МУГАЛИМ БОЛУУ АДАМ БОЛУУДАН БАШТАЛАТ
- 10.02.2026
- 0
Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү бирден бир негизги кыймылдаткыч күч — бул билим берүү системасы. Себеби өлкөбүздөгү 7,4 миллион калктын 2,7 миллиону 18 жашка чейинки балдар болсо, анын 1,2 миллиону мектепке чейинки курактагы, 1,5 миллиону мектеп жашындагы балдар. Ал эми жалпы билим берүүчү мекемелерде 94 миңдей мугалим эмгектенет. Демек, калктын үчтөн бир бөлүгүн (35%дан ашыгын) билим берүү тармагына кирген адамдардын тобу түзүп турат. Ушул жагдайдан алып караганда, коомду өнүктүрүү, келечектин ээлерин туура калыптандыруу — окутуу жана тарбиялоо процессиндеги негизги феномен болуп саналган мугалимге көз каранды.

Түбөлүктүү тема
Мугалимдик кесип адамзат жашоосундагы түбөлүктүү тема. Ушуга ылайык азыркы коомдо жүрүп жаткан интенсивдүү социалдык өзгөрүүлөр, билим-тарбия берүүнүн бешиги болгон мектеп турмушунда кездешип жаткан айрым бир терс көрүнүштөр, педагогдун окуучуга карата адекваттуулукту, кесиптик этиканы сактабаган, мугалимдиктин аброюн түшүргөн пастык мамилелер, тарбиялануучуларга карата көрсөткөн зордук-зомбулук аракеттер мугалимдик кесип, кесипкөйлүк, педагогдук маданият, кесиптик тарбия сыяктуу түшүнүктөрдүн маңызын бул улуу миссияны алып жүрүүчүлөр тарабынан терең аңдап түшүнүүнү талап кылууда.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгында: «Жогорку адеп-ахлактык баалуулуктар жана принциптер сакталбаса жана бекемделбесе биз өзүбүздүн жүзүбүздү жана адамдык касиетибизди жоготуп алышыбыз мүмкүн» деп белгилейт. Бул ой корутундусу бүгүнкү күндөгү мугалимдерге коюлуп жаткан милдеттин өтө жогорулугун баса көрсөтөт.
Ушундан улам, мектепке, балдар менен иштөөгө, келечек муундарды чыныгы адам катары калыптандырууга жана өстүрүүгө карата мугалимдик кесипти алып жүрүүчүлөр кандай болуусу керек? — деген суроо бүгүнкү билим берүү системасындагы эң маанилүү маселе катары көңүл борборунда турат.
Адатта мугалимдер бир нерседен жаңылышабыз. Бул өзүбүздү окуучуга билим бере турган гана адам катары эсептеп, калган учурда алардан оолак карманып, олуттуу мүнөз күткөнсүп, анын жан дүйнөсүнө аралашпай калганыбыз. Дал мына ушул жерден бардык маселе-көйгөй башталат…
Мугалим — мектептин жүрөгү, окуучунун жөлөгү
Адамзат эзелтеден мугалимди өтө аздектеп, бийик тутуп келген. Себеби мугалим адамды гана өзгөртүп чектелбейт, ал коомду да өзгөртүүгө жөндөмдүү. Жакшы мугалимдер коомдун өнүгүүсүнө өбөлгө болушат, начарлары кризиске себеп болушат. Демек, коомдун рухий абалы, тазалыгы мына ушул мугалимден, анын эмгегинен көз каранды. Ошондуктан элибизде «мугалими билимдүүнүн келечеги жарык, мугалими түркөйдүн эли болот карып», – деп айтылып келген. Мугалим оңолсо, коом оңолот, мугалими оңолбогон коомдун оңолушу кыйын.

Педагогикалык кесиптин маңызы, анын адамды калыптандыруудагы, коомдогу орду тууралуу ойлор бүгүн гана эмес, педагогика илиминин калыптануу жана өнүгүү жолундагы негизги маселелердин бири катары каралып келгендигин тарых тастыктап турат. Педагогика илиминин негиздөөчүсү Я.А.Коменский: “Кийинки кылым анда жашай турган болочок жарандар кандай тарбияланып жаткан болсо, дал ошондой болот», – деп белгилеген. Коомдун өнүгүшү, адамзат жашоосунун бактылуулугу баланы тарбиялоодон көз каранды болот. Ал эми “мугалим – тарбиялоонун жүрөгү жана жаны”, ошондуктан улуу педагог ага “күн алдында андан бийик эч нерсе болушу мүмкүн эмес” деген даңазалуу жана ардактуу орунду ыйгарган. “Бирок бул улуу милдетти аткарууга жөндөмдүү мугалимдерди табуунун өзү абдан татаал нерсе. Себеби адамды акылмандан башка эч ким акылдуу, чеченден бөлөк эч ким сөзмөр, адептүү, нарктуу адамдан башка эч ким ыймандуу кылып калыптандыра албайт», – деп белгилеген. Ошондуктан ал “жашоодогу эң мыкты гана адамдар мугалим болсо” деген ойдо болгон. Я.А.Коменский “начар билген мугалимди жамгыры жок булут, жарыгы жок шам чырак, суусу жок булак, жаны жок дене, денеси жок көлөкө, мектепте орду жок нерсеге” салыштырган. “Мугалим эгер өз кесибин сүйбөсө же андан тажаган болсо, анда ал мектептен кетиши керек жана ага эч ким тоскоол болууга акысы жок. Себеби аны мойнунан байлаган кулдай кылып кармоо, мындан ары мектепке кымындай да пайда алып келбейт», – деп белгилеген.
Заманбап мугалим. Ал кандай болушу керек?
Албетте, эң биринчи кезекте ал окуучунун эң жакын адамы болуусу керек. Адамзат коому жашап турган чакта бул ой өткөн чак, учур чак, келер чакта да ушул боюнча калары шексиз нерсе. Анткени ал мугалим. Ал – жол көрсөтүүчү, шыктандыруучу, колдоочу, жардамчы. Ал жаш адамды алдыга сүрөөчү бирден бир таасирдүү инсан. Андыктан анын эмгеги да баланын көңүлүн өстүрүүгө, жан дүйнөсүн байытууга багытталышы зарыл. Д.С. Лихачевдун пикири боюнча: “Мугалимдик эмгек – бул жазуучунун же композитордун эмгегинен кем калбаган эбегейсиз, бирок аларга караганда оор жана жоопкерчиликтүү. Мугалим адамдык жан дүйнөгө композитор сыяктуу музыка, сүрөтчү сыяктуу боектор аркылуу эмес, аларга түздөн-түз таасир этет”.
Кыргыз эл мугалими Ж. Өзүбекова өз кезегинде айтып кетти эле: “Заманбап мугалимдер ак пейил, сезимтал болушу керек. Эмне дегенде биз энесин сагынган балдарды, ата-энеси ажырашкандарды, тамакка ток келген балдар менен ток келбеген балдарды окутабыз. Сүйлөй ала турган, уга турган, консенсуска келе турган, чыдамкай, атаандаштыкка муюй турган, мейли математика, физика, химия бардык предметти окутсун, академиялык билим берип жатып, бирок инсандык сапаттарды калыптандырып, турмушка даярдашы керек. Азыр мектепке ушундай мугалимдер керек”.
Мугалимдик кесип — адам потенциалын биринчи орунга коюп, аны өнүктүрүүдө татыктуу салым кошкон, эртеңки келечектин чыныгы ээлерин калыптандыра турган кесип. Себеби бүгүн жаштар аларды жашоодо күтүп турган опурталдуу нерселерди алдын ала көрө билип, коомдук чөйрөгө ийгиликтүү аралашууга өбөлгө түзгөн жол көрсөтүүчү адамга муктаж. Педагогикалык кесип – бул кесип гана эмес, ал — жашоо образы, башка адамдар жана курчап турган чөйрө менен өз ара мамиле түзүү стили.
Мугалим мектептин “багбаны” катары бүгүн башкаруучу эмес, баланын, окуучунун туура калыптануусуна, өнүгүүсүнө шарт түзүүчү болушу зарыл. Мектеп – бул баланын чоңоюу процесси жүргөн социалдык институттардын бири. Чындыгында мындан ары баланын 12 жылдык өмүрү мектепте өтөт. Өз өмүрүнүн өнүгүүгө эң ийкемдүү, эң жемиштүү, жалындуу, кубаттуу курагын ал мугалимге ишенип берет. Мугалимден өз тагдырынын туура нукта калыптанышына колдоо күтөт. Дал ошол колдоочу, коргоочу, асыроочу багбандын милдетин мугалим аткаруусу керек. Себеби “балалык – бул турмушка даярдоо эмес, ал турмуштун өзү” (Ф.Дольто). Мына ушундай улуу милдет мугалимдик кесипке жүктөлгөн.
Адамзат коому жашап турган чакта билим алуу адамдын жашоосунун эң маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ал эми билим берүүдөгү эң башкы фигура, жаш муундарды окутуп-тарбиялаган башкы инструмент бул, албетте, мугалим. Ошондуктан мугалим өзгөчө орунда турат. Анын ордун эч бир өнүккөн технология алмаштыра албайт. Бирок заманбап педагогикалык технологиялар окуу кырдаалында мугалимден окуучунун таанып-билүү процессинде ага мээрим салып, көңүлүн койгон, кызыккан маектеш жана өнөктөш катары өзгөрүүсүн сунуштайт.
