Мелис АЙДАРКУЛОВ:  «ЖАҢЫ АЙТМАТОВДОР» АСМАНДАН ТҮШПӨЙТ, АЛАРДЫ ТААП, ӨСТҮРҮҮ КЕРЕК»

  • 22.01.2026
  • 0

КР мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер, көрүнүктүү журналист, коомдук ишмер Мелис Айдаркулов менен маек

 

Мелис АЙДАРКУЛОВ:  "ЖАҢЫ АЙТМАТОВДОР» АСМАНДАН ТҮШПӨЙТ, АЛАРДЫ ТААП, ӨСТҮРҮҮ КЕРЕК"-Кечээ жакында Мамлекеттик катчы Арслан Капай уулу февраль айында чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенциянын форумун өткөрүүнү демилгеледи.  Ал  форумда «Жаңы кыргыз доору» жана «Улуттун кайра жаралуусу» сыяктуу ары масштабдуу, ары  актуалдуу маселелер каралары туурасында да айтты.  Демилгени кандай кабыл алдыңыз? Сиз үчүн бул форум эмнеси менен маанилүү?

— Бул маданий, адабий, илимий чөйрө, жалпы эле коомчулук көптөн бери күткөн демилге болду. Мен жакшы жөрөлгөнү колдогондордун ичиндемин. Ошондуктан Форумдун уюштуруучулары көңүлгө алса деген ниет, илгери үмүт менен азыноолак сунуштарым да социалдык тармакта жарыяланды. Буйруса, дагы башка сунуш-пикирлер айтылып, форум ийгиликтүү өтөрүнө ишенем. Эгерде боло турган форум: декларативдүү эмес, саясий жана институционалдык чечимдерди сунуш кылууга багытталса, анда ал илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын, улуттук өнүгүүнүн реалдуу субъектисине айландыра алат. Февраль айында өтө турган Форумдун тарыхый мүмкүнчүлүгү чоң. Анын башкы максаты – интеллигенцияны кайра субъектке айландыруу, улуттук идеяны биргелешип ойлонуу, коом менен бийликтин ортосунда маанилүү көпүрө куруу, Бирок бир шарт менен: форумда — монолог эмес, диалог болушу керек.

 

Мелис АЙДАРКУЛОВ:  "ЖАҢЫ АЙТМАТОВДОР» АСМАНДАН ТҮШПӨЙТ, АЛАРДЫ ТААП, ӨСТҮРҮҮ КЕРЕК"-Артка кылчайсак, Ч. Айтматов, С. Чокморов, Т. Океев сыяктуу феномендердин жаралышына ошол кездеги чөйрө шарт түзгөн. Бүгүнкү санариптик доордо ушундай деңгээлдеги инсандардын чыгышына эмне тоскоол болуп жатат? Жаңы замандын залкарларын («Жаңы Айтматовдорду») кантип тарбиялап чыгарабыз?

— Азыр кыргыз ренессансы жөнүндө сөз, талкуу көбөйдү. Сенин бул сурооң — кыргыз ренессансынын өзөгүнө түз тийген, эң оор, бирок эң зарыл суроо. Биринчиден, Чыңгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев -бул ысымдар улуттук канондун чегинен алда качан чыгып, дүйнөлүк маданияттын бөлүгүнө айланышкан. Анткени алар кыргыз элинин эле эмес, бүткүл адамзаттын атынан сүйлөй алган залкар инсандар болушкан. Ч. Айтматов өткөн кылымдын 50-жылдарынын башында эң алгачкы аңгемелери жарык көргөн кезде эле “Мен улуттук адабияттын жөн гана өкүлү эмесмин. Мен, кандайдыр бир, чоңураак нерсе жөнүндө айтып берүүгө милдеттүүмүн”- деп айткан экен. Ошондон ашып кетсе, 4-5 жылдан кийин Москвадагы жогорку адабий курста окуп жүргөндө ал кыргыз тилинде “Бетме-бет” повестин жазган. Ал орусчага которулуп, ошол кездеги абройлуу адабий басылма болгон “Октябрь” журналына жарыяланган. Ал эми 1958-жылы бүткүл союздук адабий коомчулукту таңгалдырып, Айтматовдун атын тез эле эл аралык деңгээлге көтөрүп чыккан атактуу “Жамийла” повести өтө барктуу “Новый мир” журналында жарык көргөн. Айтматовдун андан кийинки дүйнөлүк адабиятта дүң салган салтанаттуу (триумфалдуу) чыгармачылык сапары жөнүндө баарыбыз жакшы билебиз. Көрсө, Айтматов колуна калем алып, адабиятка адеп аралаша баштаган кезинде эле өзүнүн дүйнөлүк адабияттын алтаны болорун сезген тура. Анан кантип Айтматовдун генийлигине таң калбайсың!.. Сиз атаган жана ысымдары аталбаган элибизден чыккан ондогон залкарлардын ар бири жөнүндө да ушуну айтсак болот. Ушундан улам мындай инсандардын жаралышы адамдын тубаса идирегине, талантына, генийлик сапаттарына байланыштуу окшойт.

