Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН БИРДЕН-БИР ЛОКОМОТИВИ — БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ СИСТЕМАСЫ”

  • 17.01.2024
  • 0

2023-жылдын 17-июлунда Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев мамлекеттик тил мыйзамындагы маанилүү өзгөрүүлөр, билим берүү тармагындагы кыргыз тилде окутуунун абалы, жалпы эле КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияда жасалып жаткан иштер тууралуу “Кут билим” гезитине айтып берди.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН БИРДЕН-БИР ЛОКОМОТИВИ — БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ СИСТЕМАСЫ”

КБ: — Каныбек Осмоналиевич, мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынды. Ошол мыйзамда мамлекеттик кызматкерлер үчүн көрүлгөн чаралар Билим берүү министрлигинин, анын алдындагы мекеме-уюмдарда иштеген кызматкерлерге да тийиштүү, милдеттүү нерсе да. Алар да мамлекеттик тилди колдоно билүү деңгээлин тастыкташ керекпи?

Каныбек Осмоналиев: — Бул суроого 32-берене менен жооп берейин. Мамлекеттик тилди билүү милдети кимдерге тагылган? 32-беренеге ылайык, билим берүү мекемелерине жана илимий мекемелерге чакырылган илимий-педагогикалык кызматкерлер, чет тилинин окутуучусу катары убактылуу негизде иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардан же жарандыгы жок адамдардан башкасынын баары мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тест өтүп тастыкташы керек. Ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү.

— Алар кайсы убакта өтүшү керек?

— Мындайча айтканда, кечээ тапшырышы керек эле. Мыйзам күчүнө кирди да. Мамлекеттик кызматкерлер В2 деңгээлин билиши керек. Мен азыр анализ жүргүзсөм, мамкызматкерлердин 20 пайызы гана тесттен өтүптүр. Учурда МинКабдын жаңы жобосунун долбоорун даярдаттым. Ага ылайык, жыл сайын муниципалдык кызматкерлер бирден деңгээлин көтөрүп турганга милдеттендирилет.  Мисалы, быйыл А2 деңгээли менен баштадык. Кызматкер А2ни тапшыргандан кийин келерки жылы В1ди тапшыра албай калса жумушунан кетет. Кийинки жылы В2ге, анан С1 деңгээлине өтөбүз. Мына ушундай токтом долбоорун даярдадык. Бул тилди билүүдө талапты жогорулатат.

—Жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери сынак менен тандалып жатат. Бул тандоодо ушул мыйзамдын жоболору эске алынабы?

— Сөзсүз түрдө. Жогоруда айтылгандай, билим берүү жана илимий мекемелерге чакырылган, илимий педагогикалык кызматкерлер же чет тил окутуучулары катары убактылуу иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан тышкары бардык педагогикалык, илимий кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү. Мисалы, мен Англиядан бир профессорду чакырсам, ал сабагын англисче окуп кете берет. Ал тилди билгенге милдеттүү эмес. Сынактын талаптарына бул берене сөзсүз түрдө киргизилиши керек.

— Өткөн жылдын аягында Кыргыз улуттук университетинде Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге мамлекеттик тил мыйзамын аткаруу боюнча жыйын өтпөдүбү. Анда айтылган негизги корутундуларга токтолсоңуз?

— Биринчиден, “мамлекеттик тил жана тил саясаты” деп мурдагы биздин комиссиянын атын Президент 2021-жылы 28-июлда өзүнүн жарлыгы менен өзгөрткөн. Биздин ведомствонун мындай аталышы эң туура болгон. Буга мен эмнеге акцент коюп айтып жатам, албетте, биз өзүбүздүн мамлекеттик тилди көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Бирок башка тилге да муктажбыз да, орус тили, англис тили бизге керек тилдерден. Ушул саясаттын алкагынан караганда биздин тил тебелендиде калгандай. Кийинки убакта араб тили да башын көтөрүп, агрессивдүү формага өтүп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги кыргыз тилдүү бала бакчаларды көбөйтөбүз деген максатта аларга берилген лицензияны алып коюп, кыргыз тилдүү эмес, араб тилдүү бала бакчалардын көбөйүшүнө жол берди. Лицензияны калтыруу керек эле. Бул убактылуу нерсе дегенибиз менен убактылуу нерсе түбөлүккө айланып кетерин тарых тастыктап жатат. Жакында эле жарым жылга мониторинг жасап, араб тилинде окуткан бала бакчалар көп ачылып, кыргыз тилдүү бала бакча дагы деле аз экенине көзүм жетти. Мунун себеби, Билим берүү жана илим министрлигинен лицензия алуунун зарылчылыгы жок, текшерип, талап кылган эч ким жок. Мына ошолордун фонунда “Кыргыз тилинин абалы кандай болуш керек?” деген теманы жыйында биринчи орунга койдук. Эки критерий менен гана биз муниципалдык жана мамлекеттик кызматчыларды талдай алабыз. Биринчи критерий, ошол мамлекеттик тилди билүүгө муниципалдык кызматкер болобу, мамлекеттик кызматкер болобу милдеттүүбү? Мурунку мыйзамда (мына быйыл 35 жыл болуп жатат) эч нерсе жазылган эмес. Жаңы мыйзамда мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү деп 5-беренеге киргиздик. Ал эми 10-беренеде расмий иш кагаздар биринчи мамлекеттик тилде жазылат, андан кийин гана мыйзамга ылайык расмий жана башка тилдерге которулат. Бул жерде “же” деген байламта жок. Ушул эки күчтүү берене бир топ резонансты туудурду. Менимче, убагында мыйзамга бул талаптар киргенде азыр бир нукка түшүп калмакпыз. Демек, биз укуктук-нормативдик талааны түздүк, аны эми ишке ашыруу гана керек.

— Бизде менчик окуу жайлар көбөйдү, алардын көбү орус тилинде окутат. Азыр болсо англис тилинде окутуп баштады. Жетекчилердин көбү кыргыз тилин талаптагыдай билбейт. Алардын жоопкерчилиги мыйзамда каралган да?

— Албетте каралган. Мектеп англис тилинде билим береби же башка тилде болобу, окуу бөлүмүнүн башчысы менен директору мамлекеттик тилди сөзсүз билиши керек. Алардын жазган жылдык отчёттору, бардык маалыматтары Билим берүү жана илим министрлигине кыргызча жетиши зарыл. Мунун баарын мыйзамга жазуу мүмкүн эмес да, андыктан мыйзамды аткаруу үчүн атайын жобо даярдап жатабыз. Менимче, ушул 40 берененин жыйырмасына жобо даяр. Бул мыйзамда биринчи жолу бардык тармактардын мамлекеттик тилдин алдында кандай милдеттери бар экени көрсөтүлгөн.

— Мыйзамда билим берүүнүн да негизги тили мамлекеттик тилде болушу керек деп жазылган. Бирок азыр мамлекеттик окуу жайлардын өзүндө окутуу баягыдай эле орус тилинде болуп келатат. Окууну толугу менен мамлекеттик тилге которуу үчүн көп даярдык жана каражат керек эмеспи…

— Эгерде билим берүү тармагын системалуу түрдө мамлекеттик тилге которсок, биздин бул мыйзам толук кандуу иштеп кете алат. Ошондуктан бул маекте Билим берүү жана илим министрлигинин өзгөчө вазийпасын баса белгилеп айтып койгум келет. Догдуркүл Шаршеевна өзү кыргыз тилинде, орус тилинде, англис тилинде да жакшы сүйлөйт. Демек, бул кишинин старттык билими абдан күчтүү. Жаңы жыл алдындагы берген маегин көрүп абдан кубандым. Ал жерде ар бир сөзүндө кыргыз тилиндеги бала бакчаларды, кыргыз тилинде башталгыч класстардын санын көбөйтөбүз деп жатат. Демек, кандайдыр бир реалдуу нерсеге таянып айтып жатат да, биз аны колдойбуз. Керек болсо өзүбүздүн төшүбүздү тосуп, бардык соккуларды алганга даярбыз, анткени бизге мыйзам ошого жол берет.  Жакында Ош мамлекеттик университетинин базасында мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлардын тил проректорлорунун III форумун өткөргөнү жатабыз. Кептин баары университеттерде болуп жатат. Мисалы, физика сабагын алалы. Кээ бир лекциялар орусча окулуп жатат. Анын себеби, мен муну керек болсо “кылмыштуу себеп” деп атайт элем, мында лекцияны орусча окуган азаматыбыз кыргызча билбейт. Эгер сен кыргызча сүйлөй албасаң, жумуштан кетишиң керек, ордуңа кыргызча окуган, сүйлөй алган окутуучу келиши зарыл.

— Айылдан жалаң кыргыз мектепти бүтүп келген студент техникалык жогорку окуу жайга тапшырып, анан сабактын баары орусча окутулса ага кыйын болот да. Ал студенттин укугу бузулуп жатпайбы…

— Ооба, мына ушул жагынан биздин ведомство менен Билим берүү министрлигинин ортосунда жасай турган чоң иштер турат. Биз мурда болуп көрбөгөндөй тыгыз иштешибиз керек. Бир багытта, бирдей программа даярдап, тилчилерге сунушташыбыз зарыл. Мен ал турсун көп жерде, балким, Тил комиссиясын Билим берүү жана илим министрлигинин департаменти кылышы керек деген ойду айтам. Себеби дегенде, тил маселесин мамлекеттик деңгээлде чечүү үчүн департамент кылуу эң туура кадам болот. Билим берүү жана илим министрлигинин ресурсу эбегейсиз, бала бакча, мектеп, университет… Ошого шайкеш келген саясаты бар, бизде болсо ресурс чектелүү. Эгерде мамлекеттик кызыкчылыкты көздөсөк, ушул кадамга барса болот. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн бирден-бир локомотиви — билим берүү жана илим системасы. Ушуну силердин гезит аркылуу айтып кетейин дедим, албетте, чечимди президент, Министрлер кабинетинин башчысы кабыл алат.

— Бирок бул сунуш катары талкуулана бериши керек да…

— Ооба, коомдо талкуулана бериши керек. Бардык нерседе оң натыйжа бере турган чечимдерди карап, талкуулап, анан жыйынтык чыгарышыбыз зарыл.

— Орус мектептерде кыргыз тилин окутуунун чоң кемчилиги — балдарга грамматиканы, акын-жазуучулардын чыгармаларын окутуу кыйын болууда. Материалдар өздөштүрүүгө оор. Мисалы, Тоголок Молдонун “Куштардын аңгемесине” айылдагы кыргыз баланын тили өтпөй жатса, орус тилдүү балдар кайдан түшүнөт?

— Бул маселеде стандарттан баштап окуу пландын бардыгын кайрадан жазып чыгуу зарыл. Педагогикалык билим берген үч университет үч башка тилде сүйлөп жаткандай. Бирдиктүү системага келтирилген, бир саясатты жүргүзгөн программанын жоктугу мына ушул көйгөйлөрдү жаратууда. Мындан билим берүүнүн сапаты да начарлап жатат. Баары келип биргеликте иш кылуунун зарылчылыгына такалууда.

— Жасалма интеллект жаатында кыргыз тилин өнүктүрүүнүн кандай аракеттерин атап кете аласыз?

— Мамлекеттик программада жасалма интеллект деген эки пункт бар. Биз аны жасадык. Азыр “Улутсофт” деген жеке фирма бар, анын башчысы Мирбек Окенов биздин буйрутма менен үндү текстке, текстти үнгө айландырып, семантикалык анализин жасап жатат. Буюрса, февралда колдонууга киргизип, Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу жайылталы деп турабыз. Биз бул жаатта казактардан алдыдабыз. “Супер компьютер” деп бир убакта мактанганыбыз эсиңерде болушу керек, азыр ошол өз түшүмүн берип жатат. Ал компьютер бир секундада 1015 сандагы операцияны жасай алат. Мисалы, бул китепти 15 мүнөттө кыргызчага которот. Бул эми жасалма интеллекттин ресурсу. 5 жылдан кийин том кылып чыгарган китептерибиздин кереги тийбей калабы деп кетем. Дүйнөлүк чакырыктар абдан күчтүү да. Биз жасалма интеллектиден качып кутула албайбыз, аны өз пайдабызга колдонгонго үйрөнүп алышыбыз керек.

Даярдаган Эльвира КАКИЕВА

 

Бөлүшүү

Комментарийлер