МАТЕМАТИКА ТУРМУШ МЕНЕН АЙКАЛЫШКАНДА
- 09.02.2026
- 0
Билим берүү тармагында акыркы жылдары эң көп талкууланып жаткан маселелердин бири — окуучулардын алган билимин турмушта колдонуу жөндөмү. Айрыкча математика сабагында бул көйгөй ачык байкалат: балдар формулаларды жаттап алышат, бирок аны реалдуу жашоодо пайдаланууда кыйналышат. Нарын шаарындагы В.П. Чкалов атындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалими Гүлзат Мусабекова дал ушул маселеге көңүл буруп, окуучулардын муктаждыгынан чыккан «Математика турмушта» инновациялык демилгени ишке ашырды.


Бир сабак учурунда он жаштагы окуучуларыма берилген жөнөкөй суроо бул демилгенин башаты болду: узундугу жарым метр болгон канча тактайдан эки метрлик отургуч жасоого болот? Окуучулар формуланы билгени менен, аны колдонуп эсептей алган жок. Бул мисал мен үчүн мугалим катары маанилүү жыйынтыкка алып келди: көйгөй балдардын жөндөмүндө эмес, математиканын турмуш менен байланыштырып окутулбагандыгында экен.


Бул көйгөйдү тереңдеп изилдөө үчүн аталган мектептин дизайн командасы тарабынан жүргүзүлгөн баалоо жана изилдөө да бул тыянакты тастыктады. Окуучулардын сынчыл ой жүгүртүү, талдоо жүргүзүү, тапшырманын маңызын түшүнүү жөндөмдөрү жетишсиз экени аныкталды. Айрыкча бөлчөктөр, пайыздар, өлчөө бирдиктери сыяктуу темаларда олуттуу кыйынчылыктар байкалды. Балдар окуу китебиндеги мисалдарды чыгара алышканы менен, күнүмдүк жашоодогу жөнөкөй эсептөөлөрдү аткарууда кыйналышкан.

Ошондо окутуунун мазмунун кайра карап чыгуу чечими кабыл алынды. «Математика турмушта» демилгесинин негизги максаты — математиканы абстракттуу формулалардын жыйындысы катары эмес, турмуштук маселелерди чечүүнүн куралы катары көрсөтүү болду.
Сабактарда жана сабактан тышкаркы клубдук иштерде чыныгы жашоодон алынган мисалдар колдонулду: имараттарды оңдоо иштерине керектүү материалдарды эсептөө, арзандатууларды аныктоо, салмакты, суюктукту эсептөө жана ресурстарды туура бөлүштүрүү. Окутууда «түшүндүрүү» эмес, суроо коюу ыкмасы артыкчылыкка ээ болуп, балдар жоопту өз алдынча издөөгө багытталды.
Математика этнопедагогика менен айкалыштырылып, ата-бабалардын эсептөө ыкмалары, аралыкты жана убакытты аныктоо тажрыйбалары колдонулду. Мисалга алсак, кулач — эки колду кергендеги ортодогу аралык;
кадам — адамдын орточо арышы, бир метрдин тегереги;
саржан — 2,134 метрге барабар узундук, жер эсептөөдө азыркыга чейин элет жеринде колдонулуп келет.
Ошондой эле STEM ыкмалары, долбоордук ишмердүүлүк жана чыгармачыл тапшырмалар кеңири киргизилди. Натыйжада окуучулар өлчөп, курушуп, чыгымдарды эсептегенге үйрөнүштү.
Демилгенин натыйжалары да байкаларлык болду. 4-класстарда окуу жетишкендиги 6 пайызга, 9-класстарда 15 пайызга өстү. Окуучулардын өзүнө ишеними артты, командада иштөө жана жоопкерчилик алуу көндүмдөрү калыптанды. Текстти окуу жана түшүнүү, сынчыл ойлому жогорулап, эң маанилүүсү — балдар билимдин чыныгы баалуулугун түшүнө башташты.




Бул иш «Мектептер 2030» программасынын алкагында ишке ашырылып, инсанга багытталган дизайн (HCD) ыкмасы аркылуу окуу процессине баланын көз карашы менен кароого шарт түздү. VITAL инструментинин жардамы менен билим берүү чөйрөсүнүн күчтүү жана алсыз жактары аныкталып, окуучулардын муктаждыгына ылайык жакшыртуулар киргизилди.
«Математика турмушта» тажрыйбасы бир нерсени даана көрсөттү: математика турмуш менен байланышканда ал түшүнүктүү, пайдалуу жана кызыктуу болот. Ал эми окуучу эмне үчүн окуп жатканын түшүнгөндө, билим алуу анын ички муктаждыгына айланат. Бийик тоолуу, катаал климаттагы аймакта да билимге болгон кызыгууну ойготууга мүмкүн экендиги дал ушул тажрыйба аркылуу далилденди.


Бул инновациялык тажрыйбанын жогорку деңгээлде таанылышы мугалимдин эл аралык аянтчадагы катышуусу менен да бекемделди. 2025-жылдын июнь айында «Мектептер 2030» программасынын IV Глобалдык форумуна катышып, Кыргызстандын атынан өз тажрыйбамды сунуштадым. Форум Кения мамлекетинин борбору Найроби шаарында өтүп, дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн келген педагогдордун, эксперттердин жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн башын бириктирди.
Форумдун жүрүшүндө «Математика чыныгы турмушта» (Math4Life) инновациялык долбоорун тааныштырып, математиканы окуучулардын күнүмдүк жашоосу, жергиликтүү чөйрө жана реалдуу маселелер менен байланыштыруунун натыйжалуу жолдорун көрсөттүм. Бул катышуу кыргызстандык мугалимдердин тажрыйбасы эл аралык деңгээлде бааланып, мугалим демилгеси менен жаралган инновациялар глобалдык билим берүү мейкиндигинде атаандаштыкка жөндөмдүү экенин далилдеди.
Гүлзат МУСАБЕКОВА, В.П.Чкалов атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими
Маалымат үчүн:
2020-жылдын сентябрь айынан тарта «Мектептер-2030» 100 мектепке чейинки жана мектеп билим берүү уюмдары менен иш алып барып келет. Бул иш-аракеттер БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ЦУР) аяктаганга чейинки акыркы он жылдыкта жүргүзүлүүдө. Максаты — мугалимдерге жана билим берүү процессинин башка катышуучуларына билим сапатын жакшыртуу үчүн мектеп деңгээлинде жаңы чечимдерди иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана баалоого көмөктөшүү. Программа 2020–2030-жылдар аралыгында үч когортанын (5тен 15ке чейин, 10дон 20га чейин жана 15тен 25 жашка чейин) билим берүү өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөрдү жана мектеп деңгээлиндеги чечимдер менен болгон байланышын көзөмөлдөйт.
Комментарийлер