КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯ ӨТӨ ЖАКЫН ӨНӨКТӨШ ӨЛКӨ
- 28.11.2025
- 0
Эл аралык кызматташтык
2025-жылдын 25-27-ноябрь аралыгында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик иш-сапары өттү. Ошондуктан, КР Президентинин расмий чакыруусу менен ишке ашкан бул иш сапарды эки өлкө ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүк жана биримдик мамилелер жаатындагы орчундуу окуялардын бири катары кабылдасак болот.
Кыргызстан менен Россия БУУ, ШКУ, КМШ ЖККУ, ЕАЭБ сындуу эки жана көп тараптуу уюмдардын мүчөсү болуп саналат.Эң башкысы Россия Кыргызстандын эң башкы стратегиялык өнөктөшү болуп саналат. Ошондуктан, жогорку деңгээлдеги мамлекеттик мамлекеттик иш-чара жүрүшүндө ошол уюмдардын алкагында жүрө турган кызматташтык мамилелердин түйүндүү маселери жаатындагы бир топ маселелер каралып, эки тарап бир бүтүмгө келишти.

РФ Президенти Владимир Путин менен КР Президенти Садыр Жапаров жолугушуу учурунда стратегиялык жактан өнөктөш эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштар менен инвестициялык өз ара аракеттерди кеңейтүү, аскерий-техникалык жана маданий-гуманитардык, миграциялык абал, саламаттык сактоо жана билим берүү, аймактык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мамлекеттик иш сапар жыйынтыгында Россия менен Кыргызстандын мамлекет башчылары бир катар тармактардагы эки жана көп тараптуу мамилелерди андан ары тереңдетүүгө жана өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган долбоорлор боюнча билдирүү жасап, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу 11 келишимге кол коюлду.
Жергебизге РФ Президентин коштогон мындай ири делегация биринчи жолу келип жатканын белгилй кетсек ашыкча болбос. Делегация курамында РФ Өкмөттүн дээрлик бүт мүчөсү, Борбордук банктын төрайымынан тарта ири бизнес-өкүлдөрүнүн катышканы эле иш сапардын деңгээлин көрсөтүп турат. Андыктан, эки тараптуу кызматташтыктын жаңы тарыхы ачылды деп койсок да жаңылбайбыз. Буюрса, экономикалык алаканы жакын арада 5 миллиардга жеткирүү мерчемделүүдө. Чын-чынына келгенде, Кыргызстандын экономикасын Россиясыз элестетүү мүмкүн эмес.
Андан тышкары, ЕАЭБ алкагында жалпы финансылык рынокту түзүү демилгеси талкууланууда. Ал улуттук финансылык тармакка байланыштуу мыйзамдарды ЕЭКтин “евразиялык бештик” менен бирге даярдаган көп деңгээлдүү мамилелер менен өз ара шайкеш келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Жакын арада Бишкек шаарында биологиялык корунучтарга каршы күрөшүү борборунун ачылышы күтүлүүдө. Ал эпидемиялык коопсуздукту сактоого жана жугуштуу оорулардын алдын алууга көмөкчү болору бышык. Азырынча адын ала жөнөтүлгөн ГАЗ үлгүсүндөгү 2 мобилдүү автомобиль иштей баштаганын мисал тарсак жетиштүү болот чыгар.
Өткөн аптада толугу менен Россия тарабынан каржыланган NOMAD (КӨЧМӨН) телеканалы иштей баштады. Алгачкы берүүлөрүн көрүп жатабыз. Кыргыз-орус биргелешкен долбоору өз штатын түзүп, контенттерин жергиликтүү мамлекеттик каналдар менен кызматташуу аркылуу, НТВнын толук программаларын аралыктан алып көрсөтөт. Кыргызстанга тиешелүү ар бир көрсөтүү толугу менен мамлекеттик жана расмий тилдерде коштолуп турат.

Эсиңерде бар чыгар, Евразия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү демилгесин РФ Президенти Владимир Путин да, КР Президенти Садыр Жапаров дагы колдогон. Ошондон улам, Бишкек шаарында “Евразия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү жана ишке ашыруунун алгачкы кадамы – Кыргызстан жана Россия” аттуу стратегиялык билим берүү сессиясы өткөрүлдү. Буюрса, мындай ири, өзөктүү, арымдуу жана кыйла келечектүү демилге дал ушу Россия менен Кыргыстандан башталып отурат.
Албетте, эки тараптуу кызматташтык мамилелеринде агартуу тармагы да унутта калган жок. Келишимге ылайык, Россия федералдык бюджеттин эсебинен Кыргызстанга 2026-2027-окуу жылына карата кыргызстандыктарга 700 квота бөлүп берди. Жогорку окуу жайларында окуу үчүн 2025-жылдын 15-декабрынан тарта документтер кабыл алына баштайт. Кабыл алуу Роскызматташтык мекемесинин сайты аркылуу жүргүзүлмөкчү.
Россиянын көмөгү менен Кыргызстан аймагында 9 мектеп курулат. Бул долбоор бир топ жылга эсептелген. Быйыл 3 мектептин курулушу башталат. Андан ары ар жыл сайын 3 мектептен бүткөрүлүп турмакчы.
РФ Президенти Владимир Путин Билим берүү министрлеринин эл аралык форумунун катышуучуларына кайрылуусунда билим берүү улуттук иденттүүлүктү сактоо үчүн, бүтүндөй маданияттар менен каада-салттардын ар түрдүүлүгүн коргоо үчүн кызмат кылууга тийиш экенин баса белгилеген:
«Это ключевое, фундаментальное условие социальной справедливости, сокращения бедности и неравенства, роста доходов, качества жизни граждан наших стран. Школа должна не только давать самые передовые знания и компетенции, но и просвещать, воспитывать, помогать молодому человеку обрести прочную ценностную опору в жизни, состояться как гармоничная личность. Убеждены в том, что свободный, равноправный доступ к знаниям, технологиям, научным достижениям – это один из главных факторов устойчивого развития, формирования более справедливого и безопасного многополярного мира…”
Ал эми КР Президенти Садыр Жапаров РФ Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик иш сапарын жыйынтыктап жатып, Россия менен Кыргызстан өтө жакын стратегиялык өнөктөш өлкөлөрдөн болуп саналарын баса белгиледи:
«Биз азыр сиздин катышууңузда билим берүү, саламаттык сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык, аскерий-техникалык жактан өз ара жардамдашуу жаатындагы көп багыттуу эки тараптуу документтер топтомуна кол койдук. Ошентип, ушу тапта биздин өлкөлөрдүн ортосундагы келишимдик-укуктук базада 400дөн ашуун доумент бар экен. Менимче, мынчалык санда кол коюлган мамлекеттер, өкмөттөр, мекемелер аралык документтер бир дагы чет өлкөдө жок экенин канааттануу менен кошумчалай кетким келет!..” Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Россия Федерациясынын Агартуу министрлигине орус тилин окутууну жакшыртуу боюнча туруктуу колдоосу жана биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирди:
“Биз россиялык кесиптештер менен бир нече жолу жолугушуп, орус тилин окутуунун сапатын жогорулатуу маселелерин кеңири талкууладык. Маанилүү натыйжалардын бири катары “Алтын Казык” билим берүү системасын масштабдуу трансформациялоо программасынын алкагында жаңы муундагы окуу китептерин түзүү болду”, — деп белгиледи министр. – Окуу китептери эки өлкөнүн авторлорунун биргелешкен эмгеги менен жаңы билим берүү стандарттарын жана Кыргызстандын маданий-тилдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан. Азыр орус тили боюнча окуу китептеринин комплекттери келип түштү, жакынкы аралыкта адабият боюнча окуу китептери да жеткирилет.
РФ Президенти Владимир Путин:
“Россия благодарна Киргизии за особый статус русского языка в республике. Это помогает различным связям двух государств. Хотел бы вас поблагодарить за то, что русскому языку придан особый статус в Киргизии. Это позволяет нам работать более эффективно по ряду других направлений, в том числе в сфере экономики. Русский язык в Киргизии имеет статус официального. За ним закреплена функция межнационального общения в республике…”.

КР Президенти Садыр Жапаров:
“Бизде орус тили расмий тил катары белгиленген. Орус тилин колдоп келатканыбыз үчүн Владимир Владимирович өз ыраазычылыгын айтты. Негизи орус тили бизге муктаж эмес, биз орус тилине муктажбыз. Биринчиден, орус тили дүйнөлүк алты тилддин бири. Экинчиден, орус тилисиз биз Кыргызстандан алыс чыга албасыбызды эстен чыгарбашыбыз керек. Албетте, биринчи кезекте өзүбүздүн тилибизди өнүктүрүшүбүз керек. Бирок орус жана англис тилдерин да билүүгө тийишпиз. Дүйнөнүн тең жарымы мына ушул эки тилди колдонот…”
Белгилей кетсек, мамлекеттик иш сапар учурунда КМШ өлкөлөрүнүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтүп, эл аралык иш-чарага уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары катышты. Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук кеңешине төрагалык кылган бул иш-чарада жамааттык коргонуу механизмдерин чыңдоо баш болгон бир топ орчундуу маселелер талкууланды. Жыйын жүрүшүндө коопсуздук маселелери боюнча өз ара иштешүү жолдорун өркүндөтүү, аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүү алакаларына багытталган ондон ашык чечимге кол коюлду. ЖККУ өтө ишенимдүү калкан болуп саналат. Ал жалпы эле Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын ички-тышкы саясий туруктуулугу үчүн кыйла маанилүү.
Кемел Белек, “Кут Билим”
Комментарийлер