Мугалим бар жерде келечек бар

  • 13.03.2026
  • 0

Адамзат тарыхында мугалим ар дайым өзгөчө орунду ээлеп келген. Кайсы гана коом болбосун, билим берүү жана тарбия берүү иши мугалим аркылуу ишке ашат. Коом өнүккөн сайын мугалимдин ролу дагы да маанилүү болуп, анын жоопкерчилиги өсүп келет. Азыркы учурда технология, маалымат жана глобалдашуу доорунда жашап жатканыбыз менен, адамды адам кылган эң негизги күч – билим жана тарбия болуп саналат. Ал эми ошол билим менен тарбияны берүүнүн башында мугалим турат. Ошондуктан мугалимдин коомдогу орду жана кадыры өтө жогору болушу керек.

Эң биринчи кезекте мугалим – бул билимдин булагы. Ар бир бала мектеп босогосун аттаган күндөн тартып мугалимден билим ала баштайт. Ал окуучуларга тамга таанытып, окуганды, жазганды, ойлонгонду үйрөтөт. Билим аркылуу адам дүйнөнү түшүнө баштайт, өзүнүн ордун табат. Мугалим баланын акыл-эсин гана өнүктүрбөстөн, анын келечекке болгон көз карашын да калыптандырат. Кээде ата-энеден кийин баланын жашоосуна эң чоң таасир тийгизген адам – мугалим болуп калат.

Мугалимдин ролу билим берүү менен гана чектелбейт. Ал тарбиячы дагы болуп эсептелет. Окуучулар мугалимдин жүрүм-турумун, сүйлөгөн сөзүн, адамдарга болгон мамилесин байкап, андан үлгү алышат. Ошондуктан мугалим ар дайым маданияттуу, сабырдуу жана адептүү болушу керек. Анын ар бир айткан сөзү жана кылган иши баланын дүйнө таанымына таасир этет. Мугалим окуучуларга адамгерчилик, достук, эмгекчилдик, мекенчилдик сыяктуу баалуулуктарды үйрөтөт.

Азыркы заманда коом өтө тездик менен өзгөрүп жатат. Жаңы технологиялар, интернет жана санариптик маалыматтар адамдардын жашоосун жеңилдеткен менен, жаңы чакырыктарды да жаратты. Балдар азыр мурункудай маалыматты бир гана китептен же мугалимден эмес, интернеттен да алышат. Бирок маалыматтын көптүгү ар дайым эле туура билим дегенди билдирбейт. Ушундай шартта мугалимдин ролу дагы да маанилүү болуп калды. Ал окуучуларга маалыматты туура талдоону, керектүүсүн тандап алууну жана аны туура пайдаланууну үйрөтөт.

Мугалимдин дагы бир маанилүү милдети – баланын жөндөмүн байкап, аны өнүктүрүү. Ар бир окуучу ар башка мүнөзгө жана мүмкүнчүлүккө ээ. Кээ бирлери математикага шыктуу болсо, кээ бирлери тилге же искусствого жакын болушу мүмкүн. Жакшы мугалим окуучунун ичиндеги мүмкүнчүлүктү көрө билип, аны колдоп, өнүктүрүүгө аракет кылат. Көптөгөн белгилүү окумуштуулар, жазуучулар, дарыгерлер жана башка кесип ээлери өз ийгиликтерине жетүүдө мугалиминин колдоосу чоң роль ойногонун айтып келишет.

Мугалим коомдун келечегин даярдайт десек жаңылышпайбыз. Бүгүнкү мектеп окуучулары – эртеңки дарыгерлер, инженерлер, илимпоздор, саясатчылар жана жетекчилер. Алардын кандай адам болуп калыптанышына мектептеги билим жана тарбия чоң таасир тийгизет. Эгер мугалим өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылса, анда коом дагы билимдүү, маданияттуу жана адептүү адамдар менен толукталат. Демек, мугалимдин эмгеги түздөн-түз мамлекеттин келечеги менен байланыштуу.

