МАНАС — УЛУУ КАСИЕТ, УЛУУ КҮЧ
- 09.12.2025
- 0
Президент Садыр Жапаровдун «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу доктринасы боюнча WhatsApp онлайн форматы уюштурулуп, угармандардын саны миңден ашып, колдоого алынды. Тарыхый, идеологиялык документ элге кызмат кылуучу практикалык багытка айланды. WhatsApp онлайн жолугушууга топтун түзүүчүсү Шахзада Авсаматова белгилүү окумуштууларды, мамлекеттик кызматкерлерди, агартуу, маданий, саясий ишмерлерди ж.б. чакырып, кызыктуу маектер уюштурулууда. Уюткулуу улуу журттун урпактарына доктрина боюнча маекке чакырылгандар сунушун берип, пикирин айтып, ой толгоосун ортого салышууда. Бул жолу онлайн уктуруунун коногу, белгилүү манасчы Замир БАЯЛИЕВдин маегин сунуштайбыз.

“Манас” — кыргызды тарбиялай турган улуу сабак
Айкөл Манас жана мамлекеттүүлүк туурасында сөз кыла турган болсок, ушул күндө Манас — бирөөлөр үчүн жөн эле эл жерин коргогон баатыр, андан терең билгендер үчүн Манас — таянар тоосу, жөлөнөөр тилеги, андан да терең билгендерге Манас — каны-жаны менен айланган, өз тукумун өзүнө таанытып туруучу улуу күч, жок болуп кетпөө коркунучунан сактаган руханий курал. Бул кылымдар бою кыргыз элине, жанына азык болуп, кароосун казык кылып, кыргызды колдоп-сүрөп, ушул күнгө жеткен айдыңы асманды көргөзүп, жер бетинде болгон улуу касиет, улуу күч десек болот.
“Манас” кыргыз эли үчүн кылымдар бою бирге жашай турган колдоочу күчкө ээ, адашса жол көрсөтө турган, мамлекеттүүлүктүн туусун желбирете турган, ар бир кыргызды тарбиялай турган улуу сабак. “Манас” эпосундагы жанбайлыктар кылымдар бою кыргыздын жакасына жармашып, этегине эрмешип, өзүнүн багытын, руханий азыгын берип, кыргызды улут катары жок кылбай сактап келет. Андыктан биз Үркүндө дагы, ачарчылык заманда дагы, жыргал замандарда да Манас менен жашаганбыз: “арбагыңдан айланайын Манас, касиетиңен кагылайын Манас” деп андагы окуяларды манасчылардан чоң ынтаа менен угуп, талаага тайын, короого коюн таштап коюп, аны угуп эле тим болбой, уул-кыздарына, урпактарына кара сөз менен болсо дагы жеткирип айтып келген элбиз. Келечекте, бүгүнкү заманда дагы биз өнүгүп, эң мыкты, өнүккөн мамлекеттердин сап башында турган, робот жумшап, бүт технологиялык баскычтар менен жүрүп калган күндө дагы, “Манас” бизге мамлекеттин өзөгүн түзгөн, урпактарды тарбиялаган, келечекке жол көрсөткөн руханий курал болуп калат. Муну эч убакта унутпашыбыз керек! “Манас” эч убакта эскирбейт, көөнөрбөйт, улам кылым өткөн сайын баасы дагы, анын руханий күчү дагы бийиктеп, кылымдарга жол көрсөтүп турат. Ошондуктан “Манастагы” жанбайлыктарды жөн эле бир сабагын алып көрө турган болсок, мамлекеттүүлүккө, элдүүлүккө, же бир жеке үй-бүлөгө калыстык, акыйкаттык, коомго адилдик керек болсо, ошол “Манаста” бар. Манас душмандарын жектебейт, душман деп эле кордой бербейт, анын акылы, ак дили, билими, акыйкат жүрүштөр болсо, калыс баалайт, адилет айтылат, мына ушул “Манастагы” жанбайлыктар. Эгерде туугандарынын кемчиликтери болсо, аны дагы калыс баалап, акыйкат айтып, адилдик менен чечип берет. Бул ар бир үй-бүлөнү ушундай улуу касиеттерге, улуу түшүнүктөргө алып келе турган улуу сабактардын бири.
Кыргыз — руханий баалуулукту баалаган эл
Кыргыз элинин эң чоң өзгөчөлүктөрүнүн бири — ушул жаратылыш менен эриш-аркак шайкеш жашап келгенинде, жаратылышты өзүнүн ээлиги катары эмес, өзүн жаратылыштын бир бөлүгү катары көргөнүндө. Кыргыздын түпкү улуттук дүйнө таанымына ылайык, адам баласы дүйнөнүн ээси эмес, дүйнөнүн бир бөлүгү. Бекеринен “иттин ээси болсо, бөрүнүн теңири бар” деген сөз чыккан эмес. Ушунун өзү жаратылыш менен жуурулушуп, жаратылышка сый мамиле кылып, жашаган жашоо кыргыздын дүйнөгө карата болгон мамилесинин өзөгүн аныктаган. Эми мисалдарын келтирсем: ыплас сууну агып жаткан сууга төкпөйт, күлдү көөмп кетет, анан кайсыл жерде болбосун булгабайт, булгаса тазалайт. Ушинтип жашаган кыргыз. Алтургай кең байлыктарга деле өтө тийчү эмес. “Алтын дегендин уусу, анан буусу болот. Жерди көп каза бербегиле, балдар” деп улуулардын айткандарын бала кезде угуп калчумун. Ал кезде маанисин деле түшүнчү эмесмин. Кыргыз өзү алтын, тиги-буга деле өтө кызыга бербеген эл болот. Кыргыз материалдык баалуулукка караганда руханий баалуулукту көбүрөөк баалаган эл. Руханий баалуулугу жанында эле жүргөн, өнөрү, өзгөчөлүгү, чеберчилиги астында салынып жүргөн шырдагынан тартып, үстүндө тигилип турган боз үйүнө чейин бүт бойдон ошол өнөрдүн натыйжасы болуп атпайбы. Демек, кыргыз бул дүйнөгө жаратылышка өтө аяр мамиле кылган, аны менен жашоо өзүнүн турмушунун негизги шарты экенин билген. Бекеринен “Кожожаш” сыяктуу эпостор чыккан эмес. “Эгерде табиятка кыянат мамиле кыла бере турган болсоң, акыр аягы, таянар тооң жок, астыңда таканчык жок, бара турган жериң жок, куу аскада каласың” деп илгери эле ата-бабалар эскертип кеткен жагдай ошол. Мунун баарын тең азыркы убакта биз аткарып жатабызбы же аткарбай жатабызбы? Ал өтө чоң маселе, чындап келсек, бүт жагынан аткарбай, көп жагынан бузуп атабыз, алтургай кыргыз эли бул жагынан алганда башка элдерден артта калды деп айтсак болот. Мунун көп себептери бар, бирок бир мисалын айта кетейин, кыргыз балык жеген эмес, анан көлгө түшкөн эмес. Балыкты ошо суунун курту деп койчу экен, тийген эмес. Илгери менин таенем Үркүндү көргөн эле, ал кишинин туугандары орустар жаңы келгенде бир сазанды бир чака буудайга алмаштырып, күн көрүптүр. Ошондо ага чейин кыргыз балык кармап көрбөптүр. “Сазан келип көлдүн жээгиндеги самын ташка ойногондо, самын таштын үстү көрүнбөй калчу эле” дейт. Ал киши көлгө деле түшкөн жок, анткени илгерки кишилер көлгө түшчү эмес, мындай эле сыйынып келип, бетин жууп, жакшы тилектерин айтып кетишчү. Сыйынат десе, азыркы оюу кыскалардын түшүнүгү боюнча жаратылышты, дүйнөнүн баарын ушул көл, тоо жасады дешет. Андай эмес, антип эч ким сыйынган эмес, ал ошо өтө кооз, көздүн жоосун тайгылткан жерлерге өзүнүн сыйын көрсөтүү, ошого карата болгон мамилесин билдирүү болгон. Ал эми кыргызда табият менен болгон байланыш ушунчалык бекем болгондуктан, кадимкидей салттарына кирип калган. Алсак, оңко тургузган мергенчи жаныбарларды атканын токтотот, болбосо каргышка калат деп кадимкидей эскертилет. Ошондой окуяларды көрүп да жүрдүк. Мунун баары бекеринен чыккан эмес, азыр баарын жандандырып, керек болсо кыргыздын дүйнөгө көрсөтө турган, тартуулай турган өзгөчөлүгү катары өнүктүрүп, мүмкүн болушунча кийинки муундарга калтырышыбыз керек.

