“КУРУЛТАЙ ИДЕОЛОГИЯСЫ АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ, ТАЗАЛЫККА ЧАКЫРАТ”

  • 10.03.2026
  • 0

Автордон: Азыр  окумуштуулар көбөйгөн заманда жашап жатабыз. Чынын айтсак арасында татыктуулары да бар, татыксыздары да бар дегендей…  Жакшысына жолуксаң көзүң ачылып, кубанасың. Анын сыңарындай, өткөн жыл аягында болуп өткөн курултайдын алдында бир өзгөчө окумуштуу менен кездешип калуу ырахаты мага насип этиптир. Ал-Асылбай Ибраев эле.  Агай менен маектешкенимде мага курултай, анын мааниси, учурдагы орду тууралуу ушунчалык оргуган энергия менен айтып берди. Абабыздын айткандарын колдон келишинче бурмалабай кагазга түшүргөнгө аракет кылдым.  Эмесе, каарманыбыздын айткандарына кезек берейин.

Асылбай ИБРАЕВ, филология илимдеринин кандидаты,  Чүй, Э.Арабаев атындагы, Эл аралык Ата-Түрк Ала-Тоо, БМУ университеттеринин ардактуу профессору, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү:

“КУРУЛТАЙ ИДЕОЛОГИЯСЫ АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ, ТАЗАЛЫККА ЧАКЫРАТ”“КУРУЛТАЙ ИДЕОЛОГИЯСЫ АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ, ТАЗАЛЫККА ЧАКЫРАТ”

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ: Асылбай Ибраев Ысык-Кол облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында 1942-жылы кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. КМУнун чет тилдер факультетиндеги англис тили бөлүмүнүн 1965-жылкы бүтүрүүчүсү. Филология илимдери боюнча кандидаттыгын 1986-жылы Грузияда коргогон. Француз тилин экинчи кесибим деп эсептейт. Англис тилинде жазган ырлары да бар. Тил билген, дил билген окумуштуу  бир катар окуу китептеринин, илимий-теориялык, поэтикалык, философиялык маанидеги жыйнактардын автору.   

Асылбай аба, сиз үчүн курултай деген түшүнүк эмне берет?                                 

Курултай — бул биздин эле эмес, баардык мамлекеттердин Баш мыйзамы (Конституциясы) деп түшүнөм. Ооба, бул түшүнүктү кененирээк караш зарыл. Курултай идеологиясынын жобосу боюнча дүйнѳдѳгү баардык макро жана микро жаратылыш жалгыз курултай (конституция) эрежелери тарабынан тейленет.

Жаратылыш курултайы —  бүткүл дүйнөлүк тартылуу-түртүлүү, ийилүү жана бириккен талаа механизмине баш ийет жана Э = MC х 2 теңдеме мыйзамы менен иштейт. Жер шары ѳзүнүн карамагындагы өсүмдүктөрдү, жан жаныбарларды ошол мыйзамга салып тейлейт.

Бирок, жаратылыш курултай мыйзамын туура иштетүүгө адамзаттын алы жетпей койду. Натыйжада, адамзат коомунда — тең салмаксыздык, дисгармония, баш ийбѳѳчүлүк пайда болду. Ал идеологиялык баш ийбестик, анархия адамзат тээ, отту тапкандан бери эле, жерди аймактарга бѳлүштүрүү доорунан башталган…

Азыр адамзат — океан толкунунда калган, мачтасы жок кеме кейпинде десек да жарашат.

Эми сиздин оюңузча эмне кылыш керек?

-Жаратылыштын Курултай (конституция) илими адамзатты ошол эрежеден чыкпасын, мындан ары жаңылбасын, жер бетинен шыпырылып салынбасын деген жобону туу тутуп жашоого үйрөтөт. Ошону туу тутканда  гана оңолуп баштайбыз.