Кыргыз элинде илгертеден эле билимдүү адамдарга, устаттарга чоң урмат көрсөтүлүп келген. «Устат көрбөгөн шакирт – устара кармаган маймыл» деген макал бекеринен айтылган эмес. Бул макал адам билимди жана тажрыйбаны устаттан үйрөнүшү керек экенин билдирет. Устат – бул жөн гана билим берген адам эмес, ал жол көрсөткөн, акыл-насаат айткан адам. Мугалим дагы дал ушундай ролду аткарат.

Ошол эле учурда азыркы коомдо мугалимдердин эмгеги кээде жетиштүү деңгээлде бааланбай калганы да чындык. Айрым учурда алардын айлыгы аз болуп, жумушу оор болуп жатат. Бирок ошого карабастан көптөгөн мугалимдер өз ишине берилгендик менен кызмат кылып келишет. Алар балдардын келечеги үчүн бардык күчүн жумшап, билим берүү ишин улантып жатышат. Мындай адамдар чыныгы кесипкөй жана коом үчүн баалуу инсандар болуп эсептелет.

Мугалимдин кадыр-баркы коом тарабынан дагы жогору бааланышы керек. Эгер мугалим урматталса, анда билим дагы урматталат. Мектепте окуган балдар мугалимге сый-урмат менен мамиле кылса, алардын билим алууга болгон кызыгуусу дагы жогорулайт. Ата-энелер дагы мугалим менен тыгыз байланышта болуп, баланын тарбиясына бирге көңүл бурушу зарыл. Анткени бала тарбиясы – бул мугалим менен ата-эненин биргелешкен эмгеги.

Азыркы учурда билим берүү тармагында көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жатат. Санариптик технологиялар колдонулуп, онлайн билим берүү, интерактивдүү сабактар кеңири жайылууда. Бул өзгөрүүлөр мугалимдерден дагы жаңы билим жана көндүмдөрдү талап кылууда. Мугалим дайыма өзүн өнүктүрүп, жаңы ыкмаларды үйрөнүп турушу керек. Анткени заман өзгөргөн сайын билим берүү ыкмалары дагы өзгөрөт.

Мугалимдин эң негизги сапаттарынын бири – бул сабырдуулук. Ар бир окуучунун мүнөзү, түшүнүгү жана кызыгуусу ар башка болот. Кээ бир балдар сабакты тез түшүнсө, кээ бирлерине көбүрөөк убакыт керек. Жакшы мугалим ар бир окуучуга түшүнүү менен мамиле кылып, аларга жардам берүүгө аракет кылат. Ал балдарды коркутуп же басмырлабастан, тескерисинче, шыктандырып, билим алууга кызыктырат.

Ошондой эле мугалим – коомдун маданий деңгээлин көтөргөн адам. Ал окуучуларга китеп окуунун маанисин түшүндүрүп, искусствого, тарыхка жана улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырат. Мугалим аркылуу жаш муун өз элинин тарыхын, тилин жана маданиятын үйрөнөт. Бул болсо улуттук иденттүүлүктү сактоого чоң жардам берет.

Жыйынтыктап айтканда, мугалим – коомдогу эң маанилүү жана жоопкерчиликтүү кесиптердин бири. Ал билим берет, тарбиялайт, багыт көрсөтөт жана келечекти даярдайт. Мугалимдин эмгеги бир күндө же бир жылда эмес, көп жылдардан кийин өз жыйынтыгын берет. Анын окуучулары чоңоюп, ар кандай тармактарда иштеп, коомго пайда алып келгенде мугалимдин эмгеги акталат.

Ошондуктан мугалимдерди урматтоо, алардын эмгегин баалоо жана колдоо – ар бир коомдун милдети. Билимдүү жана тарбиялуу муун өсүп чыгышы үчүн мугалимдин кадыры дайыма бийик болушу керек. Анткени мугалим бар жерде билим бар, билим бар жерде келечек бар деп ойлойм..

Мугалим бар жерде келечек барИсмаилова Радмила

Тоң районундагы Туура-Суу2 айылынын

Сагынтай мектебинин башталгыч класстар мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер