КЕЛЕЧЕКТИН ЭКО-ЛИДЕРЛЕРИ: НАРЫНДЫК МУГАЛИМДИН ЭЛ АРАЛЫК ИЙГИЛИГИ
- 24.11.2025
- 0
Мектептер-2030
Акыркы мезгилде эң көп талкууланып жаткан маселе — бул климаттык өзгөрүүлөр жана табияттын күтүүсүз кубулуштарына көнүп, жашоого ылайыкташуу зарылдыгы. Жаратылыш кыр көрсөткөн учурда адамзаттын жашоосуна тобокел келбеш үчүн, балдарды жаштайынан ушул чакырыктарга даярдоо башкы милдет. Мектеп окуучуларына академиялык билимдерден сырткары, күтүүсүз кырдаалдарга даярдоо негизги маселе болуп турат. Бул багытта мугалимдердин ролу абдан чоң.

Глобалдык чакырыкка жергиликтүү жооп
Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон мектептердин катарынан калбай, биз, Нарын районунун Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы жалпы билим берүү мектебинин эмгек жамааты да бул жоопкерчиликти сезебиз. Планетабыздын туруктуу келечегин куруу үчүн системалык ыкмаларды жана билим берүүнү трансформациялоо максатында, биз акыркы үч жылдан бери “Мектептер–2030” программасынын негизинде алгылыктуу иштерди алып барып келебиз. “Мектептер–2030” программасынын алкагында иштелип чыккан “Келечектин эко-лидерлери” аттуу инновациялык чечимибиз айылдык мектеп үчүн чыныгы өзгөрүүнүн булагына айланды.
Көйгөйдүн анализи: Эмне үчүн эко-көндүмдөр зарыл?
Биздин дизайн команданын мүчөлөрү — башталгыч класстын мугалими Анара Осмонова, математика мугалими Гүлжан Шерматова жана химия мугалими Миргүл Акматова — окуучулар менен тестирлөө жүргүзгөн. Тестирлөөнүн жыйынтыгы олуттуу көйгөйдү көрсөттү: 10 жаштагы окуучулардын 40%ы, ал эми 15 жаштагы окуучулардын 39%ы гана окуу жана түшүнүүдө негизги жана андан жогору деңгээлге жеткен.

Мен, бул кырдаалдын себептерин талдоодо төмөнкүдөй тыянакка келдим:
“Жетишкендиктердеги айырмачылыктар, биринчи кезекте, мотивациянын, кызыгуунун жоктугунан жана үй шартындагы колдоонун аздыгынан келип чыккан. Негизги маселе, окуу процесси маалыматты түшүнүүгө жана практикада колдонууга эмес, жаттап калууга багытталган болчу. Окуучулар өз ой-пикирин түзүүгө, аны негиздөөгө жана тексттерди сын көз менен талдоого аракеттенишкен эмес. Бул алардын мектептеги билимин күнүмдүк турмушта колдонуу жөндөмүнө терс таасирин тийгизген. Ошондой эле, окуучулар өзгөчө климаттын өзгөрүшү жана экологиялык маселелер боюнча маалыматты башкаруу көндүмдөрүнүн жетишсиздигинен кыйналышкан. Бизге окуучуларга практикалык, турмуш менен байланышкан билим берүү керек экени айкын болду”.
Айтканга оңой болгону менен, инсанга багытталган дизайн ой жүгүртүү ыкмасы боюнча көйгөйлөрдү аныктоодо жана инновациялуу чечимди иш жүзүнө ашырууда, дизайн команда жыл бою тынымсыз иш алып барышты.
Практикалык инновация: «ЭКО-STEM» клубу
Ушул муктаждыктан улам, “Келечектин эко-лидерлери” долбоору ишке киргизилген. Долбоор окуучуларды сынчыл ой жүгүртүүгө, лидерлик көндүмүн арттырууга, жоопкерчилик алууга жана алган билимин турмушта практикада колдонууга үйрөтүүнү максат кылган.


Бул максатты ишке ашыруу үчүн дизайн команда ЭКО-STEM клубун түзүштү. Мен клубдун уникалдуулугун мындайча баса белгилейм:
“Биздин долбоордун инновациялуулугу — бул изилдөөлөр менен практикалык иштерди айкалыштырууда. Биз пайдаланылган ресурстарды кайра колдонуп, эксперименталдык долбоорлорду курууга мүмкүнчүлүк бердик. Эң кызыгы, окуучулар пластикалык бөтөлкөлөрдү атайын даярдалган станоктон өткөрүп, жылка жип жасоону үйрөнүштү. Андан кийин алынган жылка жипти өздөрү уюштурган агро-токойдун тосмосун тосууда колдонушту. Натыйжада, балдар теориялык билимди гана албастан, аны практикада колдонууну, ресурстарды үнөмдөөнү, таштандыларды кайра иштетүүнү жана айлана-чөйрөнү коргоону өздөштүрүштү. Бул — чыныгы турмуштагы STEM билим берүү!”.
ЭКО-STEM клубунун негизги иш багыттары:
1. Агротокой жана мектеп бакчасын өнүктүрүү: Мектептин алдына 1 сотых жерге агротокой уюштуруу менен өсүмдүктөрдүн өсүү шарттарын изилдөө, түшүмдүүлүктү болжолдоо жана отургузуунун натыйжалуулугун талдоо.
2. Таштандыларды кайра иштетүү: Таштандыларды чогултуу, иргеп алардан тосмолорду жана жасалгалоо элементтерин жасоо, ресурстарды кайра пайдалануунун экологиялык таасирин талдоо.
3. Изилдөө жана талдоо долбоорлору: Айлана-чөйрөнүн абалын түшүнүү үчүн өлчөөлөрдү, байкоолорду жүргүзүү, тажрыйба өткөрүү жана статистикалык анализ аркылуу натыйжаларды баалоо.
Академиялык жана жумшак көндүмдөрдүн өсүшү
Долбоордун натыйжалуулугу окуучулардын билим сапатында дароо байкалды. Окуу жылынын аягындагы тестирлөөнүн жыйынтыгы укмуштуудай жакшырган:15 жаштагы окуучуларда окуу жана түшүнүү көндүмдөрү 39%дан 89%га чейин кескин өстү. Бул бир жыл ичинде 50%га жакшыруу дегенди билдирет. Окуу жана түшүнүү көндүмдөрүнүн жакшыруусу окуучулардын математикалык сабаттуулугунун жогорулашына алып келип, бул көрсөткүч 29% жакшырды.10 жаштагы балдардын окуу жана түшүнүү көндүмдөрү 40%дан 52%га жогорулады.
Бул долбоор окуучулардын академиялык ийгилигин гана эмес, алардын жумшак көндүмдөрүн да өнүктүргөнүн мониторингдин жыйынтыгы далилдеди.

“Долбоор аркылуу окуучулар теория менен практиканы салыштырып, билим менен ишинин натыйжаларынын ортосундагы түз байланыштарды көрүштү. Алар чыныгы долбоорлордо өз алдынча чечим кабыл алуу аркылуу жоопкерчиликти, экологиялык иш-чараларды уюштуруу аркылуу лидерликти, биргелешип ишке ашыруу аркылуу командада иштөө көндүмдөрүн, ошондой эле экологиялык көйгөйлөрдү талдоо аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүштү. Окуучулар азыр татаал түшүнүктөрдү түшүндүрүп, булактардын ишенимдүүлүгүнө баа берип, өз алдынча тыянак чыгара алышат. Натыйжада, алар турмушта колдонууга жарамдуу билимге ээ болуп, “келечектин климаттык лидерлери” катары даярдалды”.
Глобалдык форумдагы триумф
Эң маанилүүсү, алыскы климат шарты оор айылдагы мектептеги ишке ашырылган чечим “Мектептер–2030” Глобалдык форумунда климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулук үчүн комплексттүү окутууда инновациялуу тажрыйба катары талкууланды.


2024-жылдын 11-июнунда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту камсыздоодогу мугалимдердин лидерлиги” аттуу III Глобалдык форумга мен да катышып, тажрыйба бөлүштүм.
Форумда 30дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү чогулуп, климат маселесин билим берүү аркылуу чечүү жолдорун талкуулашты. Мен “Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана климаттын туруктуулугун өнүктүрүү үчүн жаштарга кандай билимдер, көндүмдөр жана баалуулуктар керек” деген панелдик дискуссияда биздин мектепте ишке ашкан “Келечектин климаттык лидерлери” аттуу чечим туурасында баяндама жасадым.
Сезимдерим менен бөлүшө турган болсом, албетте, толкундоо болду. Ошону менен бирге, кесиптештеримдин жана окуучуларымдын жыл ичинде жасаган эмгегин айтып бергенде абдан сыймыктандым. Бул презентация долбоордун маанисин жана окуучулардын жетишкендиктерин эл аралык деңгээлде таанытууга чоң мүмкүнчүлүк берди.
Форумга чогулган 30дан ашуун мамлекетте эки миллиарддан ашык калк жашайт. Анын жарымы жаштар экенин эске алганда, мугалимдердин балдарга багыт берүүсү дүйнөлүк көз карашты өзгөртө алат деп ишенем.
Корутунду жана терең ыраазычылык
Ушундай алгылыктуу иштердин жана мыкты колдоолордун аркасында Глобалдык форумга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Бул долбоор мектептеги чыгармачылык эргүүнүн булагы болуп, окуучуларды билимдүү, экологияны урматтоочу жана практикалык көндүмдөргө ээ болгон келечектин лидерлерине айландырган үлгүлүү тажрыйба болуп саналат.


Учурдан пайдаланып, “Келечектин климаттык лидерлери” аттуу чечимдин ийгиликтүү иш жүзүнө ашышына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Агартуу Министрлигине, Ага Хан Фондуна, “Мектептер–2030″ долбоорунун жетекчиси, улуттук координатору Назира Жолдошбековага жана Нарын облусу боюнча координатору Назгүл Курманбековага, дизайн команданын мүчөлөрү: Анара Осмоновага, Гүлжан Шерматовага, Миргүл Акматовага, Таалайкүл Куленбековага; Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин эмгек жамаатына, мектеп администрациясына, окуучуларга, ата-энелерге жана Эмгек-Талаа айылынын тургундарына терең ыраазычылык билдирем!
Гүлзат ИСАКОВА, Керимбай уулу Сарыбай атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими, Нарын району
Маалымат үчүн:
2020-жылдын сентябрь айынан тарта «Мектептер-2030» 100 мектепке чейинки жана мектеп билим берүү уюмдары менен иш алып барып келет. Бул иш-аракеттер БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ЦУР) аяктаганга чейинки акыркы он жылдыкта жүргүзүлүүдө. Максаты — мугалимдерге жана билим берүү процессинин башка катышуучуларына билим сапатын жакшыртуу үчүн мектеп деңгээлинде жаңы чечимдерди иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана баалоого көмөктөшүү. Программа 2020–2030-жылдар аралыгында үч когорданын (5тен 15ке чейин, 10дон 20га чейин жана 15тен 25 жашка чейин) билим берүү өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөрдү жана мектеп деңгээлиндеги чечимдер менен болгон байланышын көзөмөлдөйт.
Комментарийлер