Кыргыз эл жазуучусу Арслан Капай уулунун керемет чыгармачылыгы

  • 11.09.2024
  • 0

Кыргыз эл жазуучусу Арслан Капай уулунун керемет чыгармачылыгы

 

Ар бир муундун өз миссиясы бар. Биздин муундун тагдырына геосаясатта ири тектоникалык өзгөрүүлөр жүрүп, советтик империя кыйрап, Кыргызстандын эркиндиги, мамлекеттин көз карандысыздыгы калыбына келген татаал мезгилдеги орчундуу окуяларга тике катышуу бактысы жазылыптыр. Биздин муун биригип келип озуйпабызды толук аткара албадык, аттиң. Бирок ар кимиси өзүнүн колунан келген ишин журт алдында өтөп келет. Алдыда да аткара турган арбын иштерибиз, аткарууга жеткидей кудуретибиз бар.

Моюндаш өскөн досубуз Арслан Капай уулу Койчиев бир муундун сап башындагылардын бири. Боз улан кезинен тарта журт алдындагы чоң милдетин мыктап аткарууга өзүн даярдады. Максаттуу камылга көрдү. Насили тарыхчы Арсландын кызмат жолу илимден башталды. Илимде даража үчүн алектенбеди. Мамлекеттин мамлекет экенин аныктаган негизги маселе – биздин өлкөнүн чек арасынын аныкталышынын, мамлекетибиздин калыбына келишинин тарыхын изилдеди. Анын улуттук-аймактык бөлүштүрүүгө, союздук республикалардын түзүлүшүнө, алардын чек араларынын сызылышына арналган эмгектери илимдин казынасында катылып калбастан, азыр да жер талашта, конуш талашта, тышкы саясатта шарапатын тийгизип келүүдө, кийин да кереги тиймеги анык изилдөөлөр.

Эгемендиктин алгачкы жылдары дүйнөдөгү эӊ ири маалымат корпорациясы ВВСнин Кыргыз кызматы ачылып, анда бири да кесиби журналист эмес, бирок билимдүү, таланттуу, интеллектуалдык көрөӊгөсү бай, кыргыз журтунун мыкты уул-кыздары сынактан өтүп, иштеп калышкан эле. Ошол алгачкы карлыгачтардын катарында бизге англис тилин өз ыктыяры менен үйрөткүсү келип, көп аракет кылган, философиялык дискуссиялык клубда пикирлеш эжейибиз Гүлнара Касмамбетова, азыркы кездеги орошон жазуучу, окумуштуу-тарыхчы, эми мамлекеттик кызматкер Арслан Капай уулу, тарых факультетинде бирге окуган кадыры артык курдашыбыз, аяшыбыз Венера Койчиева ж.б. бар эле. Арслан Би-Би-Сиде иштеп жүрчүсүндө кыргыз элин дүйнөгө таанытам, кыргыздарга дүйнөнү таанытам деп каруусун казык кылды. Теодор Драйзер, Эрнест Хемингуей, Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкарлардын жолун жолдоп, журналистикада чектелип калбай, чоң адабиятка секирди, майда-чүйдөлөп жазып отурбай, дароо эле такшалган калемгер катары роман менен кирип келди. Генерал де Голль Лондондон француз элин намыска чакырса, Арслан кыргынга учурап, мисмилдирик аткан кайран элдин таалайына жаралган уулдары, жандан артык намыс тууралуу эӊ сонун көркөм баян — “Мисмилдирик” романын жазды. Бул романы кыргыз адабиятында жаңылык болду, жаңылыгы ушул, кыргыздын тарыхый трагедиясы жөнүндө эгемен доордогу эркин көз караш менен, жаңы доордун эстетикасы менен жазылган биринчи роман болуп калды. Окурман журту дароо жылуу кабыл алып, үч жолу кайрадан басылып чыкты.

Орустун орошон жазуучусу А. Солженицын “Не все — называется. Иное влечет дальше слов… Как то маленькое зеркальце сказок: в него глянешь и увидишь — не себя, — увидишь на миг Недоступное, куда не доскакать, не долететь. Искусство растепляет даже захоложенную, затемненную душу к высокому духовному опыту” деген таамай кепти айткан. Анын сыңары көпчүлүк билбегенди билүү, туйбаганды туюу сүрөткердин мандайына жазган артыкчылыгы окшобойбу. Тарыхтан, динден кабары бар ар бир киши Моисейдин кыргынын жакшы билет. Бирок да байыркы доордогу ошол тукум куруттун 20-кылымдын башындагы кандуу репрессия менен тике байланышын, байыркы окуя менен бүгүнкү окуянын башкы каармандарынын окшоштугун көркөм образга, болгондо да репрессиянын башкесерлеринин ашкере сактыгына ширелип отурушу табылга эмей эмне. “Добул-Таштык Заратустранын ангемеси” геноцидге арналган сейрек чыгармалардын бири. Көркөм адабияттагы туңгуч чыгарма. Буга дааган киши даайт, тобокел иш.