Биримдик менен ынтымак
Биримдик менен ынтымак дегенде, биримдик деген сөздүн өзү биригүү деген сөзгө үндөш. Эгерде улуттук формуласын айта турган болсок, унитардуу мамлекеттерде көпчүлүктү түзгөн улуттун тегерегинде азчылыкты түзгөн улуттар биригет. Ошонун тилинде сүйлөйт, баалуулуктарын негизги баалуулук катары кабыл алат. Ушул принциптин өзү улуттун, мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылат. Албетте, ошол башка улуттардын дагы өзүнүн укуктары, жаран катары көздөгөн максаттары бар. Бирок ким кимдин тегерегинде биригет дегенде, көпчүлүктү түзгөн ошол мамлекетке атын берген улуттун тегерегинде башка улуттун өкүлдөрү биригет. Башка формулалардын бардыгы мамлекетти кыйратууга гана алып келет, ошондуктан бул принципти кармануу өтө маанилүү. Бул жагынан алганда, биринчи эле кыргыз тилинин тегерегинде баарын бириктирип алганга жетишсек. Кыргызстанда кыргыз тилин улут аралык баары колдонгон тилдин абалына жеткире алсак, демек, биз ошонун өзү менен мамлекеттүүлүктү куруунун бир чоң кадамын таштаган болобуз. Мен алтургай ушунча көп убакыт кеткендиктен, кийинки убакта Кыргызстандын элинин баары улутуна карабай туруп, бири-бири менен жалаң кыргызча сүйлөшүп, кыргыз тили илимдин, техниканын, мыйзам чыгаруунун, кадыр эсе тилдин айланасында айланган кыргыз тилинин үстөмдүгү толук орногон бардык чөйрөдө, менчик формасына карабастан, ошол убакка мен жетемби, жетпей каламбы, ошол доорду көрөмбү, көрбөй каламбы деп көп ойлончу болдум. Ошол эле сыяктуу биримдик деген нерсе экинчи чоң маселе. Бул кайра эле ошол улут маселесине барып такалат. Кыргызстанда канча улут болсо дагы, ушул мамлекет үчүн өмүрүн арнап, керек болсо жанын бере турган болсо, анан калган маселелердин барын тең чечсе болот. Эгерде баягы “чыккан кыз чийден тышкары” деген принцип бузулуп, Кыргызстандагы улуттардын башка бир улуттардын өкүлдөрү башка мамлекетте көпчүлүктү түзгөн болсо жана ал биздин өлкөнүн ички ишине кийлигише бере турган болсо, өлкөдөгү баалуулуктарды, мекени катары Кыргызстанды көрбөй турган болсо, анда ынтымак жөнүндө кеп болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан Кыргызстандын жарандыгы бул жалаң эле укук эмес, милдет дагы болууга тийиш. Кыргызстандын жарандыгын кабыл алып жаткан ар бир адам өлкөнүн кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан, диний кызыкчылыктарынан жана башка мамлекеттерге болгон симпатиясынан жогору коюу милдеттемени ачык түрдө алыш керек. Ошондо Кыргызстандын эгемендигин коргоого, аны биринчи планга коюуга даяр болгон жарандардын бүтүндөй бир коому калыптанат. Бул жалаң эле укук категориясы эмес, милдет категориясына дагы айланууга тийиш.
Экологиялык чынжыр
Жогоруда айткандай, “Кожожаш” эпосунда көрсөтүлгөн, андан тышкары жана үрөн сээп жатканда айтылчу ырым сөздөр: “курт-кумурскага, жан-жаныбарга, тиге-буга” деп жан жаныбарлардын баарын тең атап келип, аягында адамдарды атап, андан кийин адамдарга берекеси тийсин деп тилек кылышкан. Бул бир, анан бардык нерсенин убал- сообу деген чоң түшүнүк бар кыргызда, алтургай “чөптү кордосоң, көзгө зыян” дейт, башкача айтканда жаратылыштын бардык нерсесине зыян кылсаң ал сезет, объективдүү түрдө өзүңө зыян болуп кайтып келээрин экологиялык чынжырдын бар экенин ошондо эле билген. Ошондуктан жаратылыштын мыйзамдарын жакшы билген үчүн дагы кээ бир мыйзамдардын өзүнүн турмушунда колдонуп атпайбы. Жакын туугандар үйлөнбөсүн деген мыйзам ошол жактан келип чыккан. Мал киндиктүү болгон билет да, малдын тукуму кайсыл убакта майдаланып, кайсы убакта бузулаарын, бул турмуштук тажрыйбадан чыккан нерселер баары тең. “Чөптү жөн эле жула бербе” дешкен илгери, бизге кичинекей кезде айтышчу, малды башка чаппа ж.б. ушул сыяктуу тыюулар бар болчу. Булактын көзү жабылып калса ачып кой деп. Жаратылыштагы табигый процесстерге жардам берип коюш гана мүмкүн, ага тоскоол кыла турчу нерселердин барына тең кыргызда тыюу салган.
Даярдагандар: Гүлнара АЛЫБАЕВА,
Салия ЖЫЛДЫЗБЕК кызы, “Кут Билим”
Комментарийлер