“Методикалык жардам сын эмес, өнүгүүгө багытталган колдоо болушу керек”

  • 24.02.2026
  • 0

Чолпонай СЫДЫКОВА, Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директору:
“Методикалык жардам сын эмес, өнүгүүгө багытталган колдоо болушу керек”
-Чолпонай Шүкүрбековна, институттун бүгүнкү күндөгү башкы миссиясы жана алдына койгон негизги максаттары кайсылар?
-Институттун негизги миссиясы — Ысык-Көл облусунда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мугалимдердин кесиптик өсүшүнө шарт түзүү. Негизги максаттарыбыз төмөнкүлөрдөн турат: квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу, жаңы билим берүү стандарттарын жайылтуу, педагогикалык кызматкерлерге илимий-усулдук жана практикалык колдоо көрсөтүү, ошондой эле билим берүү тармагына инновациялык технологияларды киргизүү. Институт облустагы педагогикалык кызматкерлер менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып, алардын окутуу чеберчилигин жогорулатууга багытталган иштерди жүргүзөт. Алдыңкы педагогикалык иш тажрыйбаларды жайылтуу, методикалык жардам көрсөтүү, илимий-усулдук жана басма иштерин жандандыруу биздин ишмердүүлүктүн маанилүү багыттары болуп саналат. Ошондой эле мектепти башкарууда, билим берүүдө жана
тарбиялоодо мамлекеттик билим берүү стандартына, предметтик стандарттарга жана тарбиялоо концепциясына ылайык заманбап педагогикалык технологиялары (онлайн жана офлайн форматта) кеңири колдонуулууда.
-Аймактагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууда Сиз жетектеген мекеме кандай роль ойноп жатат?
-Биздин институт аймактагы мугалимдер үчүн негизги методикалык жана кесиптик өнүгүү борбору болуп саналат. Институт аркылуу мугалимдер заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүп, мектептерге практикалык жардам көрсөтүлүп, билим сапатын көтөрүүгө түздөн-түз салым кошулууда. Мындан тышкары, институт чет өлкөлүк билим берүү долбоорлору жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу аркылуу билим берүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана сапаттуу тажрыйбаларды аймакка киргизүүгө аракеттенүүдө. Курстардын окуу программалары мугалимдердин билим алуу муктаждыгына жараша жаңыланып, инновациялык окутуу методикаларын колдонуу аркылуу натыйжалуу уюштурулулууда.

“Методикалык жардам сын эмес, өнүгүүгө багытталган колдоо болушу керек”
-Акыркы бир жыл ичинде облустун мугалимдери үчүн жасалган эң чоң ийгилик же жаңылык катары эмнени айта аласыз?
-Акыркы бир жыл ичинде санариптик сабаттуулук, жаңы стандарттар жана компетенттүүлүккө негизделген окутуу боюнча практикалык курстар жаңы форматта өткөрүлдү. Ошондой эле методикалык колдоонун мобилдүү системасы күчөтүлүп, мугалимдерге жеринде усулдук жардам көрсөтүү кеңейтилди.
-Облустук методист-бул текшерүүчү эмес, биринчи кезекте мугалимдин насаатчысы жана жардамчысы болушу керектиги айтылып келет. Ошондой эле методисттер мугалимдин кесиптик өсүшүнө, окутуунун сапатын жогорулатууга жооптуу эмеспи. Сиздин жамаат мугалимдер менен кандай иштешет?

“Методикалык жардам сын эмес, өнүгүүгө багытталган колдоо болушу керек”
-Туура айтасыз. Методисттер мугалимдерге кеңешчи жана жардамчы катары иш алып барышат. Алар сабакты пландаштырууга көмөктөшөт, жаңы программаларды түшүндүрөт, сабактарды байкап сунуштарын берет жана мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзөт. Мурдагыдай текшерүүчүлүк ыкмадан арылып, жаңыча иштөөгө өтүшкөн. Алар конкурстарга, олимпиадаларга даярдоодо усулдук жардам көрсөтүшөт. Учурда институтта ар бир предмет боюнча 17 методист орус жана кыргыз тилдеринде курстарды алып барышат. Институтта суроо талаптардын баардыгына жооп берген компетенттүү адистер иштешүүдө. Ооба, методисттин негизги ролу -мугалимди колдоо жана анын ишин жеңилдетүү. Биз мугалимдер менен кызматташып, ишенимдүү шарт түзүп, жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө жардам беребиз. Методикалык жардам сын эмес, өнүгүүгө багытталган колдоо болушу керек.
-Азыркы мугалимдерге зарыл болгон эң негизги үч көндүм кайсы деп ойлойсуз?
-Азыркы мугалим үчүн эң маанилүү көндүмдөр: Санариптик технологияларды колдонуу, компетенттүүлүккө негизделген окутуу, окуучу менен эффективдүү байланыш түзүү жана критикалык, креативдик ой жүгүртүүнү өнүктүрүү болуп саналат. Бул багытта тыккыз иш алып барып жатабыз.
-Курстардын мазмуну заман талабына ылайык кандайча жаңыланууда?
-Курстар теориядан практикага багытталып, жаңы стандарттар, STEAM, инклюзивдүү билим берүү, баалоо системалары боюнча жаңыланууда. Ошондой эле класс жетекчилер үчүн тематикалык курстар, зомбулукту алдын алуу боюнча ИИМ кызматкерлери менен биргелешкен тренингдер, “Манас таануу”, бала бакчада кыргыз жана орус тил , музыка мугалимдери жана усулчулар үчүн атайын курстар уюштурулуп жатат. Онлайн жана гибриддик форматтар да кеңири колдонулууда.

“Методикалык жардам сын эмес, өнүгүүгө багытталган колдоо болушу керек”
-Санариптик сабаттуулук жана жасалма интеллект боюнча да токтоло кетсеңиз?
-Институт мугалимдер үчүн санариптик платформаларды колдонуу, электрондук күндөлүк жана жасалма интеллект мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу боюнча атайын семинарларды жана тренингдерди өткөрүп жатат. Райондордун суроо-талабына ылайык кошумча санариптик сабаттулук боюнча гибриддик курстар да уюштурулууда. Жылыштар бар. Мугалимдердин аракети, кызыгуусу зор.
-Аймактагы мугалимдер кайсы маселелерге эң көп туш болушууда?
-Негизги көйгөйлөр: жаңы программаларга өтүү, санариптик ресурстардын жетишсиздиги жана жаш мугалимдердин тажрыйбасыздыгы. Институт бул маселелерди курстар, кеңеш берүү жана мектептерге барып жеринде жардам көрсөтүү аркылуу колдоп жатат.
-ЖРТ жыйынтыктары боюнча мектеп жетекчилерине кандай методикалык көмөк көрсөтүлүүдө?
-Институт ЖРТ жыйынтыктарын анализдөө боюнча семинарларды өткөрүп, татаал темаларды аныктоо жана даярдык иштерин күчөтүү боюнча методикалык сунуштарды дайыма берип келет. Ар бир курс алкагында лекциялык жана практикалык иштер уюштурулат.
-Жаш адистерди мектепте кармап калуу жана менторлук системасы кандай иштеп жатат?
-Жаш мугалимдерге тажрыйбалуу педагогдор ментор болуп бекитилип, аларга сабак өтүүдө жана кесиптик адаптацияда колдоо көрсөтүлүүдө. Институт бул процессти координациялап, атайын семинар-тренингдерди ситемалуу түрдө уюштуруп турат.
-Жаңы окуу китептери жана стандарттарды киргизүүдө институт эмне иштерди жүргүзүүдө?

-Институт жаңы стандарттарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мугалимдер үчүн семинарларды өткөрүп, окуу китептерин туура колдонууга методикалык жардам көрсөтүүдө. Учурда институтта компетенттүү тренерлер жана мастер-тренерлер иш алып барышат.
-Алдыңкы тажрыйбаны жайылтуунун натыйжалуу ыкмалары кайсылар?
-Алдыңкы тажрыйба мастер-класстар, ачык сабактар, форумдар, бенефистер жана онлайн ресурстар аркылуу жайылтылып жатат. Ар бир усулчунун карамагында таланттуу педагогдор бекитилип, алардын иш тажрыйбасын жайылтуу жана басма иштерин жүргүзүү ишке ашырылууда. Бизде мугалимдердин район аралык байланыштары жакшы жолго коюган. Институт семинарларда, ар кандай иш чараларда дайыма мугалимдер менен жолугушуп, талкуу аянтчасын уюштуруп турат. Бул аракеттер педагогикада туюк маселе болбошуна жол ачат.
-Эл аралык кызматташуу барбы?
-Ооба, институт эл аралык уюмдар жана билим берүү долбоорлору менен кызматташып, мугалимдер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана инновацияларды алып келүүдө.
-Сиз үчүн “идеалдуу мугалим” кандай болушу керек?
-Идеалдуу мугалим — өз ишин сүйгөн, жаратман, окуучуга багытталган, үзгүлтүксүз өнүгүп турган жана заманбап технологияларды колдоно алган педагог деп айтар элем.
-Жаш кесиптештериңизге кандай кеңеш берет элеңиз?
-Жаш мугалимдерге кеңешим — сабырдуу болуу, үйрөнүүдөн токтобоо, тажрыйбалуу кесиптештерден кеңеш алуу жана окуучунун келечеги үчүн жоопкерчилик менен иштөө. Сабак берүүдө мамлекеттик стандартка таянып, заман талабына ыңгайлаша билүү маанилүү.
-Келечекте институтту кандай элестетесиз?
-Келечекте институт санариптешкен, инновациялык, педагогдор үчүн бардык заманбап шарттары каралган жана мугалимдер үчүн күчтүү методикалык борбор болуп өнүгөт деп ишенем.
Аңгемелешкен М.ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер