МЕКТЕПТЕР-2030: КӨӨДӨНҮ БОШ ОКУУЧУНУН ТИЛИН ТАПКАН МУГАЛИМ

  • 17.11.2025
  • 0

«Мектептер-2030» — бул билим берүүнү изилдөөгө жана өркүндөтүүгө багытталган он жылдык глобалдык жаңы долбоор. Ал он өлкөдөгү 1000 пилоттук мектепке чейинки, башталгыч жана орто мектептер менен иштейт. Ал балдар менен жаштардын билимин, көндүмүн, көз карашын жана баалуулуктарын калыптандырууда мыкты тажрыйбаларды жана чечимдерди аныктоого жана жайылтууга төрт жылдан бери жардам берип келет. Максаты — «Мектептер-2030» программасынын ишмердүүлүгүн республика деңгээлинде маалыматтык чагылдыруу, инновацияларды ишке ашыруу процесси жана мугалимдердин жетишкендиктери тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, ачыктык жана ачык-айкындуулукту камсыздоо. Бул жолу биз Кара-Кулжа районундагы Арыкбай Осмонов атындагы орто мектебинин математика мугалими Нурия АБДРАКМАНОВАнын ишмердүүлүгү тууралуу маекти сунуштайбыз.

МЕКТЕПТЕР-2030: КӨӨДӨНҮ БОШ ОКУУЧУНУН ТИЛИН ТАПКАН МУГАЛИМ

 

— Нурия айым, Сиз “Мектептер-2030” долбоору менен бир топ жылдан бери кызматташып келатасыз. Ушул жылдар аралыгында мектепте, өзүңүздүн иштөө ыкмаңызда эмне өзгөрүүлөр бар?

— Ага Хан фондунун “Мектептер-2030” долбоорунда төрт жылдан бери иштейм. Мугалим болгондон кийин долбоор окуткан билимди алган соң көп ойлонуп жүрдүм: окуучуга билимди кандай берсем, канткенде бала сабакты кызыгуу менен кабыл алат, кантип аны өзгөртөм ж.б.у.с. суроолор дайыма оюмда турду жана азыр деле турат. Долбоор боюнча  бала биринчи кезекте эмнеге муктаж экенин, андан соң жекече иш алып барып, ата-энеси, коомчулук, дегеле кызыкдар болгон тараптар менен бирге маектешип, сурамжылоо жүргүзүп, баланын кандай көйгөйү бар, мүмкүн социалдык көйгөйү бардыр, мүмкүн мугалим менен байланыш түзө албайт ж.б.у.с. мугалим аныктап чыгышы зарыл. Негизи мугалим ириде өзү өзгөрүшү керек. Көп иш аткардык. Сабак берген класстагы ар бир баланын көз карашына ылайык мамиле жасаш керек экен деп билим берүүбүздү, ыкмабызды иштеп чыктык.

Долбоордун талабы боюнча балдарды жекече алып калбайбыз. Бала обочолонуп ыңгайсыз сезип калбасын деп жалпы класс менен иштейбиз. Жекече сүйлөшүү менен баланын муктаждыгын гана аныктайбыз. Мүмкүн бала математиканы жакшы көрөт, бирок мугалимден коркот. Же алган билимди билет, бирок практикада колдоно албайт. Долбоордун алкагында азыркы 12 жылдыкта практика менен билимди үйрөт деген талапты биз долбоордо мурда эле иштеп койгонбуз.  “Алтын Казык” программасынын негизинде башталган 12 жылдыкка өтүү  реформаны кош колдоп кабыл алдым. Бирок аны мугалимдердин баары эле кабыл алды деп айта албайм, арасында иштеп баштагандан кийин гана мурдагыга караганда жеңил экен деп калгандар бар.

— Билим берүү тармагындагы модернизациялоо сапаттуу билим алууга жол салды. Мугалимдердин иштөөсүндө жаңычылдык байкалдыбы?

— Трансформация – бул заман талабы. Коом, анын ичинде билим берүү тармагы жаңыланууга муктаж болуп калган кез. Себеби эски ыкма, эски программа менен окута бергенде окуучуга кызыксыз болуп калды. Ошондуктан билим сапаты төмөн. Жаңыча иштей баштагандан бери мугалимдин көз карашы өзгөрүп, аны менен бирге окуучулар дагы өзгөрүштү. Себеби талап башка, жаңы методика менен окутканда бала губка сыяктуу бат сиңирип алат. Балдар менен кошо ата-энелердин дагы көз карашы өзгөрө баштады. Жеке өзүм тренингдерге катышкандан кийин “Окуу китеп басма үйү” 1-класстан баштап математика китебин иштеп берүү үчүн редакторлукка чакырды.