Адамзат үчүн жаратылыштыкынан өткөн чындык жок, табыла элек.  Кудай жалгап, ал түбѳлүк чындыкты (конституция) Курултай идеологиясын изилдешке, негиздешке жана далилдешке далалат кылат. Жаратылыштын, ааламдын Курултай идеологиясы алмуздактан мурунку жалгыз мыйзам-эрежеге, чындыкка гана таянат. Бирок, адамзат үчүн-бул башынан табышмак. Ал – адам баласынын кулагына такыр жат, теория эле эмес, гипотеза-божомол түрүндѳ да сѳз боло элек. Ал — эртеңкиге, келечекке  таандык илим.

Жаратылыш курултайды (конституцияны) эмес, курултай жаратылышты жаратып, ѳзүнүн жалгыз эрежесине, формуласына салып иштеп чыккан. Андан кийин гана баары ырааты менен курулган, кыймылга келтирилген. Жаратылыштын Курултай-Конституциясы – конструктор-инженер. Ал эми Саманчынын жолу, Күн, Жер, Адамзат – объектилер. Ал конструктор-Курултай алмуздактан бери эрежесинин бир жерине кылт этип тийбей, башкаларга тийгизбей, буздурбай жаратылышты жашатып, тейлеп келет.

Бизде Кыргызстанда 2010-жылы март айында болуп өткөн «Элдик курултай» элдин нааразычылыгын пайда кылып, 7-апрелде бийликти кулатууга алып келбеди беле? Акыркы 5-6 жылдан бери да кайрадан курултай кыймылы жанданып, азыр жыл сайын өтүп жатат го, бул тууралуу кандай ойдосуз?

— Жаратылыштын Курултай мыйзамы менен иштегенде, Кыргызстанда кыска, отуз жылдын ичинде эки президент ѳз мамлекетинен качып кетпейт болчу, жыйырмадан ашуун баш бакандар, өкмөт алмашмак эмес. Беш президентибиз карапайым элдин эмес, өз кара жандарынын президенттери болбойт болчу, тоолук карапайым, момун кыргыз элин туура эмес жолго салбайт болчу. Ѳкүттүүсү, аларга туура жол көрсөткөн Курултай, Конституция илими — идеологиясы жок болуп туруп алды.

Башкы кайгы: Адам-Ата менен Обо-Энеден тартып, адамзат түбѳлүктүү Курултайдын баш мыйзамынын эмне экенин билбеди. Ошонун кесепетинен, азыр биз  аң-сезимдин ыплас жолуна түшүп алдык, тилекке каршы, үчүнчү дүйнѳлүк жаңжалга баратабыз. Учурда Жараткандын Курултайына (конституциясына) кыргыз улуту эле эмес, бүт адамзат, мамлекеттер   кескин муктаж. Кеч болуп кала электе жаңыдан сунушталып жаткан жаратылыштын таза, адилет илимине шашылыш түрдѳ ѳтүш керек.

Курултай (система) идеясы, идеологиясы заманбап философиянын актуалдуу маселеси. Анын жаңыдан Кыргызстанда күн тартибине коюлуп жатканынын себеби, биринчилерден болуп, тоолук кыргыз коому алмуздактан жаратылыштын Курултай-Конституция жолуна ыктаган эл. XVIII кылымдардан берки Борбор Азияда, кийинки Кыргызстанда жылына бир сапар ѳткѳрүлүүчү курултайлар жаратылыштын Э = MC х 2  курултайынан жана аңсезимдин тазалык жана адилеттүүлүк идеологиясынан сырткары  мыйзам ченемдердин алкагында  ѳткѳрүлгѳн жыйындар болуп эсептелет.

 

“КУРУЛТАЙ ИДЕОЛОГИЯСЫ АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ, ТАЗАЛЫККА ЧАКЫРАТ”Жаратылыштын курултайын, конституциясын билген, анын мыйзамдары менен иштеген идеолог президент качан жаралат?

— Жаратылыштын, ѳсүмдүктѳрдүн, жан- жаныбарлардын Курултайынын     жек көргөнү бул- бийлик, байлык, ач кѳздүк. Жаратылыш иштеп чыккан Курултайдын (конституциянын) тартылуусунан чыгып кетип, структуралык касиеттен ажырабас үчүн, анын аймагындагы физикалык субъектилер химиялык, ювелирлик кылдаттык менен тартылып жана түртүлүп, ийилген курамда иштеш керек.

Күн системасына таянган жаратылыш Курултайынын конституциясы мээбизде, жашообузда, күнүмкү ишибизде жок болуп жатпайбы?! Карапайым,  жалпы кудай момун элибиз, интеллектуалдарыбыз, кемеңгерлерибиз, генийлерибиз Курултай-идеология илими бар экенин такыр билбей, караңгы болуп атпайбы?!

Ошонун кесепетинен адамзат аң сезимдин таза абасы, жашоосу менен эмес, физикалык, экологиялык, социалдык, экономикалык, пандемиялар менен жок болуп калбасак экен!?

Эмнеге Күн, Жер шары миллиард жылдардан бери өзүлѳрүнүн курултайы, конституциясы менен жашайт да, адамзат ага баш бербейт? Эмнеге жаратылыштын, Күндүн курултайы, конституциясы жалгыз идея, максат, формула менен жашайт да, адамзат андан качат?

— Эркиндикти, тазалыкты, адилеттикти сүйгѳн тоолук Кыргыз эли  башынан курултай идеологиясы менен канатташ эл. Адамзатты аман алып кала турган бир гана идеал тип бар. Ал,  алгачкы, байыркы идеал замандын пайдубалын жараткан, инсан. Ал, кой оозунан чөп алганды билбеген, уурдаганды, кылмышкерликти жек кѳргѳн инсан. Анын ысмы — Киши. Ал,  ак нийет, бирөөнө карыз берип атып, «бактылуу бол»- деп алкаган Сарыгул ата, ак мээнети менен жан баккан Казанкап, Табылды, Эдигейлер, байлык менен бийлик эмне экенин билбеген кудай момундар, эшегинен башка эч байлыгы жок, паракор, кылмышкер, кошоматчы коомду сасык кѳргѳн, таза, адилет мамлекетти курганга куштар болгон Исадай генийлер. Алар — эч былык, ыплас адамзат коомунан эмес, жаратылыш коомунан кѳчүрүлүп алынган эталондор, идеалдар!

Оо,   азыркы таптагы жалаң акчага, материалдык баалуулуктарга басым жасаган дүйнөлүк саясатка такыр коошпогон шартты кантип ордуна келтире алаар экенбиз?

— «Мезгил — Мейкин — Ылдамдык» аң-сезими менен алганда, байлык менен бийликтин, шаардын, банктын эмне экенин билбеген  тоолук кыргыз аң-сезими отуз жылдын ичинде Борбордук Азияда эң биринчи болуп, бийликчилерге, саясый коррупциячыларга, кылмышкерлерге каршы, жаратылыштын атынан Курултайлык согуш жарыялады деп кабыл алсак болот!  Таза жана адилет адамдар Элдик курултайга жол чапты. Тек гана, Курултай мыйзамынын жетишпеген жактарын оңдоп, ашык жактарын алып коюш керек болот.

Кыргыз Конституция-курултайы: “Адилет, таза, акыйкат, кудай момун, калыс бололу, тең салмакта, акылман, гений жашайлы, чагымчыл, кара нийет, арамза, кошоматчы болбойлу, жалпы адамзат чагымчыл, кѳрѳ албастыктын эмес, чынчыл жаратылыштын жолуна түшсүн! Ага чейин үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып, жер астын-үстүн болуп кетпесе экен!?»- деп, жанталашып жаратылыш жолуна акырындап салып атат деп ишенем, мен.

— Бул илимди качан, кантип оңдой алабыз?

-Курултай илимин эки идеолог түптѳйт, жаратат. Бирөө — акылман жаратылыш; экинчиси –табийгаттагы түбѳлүк чындыктарды издеген илимпоздор тобу. Курултай идеологиясынын жобосу боюнча андагы бир да физикалык, социалдык элемент өз көмөчүнө күл тартпайт, калп сүйлѳбѳйт, алдабайт, жамандык, ичи тардык кылбайт. Антсе, жаратылыш Курултайынын мыйзамы « Дагы жетиле элек экен…» — деп, кѳп убакытка, балким, кылымдарга ачылгыс болуп жабылат, купуя сырга-энигмага айланат! Ушул адамзатка, бизге керекпи?

— Жаратылышка жанашып, Күнгө, тоого, сууга, асмандагы бир жараткан Кудайга сыйынып, күндө күнгүрөнүп бата берип, тиленип келген Кыргыз эли бул мыйзамды кантип жаратылышка жакындата алат?

Мен жогоруда айттым го, аң-сезимдин тазалык жана адилеттүүлүк идеясын, жобосун изилдеп, далилдей турган, жалаң жаратылышка таянган Курултай идеологиясы талап кылынат. Таң калыштуусу, бул идеология Күн (Гун)-Динлин  этносуна аян болуп берилип атат.Таза, адилет, калыс курултайдын мыйзамдарын, касиеттерин тоолук  Кыргыз эли байыртадан жакшыдыр-жамандыр карманып келет. Анын кѳрѳңгѳсү байыркы тазалыктан, адилеттиктен жаралган Манас аң-сезиминин түбүндѳ бар болчу. Кыргыз этносу тоо, жаратылыш чындыгынан башканы билбейт. Ошон үчүн кыргыз феномени 2020- жылкы тѳңкѳрүштѳ таза жана адилет курултай идеясын  алгачкылардан болуп тандап алып, адамзат коомунун эмес, жаратылыш чындыгына өттү.

Жаратылыш жыйырманчы кылымдын башында атомду таанысын деп сырын адамга ачып берип койду эле, тилекке каршы азыр ѳзѳк согушу адамзатты кекиртектеп алды. Жаратылыш сандыгын ачып, кундузун кѳрсѳтүп койду эле, ошондон бери адамзат огунан тайып кетпесе экен деп Жаратылыш-Кудай бери карап күлүп, ары карап ыйлап атат.

Жаратылыштын Курултай-конституция кодекси буйурса, адамдагы маңкуртукту түп тамыры менен ѳрттѳп жоготуучу жалгыз күчкѳ, энергияга, идеологияга айлана баштады. Кыргыз Курултай идеологиясы мамлекеттерге, адамзатка жаратылыштын  гана курултайы-конституциясы, эрежеси  болсун деген максатка чакырык таштап жатат.

 — Сиздин айткандарыңыз, учурдагы президентибиз Садыр Жапаровдун «Саясатта он жыл» аттуу китебинде келтирген курултай тууралуу идеясына окшоп кетип атат. Бул кийинки мезгилдин талабы болуп калабы?

  — Кыргызстанда  президенттик аппараттын астында элдик курултайды орнотуш үчүн Тазалык, Адилеттүүлүк идеологиясы аттуу илимий теориялык секциянын иштеши керек деген сунушту берээр элем. Аны мезгилдин талабына ылайык жетектѳѳ — кечиктирилгис талап, зарылчылык, мажбурлук! Президенттин курултай жыйыны жылдык отчёт жана уюштуруучулук маселелер менен бирге, илимий методологиялык базаны негиздѳѳ максатындагы иш чаралар да жүргүзүлүшү керек. Жаратылыш Курултайы-Конституциясы менен куралданган президент адамзат коомунун эмес, жаратылыш коомунун кызыкчылыгын  жалгыз максат деп эсептейт, башкы орунга коёт. Андай  президент – таза жаратылыш коомунун ѳкүлү, куту!

Эми сиз азыркы учурдагы сасий бийликке кандай кеңеш берээр элеңиз?

Президент  адамзаттын эмес, жаратылыштын аң-сезими менен гана иш алпарып, ой толготуш керек. Ал саясаттын эмес, идеянын президенти болсо, жолу узак болот. Таза, адилет президент адамзаттык саясатты жана идеяны жек кѳрѳт. Жаратылышта тырмактын агындай да саясат жок. Анда жаратылыштын тазалык, адилеттүүлүк идеясы жана идеологиясы гана бар. Күн планетасы  калган планеталардан канча эсе чоң, ысык болсо, анын таасири, табы -ошончо күчтүү, маанилүү. Президенттик феномен ошол чындыктан үлгү алыш керек.

Парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүүбүз туура болдубу? Сиздин оюңуз кандай?

