МЕКТЕПТЕГИ РЕФОРМАЛАР: КАРЖЫ АГЫМЫН МЕКТЕПТЕРДЕН ОКУУЧУЛАРГА БУРУУ

  • 26.02.2022
  • 0

Саясатчылар билим берүү системасын реформалоого көз жумуп коюшат, анткени алар бул системадан кеткенге чейин бир нече шайлоо циклине күбө болушат. 2000-жылдын башында Грузияда көпчүлүк мектептер жарытылуу каржыланбай, мугалимдер тыңгылыктуу айлык акы алчу эмес. Натыйжада билимдин деңгээли түшүп, дипломдор абдан жогору баада сатылчу. Студенттерге каалаган мектепте колдоно алгыдай ваучер бериле баштады. Кызмат көрсөтүүчүлөр арасында жакшы атаандаштык пайда болду да, билим берүү сапаты кескин өзгөрдү. Андан сырткары, жакшы жетишкендиктерди көрсөткөн мектептерди баалоо (сыйлык акы) системасы жолго коюлду.

Ника Гилауринин «ПРАКТИКАДАГЫ ЭКОНОМИКА: 2004–2012-жылдарда Грузиядагы реформалар жана экономикалык трансформация» китебинин билим берүү тармагына тиешелүү бөлүмүнөн үзүндүлөр.

Узак жол

Кандай гана мамлекет болбосун, билим берүү системасын заманга ылайык үзгүлтүксүз жаңылап, мыктылап турмайын гүлдөп-өсүү тууралуу сөз болбойт. Бүт эле мамлекетте мугалим жаркын келечекти камсыздоочулардан болуп саналат. Дээрлик бардык өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде мугалимдер дарыгерлердей эле коомдук пикир жаратуучулардан. Көпчүлүк үчүн, айрыкча айыл аймактарында, мугалимдер өзгөчө кадыр-баркка ээ.
Д.Сэлинджер айткандай: «Бир нерсе кылгысы келген мугалимди токтотуу кыйын. Алар жөн эле кылып коюшат», ошол эле учурда, мугалимдер саясий жактан активдүү келишет. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, билим берүү системасындагы кайсы бир реформа автоматтык түрдө саясий башаламандыкка алып келет дегенди билдирет.

Дагы ишти татаалданткан нерсе – бул билим берүү системасындагы реформалар жемишин бергиче убакыт талап кылынгандыгы. Башка тармактардагы реформалар кыска мөөнөттө ишке ашат жана бул – ачык саясий артыкчылык. Адатта кайсы гана реформа болбосун, башында колдоо тапмак турсун, ачык эле каршылыкка кабылат. Эл жаманбы, жакшыбы, кво-статусуна көнүп алган. Ал адамдарга жагыныш үчүн реформаторлор 2-3 жыл ичинде жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшү керек эле. Бирок билим берүү системасында чыныгы жыйынтык алуу үчүн ондогон жылдар керек. Бул мөөнөт орточо саясий циклден эки эсеге көп. Ошонун натыйжасында саясатчылар билим берүү системасына реформа киргизүүдөн чочулашат. Кандай гана өзгөрүүлөр болбосун, мугалимдер аларды жактыра беришпейт, ал эми пайда көрө тургандар жаңы саясий циклдин келиши менен киргизген реформанын жемишин татыбай каларын сезишет. Ошондуктан өнүгүп келе жаткан жана өнүккөн өлкө болобу, билим берүү системасын өзгөртүү аракети баарына саясий чакырык таштайт.

Пулуң болсо кулуңмун

Реформаларга чейин Грузияда мектепти ийгиликтүү аяктап, университетке кабыл алынуу үчүн, окуучулардын билиминен жана билимге умтулуусунан мурун акчасы жана тааныштары болушу керек эле. 2000-жылдардын башында мугалимдердин жарытпаган айлыгы жана ашыкча көп окуучулардын айынан ушундай болуп келген.

Мугалимдердин айлык акысы абдан аз болгон. Башка тармактагы мамлекеттик тейлөө кызматы сыяктуу эле, бул тармакта да жемкорлук күч алган. Мугалимдер жан багуунун жана үй-бүлөсүнүн айласы үчүн акча табуунун аргасын кылышты.

Мугалимдердин саны өтө көп эле. Башка жумуш жок болчу, ишсиз калгандан көрө, мугалим болуу жакшыраак болчу. Окутуучулукка аз төлөнчү, бирок кур дегенде, анын социалдык статусу бар эле да.

Үч түрлүү – жакшы, жаман жана көз карандысыз мугалимдер боло турган. Жакшылары мектептен кийин, жеке сабак берүү жана окуучуларды сынакка даярдоо аркылуу кошумча киреше табышкан. Жамандары жакшы баанын ордуна окуучулардын ата-энелеринен белек же пара алуу аркылуу кошумча киреше алышчу. Көз карандысыз мугалимдер өтө сейрек кездешүүчү типтер, бардар үй-бүлөдөн чыккандар жана мугалимдикти ыйык милдет катары санагандар эле. Бирок жалпысынан айлык акы ушунчалык төмөн болгондуктан, мугалимдердин көбү чекеде акча жасоонун мыйзамсыз аракетин көрүп келишкен. Натыйжада таланттуу, тырышчаак окуучу ЖОЖго кирүү сынагынан пара бермейинче же таанышы жок өтүшү мүмкүн эмес эле. Ал эми таанышы бар, бардар үй-бүлөдөн чыккан начар окуучу окууга оңой эле өтүп кетчү. Жаш муундун моралдык рухуна жана шыктандыруусуна жаман таасир тийгизген. Өзүлөрүнүн жана өлкөнүн жаркын келечеги тууралуу кыялдары жемкорлуктун таман алдында калды.

Ишке киришүү

Билим берүү тармагындагы реформаны эмнеден баштоо керектигин Грузия тандашы абзел эле: Башынан баштоо керекпи? Орто мектепте баштоо абзелби? ЖОЖдобу? Мугалимдерди даярдоо курсунанбы? Биз башка жерден – ЖОЖго кирүү сынагы, орто мектеп менен ЖОЖдордун байланышынан баштадык. Туура тандоо болгондугу жакын арада белгилүү болду. Реформа тез жыйынтыгын берди да, Өкмөткө улам кийинки реформаларды жылдырууга саясий колдоо алып берди. Баарынан маанилүүсү студенттер келечегибиз бар экен деп, таанышың жок болсо да, окуп, иштегенге ишенип калышты. Башында, айтмакчы, реформага аябай каршы чыгышты, анткени көп жылдан бери жемкорлук иштери билим берүү системасындагы кызматкерлерди мыйзамсыз киреше менен камсыз кылып турган. Бирок бул кыңыр иштин курмандыктары көбөйгөндүктөн, калк бул реформаны шарт эле кош колдоп колдоду. Өкмөт университеттерди кирүү сынагын алуу укугунан ажыратты. Реформага коркунуч жаратпасын жана маалыматтын чыгып кетүүсүнөн сактануу үчүн ушундай болду. Кудай жалгап ишибиз оңунан чыкты. Эл аралык практикага таянып, мамлекет көз карандысыз сынак борборлорун түздү. Өлкө боюнча, абитуриенттер бир учурда сынак тапшырышчу. 2005-жыл пара бербестен, эч кандай тааныш салбастан, кабылдама кеңселерине коңгуроо какпай окуучулар ЖОЖдорго өз күчү менен тапшырган алгачкы жыл болду. Биринчи жылы мунун бекер жана акыйкат процесс экендигине эч ким ишенген эмес. Көп жылдык жаман тажрыйбадан улам, баары эле татыктуу баллынан көп балл алып жаткандай бири-биринен шек санашчу. Экинчи жылы өткөрүлгөндөн кийин, кирүү сынактарын борборлоштуруу жогору рейтингдүү реформалардан болуп калды. Окуучулар кирүү сынактарына жана жаркын келечекке даярданып мектептерде тырышып окуй баштады. Бул реформанын асылын жакыр райондогу окуучулар көргөндүгүн изилдөөлөр көрсөттү. Кийинчерээк бул процессти башкарууну жеңилдетүү, кол менен жасалмалоодон коргонуу жана элдин ишенимине кирүү үчүн, автоматташтырылган компьютердик тестирлөө (АКТ) киргизилди.

Мектептерди каржылоо: акча окуучуну ээрчийт

Кийинки кадамыбыз катары, Өкмөт мектептерди каржылоону колго алды. Реформага чейин, ал мектептин мүдүрү менен Билим берүү министрлигинин ортосундагы жеке мамилелерге көз каранды болуп келген. Дээрлик бардык параметрлер, жада калса тиги же бул мектепке бекитилген мугалимдердин санынан өйдө алдын ала министрлик тарабынан жактырылчу. Бул система жемкорлуктун айлампасына алып барды. Мектеп мүдүрү бюджетти бекиткен төбөлдөр менен акча бөлүшүп турушкан, мындай нерселер азыр деле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө кадыресе көрүнүш.

Реформа эң жөнөкөй эле. Мурда акча каражаты мектептерге жөнөтүлчү. Келечекте акча каражаты студенттерге берилмекчи. Окуучу менен ата-энеси мамлекеттик болобу же жекеби жашаган аймагына карабастан, өлкөдөгү каалаган мектебине баруу эркиндиги берилди. Бир да мектепке аймактык имарат же артыкчылыктар берилген жок.

Ар бир окуучу мамлекеттен ваучер алчу, ал эми окуучу тандаган мектепке мамлекеттин бюджетинен накталай акча берилчү. Көпчүлүк окуучулар жакынкы мектепти тандашты, ошондуктан кийинки атаандаштык аймактык болду десек болчудай. Бирок айрым учурларда, айрыкча шаарларда, окуучулар беделдүү мектептерде окугусу келишкен. Ашыкча жүктү азайтуу үчүн, ар бир мектеп кабыл ала турган окуучунун саны чектелди. Ал чек мектептин аянтына жараша коюлду. Биринчи класстын окуучулары «оболу келген, оболу тейленет» деген принциптин негизинде кабыл алынды. Электрондук тиркеме да паракорлук иштерден арылууга жардам берди. Бул реформа мектептердин ортосунда чыныгы атаандаштыкты жаратты. Көптөгөн мектептер мыкты мугалимдерди ишке алып жатышты, анткени окуучулар менен ата-энелери мыкты мугалимдерди тандаарын жана акча каражаты окуучуларга берилерин билишти.

Бул реформанын эң маанилүү өзгөчөлүгү окуучулар ваучерин мамлекеттик гана эмес жеке мектептерге да колдоно алгандыгында эле жана акча каражаты натыйжада жеке мектепке которулчу. Ваучердин баасы жеке мектептеги окууну толугу менен жапканга жетчү эмес, ошондуктан аны ата-энелер кошумча төлөшчү, жалпы жыйынтык жакшы атаандаштыктан келип чыкты. Сапаттуу жаңы мектептердин пайда болушуна түрткү болду. Үч жылга жетпеген убакта, жеке мектептердин үлүшү жалпысынан 1,5%дан 14%га чейин өстү.

Бир окуучуга бериле турган ваучердин баасын аныктоо үчүн Билим берүү министрлиги атайы формула ойлоп тапты. Алгач окуучунун жашаган жерине жараша формуланын үч негизги варианты – шаар жери, айыл жери, тоолуу жери бар эле. Айылдагы жана тоолуу райондогу мектептерди каржылаганга кеткен чыгым орточо класстын көлөмүнүн айынан адатта көбүрөөк болору менен түшүндүрүлөт. Анын үстүнө тоолуу райондогу мектептер кыш мезгилинде жылытууга көбүрөөк чыгым коротушат. Ваучердин наркы баарына бирдей боло турган болсо, шаар сыртындагы мектептер жетишерлик каржыланбай калмак.

(Уландысы бар)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер