Мамкатчы Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: ТҮПТҮҮ ЖУРТТАН ТҮҢҮЛБӨ, ЧЫГААН УУЛДАР ЧЫГА БЕРЕТ
- 04.10.2024
- 0
КР Президентинин Эгемен Кыргызстандын башаты болгон Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдык маарекеси жана азыркы кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар жөнүндө жарлыгы чыгып, көзкарандысыз кыргыз мамлекетин түптөө демилгесинин башында турган чыгаан аталарыбыздын аты-жөнү аталды: Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков. Ушул маарекени улай улуттук эл агартуу тармагы дагы өзүнүн түптөлгөнүнүн 100 жылдыгын белгилегени турат. Ал Кара-Кыргыз автоном облусунун маарекесине туш келди. Ошондон улам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовду аталган маарекелердин таржымалы жаатында кепке тарттык.
— Сүйүнбек Сапарбекович, Эгемен Кыргызстан, анын калкынын, кыргыз журтунун бакубат келечеги жөнүндө сөз кылганда, Кара-Кыргыз автоном облусунун жаралуу таржымалына кайрылбай өтүү мүмкүн эмес. Кеп удулун өз алдынча көзкарандысыз кыргыз автономиясын түзүү боюнча демилгечил топ жөнүндө, алардын түпкү мүдөөсү жаатында баштасак.
— Эл оозунда байыртадан айтылып келаткан алтындай бир накыл кеп бар: “Түптүү журттан түңүлбө, чыгаан уулдар чыга берет!”дейт. Жакшылап баам салып көрсөк, кыргыз дагы дал ошондой уңгулуу калк катмарынан жанар тоодой атылып чыккан эрендер эли экенин карт тарых өзү тастыктап койду. Анын айрымдарына өзүңүздөр деле күбө болдуңуздар: келет, көрөт, чечет, сүрөт, кетет, же болбосо өлөт…
Аккан сууда арам жок. Кыргыз журту мына ошол агын суудай бир бөксөрүп, бир какшып, бирде толуп, бирде ташып, көккашка суудай тынбастан агылып турган бир бүкүлү дүйнө экен. Көлкүлдөгөн көлчүккө же балкылдаган балчыкка айланбай шар аккан агын суунун ыйык касиети бар: таштан-ташка урунуп канчалык аккан сайын улам тазаланып жүрүп отурат, акырында жандуу сууга айланат. Ошон үчүн Жеңижок акыныбыз “Аккан суусун” алты күн айтып аягына жетпей токтоптур. Эмне деген талант, эмне деген философия! Менимче, дүйнө адабиятында азырынча ага теңдеш чыгарма сейрек. Мунун баары бекеринен эмес. Көрсө, кыргыздын тагдырына мына ушундай уюткулуу улуу тагдыр жазылган тура. Ошондон улам, өз сөзүмдү алыстан баштаганы турам.
Кыргыз жергесинде совет бийлиги орноду деген менен анын алгачкы жылдарында кырылгандан калган кыргыз эли эле эмес жери кошо бытыранды болуп, түндүгү Түркстан АССРинин Жети-Суу облусуна, түштүгү Кара-Дарыя облусуна, кайсы бир аймактары Кытайга карап калган. Жогорку жарлыкта аталган журт аталары башында турган демилгечил топ мына ошол кыргыз кыйырын бириктирүү жана өз алдынча мамлекет түптөө демилгесин колго алууга аргасыз болот.
Кыргыз тараптын демилгеси менен, 1922-жылы Түркстан КП (б) БКнын Жети-Суу облусун райондоштуруу жөнүндө токтому чыккан, бирок тийиштүү деңгээлде аткарылган эмес. Анткени, кыргыздардын өз алдынча бөлүнүп кетүүсүнө жарды-жалчылардын атын жамынган «кудайкуловчулар» атанган топ каршы чыккандыктан, ал чечим Москвадагы РКП(б) БК тарабынан жокко чыгарылган. Эми, ал кезде кыргыздардын Түркстан курамынан чыгып кетүүсүнө каршы саясий күчтөр көп болгон.
Ошого карабастан, демилгечил топтун ырааттуу аракети менен 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлөт. Жаңы админстативдик түзүмгө негизинен Кыргызстандын түндүк аймагындагы 14 болуштук кирген, калкы 737 миң адам чамалуу болчу
— Сиз тарыхчы жана саясатчы катары 1924-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүүсүнө кандай баа берет элеңиз? Эмне үчүн ал Түркстан АССРинин курамында эмес, РСФСРдин курамында түзүлүп калды?
— Жоопту акыркы сурооңуздан баштасак. Падышалык Россиядан мурас калган Түркстан АССРи кыргыз эли менен кыргыз кыйырын теңине албай, такай астыртан басмырлап келгени, түптүү кыргыз элинин түпкүлүктүү кызыкчылыктарын таптакыр билмексенге салганы айдан ачык белгилүү. Ошон үчүн кыргыз жерин, кыргыз элин жанагыдай эки-үч топко бөлүп-жарып бырчалап салып, каалагандай башкарып алган да.
Ачыгын айтканда, Түркстан АССРинин администрациясында кыргыз жамаатынын өз алдынча бөлүнүшүнө каршы күчтөр көп болчу. Анткени, алдыда жер талаш, суу талаш, эл талаш сындуу бир катар өтө олуттуу маселелер турган. Алар кыргыз тараптын долбоорлорун өткөргөн эмес. Ал эми 1922-жылы Тоолуу-Кыргыз автоном облусун түзүү демилгесин казак боордоштордун колдоосу менен алда-жалда деген араңдан зорго өткөрүшкөн. Ал так Москвага жеткенде кайра жокко чыгарылат. Ошондон улам, кыргыздар РСФСРдин курамына кире качып отурбайбы. Бирок, бул мыкты идея болгон, муну моюнга алыш керек.
Кийин кыргыз кыйырын бириктирүү учурунда анын көп жардамы тийди. Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлгөн учурда бизге караштуу жерибиз 171966 чарчы чакырым болчу. Каршыккан катуу кармаштын жыйынтыгында кыргыз жери 1927-жылы 195740 чарчы чакырымга, 1929-жылы 197261 чарчы чакырымга чейин кеңейтилген. Албетте, аны менен бирге калктын саны да кыйла өстү.
Мен Жусуп Абдрахмановдун Түркстандан кыргыз жерлерин талашканда келтирген айрым жүйөлөрүнө таң калдым. Бир топ саясий жана тарыхый дооматтарды коюу менен бирге, азыркы тил менен айтканда, кыргыздардын манас айтып, комуз черткенин элдин жалпы улуттук жана этникалык иденттүүлүгү катары жүйө келтиргени бар. Демек, Манас менен комуз кыргыздын көп жерлерин сактап калган десек жаңылбайбыз. Ошого чындап ынанган тараптарга да ыракмат!
Эми, биз үчүн Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүү тарыхынын мааниси чоң. Ал – азыркы Эгемен Кыргызстандын башаты. Ансыз Кыргызстандын, анын кыргыз элинин келечегин элестетүү мүмкүн эмес. Кыргыз мамлекетин түптөгөн аталарыбызды, алардын татаал тагдырын эч качан эстен чыгарууга акыбыз жок. Аталарыбыздын өмүр өтөлгөсү келечек муунга үлгү болушу керек.
Ошентип, 1924-жылдын 14-октябрында Кара-Кыргыз автоном облусу түптөлсө, 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРи түзүлгөн. Ага улай, СССРдин алгачкы Конституциясынын кабыл алынышы менен, 1936-жылдын 5-декабрында Кыргыз ССРи түзүлүп, СССР курамындагы тең укуктуу союздук республикалардын бири болуп калды. Ал эми 1991-жылдын 31-декабрынан тартып Кыргыз Республикасы өз алдынча эгемен мамлекетке айланды. Кыргызстандын учкай таржымалы ушундай.
— Быйыл Кыргызстандын эл агартуу тармагынын түзүлгөнүнө да туптуура 100 жыл толуп отурбайбы. Билим берүү тармагынын ишине жакындан аралашып жүрөсүз, ата-энелериңиз мугалим, өзүңүз дагы бул тармакта иштегенсиз, дагы кандай кошумча ойлоруңуз бар?
— Туура, сабатсыздыкты жоюу жана билим берүү алгачкы кыргыз мамлекетин түптөгөн аталарыбыздын башкы мүдөөлөрүнүн бири болгону кашкайган чындык. Анын үстүнө, демилгечилер тобунун өзөгүн түзгөн аталарыбыздын баары өтө билимдүү жана кыйла тажрыйбалуу адамдар эле. Маселен, Ишеналы Арабаев кыргыз эле эмес, казак тилинин окуу китептерин жазып берген киши, ал эми Касым Тыныстанов кыргыз, казак, өзбек тилдеринде жазылган ырларын такай жарыялап жүргөн.
Өз алдынча кыргыз мамлекетин түптөө боюнча демилгечил топ 1924-жылдын апрель айында эле Түркстан АССРинин катчылыгынан Билим берүү боюнча илимий-усулдук комиссия түзүү жөнүндө токтом чыгарткан экен. Ошол эле жылы жаңыдан түзүлгөн Кара-Кыргыз автоном облусунун Революциялык комитетинин 1924-жылдын 10-декабрындагы №5 токтомунун негизинде Аткаруу комитетинин элге билим берүү бөлүмү да уюшулган. Ошону менен кыргыз калкы үчүн сабатсыздыкты жоюуга жана ырааттуу билим алууга кеңири жол ачылат.
Мен билгенден, ошол учурдагы карапайым калктын сабаттуулугу боюнча так маалымат жок, ар кандай божомол сандар айтылып жүрөт. Окумуштуулардын айтымында, 1921-жылы калктын сабаттуулугу 1 пайыздан ашкан эмес, 2024-жылы 3 пайызды, 1925-жылы 4 пайызды түзгөн. Ал эми Кыргызстан эгемендикке ээ болгон жылдары калкыбыздын билим алуу деңгээли дээрлик 100 пайызга жеткен. Эми, биз баарыбыз мунун күбөсү болбодукпу.
Билим берүү мамлекетибиздин эң маанилүү тармагы болуп саналат. Алтургай, мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты десек да болот. Муну эч ким таналбас. Башкаларга салыштырмалуу, Кыргызстан – жаш өлкө. Демографиялык абалыбыз дагы дурус, калктын саны 7 млн адамга чукулдап калды. Пенсия жашындагы жарандарыбыз болжол менен 4 пайызды түзөт, калганы балдар же жумушка жарамдуу адамдар. Буюрса, БУУнун болжолуна караганда, мындай абал 2030-жылдарга чейин туруктуу сакталат. Демек, жаш жана билимдүү адам – биздин башкы байлыгыбыз.
Кыргызстан – социалдык мамлекет. Мамлекеттик бюджеттин оодук бөлүгү социалдык тармакка жумшалууда. Ошондон улам, билим берүү жаатында көптөгөн өзгөрүүлөр болууда. Анткени, мамлекет жетекчилери билим берүү тармагынын маанисин жетик түшүнөт. Бардык ийгиликтердин башатында билим менен илим турат. Ансыз Кыргызстандын бакубат келечегин элестетүү мүмкүн эмес. Эми сандан сапатка өтүшүбүз керек, ансыз болбойт.
— Деги, Кыргызстандын, анын ичинде билим берүү тармагынын келечеги кандай болот?
— Өзүңүз жакшы билесиз, азыркы ааламдашуу, санарип, жасалма интеллект доорунда карабашыл адамдын эле эмес, бүтүндөй бир мамлекеттин келечегин элестетүү кыйын. Билим берүү – эң ири тармак, тагыраак айтканда, ага баш-аягы 1 млн 600 миңден ашуун адам тартылган. Биздин алдыбызда эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, билим берүүнүн алдыңкы усулдарын өздөштүрүү, аны жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү милдети турат.
Статистикалык маалыматтарга караганда, калкыбыздын 18 пайызын жаштар түзөт, башкача айтканда, бизде 14-28 курактагы 1 млн 18 миң адам бар. Жаштар – өлкөнүн башкы таянычы. Кыргызстандын бакубат келечеги – дени сак, акылы тунук, ак-караны ажырата билген, ар-намыстуу, улууну урматтап, кичүүнү сыйлай билген жаштардын колунда. Ошондуктан, аларга илгери үмүт байлап, чоң ишеним артылууда.
Кээде бул статистика жарыктыгың деле жаңылып калат окшобойбу: мектеп жашындагы балдардын 97 пайызы билим берүү мекемелерине тартылган дейт, ушуга ишенүүгө болобу? Албетте, ишениш кыйын! Анда кароосуз калган балдар кайдан чыгат? Албетте, анын так жана ынанымдуу жообу жок. Ал эми балдардын 28 пайызы гана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартылыптыр. Бул дагы өзүнчө бир жагымсыз жагдайларды жаратары бышык.
«Улуу устат уңгулуу журт уютат» деген кеп бар. Мурда бала бакчалар менен мектептерде, кесипчилик жана жогорку окуу жайларында жеткелең билим берүү менен бирге, татыктуу таалим-тарбыя ишине да өзгөчө көңүл бурулчу. Азыр андай талап унутта калып баратат шекилдүү. Бул жакшылыктын жышааны эмес. Менимче, илим-билим жана таалим-тарбыя иштери куш канатындай жуп нерсе, алар бири-биринен ажырым каралбашы керек. Мен такай айтып келем, бирок жыйынтык аз.
Азыр кыргыз элинин алдында өзүнүн жана өлкөнүн келечек тагдырын оң багытка буруунун, даңгыр жолго салуунун тарыхый ооматы келип турат. Агартуучу насилинде улуттун руханий байлыгын алып жүрүүчү, улуттук нарк-насилди сактоочу, көөнө маданияттын көөнөргүс кенчин андан ары өркүндөтүүчү жана аларды таратуучу да болуп саналат. Демек, биз өркөнү өскөн өлкө келечегин түптөп жатабыз.
Маектешкен Кемел Белек,
«Кут Билим»
Комментарийлер