КЫРГЫЗ УЛУТТУК ПАСПОРТУНУН ТАРЫХ – ТАРЖЫМАЛЫ

  • 07.01.2026
  • 0

Тарыхка кайрылсак, көчмөн жана жарым көчмөн турмушта жашаган кыргыздарда өздүгүн тактаган документ болгон эмес. Кыргыздардын өздүгү анын ата-тегин, нарк-насилин чагылдырган санжырада баяндалчу. Кыргыздар жолуккан жерден адегенде учурашып, андан соӊ эле уруусун уругун сурап, андан кийин “А баланчанын баласы турбайсыӊбы?!” – деп анын жөн-жайын билип койчу. Кыргызда: “Башка улуттун өкүлү болуш  жеӊил, ал үчүн анын тигил же бул улутка тийешелүү экендигин айтып коюшу жетиштүү, ал эми кыргыз болуш өтө кыйын, анткени мен кыргызмын десеӊ, анын артынан, кайсы уруудансыӊ, уругуӊ кандай?” – деген суроолор берилет. Ушундан кийин жети атаӊды тактап берсеӊ гана сенин кыргыз экенедигиӊе ишенип мамиле түзүлгөн.

Доорлордун алмашышы менен кыргыз эли СССР деген зор мамлекеттин курамына киргенден кийин Кыргызстанда да паспорт кызматы түзүлүп заманга жараша өнүгүп келди. Совет өлкөсүнүн адамдары бир мамлекеттин атуулдары катары кызыл түстүү паспорту менен он беш союздук республикаларды ээн-эркин аралап, теӊ укуктуу жүргөн учуру азыр тарыхка айланды.

СССР тарагандан кийин мурдагы союздук республикалар эгемендикке ээ болуп биринчи кезекте чек араларын тактап киришкен. Ушундай кырдаалда жаӊы өлкөлөрдүн эли бири-бири менен атайын виза же эл аралык паспорт аркылуу катышууга мажбур болушту.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон баштап, көз карандысыз өлкө катары өзүнүн символдорун: Мамлекеттик туусун, Мамлекеттик гимнин жана мамлекеттик гербин аныктаган. Кыргызстанды дүйнө жүзү эркин, демократиялуу мамлекет катары  тааныды. Чет өлкөлөр менен байланышыбыз күчөп, өлкө аймагынан сыртка чыккан атуулдарыбыздын саны өстү. Атуулдарыбыздын чет өлкөлөргө чыкканда укуктары кемсинтилбей, ээн-эркин жүрө ала турган, эл аралык талаптарга жооп берген паспортко өтүү зарылчылыгы пайда болгон.

Эгемендиктин алгачкы жылдары ички да, тышкы да миграция күч алган чакта атуулдардын паспортко болгон муктаждыгы күч алып, калыӊ журттун нааразычылыгын да жараткан эле. Мына ушундай кырдаалда Кыргыз Республикасынын жетекчилиги өлкөбүздө паспорт – виза көзөмөл кызматын жакшыртуу, аны жаӊы талаптарга ылайык түзүүгө чоӊ көӊүл юурган. Аракеттердин натыйжасында ар бир атуулдун өздүгүн аныктап, аны өмүр бою коштоп жүрүүчү документи – паспортту даярдоо, аны каттоого алуу, ага көзөмөл жүргүзүү иши акырындан жолго коюлган. Аталган талаптарды аткаруу оӊойго турган эмес. Кыргыз Республикасында паспорт ишин жакшыртууга Ички иштер министрлигинин паспорт-виза көзөмөлдөө башкармалыгы алгылыктуу иштерди аткарып келген.

1995-жылы өлкөбүздүн атуулдарына  Кыргыз Республикасынын улуттук паспорту бериле баштаган. Бирок бул паспорттун сапаты, коргоочу белгилери начар болгондуктан тез эле жыртылып, жасалма паспорт жасаганга ыӊгайлуу болуп калган. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун жаӊы үлгүсү бекитилген. Бул паспорт мурдагыдай кол менен толтурулбай, сүрөт чапталбай, компьютер аркылуу жасалып, эл аралык стандарттын талаптарына ылайык жасалган. Бул ишти жакшыртуу үчүн паспортту даярдоо Өкмөттүн алдындагы Маалымат ресурстары жана технологиялары мамлекеттик агенттигине тапшырылган.

Паспортту эл аралык стандарттын талаптарына ылайык өркүндөтүү иши соӊку жылдарда да жүргүзүлдү. Бирок Кыргызстандын атуулдарынын жалпы жарандык паспортун даярдоо чет өлкөдө жеке компаниялар аркылуу даярдалып, ал үчүн мамлекет жылына он миллиард сомдон ашуун акча төлөп келген. Учурда паспортторду даярдоо иши КРдин Санариптик өнүктүрүү министрлигине жүктөлгөн.

2025-жылдан башта Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту “Учкун” ачык акционердик коомунда басылып чыга баштаган. Ата Мекендик өндүрүш тарабынан даярдалган паспорт 1-июндан баштап атуулдарга берилген. Документ мурдагыларга салыштырмалуу сапаттуу даярдалган, кемчиликтери да болгон. Бул маселеге Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров өзгөчө көӊүл буруп Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун өркүндөтүү талабын коюп, маселени жөнгө салуу үчүн конкреттүү чечимдерди кабыл алды. Паспорттун жаӊы үлгүсүн даярдоо ишин “Учкун” ачык акционердик коомуна жүктөп, анын материалдык-техникалык базасын эӊ акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен камсыз кылды.

Жалпы жарандык паспорттун үлгүсүн даярдоо

КЫРГЫЗ УЛУТТУК ПАСПОРТУНУН ТАРЫХ – ТАРЖЫМАЛЫ

Чынын айтсам, инсандын өздүгүн аныктаган документ – паспорттун даярдоо ишине катышам деген менин оюмда жок эле. 2024-жылдын башында мага “Учкун” акционердик коомунун башкы директору Бактыбек Султанов телефон чалып, келип кетүүмдү өтүнүп калды. Бактыбекти мен  көп жылдан бери жакшы билем. Анткени тарыхчы – педагог катары окуу жайлары үчүн биз даярдаган окуу китептеринин көпчүлүгүн Бактыбек Султанов иштеген басмаканадан бастырчубуз. Басмакана ишин жакшы билген бул кесипкөй адистин ишмердигин, анын пайдасын авторлор далай көрдүк.

Башкы директорго жолукканымда ал Мамлекет башчысы С. Жапаровдун өтө жооптуу ишти тапшырганын, Кыргызстандын жалпы жарандык паспортунун жаӊы үлгүсүн даярдоо керек экендигин айтты. Бул иштеги башкы жоопкерчилик ага жүктөлгөн экен.  Ал тез арада кесипкөй адистерден жумушчу тобун түзүп, “күндүр-түндүр” иштеп маанилүү документтин жаӊы үлгүсүн даярдап Президентибизге көрсөтүшүбүз керек экендигин баса белгиледи.

Мен, түшүнүп-түшүнбөй: «менин паспортко кандай тийешем бар?» – дедим.

Бактыбек Мураталиевич: “Китептериӊизди басып жүрүп Сиздин республикадагы алдыӊкы тарыхчылардын бири экениӊизди жакшы билип калдым, Президентибиз Садыр Нургожоевич жалпы жарандык паспорттун жаӊы үлгүсүндө өлкөбүздүн жаратылышын, тарыхын жана маданиятын чагылдырган иллюстрацияларды туура жайгаштыруу талабын коюп жатат. Бул ишти аткарууда сиздин жардамыӊыз керек”, – деди.

Мен, буга чейинки жарандык паспортубуз деле жакшы кооздолгон эмеспи, чет өлкөлүк бажы кызматкерлеринин биздин паспорттун кооздугуна суктангандары интернетке чыгып жатканын айттым.

Бактыбек үстөлүнүн суурмасынан биздин атуулдар учурда алып жүргөн, колдонуудагы паспортту алып чыгып, чогуу барактадык. Паспорт чынында эле жакшы жасалган. Электрондук чип менен жабдылган. Бирок анын барактарындагы жаратылышты, тарыхый, маданий эстеликтерди чагылдырган сүрөттөр чаржайыт жайгаштырылган экен. Коргоочу элементтери да анча күчтүү эместиги айтылды. Атайы кайрылып жаткандыктан мен бул маанилүү документти даярдоого кеӊешчи болууга макул болгом.

“Учкундагы” мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо боюнча өндүрүштүк-технологиялык борборунун жетекчиси Бекбол Жаӊыбаев биз менен чогуу иштемек болду. Мындан тышкары жумушчу топ түзүлүп ага компьютердик технологияны ийине жеткире өздөштүргөн Святослав Силантьев, Вениамин Лимонов өӊдүү дизайнерлер кирген. Мен, Кыргызстандын жаратылышын, тарыхын жана маданиятын чагылдырган адабияттарды, иллюстрацияларды чогултуп жумушчу топ жайгашкан офиске коробкалап жеткрип турдум. Биз иштеген офис шаардын “ИНтергельпо” көчөсүндөгү “Учкунга” таандык “Мамлекеттик тамга” (Госзнак) ишканасынын имаратында жайгашкан. Мамлекеттик маанилүү документ даярдалып жаткандыктан, жаман ойлуулар паспортко коюлуп жаткан коргоочу белгилерди көрбөсүн, аларды жасалма паспорт даярдоого колдонуп жүрбөсүн деген максатта эки жылча жарым-жартылай жашыруун абалда иш жүргүздүк. Эки жыл ичинде паспорттун жаӊы үлгүсүн даярдоо үчүн жүздөгөн иллюстрацияларды, коргоочу белгилерди талкууладык документтин улам бир үлгүсүн даярдап, талкуу үчүн “ак үйгө” жөнөтүп, алардын сунуш-пикирлерин уктук. Кыргызстандын жарандык паспорту дүйнөлүк рейтингде жогорку баалансын деген таризде чет өлкөлүк паспорттордун үлгүлөрү менен тааныштык.

КЫРГЫЗ УЛУТТУК ПАСПОРТУНУН ТАРЫХ – ТАРЖЫМАЛЫ

Даяр паспортту колго алганда анын жасалгасына адатта анчейин көӊүл бурбайбыз. Паспорттун жаӊы үлгүсүн даярдоо чоӊ жоопкерчиликти, өтө кылдаттыкты, кесипкөйлүк менен билимди талап кылаарын иштин жүрүшүндө көрдүк. Жаӊы үлгүнү даярдоодо өлкөбүздүн кооз жаратылышын, тарыхын жана маданиятын чагылдырууда Кыргызстандын жети облусун теӊ салмакта көрсөтүүгө аракет жасадык. Талкуулардын натыйжасында паспорттун 34 бетине: Кыргызстандын башкы имараты “Ынтымак Ордонун” сүрөтүн; Чүй облусунан “Бурана мунарасы” менен “Ала-Арча улуттук паркынын”, ошондой эле “Төө-Ашуунун”, Ош облусунан “Сулайман-Тоо” менен “Өзгөн мунарасынын”; Ысык-Көл облусунан “Хан-Теӊири” менен “Рух-Ордонун”; Жалал-Абад облусунан «Токтогул ГЭСи” менен “Сары-Челек көлүнүн”; Нарын облусунан “Таш-Рабат” менен “Кызыл-Аскер” мөӊгүсүнүн; Баткен облусунан “Айгүл гүлү” менен “Мадыген формациясынын”; Талас облусунан “Манастын күмбөзү” менен “Киров суу сактагычынын” сүрөттөрү жайгаштырылды. Паспортто Кыргызстандын кооз жаратылышын чагылдырууда Н. Гладков өӊдүү адис фотографтын жогорку чеберчилик менен тартылган фото-сүрөттөрү пайдаланылды. Паспорттогу бул иллюстрацияларды ар бир адам көрө алат. Ушул эле иллюстрациялар, паспортко коюлган, 30дан ашуун коргоочу белгилер ультрафиолетовый нурдун жардамы менен өтө так жана кооз көрүнөт. Буга  чейинки колдонуудагы жарандык паспортубуз паспорттордун дүйнөлүк рейтингинде  жасалгасы боюнча 78-орунда турса, азыркы паспортубуз дүйнөдөгү паспортторунун ичинде алдыӊкы орундардын бирин ээлейт деген үмүттөбүз.

Эл аралык эрежеге ылайык жарандык паспортубуз дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө таанылышы зарыл. Паспортубуздун жаӊы үлгүсү башка мамлекеттердин дээрлик баарына таратылып, эки ай аралыгында алар биздин жаӊы паспортубузду тааныгандыгын билдиришет. Азыркы учурда жаӊы паспортубуз менен дүйнөнүн 46 өлкөсүнө визасыз барууга болот. Ушундан улам жаӊы паспортубуз массалык нускада “Учкунда” басылып 2025-жылдын 3-ноябрынан баштап, мурдагы паспортунун мөөнөтү бүткөн атуулдарга бериле баштады. Паспортунун мөөнөтү бүтө электер да өз каалоосу менен республикадагы Калкты тейлөө борборлоруна же өзү катталган жерине арыз менен кайрылып, алса болот. Ошентип, көптөгөн түйшүк, аракет менен даярдалган жалпы жарандык паспорт  атуулдарыбыздын колуна тие баштады. Улуттук маанилүү документибиз ак жолтой болсун!

Өскөн ОСМОНОВ, тарых илимдеринин доктору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер