“МАНАС” ФЕНОМЕНИНИН КОНТЕКСИНДЕ АКАДЕМИК А.АКМАТАЛИЕВДИН ИЛИМИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

  • 30.03.2026
  • 0

Академик, филология илимдеринин доктору, профессор, КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын ээси Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ 70 жашта                                                                                                      “МАНАС” ФЕНОМЕНИНИН КОНТЕКСИНДЕ АКАДЕМИК А.АКМАТАЛИЕВДИН ИЛИМИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ            

“Манас” эпосу  коммунисттердин тоталитардык бийлигинин мезгилинде идеологиялык күрөштүн чордонуна айланып, К.Тыныстанов сыяктуу илимпоздор курмандыкка чалынып, трагедиялуу тагдырга кабылса,  канчасы сүргүнгө айдалып, азаптуу өмүр сүрүшкөн. 1952-жылдагы бүткүлсоюздук конференцияда “Манасты” зыяндуу эпос катары жок кылууга аракет кылган П.Балтин, Ж.Самаганов, Г.Нуров сыяктуу вульгардык социологиянын куу союл сынчылары менен эпосту сактап, элге кайрып берүүгө бел байлаган М.Ауэзов, Б.Юнусалиев өңдүү нагыз илимпоздордун ортосунда кырды бычак кармашуулар жүрүп, союз убагында улуу эпостун тагдыры татаал болду.

Эгемендүүлүк жылдарында ак жалгап,  “Манас” эпосунун жолу ачылды. Эпостун 1000 жылдыгы өткөрүлдү, залкар манасчылар Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин классикалык варианттарынын академиялык басылмалары жарык көрдү, бул варианттар боюнча энциклопедиялар түзүлдү. Тоголок Молдо, Багыш Сазанов, Шапак Рысмендеев, Молдобасан Мусулманкулов, Ибраим Абдракманов сыяктуу манасчылардын да варианттары китеп болуп чыгып, окурман журтуна тартууланды. “Манасты” изилдөө, пропагандалоо, жайылтуу, дүйнө элине таанытуу иштери жигердүү жүргүзүлүп жатат. Бир караганда улуттун сыймыгы болгон улуу эпос боюнча ушул омоктуу иштердин бардыгы эле өзүнөн өзү бүтүп, оңой эле жүзөгө ашып жаткандай көрүнгөнү менен бул опол тоодой иштердин бардыгы каруусун казык кылып жан тынымын албай, баш көтөрбөй иштеген кызылдай мээнет, канча түйшүк, бүтпөгөн күрөш  менен аткарылып, уюштуруу иштеринде чачтан көп проблемаларды чечүүгө, канча тоскоолдуктарды жеңүүгө туура келгендиги академик А.Акматалиевдин “Манас”-бүтүндөй бир руханий аалам” (2025-ж.)  аттуу китебин окугандан кийин дайын болот. Аталган китепке академик А.Акматалиевдин “Манас” эпосу боюнча өлкөнүн масштабында жүргүзүлгөн иштерине байланыштуу берген интервьюлары, улуу эпос, манасчылар,  манас таануучулар жана Ч.Айтматовдун чыгармачылыгында “Манас” эпосунун ролу, залкар жазуучунун эпосту изилдөө, таанытуу, жайылтуу жаатындагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири  жазган  илимий эмгектери киргизилген.

“МАНАС” ФЕНОМЕНИНИН КОНТЕКСИНДЕ АКАДЕМИК А.АКМАТАЛИЕВДИН ИЛИМИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮЖогоруда белгиленгендей эгемендүүлүк жылдарында эпосту басмага даярдоо, жарыялоо, изилдөө багытында опол тоодой иштер бүткөрүлгөн, бирок, ошол жасалган ар бир иштин артында көптөгөн  аракеттер, чаалыкпаган эмгек турарын баары эле биле бербейт. Бул иштер академик А.Акматалиев жетектеген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунда аткарылган.  Башкасын айтпаганда да  “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүү демилгеси алгач Кыргызстандын окумуштууларынын  ордосу болгон Улуттук илимдер академиясында көтөрүлгөнүн коомчулугубуз билбейт. Көрсө, 1992-жылы КР  Президенти А.Акаев катышкан Улуттук илимдер академиясынын жылдык чогулушунда  чыгып сүйлөгөн Тил жана адабият институтунун жаңы шайланган, жаш, жигердүү директору А.Акматалиев  “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүү демилгесин көтөрөт, анткени ал жетектеген институт бул уңгулуу пробеманын үстүнөн көп жылдан бери иш жүргүзүп келаткан. Мындай олуттуу идея капарына да келбеген, күтүлбөгөн сөздөн чочулаган  УИАнын вице-президенти П.Чалов демилгени колдоого албай, сөзүңдү бүтүр дегендей микрофонду каккылап ишарат кылат. Аңгыча президент А.Акаев “Каражатты кайдан табабыз?” –деп суроо берип жооткотууга аракет жасайт. Бирок жигердүү директор А.Акматалиев “Урматтуу Аскар Акаевич! Биринчиден, 1000 жылдыкты бүгүн же эртең эле өткөрө салалы деген оюбуз жок. Бирок өткөрүү мезгилин 1995-жылдан кечиктирбей, өкмөт тарабынан атайын чечим чыгарылып берилсе жакшы болор эле. Экинчиден, 1000 кой, 1000 жылкы сойбой, 1000 боз үй тикпей эле кол жазмалар фондусундагы 80ге жакын варианттарды коомчулукка жеткириш керек. Азыр басма сөз бетинде “Манастын” 2000, 1500 жылдыгы деген чаржайыт макалалар жарык көрүп жатат. Менин оюмча, “Манас” эпосунун символикалуу түрдө 1000 жылдыгы жөнүндө сөз болушу керек. Ал үчүн өкмөттүн атайын токтому керек. Эгер бул маселени бүгүн чечпесек-эртең кийинки муун алдында моралдык жактан карыз болуп калабыз. Балким, Сиздер бул маселенин көтөрүлүшүн алгач угуп жаткан болушуңуздар керек”, деген чак түштө түшкөн чагылгандай курч, жүйөлүү сөзү ал кездеги популист демократтардын айткандарына кулагы бышып бүткөн интеллектуал президенттин да көңүлүнө ынаган окшойт, ошондон көп өтпөй жаш директор А.Акматалиев даярдаган юбилей тууралуу документтердин негизинде  “Манастын“ 1000 жылдыгын өткөрүү чечими кабыл алынат.

Чындыгында эле бул толгоосу бышып жетилген маселе болгон. 1945-жылы декабрда Кыргыз ССРинин Өкмөтү  тарабынан “Манас” эпосунун 1100 жылдыгын өткөрүү чечими кабыл алынып, үчилтиктин толук текстин басып чыгаруу, адабиятта, живописте, музыкада Манастын образын түзүү, Манастын күмбөзүн рестоврациялоо, эпосту изилдөө иштери пландаштырылган. Ошондон көп өтпөй Москвада Ждановдун, кийинки жылы Кыргызстанда К.Орозалиевдин докладдарынан кийин улутчулдулдарды издөө кампаниясы башталып, идеологиялык күрөштүн оту тутанып, юбилей өткөрүү боюнча иштер кан буугандай токтоп, тескерисинче эпостун үстүнөн кара булут айлана баштаганда СССР илимдер академиясынын  Президиуму “Манас” эпосунун элдүүлүгү маселеси” боюнча конференция өткөрүү үчүн атайын токтом кабыл алып, аны аткаруу иши КирФАНга тапшырылган. 1952-жылы конференция өткөрүлгөн.  Азыркы учурда конференциянын  өткөрүлүшү боюнча да “Раззаков өткөргөн”, “Раззаков “Манасты”  коргоп калган” дегендей суу кечпеген, калпыс пикирлер айтылып жүрөт. И.Раззаков жетектеген Кыргызстан Компартиясыныны катчысы К.Орозалиев республикада адабият жана тарых илимдеринин өнүгүүсүндөгү орой каталар боюнча баяндама (“Советская Киргизия”, 14.10.1947) жасап, “Манасты”, Молдо Кылычты, дегеле замана поэзиясын изилдеген Т.Байжиев, З.Бектенов, Т.Саманчиндердин эмгектеринен идеялык ката “табылып” соттолуп жатышса,  “Манаска” карата партиянын соккусуна шыктанган П.Балтин, Ж.Самаганов, Г.Нуров сыяктуу вульгардык социологиянын куу союл сынчылары “Манаска” кара чабуул баштап жатышса, “эл душмандарын” жазалаган репрессиянын экинчи толкуну кызуу жүрүп баштаган кезде конференцияны кантип И.Раззаков уюштурат?  Ушул маселеге да академик А.Акматалиев тактоо киргизип: “Конференцияны өткөрүү боюнча 1950-жылы 20-октябрда СССР илимдер академиясынын Президиуму демилге көтөрүп чыккан жана ал 1951-жылы эпостун элдүүлүгүн тактоо, негизги варианттардын негизинде кошмо, курама вариант түзүү идеясы боюнча ИАнын Кыргыз филиалынын Президиуму сунуш киргизген. Бирок кыргыз тарап бул маселени кечеңдеткенден кийин бул маселе 1951-жылы 29-сентябрда каралган. Акыры СССР ИАнын Президиуму 1952-жылы 21-январда чечкиндүү кадам жасап, Кыргыз филиалынын Президиумуна конференцияны өткөрүүнү милдеттендирет,”-деп архивдик документтердин негизинде бул талаштуу маселеге тактоо киргизип, СССР илимдер академиясы маселеге саясий жактан эмес,  илимий жактан баа берилишин  көздөгөнүн алаканга салгандай далилдеп берген.  Академик А.Акматалиев конференцияны өткөрүү “Буга бир жактуу эле 1952-жылкы коференция “Манасты” жок кылуу үчүн уюштурулган дегенге каршымын” деп так позициясын билдирип, “Так айтсам, СССР ИАнын Президиумунун негизги максаты “Манас” эпосун кандай жол менен болсо да сактап калуу болчу. Ошондуктан, эпостун өзөгүн түзгөн элдүүлүк проблемасы башкы, негизги тема кылып, анын айланасындагы советтик идеологияга жат панисламистик, пантүркистик, феодалдык түзүлүштү мактаган идеялардан арылтууну, тазартууну максат кылганы чындык болчу,”- деп айткан.

“МАНАС” ФЕНОМЕНИНИН КОНТЕКСИНДЕ АКАДЕМИК А.АКМАТАЛИЕВДИН ИЛИМИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Ошондон кийин, узак жылдар бою  1000 жылдык маселеси козголбой унутта калган.  Залкар жазуучу Ч.Айтматов 1986-жылы Кыргызстан КП БКнын XVIII сьездинде сүйлөгөн сөзүндө элибиздин улуу маданий мурасы “Манас” эпосунун 1000 жылдык юбилейин өткөрүү демилгесин көтөргөн. Де-юре А.Масалиев өлкөнүн башында турганы менен де-факто бийликтин эки тизгин бир чылбыры колунда турган Кыргызстан КП БКнын экинчи катчысы Г.Н.Киселев башында турган өлкөнүн партиялык жетекчилиги демилгени колдогон эмес. Анан кайра куруу кампаниясы башталып кетип,  юбилей маселеси көңүл сыртында калган. Ошол узак жылдардан бери жүзөгө ашпай, көмүскөдө калып келаткан уңгулуу проблеманы жаш, демилгечил, жүрөгү курч илимпоз-жетекчи А.Акматалиев көтөрүп чыгып, өлкө башчысы катышкан жыйында маселени кабыргасынан койгон экен. Илимде “эгер маселе туура коюлса, анын жарымы чечилип калат” деген формула бар. Анын сыңарындай юбилей маселесин көп жылдардан бери көңүлүндө багып жүргөн окумуштуу катары А.Акматалиев керектүү учурда, ыңгайлуу жагдайда  жүйөлүү сөз айтып, эпостун көптөн бери көкүрөк өйүп келген көйгөйүн чечкен тура.  Ошондон кийин 1995-жылы эпостун миң жылдык мааракеси дүңгүрөтүп өткөрүлгөн.  Ошентип  бүткүл дүйнөгө даңаза болгон мааракени өткөрүү  академик А.Акматалиевдин демилгесинен башталган экен. “Манастын” юбилейи жөнүндө” деген макала ушул маараке жайын баяндайт.

Узак жылдар өлкөбүздүн улуттук идеологиясы болуп келген Манастын жети осуяты да белгилүү манас таануучу С.Мусаев менен бирдикте академик А.Акматалиев  тарабынан жазылган. “Манастын” жети осуяты” аттуу көлөмдүү макала 1996-жылы “Эл агартуу” журналынын үч санына жарыяланган. Эмгек 1997-жылы өзүнчө китеп болуп басылып чыккан. Ошол кездеги идеологиянын өзөгүн түзгөн бул концептуалдуу эмгек президент А.Акаев тарабынан Кыргызстан элдеринин мамлекеттик идеологиясынын негизи катары сунушталган. Жалпы адамзаттык, улуттук асыл нарктары эч качан эскирбеген бул идеологиялык программа “Манастын жети осуяты” деп аталган эмгекте кеңири чечмеленген.  “Рух дөлөттөрүбүздөн пайдаланалы”,  “Манас” –улуттук руханий символубуз”, “Манас”-эгемендүүлүктүн символу”, “Манас”-биздин руханий жан дүйнөбүз”  аттуу эмгектеринде улуу эпостун түбөлүктүү идеяларын, монументалдуу образдарын, көркөм дөөлөттөрүн, эстетикалык ажарын кеңири ачып берген.

“МАНАС” ФЕНОМЕНИНИН КОНТЕКСИНДЕ АКАДЕМИК А.АКМАТАЛИЕВДИН ИЛИМИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮАкадемик А.Акматалиев илимге Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө менен алгачкы кадамын таштаганына элүү жылга чукулдап калды. Адабий байланыштардын контексинде залкар жазуучунун чыгармачылыгын иликтеди, салыштырма типологиялык аспектиден, синхрондук, диахрондук усулдары менен изилдеди. Бул акыркы эмгегинде да мурда айтылбаган ойлорду айткан. “Ч.Айтматов “Манас” эпосун дүйнө, совет элдеринин арасына пропагандалап, эпостун которулушуна дайыма камкордук кылып келет, бир топ чет тилдерге которулуп басылды. “Манас” эпосун Миртемир өзбек тилине которгондо Ч.Айтматов да баалуу кеңештерин берген… Азыр болсо белгилүү орус акыны В.Солоухин “Манастын” орусчасын калың элге жеткирүү үчүн Ч.Айтматовдун тапшырмасы менен иштеп жатат,”-деп коомчулукка белгисиз жаңы маалыматтарды жарыялоо менен жазуучунун эпоско карата камкор мамилесин ачып берген. Ч.Айтматовдун “Манас” эпосун өздөштүрүүсү, чыгармачылык мамилеси, жана аны дүйнө жүзүнө жайылтуу, таанытуу маселеси китепте кеңири каралган. Маңкурттун образынын эпостон алынышын конреттүү мисалдардын негизинде далилдеп көрсөткөн. Ч.Айтматовдун эне тилге, улуттук маданиятка карата мамилесин да ичкериден терең изилдеп ачып берген. Маселен, Фрунзе метраполиянын шаары болгондуктан Орусиянын шаарларына окшоп калган.  Биринчи толкун Орусияда крепостнойлук укук жоюлгандан  кийин көчүп келген кара тамандардан башталган. Андан соң Кеңеш бийлиги орногондон кийин коммунисттердин толкуну келген, андан кийин согуш мезгилинде эвакуацияланып келген чоң, негизги толкун—алар  завод, фабрикалары менен кошо келген. Согуштан кийин да миграция токтогон эмес. Ошо менен негизги тургундары орустар, украиндер болгондон кийин Фрунзе ырасында эле Орусиянын шаарына окшоп калган. А.Акматалиев ушул маселени иликтеп келип, Ч.Айтматов баш калаага улуттук боёк берүүгө аяр мамиле жасап, Манас аэропортунун аталышы жана башка маселелерди бийликке кабыргасынан коюп, өзү да чыгармаларынын жазылган жерлерин кыргызча жер аттары менен белгилеп, эне тилге чоң маани бергендигин ачып көрсөткөн.

“МАНАС” ФЕНОМЕНИНИН КОНТЕКСИНДЕ АКАДЕМИК А.АКМАТАЛИЕВДИН ИЛИМИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮАкадемик А.Акматалиев элибиздин руханий байлыгы, тиреги болгон улуу эпосту элге жеткирүү, академиялык басылмаларын даярдоо, текстологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу ары татаал, оор иштерди бүтүрүп, бел чечпей иштеп келген—бул китеп ошол узак жылдарды камтыган мээнетин чагылдырган эмгек.

Өлкөдөгү 30 жыл ичиндеги экономикалык, каржылык, чарбалык кризистерге, социалдык силкинүүлөргө, коомдогу саясий нааразылыктарга, толкундоолорго, төңкөрүштөргө карабастан, академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында “Манас” эпосу, элдик эпостор, кыргыз эл оозеки чыгармачылыгы, акындар поэзиясы, классикалык адабият, азыркы учур адабияты, фольклористика, тил илими, адабият таануу, сын, адабият тарыхы жана башка  илимий изилдөөлөр, монографиялар, энциклопедиялар, сөздүктөр— баары болуп 1000 китеп чыккан, өзүнүн жүз китеби жарык көргөн. Бул чындыгында эле элге, өлкөгө ак кызмат кылуунун бийик үлгүсү эмеспи.

                                                                       Аскар МЕДЕТОВ, Ж.Баласагын атындагы

                                                                                                            КУУнун профессору     

Бөлүшүү

Комментарийлер