 

Мелис АЙДАРКУЛОВ:  "ЖАҢЫ АЙТМАТОВДОР» АСМАНДАН ТҮШПӨЙТ, АЛАРДЫ ТААП, ӨСТҮРҮҮ КЕРЕК"-Бирок, сиз айткандай, инсандык масштабды жаштайында таанып-билип, тарбиялап, өстүрүп, бийиктикке көтөрө алган тарыхый чөйрөнүн да чоң таасири бар го деп ойлойм?

-Коммунисттик идеологиянын басымына карабастан, ошол кездеги маданий система терең ой жүгүртүүнү талап кылган. Мисалы, Айтматовду калыптандырган — татаал, терең ой жүгүртүүнү талап кылган мектеп, күчтүү чыгармачыл жана сынчыл чөйрө, Адам деген ким? Адам болуу үчүн эмне кылуу керек? деген сыяктуу  татаал суроолорго чынчыл жооп издеген адамзаттык доор болду. С. Чокморов -Ташкент, Москва шаарларында окуп, чоң сүрөтчүлөрдүн мектептеринен өткөн, Т. Океев — атактуу советтик-орусиялык кинорежиссёр Леонид Гайдай менен чогуу иштеп, тарбиясын алган, советтик режиссура мектебинин философиясын өздөштүргөн. Үчөө тең улуттук болуу менен бирге жалпы адамзаттык болууга умтулушкан. Талант жалгыз өспөйт — мектеп керек. Анан, албетте, ал кезде мамлекеттик колдоо бар болчу, бирок талап да катуу эле.

-Азыркы чөйрө талантка душман деле эмес, бирок жай темпти  көтөрө албайт, тереңдикке умтулбайт деген элеңиз. Чечмелеп берсеңиз, эмне үчүн?

-Негизги тоскоолдуктарга төмөндөгүлөр кирет: Санарип платформалар ой жүгүртүүнү эмес — чагылгандай тез реакцияны, мазмунду эмес — кликабелдүүлүктү, тереңдикти эмес — вирустуулукту колдойт. Устаттык институту жоголду. Айтматов, Чокморов жана Океев мыкты редакторлордун, режиссёрлордун, чыгаан сүрөткерлердин, философтордун, котормочулардын, сынчылардын чөйрөсүндө өскөн. Бүгүнкү автор көп учурда өзү менен өзү жалгыз калууда. Маданий институттар алсырады. Адабий журналдар сейрек чыгып, аз нускада басылат; киностудиянын ысык эле жаны бар; кесипкөй сын формалдуу бар болгону менен, анын үнү угулбайт. Булардын баары бирдиктүү өсүү экосистемасы катары иштебей калды. Улуттук масштабдын жоголушу. Жаш авторлор «универсалдуу» болууга умтулуп, глобалдык формаларды көчүрүп, көп учурда өз тамырын, улуттук өзгөчөлүгүн жоготуп алышат. Айтматовдун парадоксу болсо башкача эле: ал канчалык кыргыз, кыргызчыл болсо, ошончолук универсалдуу боло алган.

-Ошондо жыйынтык кандай болуп калат?..

-Негизги жыйынтык жөнөкөй эле, бирок бир караганда ыңгайсыз болушу мүмкүн:
маселе таланттын жоктугунда эмес, ойду, маанини, тереңдикти, масштабдуулукту талап кылган чөйрөнүн жоктугунда. «Жаңы Айтматовдор» асмандан түшпөйт, аларды таап, өстүрүү керек. Санарип доорунда дүйнөлүк деңгээлдеги инсандар чыгышы үчүн «гений издебей» аны таап, тарбиялап, таптап өстүрө турган маданий экосистеманы түзүү зарыл. Форматка эмес, мааниге суроо-талап жаратуу абзел. Мамлекет, коом, медиа татаал ой жүгүртүүнүн, философиялык искусствонун, терең, масштабдуу формалардын кадыр-баркын көтөрүшү керек. Бул бир жолку гранттар менен эмес, системалык түрдө моралдык жана материалдык колдоо аркылуу ишке ашат.

Устаттык институтун жандандыруу. Мастер-класстар эмес, узак мөөнөттүү мектептер керек: жазуучулар үчүн «Айтматов мектеби», режиссёрлор үчүн «Океев лабораториясы» ж.б. Талантка шатырата кол чаап, куру мактоо эмес, катаал диалог керек. Натыйжаны эмес, процессти колдойлу. Роман жазуу үчүн жылдар керек. Мисалы, Төлөгөн Касымбеков “Сынган кылыч” романын, Асанбек Стамов “Хан Тейиш” романын 20 жыл жазган, өмүрүнүн акыркы жалдарына чейин оңдоп-түзөгөн, толуктаган.  Төлөмүш Океевдикиндей, Болот Шамшиевдикиндей фильм тартууга-мамлекеттик колдоо, изденүүгө, ойлонууга убакыт керек. Маданият стартап боло албайт.

Сынчыл маданиятты кайтарууга мезгил жетти. Сын — душман эмес. Ал — тазалоо, тактоо куралы. Кыргызстан дүйнөгө өндүрүш көлөмү менен эмес, адамдык өлчөмдүн сапаты (качество человеческого измерения) менен кызыктуу боло алат.

