КЫРГЫЗ РЕНЕССАНСЫ: МУКТАЖДЫК ЖАНА РЕАЛДУУЛУК
- 13.01.2026
- 0
Эсилим, эгер кайра жаралсаң,
биздин элде, биздин жерде туула көр!
(Байыркы кыргыз жазууларынан)
Жылкы жылынын башында изги кеп козголду. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев чыгармачыл интеллигенциянын улуттук форумун февралда өткөрүүнү демилгеледи. Ал өз оюн Фейсбукка жазып, “канткенде XXI кылымдын Айтматовдорун, Океевдерин, Миңжылкиевдерин, Бейшеналиеваларын, Чокморовдорун кантип чыгарабыз” деген маселенин тегерегинде акыл калчоону эл-журтка сунуштады. Бир талкуу менен бүтпөй турган ары татаал, ары оор иш, бирок керек иш, келечектин маселеси. Форумга чейин эле социалдык желеде кызуу талкуу башталды көрүнөт. Мунусу дурус. Форумда да бул идея боюнча акылгөйлөр тарабынан далай ойлор айтылаар. Арийне, форумду утурлай айрым нерселерди белгилеп алалы.
Эн башкысы, фундаментал жагдайларды эске алганыбыз туура болмокчу.
Биринчиден, муундар ортосунда түшүнбөстүк алмустактан бери келе жаткан универсал көрүнүш. “Азыркы жаштар такыр башка. Биздин убакта мындай элек. Эмкилер андай эмес” — деп улуу муун кийинкилерге ар дайым сын тагат, нааразы болуп, күңкүл кепти көп айтат. Маселе жалаң жаштарда эмес. Маселе алар өскөн чөйрөнү жараткан улуу муунда. Жаштарга жетиштүү тарбия бере албаган улуулар кандай муунду калыптандырып жатканын ойлонууга тийиш. Дегеле улуулар келечек муунду калыптандырып, тарбиялап, өстүрүп жатабы, же жаштарда баалуулуктар калыптанып жаткан процесстен тыш калдыбы? Берген тарбиясы, көрсөткөн өрнөгү, үйрөткөн үлгүсү жаштарга сиңимдүүбү, кеби жугумдуубу же акыл-насааты текке кеттиби? Демек жаш муундар өсүп жаткан ар бир доордун мүнөзүн калыптандырган улуу муундун өзүндө кеп бар. Биз эркиндикти, мамлекеттик суверенитетти жана көз карандысыздыкты калыбына келтирген 30 жылдан ашык мезгил ичинде жаштарыбыздын көбүнө ырыстуу тарбия, жетиштүү билим бере албаптырбыз. Туура, акылдуу, билимдүү, таланттуу, өнөрлүү жаштарыбыз аз эмес. Арийне биз көптөгөн жаштардын таланты ачылгыдай, терең билим алгыдай шарт түзө албай келгенибиз жалган эмес. Дал ошондуктан Президент Садыр Жапаровдун алгачкы жарлыктары нарк-насил, адеп-ахлакка байланыштуу болду. “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужол аталган доктрина да татыктуу муун өстүрүүгө арналды. Ошондуктан өлкө билим берүү системасын түп-тамырынан бери өзгөртүп, атаандаштыкка жөндөмдүү муунду калыптандырууга жарактуу системасын курууга киришти.
Экинчиден, жаштардын коомдогу аткарган функциялары бар. Ымыркайдын башаламан кыймылы кийин кадыресе функцияга айланган сыяктуу эле, жаштардын азыркы аракеттери, изденүүлөрү, жүрүм-турумдары эртеӊ эле ырааттуу баалуулуктарга, аныктоочу мааниге ээ болот. Жаштардын эӊ негизги функцияларынын бири – бул генеративдик озуйпасы, башкача айтканда, жаратмандык функциясы. Дүйнөдөгү эӊ ири, адамзат өнүгүгүшүнө таасири эбегейсиз илимий ачылыштардын, адабиятта жана искусстводогу орошон чыгармалардын 70% 20 менен 40 ортосундагы инсандар жаратканын англиядык окумуштуулар эринбей эсептеп чыккан. Бул дүйнөлүк мисал.
Бизде да жаратмандыктын, кашкөйлүктүн эң сонун мисалдары бар. Эч ким эч качан эч бир улутка эркиндикти, көз карандысыздык менен мамлекеттүүлүктү тартуулабасы бышык. Мамлекеттүүлүк менен эркиндик кыргыздардын умтулган улуттук идеясы, узак тарыхый жолундагы пассионардык мотивациясы болгон. Өз алдынча, эркин мамлекет, азат журт – бул кыргыз элинин акыл-оюн бийлеп келген умтулуу, руханий маданиятынын өзөктүү темаларынын бири, элдин тагдырын аныктаган негизги фактор. Ар бир муун акыл дараметине, жөндөмүнө, тарыхый контекстке жараша, түрдүү формада жана мазмунда ошол кымбат озуйпаны, улуттук түп максатты орундатууга күч үрөгөн. Арийне, баарынын эле колунан келе берген эмес, кай бирлерине тарыхый кырдаал мүмкүнчүлүк бербептир. 20-кылымдын башында, жаңы доордо жаңы форматта кыргыз мамлекетин калыбына келтирген, азыркы Кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар 20 менен 40 жаштын тегерегиндеги жаштар болгону анык. Кайран аталарыбыз XX кылымдын башында, жаңы доордо жаңы кыргыз мамлекетин жаңы формада түптөдү. Алардын башы кетти, өмүрү текке кеткен жок. Жаралган мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбады.
Алар тарыхый миссиясын толук актады. XXI кылымда адабиятта, көркөм өнөрдө Айтматовдор менен Чокморовдор жаралса, саясатта Абдрахмановдор менен Сыдыковдор жаралышы керек. Куш төрөсү буудайык. Кыргыз элинин табияттын асылы жана улуттук элита тууралуу философемасы ушундай. Элдик накылды философема бойдон калбай, улуттук стратегияга айлантуу зарыл. Чыныгы элитаны өстүрүүгө тийишпиз. Бул тарыхый муктаждык.
Ушул жерден үчүнчү маселе чыгат. Жаштарга таандык жаратмандык функциядан тышкары, ар бир муундун өзүнүн миссиясы болот. Биздин жаштардын алдында Президент Садыр Жапаров айткан Жаңы Кыргызстанды куруу ишин аяктоо озуйпасы турат. Бул жаштардын өткөнгө шылтаганга, келечекке оодара салганга акысы жок, ошолор гана аткарууга тийиш миссия.
Төртүнчүдөн, ар бир адам табият энчилеген талантын ача алгыдай, шыгын, жөндөмүн ишке ашыргыдай шарт түзүүгө багытталган комплекстүү мамлекеттик программалар, андан да ошол жакшы кагаз жүзүндө калбоого тийиш. Таланттарды табуу, аларды таптоо ишинде мамлекеттик камкордук зарыл нерсе. Буга тарыхый мисалдар арбын, башка өлкөлөрдүн тажэрыйбасы андан бетер жетиштүү. Тээ орто кылымдардагы Ренессансты же окумуштуу Адам Мец Мусулман ренессансы деп атаган орошон доорду тим коелу, бу кыргыз керемети доорунда Кыргызстандын биринчи жетекчиси Турдакун Усубалиев ошондой таланттарды байкап, аларга кадимкидей аталык камкордук көргөн. Болот Миңжылкыевдин өзүнүн тээ 90-жылдардагы бир мааракесинде республиканынг башчысы Усубалиев ага күнүгө байланышып, маал-маалы менен кабыл алып, ахыбалын сурап, шыктандырып турганын эскергени бар. Түркүн түйшүкко жык толгон “плотный графиктен” өнөр адамдары үчүн убакыт тапчы экен, кайран киши.
Бешинчиден, Мамкатчы Арслан Койчиев XXI кылымдын Айтматовдорун, Океевдерин, Миңжылкиевдерин, Бейшеналиеваларын, Чокморовдорун чыгаруу тууралуу тезиси бери дегенде бир кезде дүйнөнү тангалдырган кыргыз кереметин кайталоо, ары дегенде кыргыз Ренессансын жүзөгө ашырууну туюнтат. Мүмкүнбү кыргыз ренессансы. Албетте, мүмкүн. Тарыхый муктаждык жетиштүү, коомдук суроо-талап бар. Кыргызстандын эли улуу цивилизациялардын мураскери. Биз дүйнөлүк цивилизацияга салым кошкон элбиз. Биз дүйнөлүк масштабдагы көркөм дөөлөттөрдү жаратууга жарактуу журтпуз, илимий-технологиялык жаңылыктарды киргизүүгө кудуреттүү өлкөбүз.
Алтынчыдан, биздин жаштар кандай максаттарга умтулат. кай дөөлөттөрдү барктайт, кандай нравалык принциптерди туу тутат, эмнени чанат, нени кадырлайт, кыйратары не, жаратса эмнени жаратат деген сымал талылуу маселелер бизди түйшөлтөт. Түйшөлтүүгө тийиш. “Идет племя младое, незнакомое” деп Александр Пушкин таасын айткандай, Z-муундун түрпөтүн дурус билген киши аз, бирок дүбүртү катуу. Ушул тапта Z-муун дүйнөнүн булуң-бурчунда ар кайсы өлкөнү солкулдатып жибергенин көрдүк го. Биздикилердин дабышы угулбайт, карааны анча билинбейт. Алеки саатта дүрт деп чыга калышы да ыктымал. Биз алар нааразы болуп бет мандайыбызга келгенде калдастап калбаш үчүн алардын кызыкчылыктарын, умтулган мүдөөлөрүн, кыял-жоругун, кыйнаган проблемаларын жакшы билишибиз кажет. Бирок ушул маселелерди дурус билбейбиз, атаганат. Социологиялык, политологиялык, культурологиялык жана башка өңүттөрдөн карап, терең жана комплекстүү изилдөөлөр деле байкалбайт. Балким бардыр, анда ак чөп башта. Непадам жок болсо, анда изилдеш керек. Z-муундан кийинкиси андан бетер табышмак. Ал да биздин акыл түйшүктүн предмети болмогу абзел.
Жетинчиден, биздин келечек муундардын жашоо максаттарын алар туш болгон реалдуулук, жашоо шарты, турмуш аныктайт. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дейт байыркы кыргыз. Демек биз жаштарыбызда бийик жашоо стандарттарын, кенен, алыс ойлонуу масштабын жана күчөмөгү анык атаандаштыкка жөндөмүн калыптандырууга тийишпиз. Андан дагы жаштарыбызды силер элдин таалайына жаралгансыңар деген дем, намыска сен жарайсың деген сүрөөн абдан керек.
Алмаз Кулматов, тарыхчы, коомдук ишмер
Комментарийлер