КУТ БИЛИМДИН 2025-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ
- 26.12.2025
- 0
РЕДАКЦИЯДАН: 2025-жылы «Кут Билим» гезити билим берүү тармагындагы олуттуу өзгөрүүлөрдү, ийгиликтерди жана көйгөйлөрдү чагылдырууда активдүү калемгерлер менен да тыгыз иш алып барды. Ушул жыл ичинде гезитибиздин беттеринде жарык көргөн макалалардын ичинен мазмуну терең, талдоосу жана коомдук мааниси менен айырмаланган макалалар тандалып алынып, ондон ашык мыкты автор белгиленди.
Бул авторлор – билим берүүнүн тагдырына кайдыгер карабаган мугалимдер, изилдөөчүлөр, окумуштуулар, практик адистер. Алар 12 жылдык билим берүүгө өтүү жолунда мектептеги күнүмдүк турмуштан тартып, билим саясаты, мугалимдин аброю, окуучунун өнүгүүсү, санариптешүү, тарбия маселелери сыяктуу актуалдуу темаларды көтөрө алышты. Редакция үчүн эң башкы баалуулук — калыстык, чындык жана коомго кызмат кылуу. Бул принциптерди карманган авторлорубуздун эмгеги окурмандын ишенимине ээ болуп, «Кут Билимдин» мазмунун байытты. Биз алардын жигердүү позициясына, кесипкөйлүгүнө жана жоопкерчилигине ыраазычылык билдиребиз. Алардын макалалары ой жүгүртүүгө, талкууга жана өзгөрүүгө чакырык таштай алды.
Салт болуп калгандай, жыл жаңырар алдында мындай ардактуу, активдүү авторлорубуздун ысымын сыймык менен атап келебиз. “Кут Билимдин” кутун арттырган, арышын кеңейткенге жардамдаш болгон авторлорубузду Жаңы жылы менен куттуктап, чың ден соолук, чыгармачылык зор ийгиликтерди каалайбыз. Эмесе, “Кут Билимдин” 2025-жылдагы мыкты авторлорун сыймык менен атайлы.
Комментарийлер