Айтматов бүгүн да актуалдуу болгон формуланы көрсөткөн: локалдыктан — универсалдуулукка. Айылдын тагдырынан — адамзат тагдырына чыгуу. «Ааламга жол айылдан башталат» дейт эмеспи.

Глобалдык ызы-чуу доорунда дүйнөгө жай сүйлөгөн, терең ойлонгон жана сөзү үчүн моралдык, этикалык жоопкерчиликти өзүнө ала билгендер өзгөчө керек. Залкар инсандар коом татаал жоопторду угууга даяр болгон жерде жаралат. Санариптик доор улуулукту, тереңдикти жокко чыгарбайт. Бул доор жүгүн биз көтөрө алабызбы, анын сыноосунан ийгиликтүү өтө алабызбы, аны мезгил көрсөтөт.

-Президенттин «Уңгу жол» жарлыгын ишке ашырууда интеллигенциянын жоопкерчилигине токтоло кетсеңиз? Бул жөн гана документ бойдон калбашы үчүн кандай конкреттүү кадамдар керек?

-Мамлекетти башкарууга мыйзам керек, экономиканы өнүктүрүүгө эсеп керек. Ал эми улутту сактап калуу үчүн да, өнүгүү үчүн да идея керек. XX кылымдын башында кыргыз эли мамлекеттүүлүктөн ажырап турган чакта, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов сыяктуу интеллигенция өкүлдөрү улуттук ой жүгүртүүнүн пайдубалын түптөгөн. Алардын идеялык кайраты болбосо, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралыш-жаралбасы бүдөмүк бойдон калмак.

Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгы да –  азыркы ааламдашуунун албуут агымынан сыртта калуу мүмкүн эмес шартта, улуттук жүзүбүздү сактап, өнүгүүгө өбөлгө боло турган стратегиялык маанилүү мамлекеттик чечим.  Эгер кыргыз интеллигенциясы өзүнүн миссиясын түшүнсө, уңгужолду турмушка ашырууга ар тараптуу  колдоо көрсөтүшү керек. Кыргызстан глобалдык дүйнөдө ким? Биздин улуттук өзгөчөлүк эмнеде? Заманбаптык менен салтты кантип айкалыштырабыз? Бул суроолорго жоопту саясатчы же чиновник эмес, интеллигенция бериши керек.

Интеллигенция -коомдун мээси жана абийири. Бүгүнкү интеллигенция бийлик менен элдин ортосунда алтын көпүрө боло алдыбы?

-Ар бир тарыхый доор элден күчтү гана эмес, ой жүгүртүүнү да талап кылат. Кыйын кезеңдерде мамлекет армияга, экономикага, башкарууга таянат. Ал эми узак мөөнөттүү тагдыр чечилген учурларда улут сөзсүз түрдө өзүнүн интеллигенциясына кайрылат. Кыргызстан бүгүн дал ушундай чекитке келип турат. Мамлекеттик катчы айтып жаткан «Жаңы кыргыз доору», «Улуттун кайра жаралуусу» сыяктуу түшүнүктөр жөн гана ураан эмес — алар идеялык мазмунду, терең ойду жана интеллектуалдык жоопкерчиликти талап кылат. Сен туура суроо койдуң. Бул жерде негизги суроо туулат: интеллигенция бул процессте кандай роль ойношу керек?

Кыргыз тарыхында интеллигенция улуттук ойгонуу (XX кылым башы), мамлекеттүүлүктүн калыптанышы, маданий коддун сакталуусу үчүн чечүүчү роль ойногон. Бирок эгемендик жылдарында интеллигенция коомдук турмуштан обочолонуп, болуп жаткан процесстерге таасири азайып, жөн гана декорацияга айланып калды. Мунун себептери: рыноктук прагматизмдин үстөмдүгү, «эксперт эмес, менеджер керек» деген түшүнүк, идеяга эмес, пайдага багытталган коомдук суроо-талап. Натыйжада —идеялык вакуум пайда болду.

«Жаңы доор» мыйзам менен түзүлбөйт, реформалар менен эле жаралбайт. Ал- дүйнө таанымдын алмашуусу, өзүн-өзү таануу процесси.

-Ал эми «Улуттун кайра жаралуусу»: романтикабы же стратегиябы?

-Менин оюмча, ал — улуттук жоопкерчиликтин кайра ойгонушу, пассионардык энергиянын жанданышы, жарандык аң-сезимдин өсүшү. Бул процессте интеллигенция элди алдабашы керек, жеңил ураандардан качышы керек, чындыкты, ал канчалык ачуу, оор болсо да, айтууга тийиш. Интеллигенциянын эң чоң кызматы — улуттун өзүнө өзүн көргөзүү.

Эң кооптуусу, «Жаңы кыргыз доору» жана «Улуттун кайра жаралуусу» деген түшүнүктөр ураан катары гана кала берсе — алар элди чарчатат. Ал эми эгер алар мазмун, идея жана жоопкерчилик менен толукталса — улуттун тагдырын аныктаган түшүнүккө айланат.

Аңгемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер