КМШнын мыкты педагогу: кыргыз мугалимдеринин эл аралык ийгилиги
- 01.04.2026
- 0
2026-жылдын март айында Астана шаарында КМШ өлкөлөрүнүн арасында уюштурулган «КМШнын мыкты педагогу» эл аралык сынагы жыйынтыкталып, анда Кыргызстандык үч агартуучу 1-даражадагы диплом, Ардак грамота жана статуэтка менен сыйланды.
Конкурстун жыйынтыгында А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун окутуучулары Гүлнара Мундузбаева жана Зулайка Шамыралиева, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Эшперов айылындагы №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Аида Жаныбековалар бул наамга татыктуу болушту.

Мыктылардын бири — Зулайка Шамыралиеванын педагогикалык жолу Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин математика жана информатика факультетинен башталган. Ал 2018-жылдан бери аталган техникумда информатика жана математика сабактарынан билим берип келет. Өз сөзүндө ал заманбап технологияларды окутууга киргизүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилейт.
Педагогдун айтымында, сынак тууралуу ал социалдык тармактар аркылуу билип, эл аралык деңгээлдеги бул долбоорго катышууну чечкен. Сынак эки этапта өткөн: биринчи баскычта катышуучулардан документтер топтому жана кесиптик жетишкендиктер талап кылынган. Кыска убакыттын ичинде тандоодон ийгиликтүү өтүп, финалдык этапка — Астана шаарында өткөн конференцияга чакыруу алган.
— Чынын айтсам, башында мындай деңгээлдеги иш-чарага катышуу керекпи деген күмөн саноолор болду. Бирок кесиптештеримдин жана техникум жетекчилигинин колдоосу чечүүчү роль ойноду. БФЭТ администрациясына терең ыраазычылык билдирем, анткени алар сынакка катышуу жана сапарга байланышкан бардык чыгымдарды толугу менен каржылап беришти. Экинчи этап жөн гана сыйлык тапшыруу аземи эмес, педагогдор үчүн чоң тажрыйба алмашуу аянтчасы болду. Сынакка ондон ашык кыргыз мугалимдери өтүнмө жиберишкен. Уюштуруучулар кыргыз мугалимдеринин активдүүлүгүн өзгөчө белгилешти, — дейт ал.
Зулайка Шамыралиева буга чейин да бир катар эл аралык жана республикалык долбоорлорго активдүү катышып келген. Ал «Компьютердик моделдөө жана 3D басып чыгаруу» боюнча окууда тандалган мыкты катышуучулардын катарына кирген. Мындан тышкары, «Жасалма интеллектти башкарган мугалим» форумунда бардык тапшырмаларды эң ылдам аткарып, iPhone утуп алган. Жакында студенттери менен биргеликте FIN-трек сынагына катышууну пландап жатат.
Педагог белгилегендей, бүгүнкү күндө студенттердин көңүлүн сабакка буруу оңой эмес. Бирок практикага багытталган сабактар, интерактивдүү ыкмалар жана санариптик куралдар бул маселени жеңилдетет. Ал сабактарында ар кандай колдонмолорду жана тренажёрлорду активдүү колдонуп, студенттердин кызыгуусун арттырууга жетишип келет.

Ушул эле окуу жайдын дагы бир окутуучусу Гүлнара Мундузбаева — информатика мугалими. Ал 25 жылдан бери агартуу тармагында эмгектенип келет. Алгачкы эмгек жолун Таластагы Бүлкүлдөк орто мектебинен баштап, 2023-жылдан бери техникумда жогорку деңгээлдеги сабактары менен студенттерин кубантып келет.
Сынакка катышууну өзүнө чакырык катары кабыл алган.
— Эл аралык сынакка катышуу — менин кесиптик жолумдагы чоң сыноо жана чоң мүмкүнчүлүк болду. Бул жолдо толкундануу, жоопкерчилик да болду, эң негизгиси — билим берүү чөйрөсүндө эмгектенип жаткан мугалимдердин күчүн, биримдигин жана чексиз мүмкүнчүлүгүн дагы бир жолу сездим, — дейт ал.
Окутуучунун айтымында, бул сынактын негизги артыкчылыгы — ар кайсы өлкөлөрдүн педагогдорун бир аянтчага бириктирип, тажрыйба алмашууга жана кесиптик өнүгүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзгөнүндө. Бул сынак мугалимдердин инновациялык ыкмаларын, чыгармачыл ишмердүүлүгүн жана билим берүү тармагына кошкон салымын эл аралык деңгээлде баалоого шарт түзөт.
Бүгүнкү күндө ал студенттерге сабак өтүүдө заманбап жана интерактивдүү окутуу ыкмаларын активдүү колдонуп келет. Санарип технологияларды, онлайн платформаларды жана практикага багытталган тапшырмаларды пайдалануу аркылуу студенттердин кызыгуусун арттырууга аракет кылат.
— Бүгүнкү күндө информатика сабагын окутууда дайыма изденүү жана өзүмдүн үстүмдөн иштөө менин негизги принциптеримдин бири болуп саналат. Технологиялар тез өзгөргөндүктөн, заман талабына ылайык сабак өтүү үчүн жаңы санариптик инструменттерди, программаларды жана окутуунун инновациялык ыкмаларын үзгүлтүксүз үйрөнүп турам. Онлайн курстарга, вебинарларга жана педагогикалык тренингдерге катышуу аркылуу билимимди жаңыртып, алган тажрыйбамды сабак процессине киргизем, — деп билдирди ал.
Гүлнара Мундузбаева билим берүүдө эле эмес, спорт тармагында да ийгиликтерди жаратып келет. 2019-жылдан бери Бишкек шаарында жана Чүй облусунда «Энелер – дени сак келечек үчүн» урааны астында «Энелер лигасында» — 45+ категорияда БЭГиС командасынын мүчөсү. Ошондой эле «Талас ынтымагы» волейбол турниринин координатору.

Билим — өмүрлүк жолум
«КМШнын мыкты педагогу» аталган дагы бир агартуучу — Аида Жаныбаева. Ал 2004-жылы Бишкек гуманитардык университетинин Славян таануу жана журналистика факультетин орус тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган. Ошол эле жылы эмгек жолун Эшперов айылындагы М. Догдуров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган.
Жаш адис алгачкы жылы эле «Жаш мугалимдин депозити» программасынын жеңүүчүсү болуп, 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болгон. Бул жетишкендик анын мугалимдик кесипке болгон жоопкерчилигин арттырып, үзгүлтүксүз изденүүгө түрткү берген. Ал аталган мектепте 14 жыл эмгектенип, окуучуларга сапаттуу билим берип, алардын келечек жолуна багыт көрсөтүүгө өз салымын кошкон. Педагог үчүн эң чоң сыймык — окуучуларынын жетишкендиктерин көрүү экенин ал ар дайым белгилеп келет.
2018-жылдан тартып мектепке чейинки билим берүү тармагына өтүп, учурда Эшперов айылындагы №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору болуп иштеп келет. Анын жетекчилиги алдында жамаат менен биргеликте мекеменин өнүгүүсүнө багытталган бир катар иштер жүзөгө ашырылып, олуттуу ийгиликтерге жетишилген.
Мындан тышкары, педагог өзүнүн билим берүү ишмердүүлүгүн онлайн форматта да улантып, Instagram социалдык тармагындагы orus_tili_aida баракчасы аркылуу кеңири аудиторияга орус тилин үйрөтүп келет. Ал ар бир жетишкендик кесиптик өсүшүнө жаңы дем берип, мындан ары да изденүү менен иш алып барууга шыктандырарын билдирди.
Аида Жаныбаева үчүн билим берүү — бул жөн гана кесип эмес, бул чоң жоопкерчилик. Айрыкча мектепке чейинки билим берүү — баланын инсан катары калыптанышындагы эң маанилүү баскыч.
Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”
Комментарийлер