Президентибиз С. Жапаров мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө чоң жоопкерчилик менен карап, тынбай иштеп жатат.  Жаратылыштын Курултай идеологиясы парламенттик- президенттик бийликти, тандемдикти толук четке кагат. Эки Күн планетасынын кошуна же бирге болушу эч мүмкүн эмес! Президенттин адеби, моралы – болгону күн планетасынын, жаратылыштын жандырмагы, адеби, моралы.

Президенттик курултайлык -жаратылыш сунуштаган, абсолют такты болуш керек.  Бул- адамзаттын эмес, түбѳлүктүү жаратылыш тагдыры. Биз адамзаттын эмес, жаратылыштын тагдыры менен удулдашыбыз гана керек. Жолборстон жолборс, түлкүдөн түлкү туулгандай эле, Президент болчу киши, энеден туулганда эле «президент» болуп туулат.

Президент — президенттик кызматка энергиясы, духунун күчтүүлүгү, жогорку деңгээлдеги уюштургучтугу, теңелбестиги менен татыктуу, сыйымдуу. Айрыкча айкөлдүгү, чыдамкайлыгы, сабырдуулугу, өчөшпөгөндүгү, кайраттуулугу,  максаттуулугу, кечиримдүүлүгү, сүйүүсү, күйүп, бирок, ѳрттѳнүп кетпегендиги, салкындыгы менен арзууга ээ. Ал – күн планетасы. Калгандары  башка планеталар, жылдыздар… Көп жакшы жаралыштыр эми гана башталат деген ишеним жок эмес. Кыргызстандагы акыркы, үчүнчү төңкөрүштөн кийинки орногон элдик-президенттик жетек — Кыргыз элинин  аң-сезимдин Тазалык жана Адилеттүүлүк идеологиясын (АТАИни) ишке ашыруудагы, алгачкы саамалыгы. Азырынча мамлекет үчүн парламенттик бийлик таптакыр алымсыз, жараксыз код. Ал жерде болгону тирешүү, араздашуу, кош бийлик, тѳңкѳрүш гана орун алат.

— Жогорку Кеңештин депутаттарына кандай кеңеш бересиз?

— Парламенттик мамлекет болуш үчүн жалпы калктын акыл-эс деңгээли жок дегенде, ортодон жогору болуусу шарт. Депутаттардын курамы түздөн-түз элдин-шайлоочулардын аң-сезимине, алардын шайлоо процесстерине болгон мамилелерине багыныштуу. Эми, алар деле элдин талаптарына ылайык ойлонсо, оңдоло алышат.

Интеллигенттик, элиталык бийиктикке кѳтѳрүлүп, жетиш керек. Ал үчүн аң-сезим тазалыгы, адилеттүүлүк жана жѳнѳкѳйлүк чечүүчү орунду ээлейт.

Абдан кызык ой-пикирлериңиз бар экен. Дагы кандай баалуу ойлоруңузду айтаар элеңиз?

— Адам конституциясы мамлекетти курсам дейт, жаратылыш курултайы адамзатты курсам дейт. Адам конституциясы мамлекетти тейлейм дейт, табийгат курултайы    адамзатты тейлесем дейт. Жаратылыш ѳз курултайын оозеки, жатка билет, аткарат. Мамлекет конституциясын кагаз бетине жазат, бирок так аткарбайт. Конституциясыз мамлекет жок, курултайсыз жаратылыш менен адамзат жок. Адам —  конституциялык субъект, киши – курултайлык субъект. Конституциядан билим алган адамдар ѳтѳ кѳп, АТАК илиминен билим алган кишилер азырынча ѳтѳ аз, жокко эсе.

Таза, Адилет Курултай идеологиясын (ТАКИ) Президенттик аппараттын, академиянын шашылыш түрдѳ иштиктүү кѳзѳмѳлгѳ, колго алышын астейдил тиленет элем.

Сизге чоң ракмат, аба!  Ишиңизге ийгилик каалайм!

Ниязбек КУЛАМБАЕВ,

журналист-блогер, коомдук ишмер

 

Бөлүшүү

Комментарийлер