“МЕЗГИЛ ӨЗҮ ТАЛАП КЫЛУУДА”

  • 28.11.2025
  • 0

Кыргызстанда жакынкы арада өз алдынча уникалдуу санариптик психологиялык колдоо жана инсанды коштоп жүрүү лабораториясы ачылат. Кыргыз-Россия билим берүү академиясында (КРАО) көп функциялуу санариптик психологиялык колдоо жана инсанды ийгиликтүү өнүктүрүү лабораториясы ишке берүүгө даярдалууда. Долбоор КРБА ректору, психология илимдеринин доктору, профессор Чинара Асановна Шакееванын жетекчилиги астында иштелип чыкты.

“МЕЗГИЛ ӨЗҮ ТАЛАП КЫЛУУДА”

Лабораториянын максаты

  • Лабораториянын жалпы максаты — психологиялык жардамдын көп деңгээлдүү моделин иштеп чыгып, билим берүү, социалдык жана коомдук мекемелерде инсанды системалуу коштоо механизмдерин киргизүү.

Диагностикалык иш-чаралар

  • Студенттердин адаптация деңгээлин, эмоционалдык фону жана стресс туруктуулугун изилдөө.
  • Өспүрүмдөрдүн жана чоңдордун когнитивдик, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүн баалоо.
  • Кесиптик мотивацияны жана эмоционалдык чарчоо деңгээлин аныктоо.
  • Санарип көз карандылыктын жана социалдык медианын таасирин диагностикалоо.

Практикалык-психологиялык кызматтар

  • Психологиялык консультация (жеке, үй-бүлөлүк, топтук формат).
  • Психопрофилактикалык иш-чаралар жана стресс-менеджмент программалары.
  • Жеке өсүү, эмоционалдык интеллект, лидерлик, коммуникация боюнча тренингдер.
  • Кризистик абалдагы адамдарга кыска мөөнөттүү психологиялык жардам.

Санарип жана инновациялык инструменттерди иштеп чыгуу

  • Онлайн тестирлөө жана мониторинг платформасы.
  • Психологиялык абалды баалоочу мобилдик колдонмолор.
  • Санариптик көз карандылык жана виртуалдык чөйрөдөгү жүрүм-турумду изилдөөчү инструменттер.
  • Жасалма интеллектке негизделген консультациялык жана скринингдик модулдарды киргизүү.

Илимий-изилдөө иштери

  • Инсандык өнүгүү, социалдык динамика жана технологиянын психологияга тийгизген таасирин изилдөө.
  • Үй-бүлө жана билим берүү системасындагы психологиялык көйгөйлөрдүн себептерин аныктоо.
  • Мектеп жана ЖОЖдор үчүн психологиялык коштоонун улуттук моделин иштеп чыгуу.
  • Психологиялык саламаттык боюнча регионалдык статистикалык маалымат базасын түзүү.

Кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу

  • Психологдор үчүн модулдук окутуу программалары.
  • Педагогдор, социалдык кызматкерлер, жетекчилер үчүн психологиялык компетенцияларды өркүндөтүү курстары.
  • Жаңы адистерди даярдоо: мектеп психологу, санарип психологиясы боюнча адис, кризистик психолог ж.б.
  • Эл аралык стандарттарга ылайык тренерлерди даярдоо.

 

Азыркы Кыргызстан тездик менен өзгөрүп жатат: санариптешүү, миграция, экономикалык чакырыктар, 12 жылдык билим берүү, жасалма интеллекттин таасири ж.б. Мунун баары коомдогу психологиялык чыңалуунун күчөшүнө алып келүүдө. Натыйжада, үй-бүлөлүк зомбулук жана буллинг көбөйүп, өспүрүмдөр санариптик көз карандылыкка жана кибербуллингге барган сайын көп кабылууда. Мындай психологиялык чыңалуулар мугалимдер менен дарыгерлер арасында да күчөп, алар массалык түрдө чарчап-чаалыгуу синдромун баштан өткөрүүдө. Андан тышкары, улгайган адамдар социалдык байланыштарын жоготуп жатышканы да байкалат. Ошол эле учурда квалификациялуу психологиялык жардам калктын 80 пайызын гана камтыйт, айрыкча, региондорго жеткиликтүү эмес. Чинара Шакееванын айтымында, психологиялык колдоо көрсөтүүчү лаборатория жөн гана психологдун кабинети эмес, ал – классикалык психология менен алдыңкы санариптик технологиялар бириккен жогорку технологиялуу борбору болмокчу.

– Лабораториянын негизги “мээси” – «Эгоскоп-Психо» психодиагностикалык комплекси.

Кагаз тесттердин ордуна адам сенсордук планшет менен иштейт. Аппарат манжанын басымын жана кыймыл ылдамдыгын, сызыктардын траекториясын, пульс менен булчуң чыңалуусун каттайт. 30-40 мүнөт ичинде система инсандын объективдүү портретин чыгарат: тынчсыздануу деңгээли, жашыруун коркуулар, эмоционалдык чарчоо, көз карандылыкка ыктагандык, атүгүл өз жанын кыюу тобокелдиктери айкын көрүнөт. Ал үчүн кесиптик багыт берүү жана тандоо мультипсихометрлер, лектроэнцефалографтар, стресс туруктуулукту машыктыруучу NeuroPlay биофидбэк системалары колдонулат.

