КЕЛЕЧЕКТИН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫК АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК ПРЕДМЕТИН ОКУТУУ

  • 14.11.2025
  • 0

Бүгүнкү дүйнөдө ар бир мамлекеттин туруктуулугу жана коопсуздугу анын билимдүү, мекенчил жана жоопкер жарандарын тарбиялоого көз каранды. Кыргыз Республикасынын мектептеринде окутулган “Аскерге чейинки даярдоо” предмети дал ушул максатты көздөйт. Жаштарды мекенди сүйүүгө, коргоого даяр болууга жана тартипке, жоопкерчиликке үйрөтөт.

Бирок акыркы жылдардагы коомдук-экономикалык өзгөрүүлөр, билим берүү системасындагы реформалар жана материалдык-техникалык базанын алсыздыгы бул предметтин сапатын төмөндөтүп койгондугу жашыруун эмес. Мугалимдердин жетишсиздиги, кабинет жана жабдуулардын жоктугу, окуу материалдарынын эскилиги – бул көйгөйлөрдүн башкысы болуп турат.

КЕЛЕЧЕКТИН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫК АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК ПРЕДМЕТИН ОКУТУУ

Мындай шартта мамлекет аскерге чейинки даярдоо сабагын заман талабына ылайык кайра жандандыруу жана сапатын көтөрүү милдетин алдына коюуда.

МАМЛЕКЕТТИК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ЧАРАЛАР ЖАНА ДЕМИЛГЕЛЕР

“Аскерге чейинки даярдык” предмети орто мектептердин 10-11-класстарынын окуучуларына жумасына эки сааттан, айына 8 сааттык көлөмдө окутулат. Бул предметтин сапатын жогорулатуу механизмин иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо, Агартуу жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрликтери тарабынан 14 кишиден турган жумушчу топ түзүлүп, учурда бул багытта системалуу иш жүргүзүүдө. Топтун төрагасы Коргоо министрлигинин (кайсы башкармалык экенин тактап койсоңуз) башкармалыгынын башчысы, полковник Уразбеков Канагат болсо, орун басары Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын адиси Ыканов Аман. Бул топ 2026-жылдын 1-январына чейин төмөнкү багыттар боюнча жаңыланган чечимдерди иштеп чыгат:

— Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн азыркы талаптарына шайкеш окуу программасын иштеп чыгуу;

— АЧД мугалимдерине квалификациялык талаптарды кайрадан аныктоо жана мугалимдерди кайра даярдоо системасын киргизүү;

— АЧД кабинеттерин уюштуруунун бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгуу. Мындан тышкары, “Окуу китеби” басма үйү 2026-жылдын май айына чейин Коргоо министрлигинин адистери менен биргеликте жаңы муундагы окуу китептерин жана методикалык колдонмолорду иштеп чыгып, апробациядан өткөрүүгө милдеттендирилди.

АЗЫРКЫ АБАЛ ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨР

Республика боюнча 2238 мектепте аскерге чейинки даярдоо сабагы өтүлсө, алардын ичинен болгону жети жүз кырк биринде гана атайын жабдылган кабинет бар. Калгандарында сабак башка бөлмөлөрдө же жетишсиз шартта өтөт. Бул предметти 1923 мугалим окутса, учурда эки жүздөн ашуун мугалим жетишсиз. Тилекке каршы, сабак берген мугалимдердин көбү аскердик тажрыйбасы жок педагогдор. Мектептерде бул сабакты аскер кызматкерлери өтсө эң сонун натыйжасын бермек. Бирок көптөгөн мурдагы аскер кызматкерлери эмгек акынын төмөндүгүнөн улам мектепке келүүдөн баш тартышат. Анын үстүнө 2018-жылдагы №336 жана 2019-жылдагы №511 Өкмөттүн токтомдорунда аскер жетекчисинин штаттык бирдиги жана айлыгы каралган эмес.

Мындан тышкары, көпчүлүк мектептерде атайын кабинет, курал-жарак макеттери, көрсөтмө материалдар жок. Теориялык сабактар гана өтүлүп, тарбиялык компонент толук ачылбай калууда. Окуу китептеринин жана көрсөтмө куралдардын эскириши, заманбап технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүсү жана окуу куралдарынын заманбап технологиялар менен шайкеш келбеши сабактын сапатына олуттуу таасирин тийгизүүдө. Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу системасынын үзгүлтүгү дагы бул предметти окутуунун эң башкы көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат. Мугалимдерге жаңы методдор, коопсуздук стандарттары жана аскердик инновациялар боюнча системалуу окутуулар жетишсиз.

ПРЕДМЕТТИН МАЗМУНУ ЖАНА ТАРБИЯЛЫК РОЛУ

АЧД сабагынын өзгөчөлүгү – ал жалаң аскердик көндүмдөрдү гана эмес, патриоттук жана идеологиялык тарбияны да өзүнө камтыйт. Окуу программасында Мекенди сүйүү, тартип, эрктүүлүк, жоопкерчилик, эл аралык милдеттерди түшүнүү сыяктуу темалар каралат. Жаңы кабыл алынган предметтик стандартта патриоттук жана эмоционалдык-эрктүүлүк компетенциясын калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулган. Бул жаштарды руханий жана моралдык жактан даярдоонун маанилүү кадамы болуп эсептелет.

САПАТТЫ ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА СУНУШТАР

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Коргоо министрлигинин демилгесин колдоп, бир катар сунуштарды берген:

КЕЛЕЧЕКТИН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫК АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК ПРЕДМЕТИН ОКУТУУ

1. Мамлекеттик деңгээлде колдоо. “Аскер жетекчиси” деген штаттык бирдикти кайра киргизүү жана ага тийиштүү эмгек акы кароо;

2. Кадр даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу. Запастагы офицерлерди мектептерге тартуу боюнча Коргоо министрлиги менен Агартуу министрлигинин ортосунда келишим түзүү; Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун базасында жыл сайын АЧД мугалимдери үчүн курстарды өткөрүү;

3. Материалдык-техникалык базаны чыңдоо. Ар бир мектепте АЧД кабинети болушу үчүн 2026-жылга чейин максаттуу мамлекеттик программа кабыл алуу; Көрсөтмө куралдар, курал макеттери, мультимедиалык материалдар менен камсыз кылуу;

4. Санариптештирүү жана инновациялар. АЧД сабактарын мультимедиалык форматта окутуу үчүн виртуалдык тренажерлор, симуляциялык программаларды колдонуу; Коргоо министрлигинин жана билим берүү мекемелеринин бирдиктүү онлайн-платформасын түзүү;5. Идеология жана тарбия. Сабактарда Мекенди сүйүүгө, улуттук баалуулуктарга, тарыхый мурастарга өзгөчө көңүл буруу; Ар бир окуу жылынын соңунда “Патриоттор күнү” аттуу республикалык сынак же иш-чара өткөрүү.

“Аскерге чейинки даярдоо” предметинин сапатын жогорулатуу – бул жөн гана билим берүү системасын өркүндөтүү эмес, улуттук коопсуздукту жана мамлекеттүүлүктү чыңдоонун негизи. Эгерде бул предмет заманбап мазмун, татыктуу мугалимдер жана техникалык база менен камсыздалса, анда Кыргызстан өз Мекенин сүйгөн, жоопкерчиликтүү жана аскердик жактан даяр жаш муунга ээ болот. Кыргыз Республикасынын Коргоо жана Агартуу министрликтеринин бул багыттагы биргелешкен аракеттери, жогорудагы сунуштар менен айкалышып, өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн арттырууга жана патриоттук тарбияны жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө болот.

Сатаев Алмаз,

Кыргыз билим берүү академиясынын баштапкы

аскердик даярдык боюнча мугалими, жумушчу топтун мүчөсү

Бөлүшүү

Комментарийлер