тайир, сен бир өзүңдө эки адамга таандык адамгерчиликти көтөрүп жүрөсүң».
* * *
Мен өзүм – кулмун, кедеймин, ал эми сөзүм – падыша!
* * *
Атка минген кезиңдеги жоро-жолдошторуңдун, досторуңдун жарымы итке минген маалыңда душманыңа айланат.
* * *
Адам баласы маркумду жерге берүүнү, сөөктү көмүүнү кадимки каргадан үйрөнгөн.
* * *
Дүйнөлүк илим-билимге кыпындай үлүш кошпогон академиктер бар.
* * *
Казак элинин улуу домбурачысы Курмангазы Сагырбай уулунун «Сары-Арка» деген күүсү – уч-кыйырсыз казак талаасынын гимни.
* * *
Дааратсыз намаз окулбайт.
Ыр жазуудан мурда жүрөктү, көңүлдү, дилди жууп тазалагыла.
* * *
Бир төөнү он чөө жеп коёт.
* * *
Көрүнүктүү акын Турар Кожомбердиевдин «Жылдыз мышык көзүндөй» деген салыштыруусу бизди суктандырат, шыктандырат.
* * *
Жазуучу Алимжан Алибековдун «Августтун сегизи» аттуу аңгемеси Айгүл-Тоонун кучагында эркин өскөн сөз гүлдөрүнөн куралгансыйт.
Башынан аягына, үтүр-чекитине чейин ачылыш аңгеме…
* * *
Талаада жаткан таш – кой кайтарган койчунун эс алуу орундугу.
* * *
Мал өзүн-өзү таразага тарта албайт.
* * *
Акын-жазуучулардын сыйлыгына, наам-даражасына көңүл бурбастан, алар жазган адабий чыгармалардын көркөмдүк касиетине маани берели.
* * *
Токтогул, Тоголок Молдо, Жеңижок, Барпы аталарыбыз азыр тирүү болгондо, биздин сөз байлыгыбызга «эки» деген бааны коюшмак.
* * *
Чоң балыктын аңдыган тамагы – чабак.
* * *
Мен 9-класста окуп жүргөнүмдө Байдылда Сарногоев, Ашым Жакыпбеков жана Кеңеш Жусуповдор Лейлек районунун эң четки айылындагы биздин мектепке келишкен эле.
Арадан кырк жыл өтсө да, ошол адабий жолугушуу күнү бүгүнкүдөй эсимде сакталып турат.
* * *
Эмнегедир поэзия менен публицистика аралашып кетти. Түпкүлүгүндө эки башка жанр эле го…
* * *
Кемчиликсиз адам болбойт.
* * *
Күлүп сүйлөгөн кишиден корккула.
* * *
Кытай графикасы – сүрөт өнөрүндөгү ыр кайрыктары.
* * *
Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков мындай деп айткан: «Дарактын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт».
* * *
Кул мүнөз болуудан Кудай сактасын.
* * *
Сенин ойлогон оюңа эч ким чектөө киргизбеши керек.
* * *
Каталарды оңдоо, кемчиликтерди жоюу да тажрыйба топтоонун өзөгүн түзөт.
* * *
Жети музыкалык нотаны италиялык Гвидо д’ Ареццо он биринчи кылымда ойлоп тапкан.
* * *
Куулук-шумдугу жок адам – азыркы коомдун өгөй баласы.
* * *
Мен улуу драматург Уильям Шекспирдин акындык талантын өтө жогору баалаймын.
Ал бардык пьесаларын ыр түрүндө жазган.
Ошондой эле анын бир жүз элүү төрт сонети, төрт поэмасы бар.
* * *
Балдардын тагдыры – ата-энелердин колунда.
* * *
Дүйнөдөгү теңдеши жок көркөм чыгарма – Жаратылыш!
* * *
Эпикалык чыгармага лирикага таандык бардык көркөм боёкторду каалаганча жайгаштырсак болот.
Ал эми лириканын лирика бойдон калганы жакшы.
* * *
Адамдын күзгүсү – адам.
* * *
Ар бир жакшылыктын кайтарымы болот.
* * *
Кимдин кайсы окуу жайда окугандыгы маанилүү эмес. Кантип билим алгандыгы – эң башкы маселе.
* * *
Мен Москва шаарындагы М.Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунан билим алууну жаш кезимде ак эткенден так этип, өтө катуу эңсеген элем. Ал аруу тилегим ишке ашпай калды, атаганат!
Азыр болсо, өз айылымдагы М.Горький атындагы орто мектепти ийгиликтүү бүтүргөндүмө топук кылам, ушунусуна да шүгүр деймин.
* * *
Чыгармачыл жаш мугалим Нуркалый Масалбековдон бир ажайып сүйлөмдү келтирейин:
Айран уюююн деп турат. ( Бир сөздүн ичинде үч ю тамгасынын катар келгенин караңыздар).
* * *
Жасалма интеллект илим-билимдин бардык тармактарын жөө тумандай каптап баратат.
Эртең адамзат ЖИни тизгиндей албаса, эмне болот?
* * *
Темир кумурска деле чарчайт.
* * *
Акын-жазуучулардын алган наам-даражасына, тагынган төш белгисине, чыгарган китептеринин санына карап, шашылыш баа берүүнүн кереги жок.
Калемгерлердин түзгөн сүйлөмүнө, сөз багуу өнөрүнө, тапкан адабий боёкторуна, колдонгон усулуна, көтөргөн көйгөйүнө, көздөгөн максатына көңүл буруңуздар.
* * *
Эң татаал жумуш – өздүк көркөм табитти тарбиялоо.
* * *
Котормо – акын-жазуучулардын өздүк өсүү мектеби.
* * *
Биз бардыгыбыз кыйын көрүнөбүз. А бирок колубуздан эч нерсе келбейт.
Тайир АШИРБАЙ, Лейлек районундагы М.Горький атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Комментарийлер