Кыргыз эл жазуучусу Арслан Капай уулунун керемет чыгармачылыгы

Немис жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Гюнтер Грасс жаззучуну “мезгил агымына каршы жазган адам” деп аныктаптыр. Өттү дегениң кайтып келип, келечектеги болор-болбосу дайынсыз нерсенин маңдайыңа калдайып чыга калмагы – сүрөткердин гана колунан келчү иш тура. Айтылуу Чыңгыз ханды кимдер гана жазбаган. Адамзат тарыхына эбегейсиз таасир эткен, он кылым илгерки жеңүүчүнү 21-кылымдын башында курчуй баштаган, көбүбүз али сезе элек улуттук иденттүүлүк проблемасына алып келип такап койгону ойго салат. “Чыңгыз хан менен бакшы”  — эзелки окуялар тууралуу баянды диктатура менен киндиктеш репрессияга, идеологиялардын кагылышына байланыштырганы керемет табылга.

Эркиндик кооптуу нерсе, ага ээ б олуу ар кимдин колунан келе бербейт. Эркин акылдан эркин ой чыгат. Эр киши гана оюн эркин айта алат. Айрыкча жазуучу. Коомдук чөйрөгө таанылып калган киши, эстрада ырчысы болбогон соң, шектүү популярдуулуктан качат. Сүрөткерлердин көбү туш-туштан жаай турган сындан айбыгып, кооптуу темалардан тартынат.

Арслан эзелки жана жаңы доорлордогу тукум курутту, 2-дүйнөлүк согушта колго түшүп, немистер менен иштешкен туткундар темасын козгой алды. Маселен жазуучунун “Туткун ыры” ангемесинде туткундарды актоо аракети дегеле жок. Туткун ири алдыда адам, арзуусу, арманы бар. Христиан, мусулмандар Муса пайгамбар деп пир тутса,  чыгармада кан ичкич аталышы автор үчүн кооптуу. Туткундар чыккынчы деген ойдогу көпчүлүктүн көзү тирүү кезинде анын сүйүүүсүн ырга салып, арманын кагазга чиймелеп отуруш опуртал иш эле чынында.

Кайран Пушкин “Онегин түгөнгүр кебимди укпай, Татьяна болсо ойдо жок иш кылып, күйөөгө чыкты” деген экен, жазыла баштаган романдан кабары бар теңтушуна. Анысы кандай Арсландын каармандары турмуш логикасына ылайык жашаган реалдуу адамдар. Натурализм жок, бирок жасалма мүнөз, жалган кыял да жок, чыныгы турмушта пенде кандай жүрсө, чыгармада ошондой жүрөт. Сөзгө, ажайып кооздукка умтулуу түбөлүк нерселер. Арсландын керемет чыгармалары окурман журтунун сезимин козгоп, көкүрөгүнө ой салып, капкаяктагы бир толгонууларды жаратып, көркөм ырахат тартуулап келет.

Кыргыз эл жазуучусу Арслан Капай уулунун керемет чыгармачылыгы

Мамлекеттик бийик кызматта турганында кимдир бирөөнүн “Эл жазуучусу” наамынан баш тартса болмок деген кеби жакында угулду. Коомчулук чыгармаларына суктанып, тамшанып окуган чыгармалардын авторуна ардактуу наамдын ыйгарылышы мыйзамченемдүү көрүнүш. Философ, дипломат, дүйнө жазуучу катары жакшы тааныган Альбер Камю “Ар бир жазуучу таанымал болууга, көпчүлүктүн көңүл түйүнүндө болууга ынтызар. Мен да атак-даңкка умтулам” деп мойнуна алган экен. Таанылып, эл оозуна алынып, окурмандары арбып бараткан сүрөткердин жогорку наамга татып отурушу жакшы көрүнүш, мыйзамченемдүү нерсе. Кубанууга жана кубаттоого тийишпиз.

Жазуучунун өмүрү – чыгармасы, таалайы – окурман. Арсландын окурмандары мындан ары мындан да арбый турганына, бийик наам чек эмес, жазуучунун чыгармалары дүйнөлүк коомчулуктун жогорку баасына татый турганына бекем ишенебиз. Хемингуэй “Жазуучу айта тургандарын айтпоого тийиш, ал жазыш керек” дептир. Анын сыңары, Арсландын ажайып чыгармаларын окуш керек, окуган киши утат, жан дүйнөсү байыйт.

Адам эл-журту, мекени менен сыймыктанууга, мекени татыктуу, мыкты чыкма атуулу менен сыймыктанууга тийиш. Элдик жазуучу, журт бактысына жаралган Арслан Капай уулу Койчиев биз үчүн кош сыймык. Астейдил куттуктайбыз.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

Кубат Чекиров, Кыргызстан Журналисттер союзунун лауреаты

 

Бөлүшүү

Комментарийлер