Кыргыз ренессансы: Заманбап мектеп – жаратман муун

  • 26.02.2026
  • 0

«Кыргыз ренессансы: жаңы толкун» — мамлекеттик катчыбыз Арслан Капай уулунун демилгеси менен башталып жаткан жалпы улуттук маанидеги иштер, бийик максат — бул жөн гана кооз сөз эмес. Бул биздин улуттук духубуздун заманбап технологиялар жана заманбап өнүккөн билим менен айкалышкан жаңы доору. Ар бир доордун өзүнүн залкарлары болот. Бирок бүгүнкү күндө жаңы Жусуп Баласагындарды, Касым Тыныстановдорду жана Чыңгыз Айтматовдорду жаратуу үчүн бизге жаңыча мамиле, жаңыча билим керек.

Дал ушул максатта Кыргызстандын билим берүү тармагында 12 жылдык улуттук билим берүү моделине өтүү этап-этабы менен жүрүп жатат. Бул өзгөртүү — жаңы толкундун генийлерин жаратуунун негизги пайдубалы.

Генийлик — бул талант гана эмес, бул чөйрө

Тарыхка көз чаптырсак, кайра жаралуу доорлору дайыма билим берүү системасы өзгөргөн кезде болгон. Бүгүнкү күндүн «генийи» — бул жалаң гана китеп окуган адам эмес, бул маалыматты талдай билген, технологияны тил катары колдонгон медиа сабаттуу, өз идеясын дүйнөгө жеткире алган креативдүү инсан.

Сапатка карай секирик

Эмне үчүн 12 жылдык билим берүү заманбап ренессанстын шарты болуп саналат?

Эрте өнүгүү: Бала алты жашынан баштап мектеп чөйрөсүнө аралашып, анын талантын аныктоо эрте башталмакчы. Генийлерди канчалык эрте байкап, багыт берсек, жыйынтыгы ошончолук натыйжалуу болот.

Дүйнөлүк стандарт: 12 жылдык окуу дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн стандарты. Бул биздин окуучулардын диплому жана билими дүйнө жүзүндө таанылып, алардын глобалдык деңгээлде атаандашууга жол ачат.

Функционалдык сабаттуулук: Жаңы моделде жалаң гана теорияны жаттоо эмес, алган билимди жашоодо колдонуу (PISA стандарттары) биринчи планга чыгат.

Кыргыз ренессансы — бул ар бир класста, ар бир партада отурган окуучунун ичиндеги потенциал. Агартуу министрлиги ишке ашырып жаткан заманбап жаңылануу реформалары ошол потенциалды ачууга шарт түзөт. Биздин максат — жөн гана «окуган» окуучу эмес, дүйнөнү таң калтыра турган, өзүнүн улуттук нарк-дөөлөтүнө сугарылган, сыйлаган жана келечекти курган генийлерди тарбиялоо.

Жаңы толкун башталды. Сиз бул толкундун кайда экенин билесизби? Ал — сиздин мектепте!

Кубат Чекиров, Журналисттер союзунун лауреаты

 

Бөлүшүү

Комментарийлер