ЛИТВА: ЭРКИНДИК, STEM БАГЫТЫ ЖАНА МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ӨСҮШҮ

  • 27.01.2026
  • 0

2026-жылдын 11–17-январь күндөрү Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Д.Кендирбаеванын сунушу менен он педагог жана бир котормочудан турган делегация Европа өлкөлөрүнө иш сапары менен барып келдик. Бул иш сапардын негизги максаты – өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системасы менен таанышуу, STEM багытындагы предметтерди окутуунун заманбап ыкмаларын үйрөнүү жана педагогикалык тажрыйба алмашуу болду.

ЛИТВА: ЭРКИНДИК, STEM БАГЫТЫ ЖАНА МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ӨСҮШҮ

Эркиндикке жана жоопкерчиликке негизделген билим берүү

Иш сапардын алкагында Литва Республикасынын Вильнюс, Каунас, Паневежис жана башка шаарларындагы мектептерде,  гимназияларда, жогорку окуу жайларда, Билим берүү министрлигинде жана STEM борборлорунда болуп, алардын билим берүү системасын жеринен көрүп изилдеп, тааныша алдык.

Литвадагы билим берүү системасы окуучунун эркин ой жүгүртүүсүнө, өз алдынчалуулугуна жана жоопкерчилигине негизделген.  Сабактарда окуучулар пассивдүү угуучу эмес, изилдөөчү жана жаратуучу ролунда болушат. Алардын билим берүү системасынын борборунда окуучу турарын баамдадык. Бизде мугалим сүйлөйт, ал эми  окуучулар көбүнчө угуучу гана. Литва мектептеринде окуучу өзү изилдейт, иштейт, практикалык иштерди жасашат экен. Айрыкча проекттик окутуу кеңири колдонулат. Окуучулар долбоор жазып, анын негизинде мектепке керектүү жабдууларды, буюмдарды же окутуу үчүн керектелүүчү каражаттарды өздөрү идея сунуштоо аркылуу ишке ашырышат.

Бул ыкма окуучулардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн, команда менен иштөө жөндөмүн жана практикалык көндүмдөрүн калыптандырууда чоң роль ойнойт.

STEM: Теория менен практиканын айкалышы

Литва мектептеринде STEM багытындагы бардык предметтер – математика, физика, химия, биология, информатика жана технология сабактары теория менен практиканын тыгыз айкалышында окутулат. Ар бир тема сөзсүз түрдө лабораториялык сабактар менен бекемделет. Теориялык билим жөн гана айтылып тим болбостон, эксперимент, изилдөө жана практикалык иш аркылуу далилденет.

ЛИТВА: ЭРКИНДИК, STEM БАГЫТЫ ЖАНА МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ӨСҮШҮ

ЛИТВА: ЭРКИНДИК, STEM БАГЫТЫ ЖАНА МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ӨСҮШҮ

Мектептерде заманбап жабдылган лабораториялар бар. Окуучулар приборлор менен иштеп, өлчөө жүргүзүп, анализ жасап, жыйынтык чыгарууга үйрөнүшөт. Бул алардын илимий ой жүгүртүүсүн эрте курактан калыптандыраары эң жакшы жетишкендик.

Сабактан тышкаркы STEM борборлор жана ийримдер

Өзгөчө көңүл бурулган дагы бир маанилүү багыт – сабактан тышкаркы билим берүү. Окуучулар мектептен кийин же бош убактарында STEM борборлорго барып, алган билимдерин тереңдетишет. Ал жерде ар түрдүү ийримдер иштейт: робототехника, программалоо, инженерия, 3D моделдөө, экологиялык долбоорлор жана эксперименталдык илимдер.

ЛИТВА: ЭРКИНДИК, STEM БАГЫТЫ ЖАНА МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ӨСҮШҮ

ЛИТВА: ЭРКИНДИК, STEM БАГЫТЫ ЖАНА МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ӨСҮШҮ

Бул борборлордо окуучулар: мектепте алган билимин практикада колдонушат; өз кызыкчылыгына жараша багыт тандашат; изилдөө жүргүзүүгө жана инновациялык долбоорлорду иштеп чыгууга тартылышат.

STEM борборлор менен мектептердин тыгыз кызматташуусу билим берүүнүн сапатын дагы да жогорулатат.

Мектеп жана ЖОЖ лабораторияларынын ролу

Литвадагы жогорку окуу жайларында да STEM багытындагы лабораториялар жогорку деңгээлде уюштурулган. Университеттер мектептер жана STEM борборлор менен биргеликте иш алып барышат. Натыйжада, окуучулар мектептен баштап эле илимий чөйрө менен таанышып, келечектеги кесибине аң-сезимдүү даярдык көрө башташат.

ЛИТВА: ЭРКИНДИК, STEM БАГЫТЫ ЖАНА МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ӨСҮШҮ

Бул система “мектеп – STEM борбор – ЖОЖ” деген үзгүлтүксүз билим берүү чынжырын түзгөндөй туюлду.

Мектеп чөйрөсү жана практикалык тарбия

Литва мектептеринде даяр баннерлер же стандарттуу кооз юанерлер дээрлик колдонулбайт. Анын ордуна окуучулардын өз колу менен жасаган эмгектери илинет. Бул окуучунун эмгегин баалоо менен катар, чыгармачылыкка баланы шыктандырып тартканы абдан жакты. Ар бир класстын эшигинде терезе орнотулганы да биз үчүн кызыктуу жаңылык болду. Бул мугалимди көзөмөлдөө максатында эмес, коридорлорго табигый жарык түшүрүп, электр энергиясын үнөмдөө үчүн жасалганын түшүндүрүштү.

ЛИТВА: ЭРКИНДИК, STEM БАГЫТЫ ЖАНА МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ӨСҮШҮ

ЛИТВА: ЭРКИНДИК, STEM БАГЫТЫ ЖАНА МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ӨСҮШҮ

Мектептин короолорунда окуучулар үчүн сынбай турган цементтен жасалган шахмат столдору орнотулган. Бул окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана пайдалуу эс алуусуна шарт түзөт.

Технология сабагы жана мектептин кирешеси

Технология сабагы Литвада практикага багытталган. Мугалимдер окуучулар менен биргеликте пайдалуу буюмдарды, кооз сувенирлерди жана ар кандай продукцияларды жасап, мектептин муктаждыктарына колдонушат же сатыкка чыгарышат. Литвалык кесиптештерге электрондук журнал барбы деп суроо узатсам, ал 16 жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатканын айтышты.

Мугалимдин кесиптик өнүгүүсү

Литвада мугалимдин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат экен. Бизде 72 сааттык курстан өтсө, ал жакта 5 күндүк 40 сааттык курстан өтүшөт экен. Бирок бир жыл ичинде ар бир мугалим жылына кеминде 120 сааттык курстан өтүүгө милдеттүү.  Курстар заманбап окутуу методдоруна, STEM билим берүүгө, санарип технологияларга жана практикалык көндүмдөргө, инклюзивдик билим берүүгө багытталган.

ЛИТВА: ЭРКИНДИК, STEM БАГЫТЫ ЖАНА МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ӨСҮШҮ

ЛИТВА: ЭРКИНДИК, STEM БАГЫТЫ ЖАНА МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ӨСҮШҮ

Соңку сөз

Литванын билим берүү системасы – теория менен практиканын айкалышына, STEM багытындагы инновацияларга жана мугалимдин тынымсыз өнүгүүсүнө негизделген үлгүлүү система. Окуучуга ишеним көрсөтүү, анын идеясын колдоо жана практикага багыттоо – билим берүүнүн негизги өзөгү болуп саналат.

Бул иш сапар биз үчүн чоң тажрыйба болду. Литванын алдыңкы STEM тажрыйбаларын Кыргызстандын билим берүү системасына ылайыкташтырып киргизүү – келечектеги билим сапатын жогорулатуунун маанилүү жолу деп эсептейбиз.

 

Салтанат БЕЙШЕНОВА, Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору

Бөлүшүү

Комментарийлер