МЕКТЕП ТАРЫХЫН УЯЛАГАН ӨМҮР

  • 28.03.2025
  • 0

Батмабүбү Кыдыралиева 1993-жылы Токмоктогу айтылуу маданият техникумун артыкчылык диплому менен аяктап, 1997-жылы айылдык китепканадан эмгек жолун

баштап, көп өтпөй Ашым Калыбаев атындагы орто мектебине китепканачы болуп которулат. Ошондон бери өз кесибин аркалап, үзүрлүү эмгектенип келет.

Натыйжалуу эмгеги, ишиндеги ийгиликтеи үчүн бир катар сыйлыктарга татыган. Кара-Буура (азыркы Ч.Айтматов району) районунун билим берүү бөлүмүнүн жана райондук акимиаттын Ардак грамоталары менен сыйланган. Мындан тышкары, ал 2014-жылы «Айылдын мыкты мугалими», 2018-жылы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата атайын төш белги; 2019-жылы «Жылдын мыкты китепканачысы»; 2020-жылы С.Чокморов атындагы III даражадагы диплому;  2021-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы; 2022-жылдын «Жылдын мыкты китепканачысы»; «КР Билим берүүнүн мыктысы» аттуу сыйлыктардын ээси болду. Төмөндө биз анын эмгек жолу туурасында азын-оолак кеп кылмакчыбыз.

МЕКТЕП ТАРЫХЫН УЯЛАГАН ӨМҮР

Мектептин мугалимдер жамаатынын кеңешмесинде, болбосо, ата-энелердин окуучуларга байланыштуу демейдеги жыйындарда Батмабүбү Кыдыралиева тиги тигиндей, бул мындай деген пикирин ортого көп сала бербейт. Андай учурда ал мугалимдердин же ата-энелердин максаттуу ойлорун угуп, ар бирин өзүнчө купуя жыйынтыктайт. Арийне, ал айылындагы окуучуларынын ар биринин кулк-мүнөзүн, кыялын, мугалимдерден алган сабаты кандай, ынтызары кандай, ичинен гана баа берет. Анткени ал ушул мектепте көп жылдан бери китепканачы болуп иштеп, ар бир окуучу кыз-баланын мүнөзү кандай, билим алуудагы умтулуусу, ынтызары, жүрүм-турумдары, тартиби кандай, ар бирине көз салып, жекече баа берип келет…

«Иштин ийне жибинен бери» дегендей, ар бир окуучунун биринчи класска кирип окугандан тартып, окуусун бүтүп кеткичекти анын көз алдында. Кимиси кандай окуйт, кимиси кайсы предметтик окууга кызыгат, келечекте ал ким болгусу келет, баарысы анын баамында. Окуучуларынын жаш өзгөчөлүгүнө жараша көркөм абадий китептерди да өзү сунуштайт. Анан калса, ал өзү дагы ушул Ак-Жар айылындагы ушул мектептен билим алган эмеспи.

Билим алган демекчи, өткөн кылымыбыздын 1965-жылдын 1-сентябрында так ушул мектептин 1-классынын астанасын аттабады беле. Ошондогу өзүн окуткан мугалимдер: Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары Кенжебай Тыналиев, математик, немец тилинен сабак берген Сүйүнбай Нусуповдон, саал берегилери Төрөбек Асылбеков, Жапаркул Нарманбетов, Токтогул Албанов, кийинкилери – Зина Тургуналиева, Сейдекүл Сатымкулова. Алардын көздөрү өтүп кетсе дагы, ар биринин бейнелери күнү бүгүнкүдөй Батманын жадында, көз алдында. Ошолордун көздөрүн көрүп, тарбияларын, билимин алган.

Баса, Ашым Калыбаев демекчи, ал так ошол учурда ушул мектептин директору болуп иштеген. Сегиз жылдыктын бүтүрүүчүлөрү башка айылдардын, же райборбордогу жатак орто мектептерге алыстап окуп кетпей, өз айылында орто мектеп болуп, билим алса деген изги тилегин ишке ашыруу максатын көздөйт. Мектепте кошумча класстык имараттарды ашар жолу менен курдурат. Анын барбаган жери, жогорку жактагылардын каккылабаган эшиктери калбай, акыры орто мектепке айландырат… Ошолордун баарысы, ар биринин педагогикалык, тарбиялык жолу күнү бүгүн да Батмабүбүнүн көз алдында.

Өткөн эле жылы Ашым Калыбаев атындагы орто мектебине эки кабаттуу имарат куруп берилип, мында 270 окуучуга, 21 мугалим билим, тарбия беришүүдө. Анан калса, бул имарат айылдын да көркүнө көрк  кошуп, ажарын ачып койду.

МЕКТЕП ТАРЫХЫН УЯЛАГАН ӨМҮР

Бүгүнкү күндө Батмабүбү Кыдыралиева ушул Ашым Калыбаев атындагы орто мектептин жамаатынын дагы эң улуусу болуп калды. Кеп кезеги келе калса, ушул мектептин окуучуларынын ар бирине берер оңдуу баасы бар, сөзү да бар…

Арийне, ал өзү жашаган Ак-Жар айылынын ар бир окуучусу, кыз-баласы, анын көз алдында чоңоюп, эс тартып жатышпайбы.

Жумабек ТОКТОГАЗИЕВ, журналист

Бөлүшүү

Комментарийлер