КЕСИПТИ СҮЙҮҮ ЖАНА ИЗДЕНҮҮНҮН ҮЗҮРҮ
- 23.01.2026
- 0
Бишкекте төрөлгөн, өз шаарын сүйгөн Мээрим РАМАТОВА он жылдан ашык мезгилден бери бьютииндустрияны өздөштүрүү, аны Кыргызстанда өнүктүрүү боюнча чоң аракет көрүп келет. Болбосо, анын орто мектепти бүткөндөгү каалоо-тилеги такыр бөлөк эле.
Ал Кыргыз улуттук университетине өтүп, экономист адистигине ээ болсо да, окууну жакшы аяктаса да, өзүнүн көңүлүндөгү ой-максат чечүүчү мааниге ээ болорун бара-бара гана түшүндү. Кичине кезинен колунун бир нерсе жасоого эптүүлүгү, түрлөнтө сайма сайып жүргөнү мындан жыйырма жыл мурда адеп чачтарач, анан кирпикти жасалгалоо курсунан окууга түрткү берди. Бат эле чакан сулуулук салонунда иштеп, кирпикти өстүрүп-түздөө боюнча чебер кесипкөй болууга жетишти. Ишин өтө үзүрлүү улантуу менен ал өзү окуу курсун ачып, бул кесипке кызыккан кыздарды, жаштарды өзү сүйгөн кесипке үйрөтө баштады. Бара-бара ал алып барган окуу курсу кеңири белгилүүлүккө ээ болуп, дурус даярдыктан өткөн жаштар ар кайсы сулуулук салондорунда иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты.

Бул Мээрим үчүн белгилүүлүккө жетишүүнүн биринчи баскычы болуп калды.
Экинчи белгилүүлүк да бат эле жаралгандай болду. Бишкекте өткөн сынактарда Мээримдин бир канча ирет жеңишке жана байгелүү орундарга жетишкени ага чоң ишеним алып келди. Эми ал Бишкекте эле эмес, чет өлкөлөрдө да чеберчилик боюнча окутуп-үйрөтүү иштерин жүргүзө баштады. Ошол кезде Италиянын Флоренция шаарына ушул максатта барганы, анын бул шаарда өткөргөн мастер-классы жактырууга ээ болуп, андан дароо Ливанга чакыруу алганы – эч эстен кеткис учур болуп калды.
Бул жагынан ийгиликтүү адис-чебер болгондон соң үчүнчү белгилүүлүк бьюти-индустрияны жолго коюудан жаралды десе болот. Мунун багыты – жаңы технологиянын жардамы менен адамдын сырткы келбетин оңдоп-түзөө, жагымдуу көрк берүү, түрлүү укалоо ыкмаларын колдонуу, ден соолугун жакшыртууга өбөлгө түзүү. Бул чаралардын натыйжалуу ишке ашырылышы дүйнөлүк жаңы технологияларды колдоно билүүгө, адистин иш-жөндөмүнө, талантына түздөн-түз байланыштуу. Мындай максатка жетүү жолунда Мээримге медициналык билим алуу керек болду. Окууну күндөлүк иш менен айкалыштыра билүү ага көп артыкчылыктарды берди. Кийин экинчи дипломго ээ болуусу анын эң жакшы көмөкчүсү боло алды.
Мээримдин ишинин ийгиликтүү болушу жаңыны бат сезе билген, билимдүү жана туура багыт жана көмөк бере алган жолдошу юрист Амангелди Канат уулунун аракет-демилгесине да байланыштуу. Аракетчил, ынтымактуу жубайлар кызы Эстель менен Лондондо, Парижде, Вьетнамда туристтик саякаттарда да болушту. Чет өлкөлөрдү кыдыруу Мээрим үчүн эки эсе пайдалуу. Көп жаңы нерселерге күбө болот жана сүйгөн кесиби боюнча бул жактагы ийгилик-жетишкендиктерди билүүгө кызыгат. Бул өзүнүн иш чөйрөсүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
“Жөн гана көрөйүн деген элем. Кээде жолду өзүбүз тандайбыз, кээде жол өзү бизди тандайт эмеспи. Бьюти- индустрия мени дароо эле өзүнө тартып алды”, — деп эскерет
Мээрим Раматова.
***
Бишкекте иштегендер эл аралык чемпионаттарга бара элек мезгил эле. Бүгүн чемпионаттарга жана сынактарга баруу көптөр үчүн кадимки көрүнүш болуп калды. Бирок 2014-жылы Мээрим алгачкы сапарына чыкканда бул идея дээрлик куру кыял сыяктуу көрүнчү. Ал убакта Бишкектен чет өлкөдөгү чемпионаттарга, конкурстарга жана окууларга баргандар дээрлик жок болчу – алыс, кымбат, түшүнүксүз.
Ошентсе да Мээримди инновациялар ар дайым кызыктырат. “Жандуу процессти көргүм келчү. Жаңы техникаларды, жаңы жабдууларды, башка мектептердин ыкмаларын байкоо мага өзгөчө таасир берет”, — дейт ал.

***
Алыскы шаарларга болгон сапар – өзү жана бир гана жол сумкасы. Ошондон бери он жылдан ашуун убакыт өттү. Бүгүн Мээрим – Москва менен Санкт-Петербургдагы чемпионаттарга жардамчысы жок, командасыз, өзү жалгыз барган өтө аз сандагы кыргызстандыктардын бири.
Тааныш модели жок, таяна турган кесиптеши жок – бул ар бир сапарды өзүнчө кичинекей экспедицияга айлантат. Аэропорт, жаңы шаар, жаңы зал, жаңы ыргак.
Чет элдик чемпионатта биринчи жолу көргөн моделде иштөө – өзүнчө сыноо. Бирок Мээрим буга философиялык көз карашта: “Адамды биринчи жолу көрөсүң, бир-эки мүнөттө эле ага эмне зарыл экенин түшүнүп, параметрлерди тууралап, аны да, өзүңдү да ишендиришиң керек. Бул – байкоо, ылдамдык жана тынчтык”, — дейт Мээрим өз иши жөнүндө ой бөлүшө.
Эмне үчүн мунун баары керек? Үйдө, өз шаарында эле жакшы иштей берсе болбойбу? Чемпионат, сынактар – бул медаль үчүн болгон жарыш гана эмес, ар башка мектептердин, ар башка ыкмалардын жана көз караштардын жандуу жыйындысы. Кесиптин түрлүү кырларын бөлөк жерден көрүү мүмкүнчүлүгү.
Мээрим Бишкекке жеңиштерди эле эмес, эң баалуу нерселерди алып келет: булар – майда техникалык ачылыштар, жыңы ыкмалар, башкача көз караштар, “дагы жакшыраак жасаса болот” деген ички мотивация.
Бул өзгөрүүлөр жылмакай, жай, бирок байкаларлык. Мындай сапарларда болгон адамдар шаардын жалпы ритмин да өзгөртөт: суроолор көбөйөт, кызыгуу артат, өнүгүү табигый түрдө тезирээк жүрөт. Бул – сыйлыктар жөнүндө ойлоо эмес, бир жерде токтоп калбоо аракети.
Мээрим үчүн бул сапарлар – глобалдуу пландар эмес. Бул – кызыгуу, жаңыны билүүгө умтулуу, жай болуу абалынан кутулуу, жүрөк каалоосун орундоого жол табуу.
Ал: “Кесип өтө тынч болуп кеткенде, кайра бир жакка учкум келет”, — деп айтты.
Кесиптик жолу 15 жаштан башталган кыздын иши илгерилегендин ичинде. Азыр анын алдында дагы көп шаарлар, залдар, чемпионаттар, сынактар жана Бишкекке алып келе турган жаңы ачылыштар бардай сезилет. Бишкекте, өз өлкөсүндө башкалардай эл аралык чемпионат өткөргүсү келет…
Ооба, кесипти сүйүү жана изденүүнүн үзүрү иштин алгалай беришине жакшы өбөлгө түзмөкчү.
Жумакан САРИЕВ
Комментарийлер