МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНА КИМДЕР КЕЛАТАТ?

  • 23.03.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп директорлор сынагынын жаңы Жобосу боюнча жарыяланган сынакка 18-28-мартка чейин документтер кабыл алына баштады. Бош орундар үчүн талапкерлер өз дараметтерин сынашат. Сынакка катышам деген айрым талапкерлер менен байланышып көрдүк.

Кимдер келатат?

Өткөн сынактын Жобосу боюнча директор болом дегендерге кенен мүмкүнчүлүк берилген эле. Тилекке каршы, сынактан өткөн айрым директорлор жамаат менен тил табыша албаса, экинчилерине мектеп жамааты каршы чыгып, жолотпой койгон, үчүнчүлөрү — жаш болуп жумуштун көзүн билбегендиктен, өздөрү эле арыз жазып кетишкен. Көбүнчө талапкерлер чу дегенде эле документтерин туура толтурганды билбей, Жобонун талабына жооп бербестен, өзүнүн электрондук почтасынан салганды билбей сынактан четтеп калышкан эле. Ошондой талапкерлердин бири Жумгал районунан Тамчыгүл Турусбекова.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНА КИМДЕР КЕЛАТАТ?

 

— Өткөн жылы директорлордун конкурсуна документтеримди салсам, сынак башталганына он күн калганда телефон чалып, “Сиздин документтер экспертизадан өтпөй калды” дешкен. Бирок “он күндүн ичинде кайра оңдоп берейин” десем, болбой коюшту эле. Быйыл кайра катышам. Негизги Баш мыйзамга деле  өзгөртүү киргизип жатпайбы, эмнеге сынактын Жобосуна өзгөртүү киргизсе болбойт? Мен Жумгалда БУУнун Аялдар программасынын алкагында үч жылдан ашык убакыттын ичинде аз камсыз болгон, билими жок 84 аялды иш менен камсыз кылып, ,,БАЙЗАК» ГВПсына 648 000 с. топтоп, андан тышкары бир күнөскана, бир тигүү цехине беш машинка, бир кондитер цехине беш проектисин тартып келип, иш ордун түзүп бергем. Менеджерлик, уюштуруучулук, ойлоп табуучулук, инновациялык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу жагынан алдыма эч ким чыкпайт, айылдагы аз камсыз болгон аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып, бир топ  жетишкендиктерди көрсөтө алдым. Мектепте завучтар ,,түшпөс хан» болуп жүрүшкөндө, мен өз алдымча мамлекеттик эмес уюмдар менен иштешип, карапайым элге пайдамды тийгизип келем. Завуч болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк берилген эмес, анткени директор мага каршы болчу, ал эмес эмгек китепчемди булгап, өчөшүп жумуштан кетирген. Ошондо мен директор болуп иштей турган укугумдан ажырап каламбы?  — дейт талапкер.

Талапкердин эсине сала кетсек, сынактын жаңы эрежеси боюнча конкурска катышууга педагогикалык жана (же) билим берүү чөйрөсүндө иштеген башка адистик боюнча тиешелүү жогорку кесиптик билими бар; жалпы билим берүү уюмунда 7 (жети)  жылдан кем эмес үзгүлтүксүз педагогикалык, анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарына ылайык директордун же директордун орун басарынын кызмат ордунда 2 (эки) жылдан кем эмес иш стажысы бар; ыйгарым укуктуу органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө башкы кызмат ордунда 2 (эки) жылдан; ыйгарым укуктуу органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө улук кызмат ордунда 3 (үч) жылдан; аймактык билим берүү органдарынын алдындагы методикалык кабинеттердин жетекчиси кызмат ордунда 5 (беш) жылдан кем эмес үзгүлтүксүз педагогикалык иш стажысы  бар; атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 (беш) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдары үчүн) болсо сынакка катыша алат. Эгерде белгиленген талаптарга жооп бербесе, албетте, катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Баткен району

Алыскы Баткен облусундагы Токтогул атындагы мектептин директорунун милдетин аткаруучу Рахима Айдарова аталган сынакка биринчи жолу катышып жатат.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНА КИМДЕР КЕЛАТАТ?

— Конкурстун жакшы жагы – тааныш-билиш, тууган-урук, трайбализмге жол берилбейт. Татыктуу талапкерлер гана жетекчилик кызматка өтө алат. Жетекчи деген мыйзамдарды, анын ичинен билим берүү боюнча, ошондой эле эмгек кодексин билиши шарт, анын милдети конкурста ушул багытта жана педагогика, психология боюнча суроолорго жооп бериши керек, — дейт талапкер.

Аталган мектепте Р.Айдарова окуу бөлүмүнүн башчысы болуп он жылдан бери эмгектенип келет. Өткөн жылдын август айынан бери мектеп директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалаган. Эгерде сынактан өтүп калса, ал эң негизи мектептин көйгөйү болгон окуучуларды олимпиадага чыгаруу  маселесин көтөрөт.

— Буюрса, өтүп калсам, эң башкы максатым – билим берүү сапатын көтөрүү, окуучуларды билим алганга кызыктыруу, ата-энелерди мектепке тартуу. Мындан сырткары мектептин айлана-чөйрөсүн таза кармоо менен бирге көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бургум келет. Негизи мектептин стратегиялык планын түзүп чыккам. Ошонун негизинде иштейм. Жетекчиликке бара турган талапкер билим тармагына тиешелүү бардык мыйзамдарды, нормативдик документтерди билиши зарыл. Балдардын укуктарын билиши керек, кандай мугалимдерди мектепке алуу керек экени да маанилүү, — дейт Р.Айдарова.

Талапкер төрт тилде сүйлөйт: кыргыз, орус, өзбек, казак. Кесиптештеринин айтуусу боюнча, Рахима Айдарова  акылдуу, ыймандуу, жамаат менен тил табышып, ынтымактуу иштеп келатат. Абдан шайыр. Ал китеп окуганды жакшы көрөт, кичине эле колу тийсе адабий китептердин бирөөнү калтырбай окуйт. Рахима мыкты ырдайт, кыргыз күүлөрүн комузда келтире чертет, ошондой эле спорт менен көп машыгат.

— Дагы бир максатым — санарип  Академиясын өнүктүрүү, аны коомго жайылтуу, жамаатка багыт берүү. Мен билим берүү сапатын жогорулатууда билим берүү системаларын башкаруу теориясын жана методдорун, башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу, алардын кесепеттерин болжолдоо боюнча билимимди өз алдынча өркүндөтүп жатам.  Ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алам жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээмин деп ойлойм. Эң башкысы IT технологияларын колдоно билем, — дейт талапкер.

Р.Айдарова 37 жылдан бери мектепте мугалим, мектеп директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеди. Жаш муунга билим, таалим-тарбия берүүдө бир топ ийгиликтерди жаратып, көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болду. Алсак, Токтогул атындагы орто мектебинин,  айыл өкмөтүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Баткен Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошунунун райондук комитетинин, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен облустук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 2018-жылы ал “Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, ал эми 2023-жылы “Кыргыз Республикасынын мыкты профсоюз мүчөсү” төш белгиси менен сыйланган.  Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын мээримдүү энеси.

Чүй облусу

Эльмира Конокбаева Бурана айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Арык айылындагы Калча орто мектепте тарых мугалими болуп 2001-жылдан бери эмгектенип келген. 2018-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Жаңы-Жол айылындагы Сыдыгалиев атындагы №9 мектебинде мектеп директору болуп иштеп келатат.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНА КИМДЕР КЕЛАТАТ?

 

— Беш жылдын ичинде көптөгөн жакшы иштерди жараттым. Мен келген жылы мектеп жаңы ачылган эле. Бул мектеп арабдардын жардамы менен салынган, албетте, бүгүнкү күнгө чейин алар жардам берип келишет. Бул сынакка катышуумдун себеби – жасалган ишимди уласам дейм. Билим берүү жана илим министрлиги биздин мектептин базасында кыска мөөнөттүк, үч сааттык бала бакча уюштуруп жатат. Азыр 50 бала кабыл алынды. Ошо бала бакчаны дагы кошо алдыга жылдырсам деген оюм бар. Директор заман агымы менен кошо болушу шарт. Ириде мектеп директору заманбап болушу керек: акыркы муундагы технология менен иштегенди билүү, мектепке демөөрчүлөрдү тартуу, заманбап технологияларды пайдалануу менен бирге окуучуларга, мугалимдерге туура багыт берүүсү зарыл. Эң башкы максатым – билим берүү деңгээлин жогорулатуу, балдар мектептен качпай, тескерисинче, кызыгуу менен келип окуусун каалайт элем. Жакында билим берүү системасы модернизацияланат деп министрибиз Догдуркүл Шаршеевна көп маалыматтарды берип жатат. Ар бир сөзүн кылдаттык менен угуп, биз эгерде 12 жылдыкка өтсөк, эмнеге көңүл буруу керектигин изилдеп, иликтеп жатам, — дейт талапкер.

 Талапкерлердин эсине!     

Жетекчинин бош кызмат ордун ээлөөгө Конкурс бир мамлекеттик же муниципалдык жалпы билим берүү уюмунда 5 (беш) жана андан ашык жыл иштеген бардык жетекчилер үчүн, ошондой эле жаңы эксплуатацияга кабыл алынган мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын бардык жетекчилери үчүн өткөрүлөт.

Бир эле жалпы билим берүү уюмунда жетекчилик кызмат ордунда жалпысынан 10 жылдан ашык иштеген талапкер ошол эле жалпы билим берүү уюмунун жетекчилик кызмат ордун ээлөөгө Конкурска катыша албайт.

Талапкерлер талап кылынган документтерди 2024-жылдын 11-мартынан 28-мартына өзүнүн ЖЕКЕ электрондук почтасы (башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер