КАЙДАСЫҢ, МЕНИН «БҮРКҮТ УЯМ»?
- 05.02.2026
- 0
Советбек БАЙГАЗИЕВ
Мектептеги тарбия сааттарындагы талкуулар үчүн
КАЙДАСЫҢ, МЕНИН «БҮРКҮТ УЯМ»?

(Эки бөлүмдөн турган публицистикалык поэма)
Биринчи бөлүм: ГЛОБАЛДАШУУ ЖАНА АЙЫЛ
Айлыма келип моминтип,
Айламды таппай кейидим.
Арманда турам мен бүгүн,
Бабамдын таппай бейитин…
Таңгалам… жаткан көп бейит,
Дөңгөлөк тепсеп жол болгон.
Машина жолго айланып,
Көрүстөн минтип кор болгон!
Санап жүрүп күнү-түн,
Рыноктун тыйынын.
Калбады беле о айылым,
Кадыр туткан ыйыгың?..
Уркунду айлым унутуп,
Рухтун тартпай убайын.
Магдырап көзүң жумдуңбу?
Машине болуп кудайың!
Айланайын тууган жер,
Адырың неге муңаят?
Жалгыз каз учат төбөңдө,
Асманың неге сумсаят?
Атыр жел сокпой негедир,
Абаң бензин жыттанат!
Айылым неге суз тостуң?
Алыстан келген балаңды.
Кучагың ачып кубантпай,
Козгодуң ичте жарамды…
Сагынычым жазылбай,
Санааркай бердим басылбай.
Капалуу туруп сурадым,
Кабагым менин ачылбай.
Күтүрөгөн төрт түлүк,
Малың кайда, айылым?
Нарктуу кептен сүйлөгөн,
Чалың кайда, айылым?
Ак элечек байбиче,
Карың кайда, айылым?
Томурулган карындан,
Майың кайда, айылым?
Асылым айлым, берекем,
Кеттиби сенин берекең?
Баягы айкөл пейлиңди,
Таппай калган мен экем.
Сатылат дейсиң бардыгы,
Арың кайда, айылым?
Акысыз «ме» деп сунулчу,
Наның кайда, айылым?
Берекелүү меймандос,
Жаның кайда, айылым?
Акчага баарын алмашып,
Адебиңден кеттиңби?
Кыздарың басат жылаңач?
Ыйманыңдан кечтиңби?
Балаң сабап атасын,
Ыйык чектен өттүңбү?
Ат көтөргүс баягы,
Баркың кайда, айылым?
Ата салтын сактаган,
Наркың кайда, айылым?
Жолдо башың адашып,
Оорудубу, айылым?
Четтен келген илдеттер,
Тоорудубу айылым?
Намыс деген асылың,
Соолудубу, айылым?
Боз үйүңдү темирден,
Жасадыңбы, айылым?
Өзүң дагы темирдей,
Катасыңбы, айылым?
Төрүңдөгү баягы,
Төөң кайда, айылым?
Кишенеген капталдан,
Бээң кайда, айылым?
Жол көрсөтүп ээрчиткен,
Ээң кайда, айылым?
Четтен келген үгүттү,
Жаттайсыңбы, айылым?
Өз элиңдин салттарын,
Аттайсыңбы, айылым?
Желбиретип көтөргөн
Тууң кана, айылым?
Кыйкуулап учкан көгүңдө,
Кууң кана, айылым?
Бабаң Манас сыяктуу,
Пириң кайда, айылым?
«Манасты» айтып сайраган,
Тилиң кайда, айылым?
Манас деп ураан чакырган,
Дилиң кайда, айылым?
Өзгө тилди туу кылып,
Жатасыңбы, айылым
Өз тилиңди сандыкка
Катасыңбы, айылым?
Баткагына маңкурттун,
Батасыңбы айылым?
Өз энеңди ок менен
Атасыңбы, айылым?
Тоолоруң карап, айылым,
Томсоруп бүгүн турамын.
Бирин-серин көрүнөт,
Эчки-теке, улагың.
Жети асканын башында,
Жетимсирейт уларың.
Дөңгөлөк жатат көзүндө,
Булганган тунук булагың.
Кайсы арыма дердеңдейм,
Бузулуп жатса турагым!
Рынокту түлкүдөй,
Жойлойсуңбу, айылым.
Соодадан башканы,
Ойлойсуңбу, айылым.
Акча менен алтынга,
Тойбосуңбу, айылым?
Дүнүйөгө жагынып,
Сойлосуңбу, айылым.
Арааңыңды ачканды,
Койбосуңбу айылым.
Минтип жүрсөң өзүңдү,
Сойбойсуңбу, айылым.
Адебиңди акыры,
Оңдойсуңбу, айылым.
Ата журттун намысын,
Коргойсуңбу, айылым.
Мурункундай асылкеч,
Болбойсуңбу, айылым.
Абийир жолун адашпай,
Жолдойсуңбу, айылым.
Ушул жолдо жеңишти,
Тойлойсуңбу, айылым?
Балалык баскан чаңдуу жол,
Жашырдың кайда изимди?
Үстүңдү асфальт каптаптыр,
Көрсөтпөй сенин жүзүңдү.
Жыңайлак баскан жолумдун,
Топурагын өпсөм деп,
Балалыгым кубалап,
Дагы бир чуркап өтсөм деп,
Сагынып келип алыстан,
Бозоро түштүм капыстан,
Балалык изим көрө албай,
Цемент жолдун астынан…
Алдына күлүк чыгарбас,
Жоргоң кайда, айылым?
Ата-бабаң ойногон,
Ордоң кайда, айылым?
Колго кармап, чүкө аткан,
Сакаң кайда, айылым?
Түндүгүңдү жөлөгөн,
Бакан кайда, айылым?
Мелт-калт сунган аякты,
Пейли кенен апалар.
Кайда аттанып кетишкен?
Берекелүү аталар.
Кайда бая тилалчаак,
Татынакай балалар?
Кайда кыздар мончоктой,
Аппак гүлгө барабар.
Кайдан чыкты бүгүнкү
Нарк билбеген арамдар.
Кайда өскөн азыркы,
Багыты жок жарандар.
Ажыраган уяттан –
Журтту бузган жамандар?
Чынарбайлар андан көп,
Чык татырбас сараңдар…
Арбын экен айлымда,
Адашышкан караандар.
Чет өлкөлүк үгүттү,
Жол туттуңбу айылым?
Кыргыз атың тебелеп,
Кор туттуңбу айылым?
Аскарбегиң ары жок,
Башка динге өттүбү?
Байкесин ээрчип Батмакан,
Баптизмге көчтүбү?
Сарыгул балаң арабдын,
Сакалын барып өптүбү?
Мойнуна крест тагынган,
Паранжыны жамынган,
Улут безер уул-кыз,
Уу жуткузуп кеттиби?
Чынар болот дегендин,
Чырагы минтип өчтүбү?
Жолоочуну кондурган,
Салтың кана, айылым?
Айкөлдүк деп аталган,
Наркың кана, айылым?
«Кыргыз» деген баягы,
Даңкың кана, айылым?
Түбөлүк турган эрибей,
Мөңгүң неге кемиди?
Бүркүтүң кетти каякка,
Туурун неге жериди?
Ээн калган тамдар көп,
Агород-жайы куураган.
Тукумдарың кайда учту?
Аталар көчүп улаган?
Айылым, үстү жагыңда,
Ак аскаң неге кулаган?
Талаалаттың балдарды,
Бирин эмес, тогусун.
Уулуң жашайт Римде,
Кызың жашайт Кырымда,
Таштап ата конушун!
Илинип мыкта дубалда,
Чертилбей турат комузуң…
Кыйкуулап учкан үстүңдөн,
Аңырың кана айылым?
Аркарлар өткөн жүгүрүп,
Адырың кана айылым?
Ажайып жерге жарашкан,
Кадырың кайда, айылым?,
Күн болуп тийген адамга,
Жарыгың кайда, айылым?
Айылым, өзүң куласаң,
Ата журт өчөт билип ал.
Абыке-көбөш жоругун,
Кулагыңа илип ал.
Өз очогун куруткан,
Көзкаман болбо тилимди ал.
Ата-тегиң унутсаң,
Тамырыңды курутсаң,
Коңшу элдер сени карабас.
Киши деп бизди санабас.
Айланайын айылым,
Ары баспай, бери бас!
Жашы менен карысы,
Сотканы тиктейм баарысы.
Экранда даң салат,
Киллерлердин жарышы.
Киши өлтүргүч кинолор,
Жаштардын болду дарысы.
Кыргызың үчүн буларың,
Кызыктын болду нагызы.
Китептер калды окулбай,
Китептин чыкпайт дабышы.
Сагызгандын уясы,
Сайда калды айылым.
Тукумга берген тарбияң,
Кайда калды, айылым?
Көкүчкөндүн уясы,
Көлдө калды, айылым.
Башаламан тарбияң,
Чөлдө калды айылым.
Эгемендик бактыңды,
Түшүнгүнүң айылым.
Эркиндигиң ыйыктап,
Күтүнгүнүң айылым.
Эл-жериңдин сактагын
Бүтүндүгүн айылым.
Өз жолуңду дааналап,
Тактасаңчы айылым.
Өзөк кенчиң пааналап,
Сактасаңчы айылым.
Айкөл Манас нарктарын,
Жактасаңчы айылым.
Асыл мүлктү акчага,
Сатпасаңчы айылым.
Жаман жерге жамбаштап,
Жатпасаңчы айылым.
Ата мурас байлыгын,
Чачпасаңчы айылым.
Чачылганды чогултуп,
Каттасаңчы айылым.
Бугу-Энеңди жаа менен,
Атпасаңчы айылым.
Осуятын бабанын,
Жаттасаңчы айылым.
Келечекти азыртан,
Баптасаңчы айылым.
Тирек болор урпакты,
Таптасаңчы айылым.
Ата журттун үмүтүн,
Актасаңчы айылым!
Мекениңе мээримдүү,
Очок болчу айылым,
Ак калпак калкың таянар,
Омок болчу айылым.
Айлап айтса түгөнбөс,
Жомок болчу айылым.
Айланайын айылым,
Кайра кайтчы наркыңа,
Баш ийбей базар шартына,
Мурдагыдай баркыңа.
Ала-Тоонун ичинде,
Ак жылдыздай жаркыра!
Адеп менен ыйманга,
Түнөк болчу айылым.
Аңсап келип ичээрге,
Мүрөк болчу айылым.
Ала-Тоо – Ата журтуңа,
Жүрөк болчу айылым!
Умтулуп алга кетсең да,
Уюткуң сакта, айылым
Капиталга жетсең да,
Каадаңды сакта, айылым
Өйдɵгɵ канат каксаң да,
Өзɵгүң сакта, айылым.
Кɵкɵлɵп учуп чыксаң да,
Кɵрɵңгɵң сакта, айылым!
Экинчи бөлүм: ГЛОБАЛДАШУУ ЖАНА ШААР
Карасаң үлкөн калааны,
«Капиталдын» карааны.
Базардын чыгып ажары,-
Жүрүп турат арааны.
Кымгууттуктун ичинен,
Көрөсүң түркүн балааны.
Тарттырат сага санааны,
Тарчылыктын залалы.
Алдыңды тосот ар кандай,
Заң-закүндүн талабы.
Аргымагың туттугуп,
Тыбырайт туяк-таманы.
Эреже чырмап жаныңды,
Эңсейсиң жапан талааны.
ХХХ
Калаада калктар көбөйүп,
Кайнап турат быкпырдай.
Эгемендик алганда,
Жаш элек анда кырчындай.
Эркиндик заман келгенге,
Жакында болот кырк жылдай.
Бирок, көйгөйлөр турса жеттигип,
Көңүлүңө кеч кирип,
Чыдабай кетип ызама,
Ыйлаймын кээде эчкирип.
ХХХ
Жашайбыз качан басынбай,
Кыргыз тил багы ачылбай,
Кыргызча көрнөк жазылбай.
Англисче жайнаган,
Көрнөктөр сели басылбай.
Өтүгүн төргө илгендер,
Бишкекте сайдын ташындай.
Өздөн чыккан жат жандар,
Өгөйлөйт тилин касындай.
Чара көрөр мэрия,
Жай жатат буга шашылбай.
Мамтилди тепсеп жатканды,
Кабыланча качырбай.
Адат болгон чет тилдин,
Аркасына жашынмай.
Эне тил жарпы жазылбай,
Арманы аттын башындай.
Чиновниктер капырай,
Өз элинин жатындай.
Жашайсың качан эй кыргыз,
Намысты колдон качырбай.
ХХХ
Кабыл ал сынды жаңылбай,
Айткан сөзгө таарынбай.
Карап турсаң Бишкегиң,
Орустун бир шаарындай.
Колорити чыгыштын,
Санаага салат табылбай.
Борбордогу кафелер,
Айылга үлгү болушса.
“Менюлары” бирок да,
Жалаң гана орусча.
“Менюдан” бир сөз таппайсың,
Улуттук тилиң боюнча.
Уста болгон бардыгы,
Кыргыз тилин “союшка”.
ХХХ
Официант кыргыз кыздарын,
Байкасаң көөнүң кайгырат.
“Эсепте” десең таңгалып,
“Счетпу?” деп кайрылат.
“Кайсынын эти” десеңиз,
“Говядина” дейт бүт баары.
“Уйдун эти” деп айтуу,
Оона келбейт түк дагы.
“Шорпоң неден?” десеңиз,
“Баранина” деп айтат.
Кафеде кыргыз боло албай,
Роботчо кеп айтат.
Борбордогу кафелер,
Чет өлкөлүк “Акелер”,
Улуттук тилди карабайт,
Тилиңди тил деп санабайт.
ХХХ
Кафесинде кыргыздын
Музыкасы Батыштын
Кулак-мээни жеп турат
Музыка уйгур кафеде,
“Уйгур”, “Уйгур” деп турат.
Өзүбектин кафеси,
Өзбекче кеп курат.
Өзүн санап улут деп,
Улут наркы улук деп,
Кафесине түрк тууган,
Стамбул деп ат койду.
Чайханага өзбек,
Улукбек деп бат койду
Кафесине кыргыз да,
Ат коюуга шашыптыр.
“Монте-Карло” деп атап,
Англисче жазыптыр.
Өз тилинен качыптыр,
Баарынан кыкең ашыптыр.
Тарыхын билбей таалайсыз,
Тамырын кыркып жатыптыр.
ХХХ
Кыргызмын деген бирөөнүн,
Кылыгы кылат кыжаалат.
Кымындай болгон чүрпөнүн,
Чет тилде тилин чыгарат.
Билбейби кылып жатканын,
Эртеңкиге кыянат.
Бир далай кыргыз, аттиң ай,
Сыйкырлап бирөө койгондой.
Улуттугун тааныбай,
Уктап жатат ойгонбой.
Ар намыстуу тоолуктун,
Айныды неге тукуму?
Шаар көргөн эчкиден,
Түңүл деген ушубу?
ХХХ
Кыргыздын борбор шаарында
Кыргыз тил качан өнүгөт?
Бийиктен качан көрүнөт?
Маңкурттугун ар кыргыз,
Жойгондо гана өнүгөт.
Атасын “папа” дегенди,
Койгондо гана өнүгөт.
“Мама” деген өнөкөт,
“Тоңгондо” гана өнүгөт.
“Ата”, “Апа” тууруна.
Конгондо гана өнүгөт.
Ар бир кыргыз патриот,
Болгондо гана өнүгөт.
Көкүрөккө ар намыс,
Толгондо гана өнүгөт.
Бешиктен баштап тарбияң.
Оңгондо гана өнүгөт.
Эне тилдин эмчегин,
Соргондо гана өнүгөт.
Эне тил эмчек сүтүнө,
Тойгондо гана өнүгөт.
ХХХ
Ак калпак элде туулган,
Ааламга салган чуулган.
Манас, Чыңгыз ысымы,
Бир көчөгө тыгылган.
Неге мындай кылынган?
Манас неге кысылган?
Аяшкан неге көчөнү,
Айтматов деген ысымдан?
Баш-аягын көчөнүн,
Ээлесе Манас болбойбу?
Намысты чоңдор ойлойбу?
Сагымбайдай дөө-шаага,
Чолок Көчө берилет.
Упузун болуп жанында,
Киев көчө керилет.
Көрүп туруп ушуну,
Көңүлүң кантип семирет.
Келеличи берилеп:
“Карпинский”. “Правда”,
Жаңырып күндө туулат.
Түгөлбай ата ысымы,
Не үчүн четке куулат?
Четтен келген аттарга,
Мэрия неге сыйынат?
Ала-Тоолук баатырлар,
Көчөсүн таппай буюгат.
Кулдук адат, кудай ай,
Борбордо качан тыйылат?
ХХХ
Базарга баары чырмалып,
“Капитал” ыры ырдалып.
Адамдын баары куу болду.
Телкүрөң жылкы тебилип,
“Темир ат” бизге туу болду.
Дайрадай агып моторлор,
Көчөнүн баары чуу болду.
“Темир сел” каптап борборду,
Абанын баары уу болду.
Дүрүлдөп башты маң кылган
Машинаң заман кутубу?
Адамга ууну жуткузган,
Прогрессиң ушубу?
“Тыгындардын” азабы,
Теңирден келген жазабы?
Машина деген жөргөлөк,
Акылдан чыккан катабы?
ХХХ
Эркиндик деген гүлбагың,
Кең эле бүгүн тар болду.
Аралай агып “темир сел”,
Гүлбагың мүлдө чаң болду.
Таза аба таппай жутарга,
Ардагер атам зар болду.
Булганыч шаар аталып,
Дүйнөгө Бишкек даң болду
Баягы жашыл түр кайда?
Жыпарын чачкан гүл кайда?
Түгөлбай, Аалы аталар,
Кериле баскан күн кайда?
ХХХ
Рыноктун заманы,
Чимирилет ийиктей.
Үйлөр көккө керилип,
Улам барат бийиктей.
Башындагы жашоочу,
Кадимки эле кийиктей.
Бирок мында көйгөй бар,
Баам салсак иликтей:
Көкөлөсө “уясы”,
Төмөн калып уяты-
Капа кылат сүйүнтпөй.
Өңкүлдөгөн санарип,
Өйдө чуркайт күйүкпөй.
Артта калган адебиң,
Арылбаган күйүттөй.
Нарк насилди капитал,
Соруп жатат сүлүктөй.
Урпактар эй, көзүң ач,
Улууларды түңүлтпөй,
Акча алтындын алдында,
Ийилбечи чүлүктөй.
Ар намыстуу жашачы,
Адебиңди бүлүнтпөй.
Каада-салтты күнү-түн,
Сайрайлычы үгүттөй…
Ажо тапкан “Уңгужол”,
Жаңы жанган биликтей,
Жарык чачкан үмүттөй,
“Уңгужолдун” нугунда,
Чуркасакчы күлүктөй,
Жаңы жолдон баар таап,
Жаркырасак күмүштөй.
ХХХ
Карачы мобу арчаны -,
Табияттын сулуусун.
Шаардагы арчаңдын,
Көргөн күнү курусун.
Жаратылыш кор болсо,
Айтпаймын кантип мунусун.
Конушу шаар толтосу,
Эки жолдун ортосу.
Миң сандап жүргөн мотордон,
Шорунун кайнайт шорпосу.
Дем ала албай муунуп,
Түтүнгө арча уугуп.
Машина деген жөргөлөк,
Багына каршы туулуп…
Ыш-көөгө күн-түн ышталат,
Тулкусу бензин жыттанат.
Өзөгүнө дарт кетип,
Өмүрү күндө кыскарат.
Жанындагы балаты,
Байкуш ай, бу да бүлүнүп.
Бүркүлгөн ууга чыдабай,
Бүрүнүн көбү күбүлүп.
Жашоонун тартып кордугун,
Жанынан турат түңүлүп.
Айланайын о арчам,
Тагдырдан неге кемидиң.
Арчасы элең сеңирдин,
Ээн тоодо ыргалган.
Эркеси элең теңирдин.
Ак булут менен өбүшкөн.
Кайберен менен көрүшкөн.
Көркү элең тууган жеримдин,
Шаарга неге кабылдың,
Чыргага кантип чалындың.
Ыш-көөгө турсаң курчалып,
Жаныңды турса муң чалып,
Жабыркап мен да кейибей,
Жатамын кантип тынч алып .
Ырдабайм кантип муңканып,
Өңкүлдөгөн куу турмуш,
Өчөштү неге мынчалык.
ХХХ
“Башчысы болбой марыбайт,
Башаламан жарыбайт,”
деп айтылат “Манаста”.
Айтайын сөздү жарашса,
Арзырлык кеп деп санашса.
Ажолор ээрин кашыды,
“Башынан балык сасыды”.
Бузулуп башчы басыгы,
Кожоюндар эл мүлкүн
Коңулдарга ташыды
Мекенимдин байлыгын,
Менчикке басып алышты.
Шолоп, шолоп алтынды,
Сол чөнтөккө салышты.
Казынаны талашты,
Каршы чыккан Садырды,
Кармап алып камашты.
Сыртынан кооз көрүндү,
Эркиндиктин “аралы”.
Ич жагынан карасаң,
Башыңдан ашат арамы.
Көккө “учуруп” жемкорду,
Элдин берген парасы.
Итий болуп коңшунун,
Ооруп жатса баласы,
Особнякта “иттердин”
Чардаганын карачы.
ХХХ
Башалман башталып,
Калайык- калкым ач калып,
Мамлекет тизгинин,
Криминалдар башкарып.
Ала-Тоо элек, пас болдук
Ала-Көл элек саз болдук.
ХХХ
Миссионер бизге жутунду,
Ары жок ишке тукурду.
Жаш кызга “секс” үйрөтүп,
Шапиро үрөй учурду.
Ар динге жаштар тутулду,
Көчмөндүк адеп бузулду.
Балдарың чектен чыгышып,
Баңгизат менен кутурду.
Кыздарың — “Түнкү көпөлөк”,
Кыргыздын кутун учурду.
Көөдөндөн кетип ар намыс,
Көчмөнүң минтип утулду.
ХХХ
Жемкоруң чектен ашканы,
Жегенден билбей башканы.
Сугунуп койгон турбайбы,
ТЭЦке келген акчаны.
Жетекчи деген неменин,
Ушубу элди бакканы?
Куураган кулкун айынан,
ТЭЦ жарылды кышында.
Калк калчылдап үшүдү,
Январдын музунда.
Кырсык басты борборду,
Как чилденин тушунда.
Жемекейдин башына,
Жеке жыргал туш болду.
Жеп-ичкендин акыры,
Элге тийген муш болду.
Ич ачышып туз болду,
Жүрөктөргө муз тоңду.
Жетекчинин жыргалы,
Элдин болду кууралы.
Бул сабакты эстеп жүр
Жемкорлукту кектеп жүр.
ХХХ
О көчмөнүм, көчмөнүм,
Тоолордо эркин көчкөнүм.
Оозунан кумдай куюлтуп,
Ыр, дастанды төккөнүм.
Конушуң таштап тоодогу,
Шаарда бүгүн жашайсың.
Кайберен этин жечү элең,
Бүгүн чочконун этин ашайсың.
Аркаңды салып бозүйгө,
Цемент тамда уктайсың.
Улардын үнүн укпайсың.
Крандан хлор суу ичип,
Мөл булак суусун жутпайсың.
Цирктин аты сыяктуу,
Тар аянтта чуркайсың.
Бүркүтү элең тоолордун,
Бүгүн тордо отурган куштайсың.
ХХХ
Эстесем жакшы жагыңды,
Кечээки нарктуу чагыңды.
Мейман келсе үйүңө,
Таштап ийип жаныңды,
Алдына коюп наныңды,
Көтөрүп чаап сойчу элең,
Эң акыркы малыңды.
Адебиң азыр кандай деп,
Ар кимден сурап эшиткем.
Опосуз сенин жашооңду
Окугам далай гезиттен.
Нарктуулугун шаардык,
Сандыкка салып бекиткен.
Каалганды чертсе коноктор,
Карайсың бүгүн тешиктен.
О бүркүтүм, кечээ эле,
Аскаларда шаңшыган,
Тоок болдуң сен бүгүн,
Тар күпкөдө жашаган.
Чычкан алып калаадан,
Майдаландың бүркүтүм.
Ак чокуңдан ылдыйга,
Тайгаландың бүркүтүм.
Жоготуп зоодо уяңды,
Кайда калдың бүркүтүм?
ХХХ
Ата-Бабаң жасаган,
Кереге-уугуң чачылган.
Боз үйүң жасап темирден,
Адашыпсың акылдан?
Баягы сонун түр кайда?
Ак койдон кырккан жүн кайда?
Каякта кийиз үзүгүң?
Түндүктөн тийген күн кайда?
Жанында өскөн гүл кайда?
Жашыл шибер бүр кайда?
Темирди сүйүү азабы,
О пендем сенин бир күнү
Темирдей жаның катабы?
Ушинтип кутуң качабы?
О бүркүтүм термелем,
Кучагында санаанын.
Тумандагы тагдырдын.
Таппай турам амалын…
ХХХ
О борборум, борборум,
Өзүңө боор толгодум.
Көрсөм деп дайым тилеймин,
Башыңа бакыт коңгонун.
Азырынча борборум,
Айылга өрнөк болбодуң.
Жакшы жагың болсо да,
Купулга толук толбодуң.
Көргүм келбейт борборум,
Пейлиңдин муздай тоңгонун.
Нарксыздыктын, булкунуп,
Жарып чыкчы коргонун.
ХХХ
Эми дайым эле кыш болбос,
Дайым эле муз болбос.
Дайым эле турбайт го,
Күндү жапкан көлөкө.
Соңку сөздү тууганым,
Буралычы бөлөкө.
ХХХ
Чынында эле жок белем,
Көөрүнгөн тоонун ыраагы.
Мынакей, бүгүн баш бакты,
Жакшылыктын жышааны.
Кыргыздын Садыр баласы,
Кайрадан жанып чырагы,
Чөөлөрдүн мойнун бурады.
Курутуп келген “Кумтөрдү”,
Кузгундун туусу кулады.
ХХХ
Ташиев карап турабы,
Таңкадай экен бу дагы.
Желкеден алып “кустуруп”,
Жемкордун башын жулабы?
Чагып жатат Ташиев,
Кылмыштардын “жилигин”.
Уюгун бузуп жок кылды,
Криминалдар пиринин.
“Кор башыга” кол салган,
Колунан келди кимиңин?
Тазалады Президент
Таможнянын “чиригин”.
Көтөрүп жатат, Президент
Пенсия, айлык билигин.
Нака билет Сүйүнбек,
Нарктуулуктун илимин.
Көтөрүп жатат Сүйүнбек,
Көпчүлүктүн билимин.
Таамай чыгып сөздөрү,
Таттуусун айт тилинин.
ХХХ
Кадрларын кайракка ,
Бүлөп жатат Президент.
Нарктуулукка эл-журтун,
Сүрөп жатат Президент.
Сазга баткан өлкөнү,
Сүйрөп жатат Президент.
Манас, Манас, Манас деп,
Сүйлөп жатат Президент.
Ырасында эл-журтту,
Ыйык Манас колдосун.
Мындан ары кыргызда,
Кризистер болбосун.
Ак калпак элдин байлыгын,
«Ач кенелер» сорбосун.
Оң жолго түшсө көчүбүз,
Жолтоо кылган оңбосун.
Тегиз туруп күрөшсөк,
Теңирим ишти ондосун.
Өлкөбүздүн баарылап,
Чыгаралы жоргосун.
Бабалардын нарктарын,
Балдарыбыз жолдосун!
Ар бирибиз эл-журттун,
Жүгүн нардай аркалап,
Эгемендүү мекенди,
Көөдөн менен калкалап,
Бир муштумга биригип,
Жашай билсек алгалап,
Ийгиликтер жеңиштер,
Курат бизде салтанат.
Ала-Тоодо кайрадан,
Шаңшып учат бүркүттөр.
Өлкөбүздү тиреген,
Бекем болот түркүктөр.
Советбек БАЙГАЗИЕВ,
Кыргыз эл жазуучусу, Филология илимдеринин доктору, профессор.
Комментарийлер