КЫРГЫЗ МУЗАСЫ
- 30.03.2026
- 0
КЫРГЫЗ ЭЛ АРТИСТИ, БЕЛГИЛҮҮ КОМПОЗИТОР ЖАНА ДИРИЖЁР САРДАРБЕК ЖУМАЛИЕВДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНА АЙРЫМ БОЁКТОР
КЫРГЫЗИЙ МҮНӨЗ
Ар бир инсандын мүнөзү бар. Анысы сыңары ар бир музыканын, ар бир үндүн, обондун, кайрыктардын мүнөзү бар экени талашсыз. Маселен, Сардарбек байке нукура кыргыз мүнөз. Аруу, баёо, ишенчээк, момун, шашылбаган, жайдары, ак жүрөк, мээнеткеч, коңур, тегиз, асыл, адамгерчиликтүү. Ал жараткан обондор да өзүнө окшош, кыргыз мүнөз… Тээ мөңгүдөгү бийиктик, … улуу тоолордун койнундагы мөл булактын үнү, жайлоодогу жайдары турмуш, … табигый чөптүн шамалга желбиреген жыты,… мелмилдеп жаткан көлдүн шоокуму, торгойлуу талаа, … көк мелжиген аскадагы куштун канат какканы, … ак койдой жайылып бараткан булуттар, … бөбөктүн аруу каткырыгы, … күлүктүн добушу, аттын кишенегени, … адырдагы шыбактын жыты, деги койчу кыргыз табиятына эмне мүнөздүү болсо баары ал жараткан обондордон угулуп турат.
Ал жараткан обондорду кыргыздын бүт улуттук инструменттери менен ойносо болчудай. Сыбызгы менен сыбызгытып,… чоор менен созуп,… кыл кыяк менен терметип,… комуз менен коштоп,… добулбас менен жаңыртып,… керней менен кере созуп. Айтор, С.Жумалиевдин ырлары кыргыз баласы төрөлгөндө сүйүнчүлөп, там-туң басканда кубаныч, бешикте жатканда ак мамак ээмп, наристе кезде тай чаап баратып, улан кезде улакка түшүп, жаш кезде селкиге ашык болуп, карыя кезде насаат айтканда да ырдаса гана ылайык. Эзели ырдаганга эч шыгы жок мен да жалгыз жүргөндө Сардарбек байкенин айрым кайрыктарын эч ким жок жерде созуп коём.
Автордун обондору кыргыз топурагына киндик каны таамп, кыргыз бешигинде бөлөнүп, кыргыз айылында тили чыгып, ар бир кыргыз тең жаттап, кыйналбай ырдай турган кыргызий мелодия. Укканда кудум нукура кымыз ичкендей суусундугуң канат.

САГЫНЫЧ ГИМНИ
Кээ бир легендалардан ыр, анан обон жаралат. Ал эми ыр өзү легендага айланган учур сейрек болот. Сардарбек агайдын “Таң сыры” ыры мына ошондой өзүнөн өзү легендага айланып кеткенине жарым кылымдан
ашык убакыт болду. Сөзү белгилүү тунгуч кыргыз архитектору – Аскар Исаевге таандык. Өз тарыхы, таржымалы бар ыр. Кыргыз, казак радиолорунан күн сайын ырдалат. Жапон жергесине турмуш куруп кеткен
кыргыз кызына арналган деген имиш бар. А бүгүнкү күндө дүйнөдө жетимиштен ашык өлкөсүндө өз күнүн көрүп жаткан мигрант мекендештерибиздин сагыныч гимнине айланган. Ар бир күн сайын телефонунан угуп, кусалыгын жазат.
Саргайганда бир келерсиң
Арбалганда бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү
Мекенге тете саптар, мекенге тете кайрык. Бул обондун түпкүрүндө мекенге болгон чексиз сүйүү жатат. Обон болсо өзү сүйгөн адамга арналган. Сардарбек байке өзү жетип барып, эзели көрбөгөн жерлерге анын
ырлары жетип, аралап ырдалып жүрөт. Чыгармачыл адам үчүн бул –бакыттын өзү эмеспи.
“Сары-Челек”, “Ала-Арча” аттуу ырлары созулганда биздин тоолор, биздин карагай, арчалар, биздин булуттар көз алдыңа элестейт.
Ушул обондор аркылуу автор кыргыз табиятын канчалык берилип сүйгөндүгүн билсе болот.
С.Жумалиев быйыл 85 жашка келсе да бала кыял. Ал ар дайым чырлуу жерде ырды,… таарыныч бар жерде кечиримди,… көрө албастыкты эмес, айкөлдүктү,… талашты эмес, элдешүүнү,… түңүлүүнү эмес, үмүттү,… кемчилдикти эмес жакшылыкты нотага салып, ырларды ырдатып, күйөрмандарды кубандырып келет.
МАХАБАТ ЭҢСӨӨСҮ
Ар бир улуу сүрөткердин сыңары эле композитор арзуу темасынан кыя өткөн эмес. Айрыкча “Сен менин жазылбаган ырларымсың”, “Кетпейм сага жолукмайынча”, “Жан эркем” жана башка обондору махабаттын керемет сезим экендигин, аруулугун, тунуктугун, ыйыктыгын, назиктигин, бийиктигин бир өзгөчө кайрыктар менен даңазалап келет. Бул обонго арбалбай коюу деги эле мүмкүн эместей туюлат. Көңүлдү көкөлөтүп, сезимди сергитип, өмүрдү ажарлантып турат.
Обону кыргыз оймолоруна түспөлдөш. Миң түркүн жана миң сырлуу жан дүйнөгө жакын.

“БИШКЕГИМ” – ЭРКИНДИКТИН ЫРЫ
Бишкек балким кимдир бирөөлөр үчүн кышкысын ыш баскан, жайкысын таштандысы убагында жыйналбаган, автотранспорт тыгын менен курулуштар бүтпөгөн шаар сыяктанышы мүмкүн. Бирок дайым жакшылыкты гана көрө билген соң Сардарбек Жумалиев үчүн андай эмес. Бишкек эң ириде – эгемендиктин символу. Биздин – жаштыктын шаары. Кимдир бирөөлөр үчүн Бишкек митинг өткөрө турган жай болушу мүмкүн. Жок, Сардарбек байке үчүн Бишкек – дүйнөдөгү эң гүлзарлуу шаар. Бишкек – Нью-Йорк, Париж деле эмес. Бирок, таланттын, касиеттин күчүн караңыз!
Тим эле Бишкекти эки жүз кабаты бардай, асманга көкөлөтүп, даңктап салганын. Ушул салтанаттуу ырын укканда Бишкек ыштан арылып, тыгыны жоюлуп, көчөсү тазарып кеткендей сезебиз. Музыканын кереметин карасаңыз.
Болгону Сардарбек Жумалиев биз сыяктуу эле Бишкектин бир көчөлөрүндө карапайым эле квартирада жашайт. Бирок биз көрбөгөндү көрө билип, сезбегенди сезе билип, укпаганды уккандай көкөлөтө ырдап
жатпайбы. Ушул макала жаңы жыл күндөрү жазылып жатканда радиодо, телекөрсөтүүдө бир канча ирет “Жаңы жылды тосолу” аттуу ыр жаңырды. Бул ыр ар бир үйдө жаңы жыл күнү жаңырат. Ар бир үйдө, ар бир көчөдө жаңы жылдык маанай, толкундоо тартуулайт. Бизди окуучу кезде балалыктын ыры, кийин студент кезде жаштыктын ыры болду. Азыр болсо орто жаштабыз. Кошулуп ырдагың келет. Балким, бул ыр –менин карылыгымдын да ыры болор. Эч эскирбей турган ыр. Чыныгы музыка гана
ушундай болот эмеспи.
“ДИРИЖЁР”
С.Жумалиев ага өзү дирижёр. Бирок ага дайым дирижёрлук кылган бир таасирдүү адам бар. Ал киши, өмүрлүк жары – Гуля Мамбетова. Обон чыгараарда туңгуч угарманы ушул киши. Ар бир сөздү, ар бир сапты өмүрлүк жубайы менен макулдашып, ал киши редакциялап, үй-бүлөлүк “цензурадан” өткөн соң гана элге тартуулашат.
Чыныгы чыгармачылык үй-бүлөдө гана ушундай маанай болмокчу.
Элибиздин улуттук кулк-мүнөзүн чагылдырган жалпы улуттун сүймөнчүлүгүн алган беш-алты ыр болсо, мисалы үчүн: Жумамүдүн Шералиев «Түшүмдө», Атай Огонбаев «Эсимде», Муса Баетов «Арпанын Ала-Тоосунан», Насыр Давлесов «Кыргыз жери», Рыспай Абдыкадыров «Издейм сени», Түгөлбай Казаков «Жамгыр төктү», Асанкалый Керимбаев «Ак булуттар», Аксуубай Атабаев «Чагылган» жана сиздин «Таң сыры» ырыңыз. Ушул ырлар кыргыздын нукура улуттук мүнөзүн чагылдырып турат. Бул ырларда кыргыздын автопортрети бар. Биз, ушул ырларга окшошпуз. Тырмактай да кири жок обондор. Булар – өлбөй турган ырлар. Булар– өлбөстүктүн ыры. Кыргыздын – өлбөстүгүнүн жана түбөлүктүүлүгүнүн ыры.
Бүгүнкү күндүн музыка дүйнөсүндөгү жан азыгы.
С.Жумалиевдин кайрыктарында куш учуп, күлүк чуркап, өзөндө шаркырап агып, бөбөктөр жарыша ойноп жатат. Демек, өмүр уланып жатат. Түбөлүктүүлүккө бараткан жол ушундай болот.
Бар болуңуз, Сардарбек ага!
Мааракеңиз мартабалуу болсун, маэстро!
К.ИМАНАЛИЕВ,
Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун
төрагасы
Комментарийлер