КАНИКУЛ: ЭМНЕ ҮЧҮН ҮЧ КҮН?

  • 23.02.2026
  • 0

Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын каникул системасы өзүнүн салттуулугу жана акыркы жылдардагы айрым өзгөртүүлөрү менен айырмаланат. Бизде каникулдар негизинен мезгилдерге бөлүнгөн жана окуучулардын чарчоосун алдын алууга багытталган.

КАНИКУЛ: ЭМНЕ ҮЧҮН ҮЧ КҮН?

Мектеп каникулдарынын өзгөчөлүктөрү жана акыркы тенденциялары

Мектеп окуучуларынын каникулу — бул жөн гана сабактан тыныгуу эмес, баланын физикалык жана психологиялык калыбына келүүсү үчүн зарыл болгон маанилүү учур.

КР Агартуу министрлиги тарабынан бекитилген кадимки график боюнча окуучулар эс алат.  Алсак, күзгү каникулда балдар 5 күн эс алышты, т.а. 2025-жылдын 5-9-ноябрында, сабактар 2025-жылдын 10-ноябрында улантылды. Кышкы (майрамдык) каникул 2025-жылдын 31-декабрынан баштап 2026-жылдын 11-январына чейин эс алуу уланып, сабактар 2026-жылдын 12-январынан башталды. Ал эми  жазгы — 3 календардык күн. 2026-жылдын 6-8-мартында, сабактар 2026-жылдын 9-мартынан улантылат, ал эми майдагы (майрамдык) эс алуу 2026-жылдын 1-10-майына чейин, сабактарга балдар 2026-жылдын 11-майында кайтышат.

12-жылдык мектептин 1-классынын алты жаштагы окуучулары үчүн мектептик каникулдар кошумча 2 жумага узартылат: II жана III чейректерде 2025-жылдын 24-декабрынан баштап 2026-жылдын 18-январына чейин балдар эс алышты. 2-класстын окуучулары үчүн мектептик каникулдар III чейректе кошумча 1 жумага узартылат. Жайкы каникул — эң узун эс алуу. Ал 25-майдан (же акыркы коңгуроодон) башталып, 31-августка чейин созулат. Бул 3 айлык мезгил балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн негизги убакыт.

Акыркы күндөрү соцтармактарда окуучулардын жазгы эс алуусу боюнча ата-энелердин нааразычылыктары арбыды. Себеби жазгы каникул учурунда Кыргызстандагы мектеп окуучулары кадимки 10 күндүн ордуна бир гана күн эс алышат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин 2025-2026-окуу жылынын мектептик каникулдарынын графигинде көрсөтүлгөн. Ага ылайык, окуучулар 6-мартта окубайт. Ал эми 7-8-март дем алыш күндөргө туш келгендиктен сабактар болбойт. Окуу процесси кайра 9-марттан тартып улантылат.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодекси кабыл алынгандан кийин, өлкө боюнча январь жана май айларында узартылган каникулдар белгиленген. Бул өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жазгы жана күзгү мектеп каникулдарынын узактыгы кыскартылды. Бирок балдар окуу жылында дагы эле талап кылынган 30 күндүк эс алууну алышат.

Кыргызстандагы каникулдун өзгөчөлүктөрү

Акыркы жылдары Кыргызстанда окуу жылын 15-сентябрга жылдыруу боюнча талкуулар жүрдү. Бул туристтик сезонду узартуу жана балдардын жайында көбүрөөк эс алуусуна шарт түзүү максатын көздөгөн. Бирок, бул өзгөрүү жайкы каникулдун кыскарышына (июнь айынын ортосуна чейин окуу) алып келгендиктен, коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жараткан, бирок окуу жылы адаттагыдай эле 1-сентябрда башталды.

Окуучулар каникулду кантип өткөрүшөт?

Окуучулардын каникул өткөрүүнүн бир нече жолу бар. Мисалы, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдө эс алуу лагерлери — жайкы каникулдун символу. Көлдүн жээгиндеги пансионаттарда жайгашкан лагерлерде балдар көлдө сүзүүнү үйрөнүп, социалдык көндүмдөрүн өстүрүшөт. Экинчиден, шаардык балдар каникулда чоң ата, чоң апаларына барып, таза абада ат минип, айыл чарба иштерине жардам беришет. Бул баланы эмгекке жана салт-санаага үйрөтүүнүн мыкты жолу. Айылга баруу — бул Кыргызстандын өзгөчө маданияты. Үчүнчүлөрү — билим берүү борборлоруна барып эс алуунун ордуна билимдерин өркүндөтүшөт. Өзгөчө, Бишкек жана Ош сыяктуу чоң шаарларда каникул учурунда тил үйрөтүүчү жана математикалык курстар абдан популярдуу.

Башка өлкөлөрдө каникулдар кандай каралган?

Дүйнө жүзүндө билим берүү системалары ар башка болгондуктан, каникулдардын узактыгы жана аларды өткөрүү маданияты да ар кыл. Ар кайсы өлкөлөрдүн мисалында каникул системасына сереп салып көрөлү. Алсак, Европа өлкөлөрүндө каникулдар көбүнчө «кыска, бирок тез-тез» принцибине негизделген. Германияда каникулдардын графиги федералдык жерлерге (региондорго) жараша айырмаланат. Бул автожолдордо тыгындарды болтурбоо жана туристтик жайларга күч келтирбөө үчүн жасалган. Немис окуучулары күзүндө, Рождестводо, жазында жана жайында эс алышат. Ал эми Францияда окуу жылы 7 жума окуу жана 2 жума эс алуу графиги менен өтөт. Бул баланын ашыкча чарчап калуусунун алдын алат. Азия өлкөлөрүндө билим алууга болгон талап абдан жогору болгондуктан, каникул түшүнүгү бир аз башкачараак. Маселен, Түштүк Корея жана Жапония карап көрөлү. Расмий каникул учурунда деле окуучулар «хагвон» (жеке академиялар) же кошумча курстарга барышат. Жапонияда жайкы каникул учурунда окуучуларга көлөмдүү үй тапшырмалары берилет жана алар мектептеги спорттук же маданий клубдарга барууну улантышат. Сингапур мамлекетинде каникулдар көбүнчө балдардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүчү лагерлерге же чет тилдерин тереңдетүү курстарына арналса, Америка Кошмо Штаттарында жайкы каникул эң узун (болжол менен 2,5 – 3 ай) деп эсептелет. Жайкы лагерлерде америкалык маданиятта балдарды атайын лагерлерге (скауттук, спорттук, илимий) жиберүү абдан популярдуу. Жогорку класстын окуучулары каникул учурунда коомдук иштерге катышып, волонтерлук менен алектенишет. Бул келечекте университетке кирүүдө чоң артыкчылык берет.

Дүйнөлүк тажрыйбадагы кызыктуу фактылар

Италияда 12-13 жума эс алышат. Эң узун жайкы каникулдардын бири. Швейцарияда болсо 5-8 жума. Аларга тоо лыжасы үчүн кышкы каникулдар абдан маанилүү. Кытайда 2 айлык жайкы каникул берилет. Каникул учурунда математика жана англис тилине басым жасалат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер