кыргыз тарыхын окутууга жаңыча көз караш
- 20.12.2024
- 0
Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган «Азыркы Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнүн тарыхын кесиптик лицейлерде окутуунун актуалдуу маселелери» аттуу илимий-методикалык кереге кеңеш өттү.
Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык илимий-методикалык борбордун өкүлдөрү, лицейлердин тарыхчы мугалимдери катышкан кереге кеңеште мамлекеттүүлүктүн тарыхы боюнча дефиницияларды туура колдонуу маселеси талкууланды.
Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери Бурул Козубаева “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн окутууда окуучулардын предметтик компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун маселелери” темасында мазмундуу баяндама жасаса, КМУнун окутуучулары “Кылым кыйыры: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө 100 жыл”, Жусуп Абдрахмановдун саясий ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылышты. Эл аралык журналист Акчолпон Койчиева азыркы Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү темасынын массалык маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы тууралуу кызык маалыматтарды берди.
Катышуучулардын айтымында, мамлекеттүүлүктүн тарыхы боюнча айрым аныктамалар илимий жана саясий-идеологиялык проблема. Анткени көп учурда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түштөлүшү катары эсептеп келишкен. “1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү башталган” деген натуура аныктама “СССРдин курамындагы улуттук азчылыктардын чыныгы тарыхы жана мамлекеттүүлүгү Улуу Октябрь революциясынан башталган” деген советтик тарыхнааманын эски күүсү. Ага каршы чыккан айрым окумуштуулар жана саясатчылар (профессорлор З. Курманов, Т. Чоротегин, коомдук ишмер А. Кулматов) мындай жаңылыш түшүнүктөрдөн баш тартуу зарыл, XX кылымдын башындагы мамлекеттүүлүк тууралуу кеп кылганда “мамлекеттин кайра жаралышы”, “кыргыз мамлекетинин жаңы доордо калыбына келиши” деген аныктамалар туура деп эсептешет.
Президент Садыр Жапаровдун “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” Жарлыгында “жаңы кыргыз мамлекети”, “кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышы” деген дефинициялар колдонулду. Тарыхый, саясий, укуктук жактан калетсиз ушул аныктамалар биринчи ирет расмий документте – президенттик жарлыкта баса белгилениши, тарыхчы окумуштуулардын калетсиз пикирлери, а эң негизгиси, тарыхый чындык жана кашкайган фактылар жаңы доордогу кыргыз мамлекетинин тарыхын окутууда эске алынышы кажет. Кыргыз мамлекетинин 2200 жылдыгын эл аралык коомчулук таанып, ал дүйнөлүк масштабда белгиленсе, VII-IX кылымдардагы Улуу Кыргыз каганаты жана андан кийинки хандыктар тарыхый факт болсо, “кыргыз мамлекети болгон эмес, 1924-жылы гана түптөлгөн” деп кантип айтууга болот деп баса белгилешти.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаралар бардык деңгээлде, анын ичинде билим берүү мекемелеринде байма-бай өтүүдө. Бул дата өлкөдөгү экономикалык, гуманитардык чөйрөдөгү жаңылануу учуруна туш келди, анын ичинде билим берүүдө чоң өзгөрүүлөр болууда. Алсак, он кесиптик лицейи оңдоп-түзөөдөн өттү, башталгыч кесиптик билим берүүгө кредиттик жана дуалдык технология кирди.
№5 кесиптик лицейдин директору Элеонора Ишекеева билдиргендей, талкуунун жыйынтыгы менен XX кылымдын башындагы кыргыз мамлекетинин тарыхын окутууда “жаңы кыргыз мамлекети”, “кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышы”, кыргыз мамлекетинин жаңы доордо жаңы формада калыбына келиши” деген аныктамаларды колдонуу колдоого алынды жана сунушталды. Эми ушул жагдайларды эске алуу менен окуу куралдары, окутуунун методикалары, методикалык нускамалар иштелип чыгуусу керек.
Комментарийлер