— Жаңы окуу китеби боюнча математикалык түшүнүктөрдү терең өздөштүрүүгө, маалымат менен иштөө көндүмдөрүн, көрсөтмөлүү-образдуу элестетүүнү жана сынчыл ойлом көндүмүн башталгыч класстын балдарына кантип натыйжалуу калыптандырса болот?

— Мен үчүн окуу китебин иштеп чыгуу абдан кызыктуу болду, эс алууга кетпестен окуу китебине редакторлук кылдым. Бул китепте маалыматты кандай берүү керек, окуучу кандай кабыл алат, кандай өзгөрүүлөр болот экенин көрдүк. Иштеп көргөндө гана билдим, биринчи кезекте бала абстрактуу математиканы кооптонбой кабыл алып, ошол эле учурда балага практика аркылуу билимди бергенде бат түшүнөт экен. Бардык билим практика аркылуу жүргүзүлөт. Себеби башталгыч класстарда оюн аркылуу, мисалы, экиге экини кошобуз дегенде жөн эле айтып, тактага жазып койбостон, балага таякчаларды берип, оюн менен критикалык  ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, практика аркылуу билимге жеткирет экен.

Ал эми төрт жылдык долбоор менен иштеген учурдагы тажрыйбамда, Сиз көтөргөн суроодогу  көйгөй дизайн командасы тарабынан инсанга  багытталган дизайн ой жүгүртүү процессинин “Изилдөө” фазасында маектешүү, байкоо жана тестирлөө ыкмалары аркылуу аныкталды. Дизайн команда 4–9-класстын окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окуучулардын математика сабагында маалыматты түшүнүүдө, логикалык байланыштарды түзүүдө жана маселени элестетүүдө кыйналып жатканын аныкташты. Мугалимдер окуучулардын түшүнүгү теорияга гана негизделип калганын, анын натыйжасында ата-энелер балдарынын татаал маселелерге кызыгуусу төмөн экенин баса белгилешкен. Ошол эле учурда, дизайн команда сабактарда байкоо жүргүзүп, практикалык тапшырмалар жана тесттер аркылуу окуучулардын маалымат менен иштөө, көрсөтмөлүү-образдуу элестетүү жана сынчыл ойлом көндүмдөрүн баалоого аракет кылды. «Изилдөө» фазасы дизайн командасы үчүн көйгөйдү так аныктоодо абдан маанилүү роль ойноду. Бул этапта жүргүзүлгөн маектешүүлөрдүн жыйынтыгында окуучулардын математика сабагына болгон кызыгуусу төмөн экени байкалды. Ал эми тестирлөөнүн жыйынтыгында 4-класстын окуучуларынын математикалык сабаттуулугу 31%, ал эми 9-класстын окуучуларыныкы 42% гана түзөрү аныкталды. Бул көрсөткүчтөр биздин окуучулар математика сабагында олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айкын далилдеп бергенине күбө болдук. Азыр биз ал кемчиликтерди четтетүү боюнча бардык аракеттерди көрүп келатабыз.

МЕКТЕПТЕР-2030: КӨӨДӨНҮ БОШ ОКУУЧУНУН ТИЛИН ТАПКАН МУГАЛИМ

 

— Долбоордон билим алып жүрүп, билишимче Сиз математикалык эко-чеберкана түзгөнсүз. Аны менен окуучулардын билимин жогорулатып жана сынчыл ой көндүмдөрүн өнүктүрө алдыңызбы? Жыйынтыгы кандай болду?

— Эко-чеберкана идеясы жөн жерден эле келип калган жок. Мен долбоорго ушул идеяны сунуштаганда кесиптештерим жакшы кабыл алды. Анын арты менен окуучулар менен иш алып бардык. Бул, биринчи жагынан, математикалык талап. Окуучу түшүнө албай жаткан багыт. Экинчи жагынан, долбоордун жетекчилери өздөрүнүн ыкмалары менен тестирлөө жүргүзүп берет. Окуучу кайсы предметтен начар экенин аныкташат. Долбоордун эң жакшы жери теориялык, академиялык эле билимди баалабай, баланын жумшак көндүмдү кабыл алуусун дагы баалайт. Азыркы 12 жылдыкта баланын бардык жөндөмү: тил табыша билгени, коммуникативдүүлүгү, критикалык ой жүгүртүүсү, жоопкерчиликти ала билүүсү, экологиялык маданияттуулугу ж.б.у.с. көндүмдөр каралат эмеспи. Эң эле маанилүүсү – балдар өтө түнт болуп баратат. Бул дагы гаджеттин терс таасири. Бири-бири менен баарлашпайт, агрессияга дуушар болушат. Ошол нерселерден балдарды четтетүү, бирок ошол эле кезде телефонду туура пайдаланууга үйрөтүү зарыл. Сабакта бири-бири менен иш алып барууга тарбиялоо болду.

МЕКТЕПТЕР-2030: КӨӨДӨНҮ БОШ ОКУУЧУНУН ТИЛИН ТАПКАН МУГАЛИМ

МЕКТЕПТЕР-2030: КӨӨДӨНҮ БОШ ОКУУЧУНУН ТИЛИН ТАПКАН МУГАЛИМ

 

Жөнөкөйлөтүп айтсам, долбоордо экологиялык маселе — глобалдык көйгөй. Биз айыл жеринде көмүр жагабыз. Бир жагынан ыңгайлуу, экинчи жагынан табиятка  зыян жагы да бар. Көмүр кычкыл газын көп чыгарып, климаттын өзгөрүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизип жатат. Мен ойлонуп, көмүрдүн ордуна альтернативдүү бир нерсени ойлонуп чыгаруу керек болду. Интернеттерден карап, башка жактан маалымат издеп альтернативдүү эко-отунду чыгаруу идеяны жалпыга сунуштадым. Мектепте макулатура көп чыгат. Аны таштандыга ыргытпай, балдарды дагы тазалыкка тарбиялоо максатында дүкөндөрдөн, үйдөн макулатураны, күзүндө түшкөн жалбырактарды чогултуп, отундун таарындысын пайдаланып аралашма жасадык. Кагаз клейдин ролун ойногондуктан биз аны табигый ресурс катары колдондук. Атайын буйрутма менен отунду пресстеп турган станок жасаттык. Биз грант жазган үчүн долбоор аны каржылап берди. Жамаат ичинде ар кандай көз караш болду. Бирок биз идеяны ишке ашырганда унчукпай калышты. Мен физик-математикмин, өзүбүздүн жерге ыңгайлаштырып, ресурстарды колдондук. Биринчиден, таштандыны азайтуу максатында, экинчиден, андан пайдалуу нерсе жасаганга. Балдар колуна эко-отунду алгандан кийин көз караштары өзгөрдү. Ага чейин математикалык эсеп менен канча аралашмадан канча отун чыкты, канча суу кетти, суу кезинде көлөмү кандай эле, кургаганда канчага азайды деп эсептеп турушту. Свет өчкөн кезде башталгыч класстын балдарына тамак жасачу очокко пайдаландык. Эко-отунду ыргытсаң да талкаланбайт, жеңил. Мен өкүнбөйм, себеби окуучуларым үйдө эле станок жасап алып, эко-отунду чыгарса болот. Биринчи жыл окуучу кыздарга кызыксыз болду. Экинчи жылы “Эскиге экинчи өмүр” деп эко-чеберкана жасадык.  Ыргытала турган эски кийимдерди чогултуп, бир нерсе жасайлы деп грант жазып, тигүүчү машинкаларды алдык. Кыздар чеберчиликке үйрөнсүн дедим. Мен балдарга таңуулабайм, ушул жерде критикалык ой жүгүртүү керек. Физикалык, химиялык, биологиялык  билимдер так ушул жерде айкалышат.  Эң жакшысы балдарды кызыктырып, шыктандырып, жакшы жасаган буюмдар үчүн жарманке уюштуруп бердим. Балдарга абдан кызыктуу болду. Жасаган буюмдарын сатышты. Кыздар китептин, дептердин сырттарына кездемеден китеп кап жасады. Бул жакшы ишти жалпы районго жайылттык.

МЕКТЕПТЕР-2030: КӨӨДӨНҮ БОШ ОКУУЧУНУН ТИЛИН ТАПКАН МУГАЛИМ

МЕКТЕПТЕР-2030: КӨӨДӨНҮ БОШ ОКУУЧУНУН ТИЛИН ТАПКАН МУГАЛИМ

 

Быйыл бешинчи жыл долбоор менен иштеп жатам. Анын маанисин, маңызын түшүнүп алгандан кийин, биздин жумуш жеңилдеп жатканын билдик. Алдыга койгон максатка жетүү үчүн туура жолдо кетип жаткандай иш алып барышыбыз керек экен. Бул сапаттуу билим берүүнүн жеңил жолу. Долбоорго эки башталгыч класстын, эки жогорку класстын мугалимдери келип, тренингден өтүшөт. Жылда алмашып турат. Мен тажрыйбалуу лидер-мугалим катары келген жаңы мугалимдерге багытын түшүндүрүп, көрсөтүп турам. Окугандан кийин педкеңешмеде жаңы маалыматтар менен жалпы жамаатты тааныштырабыз, жайылтабыз.

— Негизи эле көп айылдык балдар көңүлгө муктаж ? Аларды кантип социумга кошуп жатасыз?

— Ар бир ой маанилүү. Адашса дагы бала өз оюн айтып көрүшү керек. Обочолонуп калган баланы ойготуу зарыл. Айыл жеринде миграция толкунуна дуушар болгон үй-бүлөнүн балдары арбын. Булар баарлашууга, көңүл бөлүүгө муктаж балдар. Мугалим менен окуучунун ортосундагы тосмо жоюлганда баланын жөндөмү, кызыгуусу ачылат экен. Дидактикалык оюндарды, интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен математикага кызыктыруу, билим сапатын жогорулатуу деген теманын үстүндө иштейм. Бүгүнкү күндө башталгыч жана ортоңку класста математиканы окутууда оюн аркылуу билим берүү байма-бай колдонулуп жаткан учур. Мугалимдер академиялык билим берүү менен оюн ыкмаларын пайдаланууда чек араны так билүү зарыл. Анткени, айрыкча, башталгыч класстын окуучулары сабакты оюнга айлантып албашы керек. Балдар математиканы оюн менен ассоциация кылып албасын. Балдарга эң негизгиси мамиле табуу. Мен балдарга демократиялык мамиле жасайм, тамашалашкан жерде тамашалашам, сырдаша турган жерде сырдашам, үйрөтө турган жерде үйрөтөм. Мугалимден бала коркпошу керек, аны коомдогу адам катары кабылдашы зарыл. Окуучу ачык айта алган, сырдаша алган денгээлге жеткен мугалим – нукура мугалим!

— Ата-бала маселеси болгон, болуп жатат жана боло берет. Ата-эне менен сырдашпаган балдар четтен чыгат болуш керек?

— Класс жетекчи болуп жүргөндө “Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам” деген тема коюп, ага кошумча “Мен баламды эмнесинен тааныйм?” деп ата-энелер жыйналышында ар биринин балдарынын сапатын айтып, бул кимдин баласы дегенде билбей калгандар болду.  Мисалы, ромашканы жакшы көрөт, эң көп жакшы көргөн тамагы манты ж.б.у.с. сапаттарын айтсам,  тааныгандары болду, тааный албагандарына жеңилдетип суроо бердим. Себеби баласы жанында турат, уят болуп калбасын деп акыры таанытканга аракет жасалды. Дароо таппагандар болду. Пандемия маалы биринчи жолу бала менен ата-энени бетме-бет кездештирди. Балдардын мүнөзүн, жүрүм-турумун жакындан билбеген ата-энелердин конфликтке дуушар болгон учурлары көп кездешет. Же болбосо бала менен ата-эненин байланышы жок. Азыркы ата-эне баланы каржылоо менин милдетим деп, ошого басым жасайт, тилекке каршы. Азыркы балдардын акыркы моделдеги телефону бар, акыркы мода менен кийинет, бирок ичи, көөдөнү бош, рух дүйнөсү кедей. Мектепте ошондой балдардын тилин таап алсаң, методиканын баары иштейт.

— Долбоор мугалимдерди, мектепти материалдык жактан колдойбу?

— Ушул жылдар аралыгында долбоор мугалимдерди компьютер, принтер, ламинатор, проектор, планшет, ноутбук ж.б.у.с. камсыз кылды. Аны бир эле биз эмес, жалпы жамаат колдонот. Заман шартына ылайык көп мугалимдер ноутбук менен иштеп калышты. Сабакка керектүү канцелярдык буюмдар менен да камсыздайт. Эң жакшысы отчет үчүн сапаттуу сүрөт тартууга атайын фотоаппарат алып беришкен. Менимче, болжол менен ушул төрт жыл ичинде долбоор мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо 600 000ден ашык каржылоо жумшады.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Маалымат үчүн:

2020-жылдын сентябрь айынан тарта «Мектептер-2030» 100 мектепке чейинки жана мектеп билим берүү уюмдары менен иш алып барып келет. Бул иш-аракеттер БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ЦУР) аяктаганга чейинки акыркы он жылдыкта жүргүзүлүүдө. Максаты — мугалимдерге жана билим берүү процессинин башка катышуучуларына билим сапатын жакшыртуу үчүн мектеп деңгээлинде жаңы чечимдерди иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана баалоого көмөктөшүү. Программа 2020–2030-жылдар аралыгында үч когорданын (5тен 15ке чейин, 10дон 20га чейин жана 15тен 25 жашка чейин) билим берүү өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөрдү жана мектеп деңгээлиндеги чечимдер менен болгон байланышын көзөмөлдөйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер