КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ СИСТЕМАСЫН ТҮП ТАМЫРЫНАН ӨЗГӨРТҮҮ
- 01.06.2023
- 0
Бишкек шаарынын тургуну Тажы Жумалиева окурмандарга балдарды окутуу жана тарбиялоо багытындагы “Билим жана тарбия системасынын жаңы вариантынын долбоору” деп аталган өзүнүн ой-сунушун ортого салуу менен бирге, аталган тема боюнча окурмандарды талкууга чакырат.
Редакциядан: Автордун жазгандары өзгөртүүсүз берилди жана редакциянын көз карашын билдирбейт.
Кыргызстандагы жалпы орто билим жана тарбия системасын түп тамырынан өзгөртүү
“Балдарыбыздын жаркын келечеги – бактылуу карылыгыбыздын гаранты”
- Киришүү.
Күчтүү мамлекет, өнүккөн коом, бакубат жашоо — жаңы муундун туура тарбиясы, сапаттуу билими, гумандуулугу, эркин, кенен ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү менен коштолуп, эрктүүлүк, эмгекчилдик, жаратмандык аракеттери аркылуу түптөлөрү баарына белгилүү. Бул жыйынтыкты улай, эгемендүү өлкөбүздүн жарандарынын учур талабында калыптануусун түптөөдө улуттук баалуулуктарыбызды, нарк-насилдерибизди, улуттук мүнөзүбүздү, эске алуу аркылуу жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө, көрсөтүү, тастыктап бекемдөө биз, чоңдордун милдети жана парзы деп билемин. Мен мугалим катары, элибиздин улуттук баалуулуктарын негиз кылып, өнүккөн АКШ, Германия, Япония мамлекеттеринин билим системасынын менталитетибизге жакын, өзгөчөлүктөрүн, учурдун билим системасы менен жуурулуштуруп, улуттук мүнөздөгү оригиналдуу, кыргыз билим жана тарбия системасынын жаңы вариантынын долбоорун иштеп чыктым.
Президентибиз Садыр Жапаров баштаган бийликтин, кыргыз мамлекеттик билим жана тарбия системасын түп тамырынан өзгөртүү саясатына кубануу менен кошуламын, чын дилден колдойм жана бул процесске активдүү катышууну каалаймын.
- Кыргыз мамлекеттик жалпы орто билим жана тарбия системасын түп тамырынан өзгөртүү зарылдыгы.
Учурдагы билим берүү, Улуу Октябрь социалисттик ревалюциясынан кийин түптөлүп, СССРдин курамындагы бардык улуттарды бирдей идеология алдында тарбиялоо аркылуу, Коммунисттик Партиянын принциптерине бекем ынандырып, административдик өкүм башкарууга үн-сөзү жок баш ийген, байлыкка умтулбаган, тил алчаак, башкарууга ыңгайлуу, жөнөкөй жарандардын коомчулугун түзүү — СССР билим берүүсүнүн башкы максаты болгон. Ошондуктан, баланын тандоосу, эркин ой жүгүртүүсү, өз алдынчалуулугу, өзүнүн каалоосу боюнча чыгармачылык менен аракеттенүү мүмкүнчүлүгү, улуттук өзгөчөлүктөрү, улуттук мүнөзү, гумандуулугу таптакыр эске алынган эмес.
Эгемендүүлүк алганыбызга 30 жыл болсо да, биз кыргыз коомчулугу дале ошол эски структура менен жашап, сенектикте, маӊкурттукта калыптанып, мамлекетибиздин түптөлүшүнө, өсүп-өнүгүүсүнө салым кошууга кудуретибиз да, эркибиз да жетпей, алакан жайып, ким-бирөөдөн үмүттөнгөндөй жашап келатканыбыз өкүнүчтүү.
Тарыхты барактасак, биз түпкүлүктүү эл экенбиз. Ата-бабаларыбыз мурас калтырган: өздүк территориябыз, кен-байлыктарыбыз, тарыхыбыз, маданиятыбыз, каада-салттарыбыз, улуттук өзгөчө мүнөзүбүз (айкөлдүк, марттык, чынчылдык, кайраттуулук, күжүрмөндүүлүк, көзкарандысыздык, “адамдын сырттаны” титулдук статусубуз ж.б. инсандык улуу сыпаттарыбыз) жалпылап айтканда улуттук улуу өзгөчөлүктөрүбүздүн бар экендигин билип туруп: чабал, алсыз, сабатсыз, акыл-эси өнүкпөгөн байкуш коом катары дүйнөгө таанылып келебиз. Эмнеге? Анткени, өзүбүздүн улуттук билим жана тарбия системабыз жок экен. Эгерде, чогуу аракеттенсек, чукул арада өзүбүздун улуттук билим жана тарбия системабызды түптөй алабыз. Мен буга терең ишенемин.
III. Улуттук билим жана тарбия системасын түптөөдө көңүл бурулчу жагдайлар.
- Мектеп балдардын үстүнөн билим сапатын аныктоо, баалоо процедурасын жүргүзүп келет. Бул процедуранын жүрүшүндө, бир караганда байкала бербей, майда-бараттай сезилген, кээ бир кемчиликтердин кесепети, тарбиялануучулардын аң-сезимине: уурулук, жалганчылык, алдамчылык сыяктуу терс сапаттарды, эптеп-септемей көз караш, иш аракеттерди түбөлүк сиӊирип, бекемдеп келет. Мындай калыптануу: баланын, көз ирмем аралыгында кезиге калчү, жөнөкөй делип, көңүлгө алынбоочу, кээ бир кичинекей каталыктары, өтө чоң жаңылуунун себепкери болоорун, билип турсак да, билмексен болобуз. М: Кээде бала, баалоо процедурасынын критерийлерине гана жооп берүүнү максат кылат. өзү иштей албаган үй тапшырмасын жолдошунан көчүрүп алат да: “Мен өзүм иштедим” – деп коркпой туруп, жалган сүйлөйт. Дил баян жазганда, китептерден, өзгөлөрдүн ойлорун көчүрүп жазат да: “Бул менин оюм” – деп ойлонбой туруп, уурулук кылат. Мындай жалганчылыгы, уурулугу үчүн бала, күнөөлүү эсептелбейт, жоопко да тартылбайт. Анан дагы, мындай туура эмес аракеттери аркылуу алган жакшы баасы үчүн бала алкыш алып, макталат. Мындай алкоону бала “ак эмгегимдин жемиши” – деп билет. Ошентип өзүн-өзү алдоо менен, эптеп мектепти анан жогорку окуу жайын бүтүрөт, эптеп-септеп жакшы жумушка орношот да, андан ары өмүрүнүн аягына чейин эптеп-септеп оокат кылат. Мындай эптемей жашоо, биздин коомдо идеалдуу жошоо деп эсептелет. Эптемей жашоо, коомубуздун өтө чоӊ кыйроосу экендигин билип турсак да, эч кандай айла кыла албайбыз. Ошентип, эптемей жашоонун эптемей кадрлары азабынан мамлекетибиз жабыркап, жардыланып, жоголуп кетүү коркунучуна кептелип жаткандыгы жүрөктү оорутат. Билинбей жүрүп, мектепте калыптанган мындай терс сапаттарды алып жүрүүчүлөр менен коомчулук ар тараптуу күрөш жүргүзүп, себептерин издемиш болушуп, жыйынтыгы жок, ушул күнгө чейин кур бекер убара тартып келишет. Мындай кырдаалдан, алдоо аркылуу, алдануудан арылуу үчүн, билим системасындагы, билим сапатын аныктоочу баалоо процедурасындагы, көзгө көрүнбөй, көңүлгө алынбай келген кичинекей делген каталыктардын үстүнөн кайра иштеп чыгуу зарыл.
- Ата-бабаларыбыз байыртадан эле бала тарбиясына олуттуу маамиле жасашкан. Түптөлгөн тарбиялоонун улуттук принциптерине таянуу менен балдарды курактарга бөлүшүп (бала курак, тестиер курак, өспүрүм курак, калыптанган курак), курагына жараша мамиле жасашып, милдеттерди таңуулашып, укуктарды беришип, жашоого, жашоо үчүн күрөшүүгө татыктуу тарбиялап келишкен. Бирок, учурдагы СССРдин билим берүү системасынын жемишинен: курактык жоопкерчилик жоголуп, улуудан урмат, кичүүдөн ызаат качып, өз ара сыйлашуулар солгундап баратканы сезилет. М: өз алдынча ой жүгүртүп, өзүмдүк дүйнө карашка ээ болор курагында, кээ бир өспүрүмдөр ата-энесинин кучагынан алыстай албай, беш жашар баланын көз караш менен жашап, өз алдынча үй-бүлө күтөөр курагында бала болуп алышат да, ата сакалы ээгине бүткөн кезде өздөрүн жаш сезишип, жаштардын кыжырларына тийишет. Анан, эч кимге сөзү да, тили да өтпөгөн мокок, байкуш, бактысыз карыяга айланышып, анын себептерин биле алышпай, күнөөкөрлөрүн таба албай, арман менен бул жашоодон өтүп кетишет. Коомчулуктун мындай жабыркаланышын, учурдагы билим берүү системасынын, улуттук тарбиялоонун курактык этаптык принциптер менен ширелишпей калгандыгы аркылуу түшүндүрсөк болот. Ошентип, коомчулуктун мындай жабыркалануусуна чекит коюу үчүн, жаңы билим системасын курактык этаптык тарбиялоо принциптери менен жуурулуштуруу зарыл.
- Ар бир баланын өзүнүн өзгөчөлүгү, шыгы, таланты, аракети болоорун бардыгыбыз билебиз. Бирок баладагы бул шыкты, талантты, аракетти андан ары өөрчүтүп-өстүрүү үчүн учурдагы билим берүү сиистемасында, шарттар түзүлүп, багыттар берилип жаткандай сезилгени менен, чындыгында андай эмес. Сабактан кийин өткөрүлүүчү ийрим (кружок) иштерине, акы төлөнүүчү кошумча сабактарга арта салынган, бул маанилүү процедура б. а. балдардын каалоосу боюнча билим алуусун уюштуруу процедурасы формалдуу иштейт. Анткени, мындай өтө маанилүү, өтө назик процедуранын эффективдүүлүгү, ийрим иштери менен да, кошумча окутуу менен да жыйынтыкталбайт. Мындай туура эмес функционалдык бөлүштүрүү: көп балдардын таланттарынын, шыктарынын өз учурунда ачылуусуна бөгөт болуда. Ошондуктан, балдардын көпчүлүгү өздөрүнүн эмнеге жөндөмдүү экендигин орто мектепти бүтүргөндөн кийин да аныктай алышпай, тагдырдын тар жолунда адашып, коомдун өнүкпөй калган тобун толуктап келишет. Элибиздин мындай жабыркаланышы, эч кимди түйшүлтпөйт да өкүнтпөйт. Анткени, жашоонун мындай агымы, биз үчүн норма сыяктуу сезилет. Келечектеги билим жана тарбия системасы, баладагы өзүн-өзү таанып билүү эркиндигин бекемдеп, өз багытын: өз күчү менен, аң-сезими менен, өз алдынча, эркин аныктоосун камсыздашы зарыл.
- Учурда, учурдагы билим берүүгө канааттанбай, агарып-көгөрүүнү дин жолунан издешип, дин таануу илимин үйрөнүүгө багыт алып жатышкан жаштардын узуун, жоон тобу пайда болуп жаткандыгы эч кимге деле сыр эмес. Байкасак, бул чындыкта, ар бир пенде, дин ырым-жырымдарынан алыс кете албайт экенбиз. М: кыргыз пендеси бул жарыкка келсе, азан чакыртып ат коюшат, көз жумса, ак жууп, ак тарап, ак кепинге ороп, жаназа окуп, сөөк мусулман ырым-жырымдары менен жерге берип, куран түшүрөт. Мусулман пендесинин бул жарыкка келүүсүн жана кетүүсүн коштогон, жалгыз жөрөлгө, ушул экендиги чындык.
Бирок да, өз жерибизде, Кыргызстанда жашап туруп, мечит-медреселерден алыс кете албай, араб кийимдерин кийип, үрп-адат, каада-салттарын тутунуп, араб майрамдарынан башка майрамдарды кабылдашпай, араб жашоо эрежелерине кыңк этпей баш ийип, өздөрүнүн кыргыз экендиктерин унутууга чейин барган кыргыз жаштарына эмне дейсиң? Өзгөчө, кээ бир кыргыз кыздары, беш көкүл чачын сеңселтип, үкү топусун желге желпинтип, тоо уларындай так секирип, табият койнунда эркелеп, тарбияланып, жан дүйнөсүнө сиңген табигый эркиндигин, эрктүүлүгүн, кээң дымактуулугун, эне сүтү аркылуу, балага өткөрүп берүү милдетиндеги жоопкерчиликтерин сезбей, араб кийимдерине оронуп-чулганып, өздөрүн эркектерден төмөн сезүүгө мажбурлашып, коркоктук, корунчаактык, жалакайлык, ишенбөөчүлүк, эрксиздик, көз карандылык сыяктуу мүнөздөрдү базалап, баласына, сүтү аркылуу өткөрүп, улутубузду майдалап, ойрон кылып жатышканы туурабы? Жаӊы кыргыз коомчулугун түптөөдө кыргыз кыздарынын ролун, ордун, жоопкерчилигин белгилеп, тактап берүү өтө зарыл.
Дин таануу илимдерин үйрөнүүгө ыклас кылган кыргыз улан-кыздары, эл-жерине, эне-тилине, улуттук дилине болгон аяр мамилесин сактап, патриоттук сезимин бекемдеп, мусулман дин илимдерин, жаратылыш мыйзамдарын үйрөтүүчү табигый илимдер менен, коомчулуктун биримдигин, ынтымагын, тынчтыгын камсыздоочу гуманитардык илимдер менен адам факторун биринчи орунга койгон дүйнөлүк идеологиянын философиясы менен айкалыштырышып, ааламдаштыруу доорунда мусулман дининин татыктуу ордун көрсөтүүгө активдүү катышууну максат кылуулары зарыл.
Ал үчүн кыргыз мусулман дин таануучуларынын алдына чоң милдет коюлат. Ал милдет: мусулман парздарын кыргыз коомчулугунун жашоо эрежелерин, каада-салттарын эске алуу менен, өзөгүндө кыргыз устуну бекем орногон таризде иштеп чыгып, кыргыз коомчулугуна сунуштоо милдети.
Учурунда жапандар эч кандай дин туткан эмес делет. Коомчулугунун өсүп-өнүгүүсү үчүн, мамлекет тарабынан жүргүзүлүүчү идеалогиялык чакырыктарды, ыңгайлуу жашоо эрежелерин, улуттук өзгөчөлуктөрүн белгилөөчү каада-салттарды иргеп элдин калың катмарына туура, катасыз, кечиктирбей жеткирүүнү шарттоо үчүн, коомчулук, жакшы бир жалпы динди тутуп жашоосу ыңгайлуу экендигин баамдаган япондор, дүйнөдөгү бардык диндерди иликтеп чыгып, алардын ичинен мусулман динин жактырып, көпчүлүгү өз каалоолору менен мусулман динин карманып жашаган дешет.
Бирок да жапандар улуттук улуу тарыхын, маданиятын, адабиятын, искусствосун, эне–тилин, каада-салттарын, улуттук кийимдерин кастарлап, заманга жараша жаңыртып, жаңы боекторду берип, туу тутуп, бийик көтөрүп, өсүп-өнүгүп келет. Ал эми бизчи?..
Мындай аргументтерден, дин сабагын мамлекеттик мектептерде окутуп, дин илимдеринин тарбиялык багыттарын коомубуздун өсүп-өнүгүү стратегиялык багыты менен жуурулуштуруу зарылдыгы келип чыгат.
- Учурда ата-энелер балдарын, дүйнөлүк стандарттагы сапаттуу, ар тараптуу билимге ээ болуусун камсыздоо максатында, чоӊ контракттуу чет элдик ишкерлердин менчик мектептеринен окутууну максат кылууда. Ата-энелердин мындай арекеттери табигый көрүнүш. Анткени, менчик мектептерде баланын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттардын каралуусун дүйнөлүк практика көрсөтүп турат. Менчик мектептердин жашашы, билим берүү тармагын инвестициялайт жана мамлекет тарабынан бөлүнүүчү бюджеттик каражатты үнөмдөйт.
Ошентсе да, учурдагы билим беруу системасы шартында, менчик мектептердин иштөө жоболору, өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү талап кылат. Анткени менчик мектептердин башкы максаты бизнес, акча табуу, баюу. Ал эми эли-жерин сүйгөн, мекенибиздин кызыкчылыгын көздөгөн, мекенчил жаштарды тарбиялоо алар үчүн башкысы эмес. Демек, бул багыттагы иш-аракеттерибизде да каталыктар, мүшүлүштөр бар. Эмесе, менчик мектептердин иш-аракеттериндеги мүчүлүштөрдү байкап көрөлү.
а) Контрактысы чоӊ чет элдик ишкерлердин менчик мектептеринде оокаттуу үй-бүлөлөрдүн балдары гана окуй алышат, ал эми кедейлердин балдарычы? Албетте жок! Ошентип, мындай теӊсиздик оокаттуулардын балдарын өзүнчө топко, ал эми колунда жоктордун балдарын өзүнчө топко бөлүү менен, коомду экиге бөлүп жатат. Бул эки топ, бири-бири үчүн түшүнүксүз, таабышмактуу, сырдуу сезилип, кээде ал чөйрө, бул чөйрөгө, бул чөйрө ал чөйрөгө коркунуч алып келүү кооптонуусу, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө доо кетирип алуусу да мүмкүн. Мындай божомол өтө опурталдуулугу менен ойго салат.
б) Байыртадан эле улуттук баалуулуктарды: татынакай каада-салттардын, жүрүм-турум эрежелердин, кийинүү, тамактануу, сүйлөө, өз ара мамиле жасоо маданияттарынын үстүнөн иштөө, жана аны байытып, жалпыга жайылтуу шыбагасы колунда бар, бай үй-бүлөлөрдүн энчисинде болгондугу талашсыз чындык. Ал эми жөнөкөй үй-бүлөлөр бай үй-бүлөлөрдөн өрнөк алып, аларга карап түздөнүшүп, үйрөнүшүп өсүп-өнүгүшүп келишкен.
Эгерде, оокаттуулардын балдары чет элдик менчик мектептерден окуп, чет тилинде сүйлөп, чет элдик жүрүм-түрүм эрежелери менен калыптанышып эресеге жетишсе, “Ишенген кожом сууга акса, алды-алдынан тал карма!” болуп калбайбызбы?
в) Дүйнөлүк стандарттагы менчик мектептерден таалим тарбия, билим алган келечек муундарыбыздагы, мекенчилдик сезимдин калыптанышынын көзөмөлдөнүшү, чындыгында мүмкүн эмес. Андай болсо, мекенчилдик сезим, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоо милдети, мамлекеттик мектептерден тарбияланган кедейлердин балдарына гана мүнөздүү сезим болуп калабы?!
Албетте бул сыяктуу чиелешкен суроолор ар-бир ата-эненин зээнин кейитет. Анан: “Балдарыбыз кудайдын өзүнө аманат” — дешип, өздөрүн-өздөрү жоошутушуп, тим болуп, бурулуп, басып кетишет.
Учурдагы жалпы орто билим берүү системасын ороп-чулгап алган мындай каталыктарды көрүп, билип, сезип туруп, тынчсызданбайбыз. Эмнеге? А балким биз, ата-энелер, билим берүүнүн ушул структурасында калыптанып, билим берүүнү башкача уюштуруу мүмкүн эмес деген жыйынтыкка байланып калган окшойбузбу?!
Бирок, канчалык кыйынчылык болбосун, билим берүүнү жаңыча уюштуруу мезгили келип жетти. Анткени заман өзгөрдү. Чакан коомубуздун алдында чоң милдеттер пайда болду. Ал милдеттер: Мамлекеттүүлүгүбүздүн келечегин сактап калуу, өлкөбүздү гүлдөгөн, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу, ааламдаштыруу процессине кыргыз бойдон, татыктуу, ишенимдүү арыш таштап, аралашуу милдеттери саналат. Ошондуктан, кыргыз коомчулугубуздун мойнуна артылган бул: көп кырдуу, көр сырдуу, ары түйшүктүү, көп эмгекти, билимдүүлүктү, биримдүүлүктү, ынтымактуулукту талап кылган бул милдеттерди аркалоо үчүн оболу, билим системасын түп тамырынан өзгөртүү зарыл.
IV . Жалпы орто билим системасынын жаңы структурасынын таянычы.
Сунуштагым келген бул жалпы орто билим системасынын структурасынын жаңы долбоору тарбиялоонун төмөнкү улуттук принциптерине таянат.
- “Бала 9 жашка чейин бала куракта, 13 жашка чейин тестиер куракта, 18 жашка чейин өспүрүм куракта, андан ары кадыресе адам катары калыптанат”.
- “Балаңды 9 жашка чейин падышаңдай сыйла, 13 жашка чейин кулуңдай жумша, 18 жашка чейин оюна кой, андан ары жакшы көргөн коңшуңдай тең кара”.
Тарбиялоонун улуттук бул принциптеринин, бизге чейин миңдеген жылдар аралыгында маанисин жоготпой, элдин көөдөнүнөн орун алып, жашап келиши анын жемиштүүлүгүнөн, түбөлүктүүлүгүнөн, бекемдүүлүгүнөн жана табигыйлуулугунан кабар берет. Бул баалуулуктардын кайрадан көтөрүлүп, жаңы билим системасында колдонулушу мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө таяныч болот.
Балдарыбызды, бабаларыбыздын миңдеген жылдык, турмуш-тажрыйбаларынан, ой-толгоолорунан, күйүтү менен сүйүнүчүнөн куралган, көөнөргүс, уюткулуу, улуу баалуулуктарын пайдалануу менен, курактык мектептердин системасын түзүп, тарбиялап, окутуу аркылуу гана Улуу Кыргыз коомчулугун түптөөгө жетишебиз деп ишенемин.
- Жалпы орто билим системасындагы курактык этаптык мектептер
Сунушталчу жалпы орто билим системасы, төрт курактык этаптык мектептерден турат.
- “Балаңды падышаңдай сыйла” принциби менен I баскычтагы (1-4-кл.) башталгыч билим мектеби аталып, бала курактагы 6-9 жашар балдар менен иштейт. Башкы максаты: баланы гумандуулукка тарбиялоого багытталат.
- “Балаңды кулуңдай жумша” принциби менен II баскычтагы (5-7-кл.) негизги билим мектеби аталып, тестиер курактагы 10-13 жаштагы балдар менен иштейт. Башкы максаты: баланы эмгектенүүгө тарбиялайт.
- “Балаңды өз жайына кой” принциби менен III баскычтагы (8-10-кл.) багыттуу билим мектеби аталып, өспүрүм курактагы 14-16 жашар балдар менен иштейт. Башкы максаты: Баланы, тандаган багыты боюнча чыгармачылык менен эмгектенүүсүнө кенен шарт түзөт.
- “Балаңа коңушуңдай тең кара” принциби менен IV баскычтагы (11-12-кл.) жогорку окуу жайларына студенттерди даярдоо мектеби – 17-18 жашар балдар менен иштейт. Башкы максаты: Баланын өз алдынчалуулукка жеткирүү болуп саналат.
Аталган төрт баскычтуу этаптык курактык мектептер бири-биринен көз-карандысыз, өз алдынча жашайт. Баскычтуу мектептер: окуучулардын курактары, окутуп-тарбиялоону уюуштуруу формалары, стилдери, уставы, багыты, максаты, эрежелери, тартиби, билим алуучуга жүктөлгөн милдеттери, коюлуучу талаптары, ыйгарым укуктары ж.б. элементтери менен да кескин айырмаланышат. Ар бир курактык мектептин өздүк гимни, девизи, окуучулук формасы болот.
- Төрт баскычтуу курактык мектептердин ар бирине кыскача мүнөздөмө.
- Башталгыч билим мектеби – “Балаңды падышаңдай сыйла” принциби негизинде, бала курактагы 6-9 жашар, 1–4-класс окуучуларына башталгыч билим окутуп, тарбиялоо процесси, баладагы гумандуулукту калыптоого багытталат.
Мектеп баланы 5-6 жаштан ден соолугу жөнүндөгү медициналык билдирмеси боюнча, төрт жылдык окуу мөөнөтү менен ( учурдагы 1-2-3-4-кл.) кабыл алат.Окуучулук формасы: улуттук стилде болгону максаттуу.Окуу убактысы: Жумасына 5 күн, 1 сабагы — 40 мин, күнүмдүк жүктөм — 4 сабак.
Бала мектепте түштөнөт, түштөнүүдөн кийин кошумча сабактар, (өтүлгөн сабактарды бышыктоо: оюн сабагы, викториналык сабак, өз алдынча иштөө сабагы, диспут сабагы, маектешүү сабагы ж.б.) ыӊгайына жараша колдонулат, прикладдык илимдер багытындагы: музыка, бий, сүрөт, дене тарбиясы, кол өнөрчүлүк ж.б.у.с. кружоктор да иштейт, даталуу майрам аземдерине даярдык көрүү да пландалат.
Башталгыч мектепте бала үчүн үйгө тапшырма берилбейт. Ошентип бала күндүзгү саат 9:00дөн 17:00гө чейинки убактысын мектепте өткөрөт.
Бала мектептен жаратылышты таанууну, окуганды, жазганды, эсептегенди көргөн, уккан, окуп түшүнгөн информацияларын, так, көркөм, түшүнүктүү, уккулуктуу баяндоону, ушул эле информацияларды, кагаз бетине жазуу түрүндө, элестүү сүрөт түрүндө да түшүрө билүүнү, коллектив менен иштөөнү, чогуу аракеттенүүнү, сырдашууну, достошууну, сыйлашууну, сүйө билүүнү, баалай билүүнү жалпылаганда гумандуулукту үйрөнөт.
Бала үчүн чегерилген билим базасын: баланын тынч, эркин, тулку бойуна сиңирип алуу аркылуу үйрөнгөндүгүнө кубанып, кубаттап турган мээримдүү эжейлердин, агайлардын колдоосунда, багындырган ийгиликтерине кубанып мамиле кылган жолдоштору арасында, коркунучу жок чөйрөдө, падышадай сыйланып, бактылуу балалык доорунда өздөштүрөт.
Ошондуктан, мындай атмосфералуу башталгыч мектепти уюштуруу үчүн, мектеп жамааты: мектеп жетекчиси, мугалимдери, мектеп менеджери, мектеп психологу, методисттери, мед. айымы, дене тарбиячысы, музыканты, ашпозчусуна дейре уюшкандыкта, чыгармачылыкта, бирдиктүү аракеттенүү аркылуу гана категориялуу жамаат болушуп, андан соң, Министрлик тарабынан башталгыч мектептер үчүн чегерилген билим базасы менен баланын толук кандуу камсыз болуусун, мектеп жамааты, ата-эне жана мамлекет менен болгон келишиминде ишенимдүү кепилдей алышат.
Башталгыч мектеп үч типте жашайт: мамлекеттик мектеп, менчик мектеп, үй шартындагы мектеп. а) Мамлекеттик мектеп, мамлекет тарабынан каржыланып, көзөмөлдөнүп, акысыз билим менен камсыздайт. б) Менчик мектеп, ата-энелердин тандоосу боюнча, менчик ээси менен болгон келишимдин негизинде контракт түзүлүп, каржыланып, баланы мамлекеттин көзөмөлдөөсү менен, байытылган тартипте калыптайт. в) үй шартындагы мектеп, эгерде баланын, кандайдыр бир жүйөөлүү себептер менен, башталгыч билим алуу мектебине үзгүлтүксүз каттоо мүмкүнчүлүгү болбосо, анда ата-энесинин карамагында, каржылоосунда башталгыч билим алууга шарт түзүп, жакынкы мамлекеттик башталгыч мектеп менен келишим түзүп, мугалим жалдатып, үй шартында башталгыч билим алса болот. Бирок, бала 4-классты бүтүрүп жатып, келишим түзүлгөн мектептин бүтүрүүчүлөрү менен бир столдо отуруп, тестирлөөдөн өткөндөн кийин гана башталгыч билимге ээ болду деген күбөлүк берилет.
Мектеп кайсыл типте болбосун, окуу планы, окуу программасы, окуу китептери, окуу режими бирдей болот. Мамлекеттик стандарт сакталат. Мамлекеттик Билим Мыйзамынын чегинде гана иш алып бара алат.
Баланын, башталгыч мектепти бүтүрүү алдындагы тесттирлениши, бала үчүн эмес, тактап айтканда: мектептин, мектеп жамаатынын педагогикалык чеберчиликтерин, категорияларын аныктоо максатында гана жүргүзүлөт. Ал эми балага жөн гана “башталгыч билимге ээ болду” деген күбөлүк берилет. Бул күбөлүктүн негизинде бала каалаган экинчи баскычтагы мектепке сөз жок кабыл алынат. Белгилеп кетүүчү жагдай: Тестирлөө республикалык масштабда жүргүзүлөт. Шарттарын түзүү өзүнчө каралат.
II баскычтагы мектепке бала, окуучулук жалпы эрежелерди, коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелерин, улууну урматтоону, оюн сыйлоону, өзүнүн жана жолдошторунун окуу куралдарына, буюмдарына, жан дүйнөсүнө, ден соолугуна аяр мамиле жасоону, табият менен таттуу болууну, мугалимин, ата-энесин сыйлоону үйрөнгөн тартипте калыптанып барат.
- Негизги билим берүү мектеби “Балаңды кулуңдай жумша” принциби негизинде, тестиер курактагы, 10-13 жашар, 5-6-7-класстын окуучулары менен иштеп, балдарга, илим башаты болгон негизги билим курсун толук окутуп, тарбиялоо процессинде: баланы эмгектене билүүгө үйрөтүп, такшалтат.
Мектеп баланы “Башталгыч билимге ээ болду” свертификатынын негизинде, үч жылдык окуу мөөнөтү менен кабыл алат.
Окуу убактысы: Жумасына 5 күн, 1 сабагы — 45 мин, күнүмдүк жүктөм — 5 сабак.
Окуучулук формасы: ачык түстө эмес, кыймылдоого ыӊгайлуу, бирок спорттук эмес, классика стили айкалышкан, заман талабында болушу максаттуу. Ар бир класстын окуучуларынын: кемселинен байпагына дейре, көтөргөн китеп кабынан калем сабына дейре, жазгы, күзгү, кышкы сырт кийимдери жана спорт кийимдери да окшош болуусу зарыл.
Мектеп окуучуларындагы мындай жалпылыкты, окшоштукту, теңдикти, ыңгайлуулукту жаратуу максатында, бирдей тариф менен эмес, ата-эне үй-бүлө кирешесинин кайсы бир пайызын мектепке эмес, мамлекеттик фондго которуп, төлөмдүк чекти болсо мектепке берет.
Себеби, негизги билим мектеби бир гана мамлекеттик мектеп тибинде жашайт. Мектеп баланын, колунда бар, же жок, даражалуу же даражасыз чөйрөдөн экендигин эске албаган тартипте иш жүргүзүшөөрүн шарттоо керек.
Мамлекеттик мектеп окуучуларына талапы катуу коет. Мектептин ишмердүүлүгүнүн кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн: эрежелер, режимдер, расписаниелер бала үчүн мыйзам. Баланын эмгекчилдиги, ишмердүүлүгү калыптануудагы пунктуалдуулук, жыйнактуулук, моралдык касиеттер — бала үчүн милдет. Эгерде, бала тарабынан мектеп көрсөткөн мыйзам, талап, милдет бузулса, анда бала мектептин уставынын негизинде жаза алат.
Бул устав Юстиция министрлигинин көрсөтмөсү менен Билим берүү жана илим министрлигинин юристтери тарабынан иштелип чыгат.
Бала мектепте түштөнөт. Түштөнүүдөн кийин, бардык багыттар боюнча ийримдик сабактарга, тандоосуз, катышууга жетишүүсү шарт. Ал үчүн баладан тактык, туура режим, туура тамактануу, убакытта туура пайдалануу, ойду туура топтоо, чоң күч, энергия, эмгек талап кылынат. Ошентип бала күндүзгү саат 8:00дөн 17:00гө чейин мектепте машыгат.
Негизги билим мектебинин окуучулары, учурдагы орто билим мектебинин 5-6-7-8-9-10-класстары үчүн чегерилген бардык предметтердин негиздерин окуп, өздөштүрүүлөрү зарыл. Учурдагы предметтик сааттардын бөлүштүрүлүшү, предметтик темаларды окутуу ирети, тартиби, жаңы билим системасында да сакталып калуусу өтө маанилүү. Анткени, предметтик темалардын окутулуу иретин иреттөө СССРдин тушунда өтө кылдаттык менен иштелип чыккандыгын ошол кездеги дүйнөлүк эксперттер таӊ калып, мойнунга алышкан.
Бул мектепте баланын аракети, алган билими, өздөштүрүүсү, эмгеги, бардык предметтер боюнча 0дөн 10го чейинки балл өлчөмүндө, санариптик негизде бааланып турат, анан чейректик, жылдык, үч жылдык болуп жыйналат. Жыйынтыгында, илимдин үч багытынын (прикладдык илимдер, гуманитардык илимдер, жаратылыш илимдер) предметтери боюнча топтолуп, өз-өзүнчө, жыйынтыкталат. Мындай жыйынтыктоо да санарип негизинде жүрөт. Ошентип бала өзүнүн чамасын республиканын бардык аймактарындагы, өзү курдуу балдар менен салыштыра алат. Бала мамлекеттик негизги билим мектебинде жашап өткөргөн үч жыл аралыгында, өзүнүн багытын аныктап, эмнеге жөндөмдүү экендигин билип, андан ары кайсыл багытта аракеттениши керек экендигин аныктап чыгат.
Мектеп балага, кайсыл бир багыт боюнча жыйнаган чоӊ баллынын негизинде, ата-энесинин макулдугу, мектеп жамаатынын сунушу менен, тереӊдетип окуусун улантуусун шарттап, III баскычтагы багыттуу мектепке, бала жактырган бөлүмгө жолдонмо берет.
Белгилеп кетүүчү жагдай: Балдар дин таануу сабагын мамлекеттик мектепте окуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушат. Бала дин таануу сабагында: дүйнөдөгү бардык диндердин түрлөрү, алардын окшоштуктары жана айырмачылыктарынын сырлары, диндин келип чыгуу себептери жана тарыхы жөнүндө түшүнүк алып, өзгөчө ислам дининин коомдогу орду, илим жана техниканын өсүп өнүгүүсүнө тийгизген таасирлери, мусулмандар үчүн талап кылынуучу парздар, милдеттер, эрежелер, мусулмандарга ыйгарылуучу укуктар, пайгамбарыбыздын осуяттары жөнүндөгү маалыматтарга тереӊирээк басым жасап окушат.
Бала II баскычтагы мектептен тактыкка, позициялуулукка, өз сөзүндө бекем турууга, өздүк- чекиттик көз карашка, адамды, адам эмгегин, оюн сыйлоого, чыгармачылык менен эмгектенүүгө тарбияланып, өзүн-өзү таанып, эмнеге жөндөмдүү экендигин аныктап, багытын таап, анан III баскычтагы мектепке барып олтурат.
Баланын II баскычтагы мектепти бүтүрүү алдындагы аттестацияланышы бала үчүн эмес, мектептин, мектеп жамаатынын категориясын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
- Багыттуу билим мектеби “Балаңды өз оюна кой” принцибинин негизинде, өспүрүм курактагы 14-16 жашар, 8-9-10-класстардын окуучулары менен иштейт. Бала тандап алган илим багытындагы предметтер окутулат. Тарбиялоо процесси, чыгармачылык менен эмгектенүүнү үйрөтүүгө багытталат.
Мектеп баланы негизги билим мектебинин жолдомосу аркылуу үч жылдык окуу мөөнөтү менен кабыл алат. Мектеп балага эркин формага уруксаат берет.
Мектеп үч типте жашай алат: мамлекеттик мектеп, менчик мектеп, инвестиция мектеби.
Эгерде инвестор өлкөбүзгө оор өнөр жай комплектисин курууга инвестиция салууну көздөсө, анда оор өнөр жай ишканалары үчүн жергиликтүү кадрларды даярдоо талабы негизинде, оболу мектепке инвестиция салууга милдеттендирилет. Инвестицияланган мектеп мамлекеттик инвестиция мектеби аталып, мамлекеттин көзөмөлүндө гана иш алып барат. Мындай жол менен: гуманитардык багыттагы максаттуу мектептер, прикладдык багыттагы ишкерчилик мектептер түзүлүп, Мамлекеттик өнүгүүгө алып келет.
Окуу убактысы: Жумасына 5 күн, 1 сабагы — 45 мин, күнүмдүк жүктөм — 5 сабак.
Бала, күндүзгү 8:00 дөн 17:00 гө чейинки убактысын мектепте машыгуу менен өткөрөт.
Бала мектепте түштөнөт. Түштөнүүгө чейин стандарттык, чегерилген сабактар окутулат. Түштөнүүдөн кийинки баланын чыгармачылык менен иштөөсүн шарттоо максатында практикалык эркин сабактар жүргүзүлөт.
Багыттуу мектеп үч мектептен турат: Прикладтык илимдер багытындагы мектеп, Гуманитардык илимдер багытындагы мектеп, Табыйгый илимдер багытындагы мектеп, Багыттуу мектеп курамындагы, үч багыттагы мектептер бир эле мектепте, бир жетекчилик астында, үч менеджердин иш-аракеттери коштоосунда жашап, иштесе да болот. Эгерде, шарт болуп, мүмкүнчүлүк түзүлсө, багыттуу мектептин үч бөлүгү теӊ өз алдынча жашашы, максаттуу болуп, чоң эффект берет.
Багыттуу мектеп курамын түзгөн үч багыттагы мектептерге кыскача мүнөздөмө.
- Прикладдык илимдер багытындагы мектеп: Дене тарбиясы, музыка, сүрөт, кол өнөрчүлүк сабактарына өзгөчө көңүл бурулуп, тереңдетип окутат. Математика, геометрия сабактарынын негизгидерин, табигый илимдер сабактары менен кошо концепциялап, гуманитардык илимдери сабактарын өзүнчө концепциялап окутушат. Түштөнүүгө чейин, окуу планында бекитилген стандарттык сабактар окутулуп, түштөнүүдөн кийин, толугу менен практикалык сабактар, өнөрканаларда окутулат. Өнөрканалар: менчик өнөркана, мамлекеттик же мамлекеттик инвестициялык өнөрканалар болушу мүмкүн.
- Гуманитардык илимдер багытындагы мектеп: Тил, адабият, тарых, коом таануу илимдери багытындагы сабактарга өзгөчө көңүл буруп, тереңдетип окутулуп, математика жана табигый илимдер багытындагы сабактар концепциялап окутулат, ал эми прикладдык сабактардын кээ бирлери кошумча берилет. Түштөнүүгө чейин окуу планына чегерилген стандарттык сабактар окутулуп, түштөнүүдөн кийин, толугу менен практикалык сабактар, студияларда окутулат. Студиялар: менчик студиялар, мамлекеттик же мамлекеттик инвестициялык студиялар болушу мүмкүн.
Гуманитардык илимдер багытындагы мектеп алдында, дин илимдерин тереӊ изилдеп таанууну максат кылган балдар үчүн бөлүм ажыратылат. Бөлүмдүн окуучулары, Туштөнүүгө чейин, гуманитардык мектептер учун чегерилген окуу планындагы стандарттык сабактарды окушуп, түштөнүүдөн кийин, араб тилинин грамматикасын өздөштүрүп, Мусулман диний окууларды тереңдетип окушат. Бул бөлүмдүн ишкердүүлүк жоболору, уставы, балдардын бөлүмдү бүтүргөндөн кийинки кадамдары программасы да кошумча иштелип чыгат.
- Жаратылыш илимдери багытындагы мектеп: Физика, химия, биология, география, математика илимдери багытындагы сабактарга өзгөчө көңүл буруп, тереңдетип окутуп, прикладдык жана гуманитардык илимдер багытындагы сабактарды концепциялап окутат. Түштөнүүгө чейин окуу планында бекитилген стандарттык сабактар окутулуп, түштөнүүдөн кийин толугу менен практикалык сабактар, лабораторияларда жүргүзүлөт. Жаратылыш илимдери лабораториялары инвесторлор тарабынан же мамлекет тарабынан уюуштурулуп жасалгаланып, мамлекеттик лаборатория тибинде гана жашайт.
Аталган үч багыттагы мектептерде тең баланын аракети, алган билими, өздөштүрүүсү, эмгеги бааланат. Бардык предметтер боюнча жана практикалык аткарган жумуштарынын жыйынтыктары боюнча өз-өзүнчө 0дөн 10го чейинки балл өлчөмүндө, санариптик негизде бааланып турат. Анан чейректик, жылдык, үч жылдык болуп жыйналып, баланын теориялык билими өзүнчө, практикалык билими өзүнчө жыйынтыкталат. Практикалык ишмердүүлүгү негизинде балага багыттыгы боюнча кесиптик сертификат берилет.
Бала үч жылдык эмгек жыйынтыгын санариптештирүү саясаты шарапатында, республиканын бардык аймактарындагы балдардын үч жылдык эмгек жыйынтыгы менен салыштыруу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, билим алуусун IV баскычтагы мектептен улантуу же улантпоо чечимин өзү чыгарат. Баланын чечими менен, мектеп тарабынан балага:
Эмгек стажы менен билим алууну улантуу үчүн багыттыгы боюнча жумушка орношуу, же IV баскычтагы мектептен билимин улантуу жолдонмосу берилет.
Баланын III баскычтагы мектепти бүтүрүү алдындагы аттестацияланышы бала үчүн эмес, мектептин, мектеп жамаатынын категориясын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
Белгилеп кетүүчү жагдай: Багыттуу мектептепти бүтүргөн баланын: багытындагы өнөрканаларда, студияларда, өндүрүш ишканаларында ийгиликтүү иштеп кетүү жөндөмүн калыптоону мектеп, ата-энелер жана мамлекет менен болгон келишиминде кепилдейт.
Эгерде бала бул мектепти бүтүргөндөн кийин иштеп, материалдык базасын чыңдап алып, андан кийин жогорку билимге ээ болууну максат кылса, анда 3 жылдан кем эмес эмгек стажы, иштеген ишканасынын жолдомосу менен, өзү сүйүп аркалаган кесибинин үстүнөн билимин жогорулатуу үчүн республикабыздын гана каалаган ЖОЖдорунун бирине тестирленүү аркылуу кирип, жогорку билим алса болот.
- ЖОЖ дорго студенттерди даярдоо мектеби “Балаңа коңшуңдай тең кара” принциби негизинде, калыптанган курактагы 17-18 жашар, 11-12-класстын окуучулары менен иштейт. Бала тандап алган илим багытындагы предметтерди терең түшүнүү, анализдөө, сын көз караш менен жалпылоонун устүнөн иштеп, окуйт. Тарбиялоо процесси, баланын өздүк чекиттик көз карашын бекемдөөсү максатталат.
Бул мектеп баланын багыттуу билим мектебиндеги ийгиликтери, каалоосу коштолгон жолдомо аркылуу эки жылдык окуу мөөнөт менен кабыл алат.
Бул мектеп милдеттүү окуу мектеби эмес.
Мектепте бирдиктүү кийим талап кылбайт.
Мектеп эки типте жашайт: мамлекеттик мектеп жана менчик мектеп тибинде.
Даярдоо мектеби, ЖОЖ дордун алдында да түзүлүп, иштөөсү максаттуу.
Окуу убактысы: Жумасына 5 күн, 1 сабагы – 45 мин, күнүмдүк жүктөм — 5 сабак.
Бала мектепте түштөнөт. Түштөнүүгө чейин милдеттүү, стандарттык, сабактар окутулат. Түштөнүүдөн кийин бала өздөштүргөн билимин анализдөө, жалпылоо, экспертизалоо иш-аракеттери менен алектенип, дүйнө таанымын дагы да тереңирээк кеңейтүүгө убакыт бөлөт. Ал үчүн мектепте: диспут сабагы, викторина сабагы, конференц зал уюштурулат. Балдардын илимий эмгек аракеттери, уюштуруучулар тарабынан, милдеттүү, стандарттык билими боюнча санариптик негизде бааланат.
Бала бул мектептен үч тилде эркин сүйлөп, окуп, жазганды үйрөнүп, дипломатиялык байланыш эрежелерин, стандарт жүрүм-турум этикасын тереӊ өздөштүрүп, өз алдынча чыгармачылык менен эмгектенүү эрктүүлүгүн, мекенчилдик сезимин сактап, дүйнөлүк, ар кайсы ЖОЖдорунун татыктуу студенти болууга адаптацияланат.
Бала кыялданып, эӊсеп, максат кылган дүйнөлүк кайсы бир ЖОЖдун жалпы жагдайы: структурасы, талабы, студенттеринин дүйнө таанымы, максаттары, кыялдары, деӊгээлдери, жүрүм-турум жашоо эрежелери, билим алуусу, эмгектенүүсү үчүн түзүлгөн шарттары менен жакындан таанышууну, баланын ал ЖОЖдун резервдеги студенти мүмкүнчүлүгүн эске алып, мектеп ал ЖОЖ менен биргеликте, онлайн тартибинде уюштуруп бере алат.
Бала,ЖОЖдорго студенттерди даярдоо мектебин бүтүрүү алдында, республикалык санариптик тестирлөөдөн өтүү менен, республикабыздын кайсыл бир ЖОЖунун же Дүйнөлүк деӊгээлдеги ЖОЖдордун, биринин студенти болуу талаптарына шайкеш келүүсү же келбөөсү аныкталат. Ошону менен катар, бул тестирлөөдөн мектептин, мектеп жамаатынын республикалык деӊгээлдеге категориясы да аныкталат.
Балага талыкпаган эмгеги менен багындырган ЖОЖдордун биринен билим алып, күчтүү, квалификацияланган кадр болуп, мекенине кайра келүүсү үчүн жолдомо берилет.
VII. Корутунду.
Кыргыз жалпы орто билим берүү системасын учур талабына шайкеш келтирүү үчүн сунушталып жаткан, уникалдуу, өзгөчө, табигый структура, курактык-этаптык, баскычтуу мектептердин системасынан түзүлүп, өзүӊөр байкагандай: окуучулардын каалоо-мүдөөсү, мугалимдердин ой-тилеги, ата-энелердин эӊсөө максаты, коомчулугубуздун өсүп-өнүгүүсү, мамлекетибиздин чыӊдалышы эске алынып, жуурулушуп, көп жылдык педагогикалык эмгек тажрыйбам, чоӊ күч менен иштелип чыкты. Учурдан пайдаланып, курактык мектептер системасынын оригиналдуулугун айгинелөөчү дагы бир аргументке көӊүлүӊүздөрдү бурайын.
Байыркы ойчулдардын анализдөөсүнүн негизинде, адам баласы норма боюнча төрт мезгилди жашап өтөт. Алар: жаш мезгил, күч мезгил, пайгамбар мезгил, карыя мезгилдери. Байыркылар жашоо мезгилдери менен жыл мезгилдеринин ортосундагы окшоштуктарды да байкашкан жана жаш мезгили — жазды, күч мезгил- жайды, пайгамбар мезгили — күздү, карыя мезгили — кышты элестетүүсүн, баланын, бала куракта туура калыптануусу, жаш мезгилдин натыйжалуулугун, тестиер куракта туура калыптануусу, күч мезгилдин натыйжалуулугун, өспүрүм куракта туура калыптануусу, пайгамбар мезгилдин натыйжалуулугун, калыптануу куракта туура калыптануусу, карыя мезгилдин натыйжалуулугун берээрин көрө билишкен. Байкасак, мындан адам баласынын жашоосу табияттын жашоосунун кичинекей бир бөлүгү экендиги далилденет. Демек, бабаларыбыздын “Табият менен таттуу болуу” осуяты, курактык-этаптык тарбиялоо эрежелери, жөн жерден эмес экен. Байкала бербегени менен, тарбиялоонун бул этаптары, азыркы учурга чейин коомубузда калыптануу институтунун ролун аткарып келет. Бул өзгөчө аргументтерден, курактык-этаптык мектептердин системасын түзүү, иштетүү, учурдун кечиктирилгис талабы экендиги келип чыгат.
Урматтуу окурмандар, кыргыз билим берүүсүнүн күйөрмандары жана жаӊылануу сунуштарынын көз карандысыз эксперттери, мамлекетибиздин билим берүү жана тарбиялоо тармагын жакшыртууга карата сунушталып жаткан курактык мектептердин канчалык оргиналдуу, натыйжалуу экендигин анализдеп, күӊгөй-тескейин сындап, оӊдоп-түздөө ой-пикирлериӊиздерди, сунуштарыӊыздарды билдирүүӊүздөр менен бул долбоордун коомчулук талкуусуна чыгуусунун тушоосун кесип, өнүккөн, бакубат, күчтүү, билимдүү кыргыз коомчулугунун калыптануусуна чоӊ салым кошуӊуздар.
Тажи ЖУМАЛИЕВА, Бишкек шаары
Комментарийлер