Мугалим — бул жогорку квалификациялуу жана жогорку интеллектуалдуу кесипкөй гана эмес, ал өзүнүн кылган иши үчүн жоопкерчиликти сезген, анын жыйынтыктарынын өзүнө жана чөйрөсүндөгүлөргө тийгизе турган таасирин түшүнгөн, моралдык, руханий сапаттары жана дүйнө таанымы коомдун талаптарына ылайык келген адам болуп саналат. Мугалимде кесиптик-педагогикалык маданияттын; жамаатта иштей билүү, ага баш ийүү жана аны жетектөө, ишти уюштура билүү, коммуникабелдүүлүк жана сабырдуулук сапаттарынын болушу зарыл.
Дал мына ошондуктан мугалим кесиптик билимге гана ээ болбостон, ал кесиптик тарбиясы терең, педагогдук маданияты бийик инсан болушу шарттуу нерсе.
Эмоционалдык интеллекттин мааниси
Азыр коомдо мугалимдердин арасында дагы өз жашоосунда кыйналган, ордун таппай, максатын аныктай албай жүргөндөр, педагогдук кесипке кокустан келип калгандар бар. Дал ушундай мугалимдер өз көйгөйүн, кыйналуусун, ызасын айрым учурда окуучусунан чыгарып жатышы мүмкүн. Мындай учурда эмоционалдык интеллекттин деңгээлин жогорулатуу зарыл.
Педагогдун эмоционалдык интеллекти — бул адамдын эмоциясын түшүнүү, башкаруу, ошондой эле окуучулардын эмоционалдык абалын таануу жана алар менен натыйжалуу өз ара аракеттешүү үчүн зарыл болгон негизги кесиптик жөндөм. Ал педагогикалык сылыктыкты, стресске туруктуулукту камсыз кылат, психологиялык чарчоонун алдын алат жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзөт.
Бизди биринчи кезекте билим берүү чөйрөсүнүн психологиялык коопсуздугу кызыктырат. Билим берүү процессинде ыңгайлуу, психологиялык жактан коопсуз чөйрөнү түзүү үчүн позитивдүү эмоцияларды жаратуу жана аны колдоо зарыл. Мында ар бир окуучу өз ийгилигин, бири-биринин инсандыгын сыйлоону жана окуу ишине кызыгууну сезет. Бул шарттар көбүнесе мугалимдин жайлуу атмосфераны түзүү, көйгөйлүү кырдаалдарды мүмкүн болушунча оң позициядан баалоо, окуучуларга жылуу мамиле жасоо, аларды өздөрүнүн эмоцияларын башкаруу ыкмаларын колдонууга үндөө, бири-бири менен баарлашууга үйрөтүү жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды.
Заманбап мугалим окуучуларды окутуу жана тарбиялоо илимин гана эмес, алардын ар бири менен өз-өзүнчө баарлашуу өнөрүн да өздөштүрүүгө, алар менен адамдык кадыр-баркты урматтоого негизделген өз ара мамилелерди түзүүгө, ар бир окуучунун ички тынчтыгын кабыл алууга, анын эмоционалдык абалын катасыз аныктоого, ага боор оорууга жана билим берүүдө окуучунун кызыкчылыгына артыкчылык берүүгө, ошондой эле аларга карата сабырдуу, адилеттүү жана ачык болууга тийиш.
Тилекке каршы, кээде педагогдор өздөрү окуучулар менен окуу процессинде кызматташууну уюштуруу үчүн туура психологиялык аралыкты аныктай албай жаткандыгын байкоого болот. Мугалимдер үчүн окуучулар менен оозеки байланышка чыгуу кыйын эмес, бирок эмоционалдык байланышты түзүү жана аны колдоо татаал болушу мүмкүн.
Билим берүү процессинде өз ара аракеттешүүдө психологиялык жактан коопсуз жана ыңгайлуу чөйрөнү түзүү үчүн эмне кылуу керек?
1) Мугалимге кесиптик билим гана берүү менен чектелбестен, башкысы ага кесиптик тарбия берүү; 2) мугалимдин психологиялык билимин жогорулатуу; 3) билим берүү мекемелеринде мугалимдерге психологиялык колдоо жана жардам көрсөтүү практикасын ишке ашыруу, эмоционалдык чарчоонун алдын алуу.
