КАРГАШАЛУУ ОКУЯНЫ ЧАГЫЛДЫРУУДА АБАЙЛАЙЛЫ

  • 24.03.2025
  • 0

Учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү өлтүргөн учурлары тууралуу маалыматтар улам чыгып жатат. Кээ бир телеканалдар аны чагылдырууда өтө одоно кесиптик катага жол беришүүдө. Мындай ката өтө кооптуу жагдай жаратышы ыктымал. Ушундан улам суицидди журналисттер кандай чагылдырышы керектиги тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүм. Изилдөөлөрдө өз жанын кыйган окуялар көп айтылган учурларда калк арасында өз жанын кыйгандардын саны көбөйөрү аныкталган, ошону менен бирге суициддик кризистен чыгуу жолдору жайылтылганда, суицид азаяры да байкалган. Ошондуктан медиа адистери өз жанын кыюу фактылары арбыган учурларда оор кыйынчылыктарын жеңген адамдардын окуяларын көбүрөөк көрсөтүүгө чакырышат.

КАРГАШАЛУУ “ВЕРТЕР СИНДРОМУ”

Медиада өзүн-өзү өлтүрүүдөн каза тапкандар тууралуу кабарлар арбын жайылганда, суицид окуялары көбөйгөнү аныкталып, ага “Вертер эффектиси/же Вертер синдрому” деген аныктама берилген.

Вертер эффектиси – бул телекөрсөтүүлөрдө, же башка маалымат каражаттарында, же адабияттын, же кинонун популярдуу чыгармасында өзүн-өзү өлтүрүү окуялары жайылтылгандан кийин, аны туураган суициддердин массалык толкуну.  Бул түшүнүктү 1974-1975-жылдары Сан-Диегодогу Калифорния университетинен америкалык социолог Дэвид Филлипс ачкан. Ал XVIII кылымдын аягында Гётенин «Жаш Вертердин кайгысы» романынан улам, Европаны каптаган жанкечтилердин толкунун изилдеген. Окумуштуу Мэрилин Монро өлгөндөн кийин көбөйгөн жанкечтилердин толкунун да Вертер эффектиси катары мүнөздөгөн.

Кийинчерээк ал Линди Карстенсен деген шериги менен  жети жылдык мезгил ичинде (1973-1979) катталган 12 585 өспүрүмдүн өз жанын кыюу фактыларын талдап, бул көрсөткүч канчалык деңгээлде ошол учурда жарыяланган тележаңылыктар жана гезиттин биринчи бетиндеги макалалары чыккан учурларга дал келерин же келбесин карап чыгышкан.  Ошондо суицид окуясы тууралуу жаңылык чыккандан кийинки жети күндүн ичинде өз жанын кыюунун саны кыйла өскөнүн аныкташкан. Бул көрсөткүчтөр чоңдорго эмес, өспүрүмдөргө  тиешелүү болгон. Алардын ичинен мындай жаңылыктар балдарга караганда кыздарга күчтүү таасир этери да ачыкка чыккан.

Филлипстин изилдөөсүндө 1947-жылдан 1968-жылга чейин АКШдагы медиада резонанс туудурган өзүн-өзү өлтүргөн ар бир окуядан кийинки эки айдын ичинде демейдегиден 58ге көп адам өз жанын кыйганы да белгилүү болгон.  Филлипс өзүн-өзү өлтүргөндөрдүн жаш курагынын жана туш болгон жагдайынын окшоштугун да байкаган. Мисалы, эгер өзүн-өзү өлтүргөн улгайган адамдар тууралуу кабарлар чыккан кезде, карылар арасында өз жанын кыйгандар көбөйгөн. Эгерде өлгөн киши белгилүү бир коомдук чөйрөгө же кесипке таандык болсо, анда бул тармактагы өз жанын кыюу фактылары көбөйгөн. Ал тургай, кандай жол менен өлгөн болсо, ошону кайталашкан учурлар да кездешкен. Айрыкча, эгерде алардын турмуштагы кыйынчылыгы өзүн-өзү өлтүргөн адамдыкына окшош болсо, алар көйгөй чечүүнүн башка жолун көрбөй, кимдир бирөөнүн өзүн-өзү өлтүргөндүгү тууралуу окуясын бир ишарат катары көрүп, аны туураганга барган. 1980-жылдардын биринчи жарымында Германияда “Студенттин өлүмү” телесериалын көрсөтүү учурунда, 15-19 жаштагы жаштар арасында өз жанын кыюу фактылары 175 пайызга көбөйгөн. Өз жанын кыйгандардын кескин көбөйүшүнүн мындай таасири бир жылдан кийин сериал теледен кайрадан көрсөтүлгөндө да кайталанган. Ушундай эле фактылар башка өлкөлөргө да мүнөздүү болгон. Австрияда 1980-жылдары метродо өз жанын кыйгандардын саны кескин өскөн. 1987-жылы Венадагы кризистик борбор Вена метросунун кызматкерлери менен рельсте өзүн өлтүргөн фактыларды жарыялабай, эч болбогондо, аларды “сенсация кылууну” азайтууга өтүшкөн. Бир айдын ичинде метродо өз жанын кыйгандардын саны дээрлик үч эсеге азайган. Ошондон бери Австриянын басма сөзүнө мындай кайгылуу окуяларды чагылдырууга тыюу салынган.

2014-жылы жалпыга маалымдоо каражаттарында Бурятиядагы кыздардын өзүн-өзү өлтүрүүсү кеңири талкуулангандан кийин, Россияда өзүн-өзү өлтүрүүдөн каза тапкан балдардын саны көбөйгөн. Алсак, 2015-жылдын биринчи беш айында өз жанын кыйгандардын саны 28 пайызга өсүп, 270тен ашуун учур катталган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан бул теманы чагылдыруунун жол-жобосу иштелип чыккан. Ошол жобого кошумчаланган төмөнкү эрежелерге көңүл буруңуздар.

КАРГАШАЛУУ ОКУЯНЫ ЧАГЫЛДЫРУУДА АБАЙЛАЙЛЫ

КАРГАШАЛУУ ОКУЯНЫ ЧАГЫЛДЫРУУДА ЭМНЕДЕН КАЧУУ КЕРЕК?

  • Басылманын биринчи беттерине же интернет-басылманын башкы бетине, браузердин жаңылыктарынын агрегаторлоруна жана алардын рубрикаларынын негизги жерлерине, теле жана радио берүүлөрдүн башталышында өзүн-өзү өлтүрүү тууралуу маалыматтарды бербеш керек;
  • Суицидди жазууда көзгө урунган чоң шрифттерди колдонууга болбойт;
  • Баш макалада суицидди көрсөткөнгө болбойт;
  • Кабарды трагедия болгон жерден фотосүрөттөр менен толуктоого болбойт;
  • Конкреттүү суицид фактыларын үзгүлтүксүз чагылдырууга да болбойт;
  • Суицидди романтизациялоо жана даңазалоого тыюу салынат;
  • Окуяга сенсациялуу тон бербеш керек;
  • Адамдардын өз жанын кыйганын кеңири сүрөттөп берүү жарабайт;
  • Видеосюжетте суицид учурун инсценировка түрүндө көрсөтүү туура эмес;
  • Берилген маалыматтын интенсивдүүлүгүн жана көлөмүн чектеп, суицид жөнүндө билдирүүлөрдү мүмкүн болушунча кыска берүү оң;
  • Каза болгон адамдын ким экендиги (толук аты-жөнү, жашы, улуту, жашаган дареги, иштеген же окуган жери, кесиби) тууралуу маалымат берүүдөн качып, окуя тууралуу жалпы маалыматтар менен чектелүү сунушталат. Болбосо бул өспүрүмдөр менен жаштарды каргашаны тууроого азгырышы мүмкүн;
  • Материалды көрсөтүүдө сенсациядан жана ашыкча эмоционалдуулуктан алыс болуш керек;
  • Суицидди көйгөйлөрдү чечүүнүн катардагы көрүнүшү катары көрсөтпөш зарыл;
  • Суициддик жүрүм-турумду болуп жаткан социалдык, экономикалык жана маданий окуяларга жана коомдогу жашоо шартынын начарлашына табигый реакция катары көрсөтүүгө да болбойт;
  • Суицидди баатырдык же романтикалык иш катары сыпаттабаңыз, өзүн-өзү өлтүргөн атактуу адамдардын конкреттүү мисалдарын келтирбеңиз;
  • Өзүн-өзү өлтүрүүгө умтулган адамдарды жабырлануучу, жагдайдын курмандыгы же социалдык куугунтукка кабылган адам катары да көрсөтүүгө болбойт. Мындай маалымат оор кырдаалда турган айрым адамдар үчүн кооптуу маалымат.

ӨЗ ЖАНЫН КЫЮУ ФАКТЫНЫ КАНТИП КАБАРЛОО КЕРЕК?

  • Басылманын атайын тематикалык бөлүгүндө психологиялык жана социалдык көйгөйлөрдөн арылса жана депрессияны дарыласа боло тургандыгы тууралуу маалыматтарды берүү керек;
  • Жеке адамдар өз убагында психологиялык, социалдык колдоо таап, анын арты менен кыйынчылыктарды жеңип, суициддик аракеттерден кантип сактангандыгы жөнүндө окуяларды жарыялоо;
  • Окурмандарга социалдык, психологиялык, психотерапевттик жана психиатриялык жардамдын жергиликтүү ресурстары, о.э. ыкчам психологиялык ишеним телефону жөнүндө маалымат бериңиз;
  • Суицид же өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган учурлар жөнүндө маалыматтарды туура чечмелөө үчүн соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жана тергөөнүн корутундусу чыкканга чейин суициддин себептери жөнүндө божомолдоодон баш тартып, суицидология жаатындагы компетенттүү адистердин жардамына кайрылуу сунушталат;
  • Нейтралдуу лексиканы колдонуу шарт. Макалалардын жана репортаждардын аталыштарындагы «суицидент», «өзүн-өзү өлтүргөн», «суицидге барган», «суицид кылган» деген сөздөрдүн ордуна «өзүн-өзү өлтүрүүнүн натыйжасында каза болду» деген сөз айкаштарын колдонуу сунушталат;
  • Суициддин таралышын сүрөттөөдө “эпидемия” термининен жана “эпидемиялык”деген аныктамадан качыңыз. Анын ордуна суицидден каза болгондордун «көбөйүшү» же «азайышы» жөнүндө сөз кылуу туура;
  • Суицид жөнүндө материалды даярдоодо толук эмес же так эмес маалыматтарга негизделген жалпылоодон алыс болуу зарыл;
  • Суициддин жайылышы жөнүндө статистикалык маалыматтар этияттык менен колдонулушу керек, маалыматты жөнөкөйлөтпөстөн же аудиторияны үркүтпөстөн, конкреттүү адамды же уюмду – статистикалык изилдөөнүн авторлорун, изилдөө жүргүзүлгөн мезгилди, ошондой эле расмий статистиканы көрсөтүү менен колдонуу керек;
  • Эгерде өзүн-өзү өлтүрүү курч социалдык көйгөйдүн натыйжасы болсо же кеңири коомдук резонанска ээ болсо, окуянын чоо-жайын баяндоого жетиштүү маалыматтарды берүү менен чектелүү сунушталат;
  • Социалдык көйгөйдүн контекстинде айтылган өзүн-өзү өлтүрүүнүн ар бир деталын кыйгап өтүүгө мүмкүн болсо, каргашалуу окуянын “ийне-жибине” чейин сүрөттөп берүүдөн качкан туура.

Гүлзада СТАНАЛИЕВА,
Кыргыз-Т
үрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин  журналистика бөлүмүнүн доценти, филология илимдеринин кандидаты

 

Бөлүшүү

Комментарийлер