Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов: “УШУЛ КЕЗГЕ ЧЕЙИН МЕКТЕПТЕН КОЛ ҮЗӨ ЭЛЕКМИН”
- 15.11.2024
- 0
Акыркы мезгилде мамлекеттик бийлик жетекчилеринин мектептерде ачык сабак өтүү жөрөлгөсү калыптанып калды десек болот. Бул ирет Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Бишкек шаарындагы №67 окутуу-тарбиялык борборунда жогорку класстын окуучулары үчүн Эгемен Кыргызстандын башаты болуп саналган Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган ачык сабак өткөрдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, билим берүү жана илим министринин орун басары Мурат Касымалиев баштаган билим берүү тармагынын өкүлдөрү, «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков, мектептин директору Нургүл Жумабекова баштаган мугалимдер жамааты менен окуучулары катышты. Эмесе, сөз ошол багытта жүрсүн.
Ынтымак, бакыт, таалай деген көөнө сөздөр, бир караганда, канчалык кулакка жат, кыйла түшүнүктүү болгону менен, быйыртан эле анын тегерегинде кызуу талаш-тартыш жүрүп келген, азыр деле аягына чыккан жок. Башка сыйлыктарды мындай кой, дал ошо түпкүлүктүү үч сөздү ар тараптуу чечмелөө жаатында килтейген китептерди жазган 12 философ Нобель сыйлыгын алыптыр. Көрсө, ал адам баласына абдан керектүү нерсе окшобойбу. Дал ошо “ынтымак” деген ыйык сөз баарыбыздын башыбызды кошуп отурат. Ынтымак – бары-жоктун баарысын бириктирген улуу касиет. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов ачык сабак жүрүшүндө билдирди.
Ал уңгулуу журт уюткан агайлар менен эжейлерибиз балдар менен жаштарга жалаң билим менен таалим-тарбия эле бербестен, алардын келечек жолун көрсөткөн уңгулуу улуу устаттар да болуп саналарын айтты. Бүгүнкү иш-чаранын башкы темасы Эгемен Кыргызстандын башаты болуп саналган Кара-Кыргыз автоном облусунун түптөлүү тарыхын, демилгечилер тобунун башында турган адамдардын таржымалын жакшы билерин баса белгиледи.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Мурат Касымалиев «Манас» дастаны кыргыз элинин энциклопедиясы экенин, андан ар заманга, ар адамга, ар балага зарыл болгон таалим-тарбия, салт-санаа, нарк-насил жаатындагы маалыматтардын баарын тапса болорун айтты. «Буюрса, 12 жылдык Кембридж окутуу системасына өтөбүз. Албетте, ата-баба мурасына, эне тилибизге, кыргыз элинин тарых-таржымалына өзгөчө басым жасоону да унутта калтырган жокпуз. Керегебиз улам кеңейип, мурда 17 мектеп курулса, азыр жылына 147 жаңы мектеп ишке киргизип, алардын техникалык базасы чыңдалууда. Мен азыр кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик чиновник болгонум менен, өзүмдү дале катардагы мугалим катары сезем», — дейт ал.
Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов ачык сабагын адегенде КР Президентинин «Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыгы, андан кийин «Азыркы кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар жөнүндө» Жарлыгы чыгып, демилге башатында турган 5 чыгаан адамдын ысымы аталганынан баштады: Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков. Биз алардын өмүр өтөлгөсүн кийики урпактарга үлгү кылууга тийишпиз. Алардын ар бири тарыхты, тарых аларды жараткан улуу атуулдар.
“Бир жолу балдар агайын акылдуу болгон жакшыбы же айлакер болгон жакшыбы деп жарга такаган экен. Аркы-беркисин жакшылап ойлонуп көргөндөн кийин, албетте акыл көп нерсени жазгырбай чечет, ал эми айла-амал алардын баарын айланып өтөт, демек экөө тең эле жакшы, бирок менин оюмча, билимдүү болгондон артык эч нерсе жок го деген жообун берген экен. Кыязы, “Билеги күчтүү бирди жыгат – билими күчтүү миңди жыгат” деген накыл кеп ошондон калган. Анысы кандай, балдарым, ардактуу мугалимдер, азыркы ааламдашуу доорунда терең билим жана татыктуу таалим-тарбия берүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Албетте, ата-бабабыздын байыртан келаткан нарк-насили да унутта калбашы керек”, — дейт Сүйүнбек Касмамбетов.
ККАОнун түзүлүү таржымалына учкай токтолгон мамлекеттик катчы 1919-жылы 19 жаштагы Жусуп Абдрахмановдун Ленин менен алгачкы жолугушуусуна токтолду. Жапжаш жигит ошондо: “Владимир Ильич, биз кыргыз деген түптүү элден болобуз, келечекте өз мамлекетибизди кургубуз келет” десе, “Силер азыр кайсы тилде иш жүргүзөсүңөр, өз тилиңер кайсы?” деп сураптыр. Ал азырынча орус тилинде иш жүргүзүп, дүйнөлүк жамаатка тезинен аралашкыбыз келет деген тейдеги жообун берет. Ошондо Ленин: “Ой, кызык немесиңер го, улуттук тилсиз да мамлекет болчу беле, ишти эне тилиңерде жүргүзгүлө, ошодо силерди дүйнө тааныйт” деген экен. Демек, улуттук тил улут уңгусу, мамлекеттин башкы белгиси болуп саналат.
Мамкатчынын билим берүү мекемелери менен болгон өз ара кызматташтык алакаларына кызыктык. “Биз жалаң мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулуп-өсүп, татыктуу таалим-тарбия алганбыз. Атам да, энем да өмүр бою мектепте иштеди: экөө тең мугалим, экөө тең окутуу колдонмолорун жазган кишилер, дагын башка толгон-токой чыгармачыл өнөрлөрү бар. Мен деле алардан анчалык алыс түшкөн жокмун: комуз черттим, күңгүрөнө күү чалдым, жан сергите ырдадым, чала-бучук жамакчылыгым бар, күпүлдөтө манас айтам, эрдемсинип-эргип турганда колума калем кармап, бир топ чыгарма жаздым, китеп чыгардым”, — деген жообун берди ал.
Жолугушуу учурунда биз “агартуучу” жана “мугалим” деген эки сөздүн түпкү маанисине кызыктык. “Бир караганда, бул сөздөрдүн түпкү мааниси бир болгону менен, ажырым айырмасы да бар. Мага “агартуучу” деген сөз кыйла жакыныраактай, кыйла кененирээктей туюлат. Агартуучу адамдын сабатын ачып, билим менен кошо таалим-тарбия берет, туура жолго салып, адам дилин агартат. Эми, андай адамдар өтө сейрек кездешет. Азыр ата-бабаларыбыз таберик таштап, аманат калган андай сөздөрдүн айрымдары бара-бара кайсы бир кулакка жагымдуу, бирок мааниси жактан чектелүү түшүнүктөр менен алмаштырып алдык окшойт”, — дейт мамкатчы.
Андан тышкары, Сүйүнбек Касмамбетов ушу тапта ой майдаланып, сөз көбөйүп баратканына да токтолду. “Башкасын мындай кой, мамлекеттик органдардын эле аталыштарына көз чаптырып көрөлүчү. Айрым мекемелердин аталышын окуп отуруп аягына чыга албайсың, аягына чыксаң, балээ баскырдын башын унутуп каласың, туурабы. Энчилүү аттар кыска-нуска болууга тийиш. Мен муну башынан эле айтып жүрөм. Башкы милдетин атына ыйгарып, калганын жобого камтып койсо деле болот да. Мисалы, силердин Билим берүү жана илим министрлигин “Билим жана илим министрлиги” деп койсо, андан омурткасы омурулуп, шыйрагы сынып, иш-милдети кемип калбайт го”, — деп, мындай мамлекеттик мекемелер көп экенин кошумчалады.
Сөз жүрүшүндө ушул кезге чейин мектептен кол үзө албай келатканын айтты. “Жаңы мектептер менен бала бакчалардын иш-чараларына катышып, такай мугалимдер жана окуучулар менен жолугушууларды өткөрүп турам. Быйыл эки китепкананын китеп фондун жаңыртып, жаңы чыгармалар менен толуктап бердим. Маал-маалы менен ушул сындуу ачык сабактарды да өткөрөм. Быйыл май айында бир топ мектептерде “Манас” эпосу жана улуттук нарк-насыл темасында, ал эми күз айларында Кара-Кыргыз автоном облусунун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган ачык сабактарды өткөрдүм. Буюрса, ал жыл аягына чейин уланат”, — деп кошумчалады ал.
Ал эми “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков келиштире “Манас” эпосунан үзүндү айтып, окуучуларды ата-баба таберигин көздүн карегиндей сактоого чакырды. “Бейиш менен тозоктун эшиги катар дешет. Аркы дүйнө салган бир агайыбыз тозокко кирип алыптыр. Анда кыйналган жандар: “Биз го мурдагы өз күнөөбүздүн азабын тартып жатабыз, сиз каргышка калган бул жайга кантип келип калдыңыз? Башынан мыкты мугалимсиз, элге эмгегиңиз сиңди. Демек, орудуңуз бул жакта эмес, бейиште!”, -дейт. Анда ал: “Бейиште кандай экенин азырынча билбейм, бирок чын жашоого караганда бул жер кыйла тынчыраак экен” деген жообун берген экен. Жарыктык кишини түшүнсөк болот, чынында эле мугалимдердин иши күнү-түнү тынчы жок түйшүктүү кесип эмеспи”, — деп балдарды күлдүрдү.
Жолугушуу соңунда Нургүл Жумабекова ордо калаанын №67 мектебинде мындай деңгээлдеги ачык сабактар сейрек болорун билдирди. “Муну иш-чара катышуучулары деле сезген чыгар. Окуучуларыбыздын кубанычы алардын ачык сабакка жигердүү катышканынан эле байкалып турду. Ошондон улам, мугалимдер жамааты да кубанычта болдук. Бара-бара окуучуларыбыздын сабакка болгон кызыгуусу артат, түшүнүгү кеңейет, бири-бирине карата мамилеси жакшырат деген ойдомун. Буюрса, ушуга окшогон иштиктүү иш-чараларды байма-бай уюштуруп турушубуз керек экен. Башка мектептерге дагы ушуну сунуштайм”, — дейт мектептин директору.
Белгилей кетсек Бишкек шаарындагы №67 мектеп 1987-жылы ачылган. Ал эми 1997-жылы мектеп-гимназияга жана окуу-тарбия борборуна айланган. Ушу тапта 80 класста 3288 окуучу билим алат. Жылына 250 окуучу мектепти бүтүрөт. Директору – Жумабекова Нургүл Оёзбековна. Ал ордо калаадагы эң алдыңкы билим берүү мекемелеринин катарына кирет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун гимназияда өткөн бул жолку ачык сабагына интернет аркылуу Бишкек шаарындагы 120 мектептин өкүлдөрү (болжол менен 10 миңден ашуун мугалимдер менен окуучулар) онлайн таризинде катышты.
Кемел Белек, “Кут Билим”
Комментарийлер