“Балдарга мээримибиз – бактылуу келечегибиз”
Акыркы учурда окуучуга күн сыяктуу жарык чачкан мугалимдик кесиптин беделине шек келтирип, атына көлөкө түшүргөн коомдо болуп жаткан жосунсуз окуяларды көрүп, айрым бир кокустан мугалим болуп, мектеп турмушунда аралашып, балким адашып жүргөн инсандарга карата төмөнкүлөрдү айткым келет:
Мугалимдик — бул кесиптен да жогору, бул жаш адамдын тагдыры үчүн чоң жоопкерчилик алган улуу миссия. Ооба, ал абдан түйшүктүү, татаал. Андыктан, бул кесипти аркалоодон мурда сиз абдан көп ойлонушуңуз керек. Эгерде жашооңузда кыйналып, чайналып жүрсөңүз, жан дүйнөңүздө тынчтык болбосо, анда бул милдетти мойнуңузга албаңыз. Себеби сиздин түйшүктөрүңүздүн жаралышына, сабагыңызды түшүндүрө, оюңузду жеткире албай жатканыңызга баланын күнөөсү жок. Тескерисинче, ошол сабакты ал дал сиздин өзүңүздөн үйрөнөйүн деп мектеп босогосун аттаган. Эгер окуучу ар бир жаңылыкты оңойлук менен эле кабыл алса, анда, балким, ага мугалимдин деле кереги болмок эмес. Мейли ал мүнөзү оор, кабыл алуусу начар, жүрүш-турушу тентектир. А мүмкүн анын жан дүйнөсүндө сиздикинен алда канча кыйыныраак жабыркаткан кырдаалдар болуп жаткандыр. Сиз ага көңүлүңүздү бурдуңуз беле?
Анткени менен окуучу сиз аркылуу гана бүтүндөй ааламды тааныйт, сиздин көзүңүз менен көрөт, сиздин добушуңуз аркылуу тыңдайт, оюңуз аркылуу түшүнөт, сөзүңүздү эш тутат, сизди туурайт, сизге карап түздөнөт. Сиздин өзүңүз, мүнөзүңүз жакса гана сиздин сабагыңызга кызыгат. Ошондо сизди жашоодогу эң кымбат адамы катары күтөт. Сиз үчүн мектепке келет. Сиз үчүн окуйт. Жаш адам сабактын жашоодогу өзүнө керектүүлүгүн сезбейт, ага жан дүйнөсүнө жылуулук тартуулаган адамдын өзү маанилүү. Анткени ал бала. Сиз канчалык билими күчтүү мугалим болсоңуз да, аны жүрөк толо мээрим менен айкалыштыра албасаңыз, сиздин сабагыңызды окуучу эч качан түшүнбөйт, окубайт. Аны кыйнай да, мажбурлай да албайсыз. Сиздин сабагыңызга кызыкпаганы анын күнөөсү эмес, педагогдук тажрыйбаңыздын жетишпегендиги экендигин мойнуңузга алышыңыз керек. Демек, өз үстүңүздөн иштеп, кесиптик чеберчилигиңизди арттыруу керектиги тууралуу ойлонушуңуз керек. Сиз мына ушул тууралуу ойлонуңуз.
Белгилүү педагог-окумуштуу, Кыргыз эл жазуучусу Сулайман Рысбаевдин “Кыргыз мугалимиадасы” деген китебиндеги төмөнкү пикири менен оюмду корутундулагым келет: “Мугалим баланын предметтик мугалими гана эмес, турмуштук мугалими болсун. Мугалим баланын сырдашы болсун. Ишенгени болсун. Ата-энесине айтпаган сырын бала мугалимине айта турган болсун. Бул – “баланын турмуштук мугалими” болгону. Баланын турмуштук мугалими болгон мугалим гана күчтүү мугалим. Демек, мугалим баланын сабак берүүчү мугалими гана эмес, баланын бактысынын, бактылуу тагдырынын мугалими болсун. Анткени баланын тагдыры да, бактысы да, шору да мугалимдин колунда”.
Сөз соңунда, тарбиялоо искусствосунун дүйнөгө белгилүү уникалдуу ыкмаларынын автору А.С.Макаренконун “Эгерде биз балдарыбызды туура тарбиялсак, ал биздин түбөлүктүү бактыбыз, туура эмес тарбияласак, түгөнгүс кайгыбыз” деген сөзү эске келет. Бул ыңгайдан айтайын дегеним, мугалим окуучуну тарбиялоодон мурда да, алгач өзү тарбиялуу болууга тийиш. “Адегенде адам бол, андан кийин адис бол” демекчи, МУГАЛИМ БОЛУУ АДАМ БОЛУУДАН БАШТАЛАТ.

Рахат СУЛАЙМАНОВА, Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун директору, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын башкы редактору, педагогика илимдеринин доктору, профессор
Комментарийлер