Лаборатория үч жашар баладан 80 жаштагы пенсионерлерге чейин жардам берет. Маселен, бөбөктөргө мектепке даярдоодо коркунучсуз адаптациялоого, окуучуларга буллингден жана девианттык жүрүм-турумдан сактоого, студенттерге кесип тандоо жана прокрастинация менен күрөшүүгө, мугалимдерге жана дарыгерлерге чарчоонун алдын алууга, мамлекеттик кызматкерлерге эмоционалдык интеллектти өнүктүрүүгө, ал эми үй-бүлөлөргө муундар аралык конфликттерди чечүүгө жардам берсе, улгайгандарга жалгыздыкты жеңүүгө көмөктөшөт, — дейт Чинара Асановна.

Айрыкча аймактарда квалификациялуу психологдордун жетишсиздиги, мамлекеттик жана билим берүү мекемелеринде системалуу психологиялык коштоонун жоктугу, ошондой эле адистердин заманбап тенденцияларга ылайык даярдалбай жаткандыгы көйгөй бойдон калууда.

Ушул факторлордун бардыгы жеке инсанды психологиялык колдоо жана коштоо боюнча көп функционалдуу санарип лабораториясын түзүүнүн актуалдуулугун шарттайт. Бул лаборатория – билим берүү, илим, социалдык психология, технологиялар жана коомдук саламаттык тармактарын бириктирген жаңы форматтагы комплекстүү борбор болот.

Лабораториянын негизги миссиясы – улуттун психологиялык саламаттыгын чыңдоо, коомдун психологиялык маданиятын жогорулатуу жана ар бир жаран үчүн жеткиликтүү, сапаттуу, илимий негизделген психологиялык кызматтарды камсыз кылуу.

“МЕЗГИЛ ӨЗҮ ТАЛАП КЫЛУУДА”

Лабораториянын функционалдык түзүмү:

  1. Диагностикалык борбор
  • Психологиялык скрининг
  • Окуу мотивациясы жана адаптациясын баалоо
  • Санариптик көз карандылыктын деңгээлин аныктоо
  1. Психологиялык консультация жана терапия бөлүмү
  • Жеке консультация
  • Үй-бүлөлүк терапия
  • Топтук сеанстар
  • Кризистик интервенция
  1. Илимий-изилдөө жана аналитика борбору
  • Социалдык жана билим берүү чөйрөлөрүн изилдөө
  • Психологиялык тренддердин аналитикасы
  • Улуттук жана эл аралык кызматташтык
  1. Окутуу жана квалификацияны жогорулатуу борбору
  • Тренерлерди даярдоо
  • Мугалимдер жана психологдор үчүн курстар
  • Санарип психологиясы модулдары
  1. Санарип инновациялар лабораториясы
  • Мобилдик колдонмолорду иштеп чыгуу
  • Онлайн диагностика платформасы
  • ЖИ негизиндеги инструменттер

Онлайн жана көчмө кызматтар

Лаборатория үч форматта иштейт:

  1. Офлайн түрүндө Бишкекте, онлайн түрүндө коопсуз санарип платформа аркылуу (чаттар, видеокеңешмелер) жана көчмө бригадалар, алар мектептерге жана айылдарга портативдүү “Эгоскоп” менен чыгат.

Чинара Шакееванын айтымында, 2026-жылдан тарта лаборатория кең масштабдуу илимий изилдөөлөрдү баштайт. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Агартуу министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана айыл өкмөттөрүнө акысыз берилет.

 

Күткөн натыйжалар

  • Психологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгү артат;
  • Билим берүү чөйрөсүндө системалуу психологиялык колдоо камсыздалат;
  • Жаштар жана студенттердин эмоционалдык туруктуулугу жогорулайт;
  • Үй-бүлөдө жана коомдо конфликттердин алдын алуу күчөйт;
  • Санариптик көз карандылык деңгээли азаят;
  • Жаңы муундагы компетенттүү психологдор даярдалат;
  • Илимий-изилдөө иштеринин сапаты өсөт;
  • Психологиялык маданият коомдо кеңири жайылтылат.

Адистердин айтымында, жеке инсанды психологиялык колдоо жана коштоо боюнча көп функционалдуу лабораторияны түзүү – улуттун менталдык саламаттыгын чыңдоого, кризистик абалдардын алдын алууга, билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана коомдун туруктуу өнүгүүсүнө багытталган маанилүү стратегиялык кадам болуп эсептелет. Бул лаборатория маалыматтык технологиялар менен психологияны айкалыштырып, заманбап, гибриддик, комплекстүү психологиялык кызмат көрсөтүү моделин калыптандырат.

Алгачкы кадамдар

Каржылоо президенттик гранттардан, Россия-Кыргыз өнөктөштүк фонддорунан жана өнөктөш программалардан пландалууда.

— Мезгил өзү бизден аракетти талап кылууда. Психологиялык көйгөйлөр бүтүндөй үй-бүлөлөрдү жана муундарды кыйрата элек кезде чара көрүшүбүз керек. Лаборатория улуттук менталдык ден соолуктун калканына айланат, — дейт Чинара Шакеева.

Жакынкы убакта проект экспертизадан өтөт. Эгер баары ийгиликтүү болсо, 2026-жылкы жазында алгачкы 500 кыргызстандык акысыз, так психодиагностика жана профессионалдык жардам алмакчы.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер